, 14.08.09 - 8-бет:
 "Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна

Сөз менен иш ширелишкен аймак
Кыргыз элинин улуу инсандарынын бири Жолболду уулу Садыр аке кара кылды как жарган калыстыгы, акылмандыгы, көрөгөчтүгү менен эл арасындагы эчен талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды элдештирүү, ынтымакташтыруу жолу менен чече билген. Улуу инсан Садыр аке кыргыздын көз карандысыздыгы, мамлекеттүүлүгү үчүн да ак дилден кызмат өтөп, элди бөлүнүп-жарылуучулукка барбай биримдүүлүктө болууга чакырган. Эң негизгиси кыргыз чек арасын бөлүп, Кыргыз мамлекетин сактап калууда эмгеги зор. Өз эли үчүн эмгек кылган, улуттун улуу инсаны, дипломаты, патриоту Садыр акенин калыстыгы, чечендиги тууралуу көп окуялар эл арасында ушул кезге чейин айтылып жүрөт.
Садыр акенин эмгеги эске алынып, эстеликтер, монументтер коюлган, күмбөзү салынган, ал жөнүндө адабий чыгармалар жаралды, ысымы көчөлөргө, айылдарга коюлду.
Бүгүн 2001-жылдан бери анын ысмын алып жүргөн Ысык-Көл районундагы (мурдагы Григорьевка) айыл аймагы тууралуу кеңири сөз кылмакчыбыз.

Григорьевка таржымалы
Григорьевка айылынын аты эле айтып тургандай ХХ кылымдын башталышында Украинанын Киев губерниясынан келишкендер негиздешкен. Григорьевка айылына отурукташуу, үйлөрдү салуу үчүн жер боюнча бөлүмдүн атайын уруксатын алуу үчүн ошол келгиндердин бири Григорий Лытиков Петербургга эки жолу барып келген экен. Акыры 1912-жылы эңсеген кагаздары колдоруна тийип, айылга алгачкы үйлөр салына баштаган. Биринчи турак жайларды Россиянын Воронеж, Курск губерниясынан келген көчмөндөр салышкан. Ушул айылдын түптөлүшүнө зор салым кошкон Григорий Лытиковдун урматына айыл Григорьевка деп аталып калган.
Айылда биринчи коллективдүү артелдерди Кирилл Бевзов, Федор Лукин уюштурушкан. Ортолукта мал, тегирмен, май чыгаруучу цех, тактай тилгичи, айыл чарба шаймандары болгон.
А.Волоконский, А.Домбровский Григорьевка айылдык кеңешинин биринчи төрагаларынан болушкан. Кийин аймактагы майда чарбалар биригишип "Новая жизнь" колхозун түзүшкөн. 90-жылдарга чейин бул чарба жогорку рентабелдүү, экономикасы чың чарбалардын катарында жүргөн, "Ардак белгиси" орденине татыктуу болгон.
Губернатор айтканын аткарат
Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев жумуш убактыларынын көпчүлүгүн айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү менен өткөрөрүн жакшы билебиз.
Григорьевка айылынын эли менен жолугушканда тургундар ичүүчү суу маселесин создуктурбай чечип берүүсүн, Пристань айылынан окуучуларды мектепке ташуу жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун компьютер менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүшкөн. Чогулушта берген убадасына туруп, тургундардын бардык өтүнүчтөрү аткарылды.
Айылдагы демилгелүү топтун, сыртта жашап иштешкен жердештердин жардамдары менен Чым-Булактан 500 метр суу түтүгү айылга тартылып, калган жумуштары АРИС программасынын, облустук, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ичүүчү суу тармагы толук оңдолду.
АРИСти ар ишке пайдаланышат
- Келечек муундарга толук кандуу билим алуусу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүп берүү айыл өкмөтүнүн биринчи милдети, - дейт Садыр аке айыл аймагынын башчысы Бектурсун Токчулуков, - "Айылыбыздагы орто мектептин балдар бакчасынын оңдоолоруна жогорудагы программа боюнча долбоорлорду тарттык.
Эми 2009-жылга аткарылуучу иш-пландарга ылайык балдар бакчасынын ашканасынын жабдууларын алмаштырууга, клуб ичине спорттук зал жабдууга, кой күпкөсүн салууга, клубдагы отургучтарды алмаштырууга Пристандагы китепкананы оңдоого, мектептин эмеректерин алмаштырууга, АРИС программасынын каражаттарын пайдаланабыз деген асыл ойлору бар.
Каржылоодон башкалар четте калбайт
Жогорудагыга улай эле Бүткүл дүйнөлүк банк каржылай турган Чоң-Ак-Суу өзөнүнө суу топтоп, бөлүштүрүүчү курулуш быйыл башталмакчы. Сугат суу бөлүштүрүүчү бассейнди, каналды тазалоого Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы 2 млн. сом бөлдү. Айылдын көчөлөрүн оңдоого №7 жол оңдоочу ишкана тартылмакчы.
Григорьевка айылындагы ички чарбалык суу сугаруучу каналдарды тазалоо, муктаж жерлерге трансформаторлорду орнотуу ж.б. иш-чараларга айыл өкмөтү өз каражатын пайдаланмакчы.

Талаачылык, мал чарбасы
Садыр аке айыл аймагынын райондун айрым аймактарына караганда пайдалануучу жерлери дыйканчылыкка абдан ыңгайлуу. Өзгөчө кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү кыйла жогору. Ошондон улам Григорьевка айылындагылар айдап, себүүдө дан эгиндерине басымды көбүрөөк жасашат.
Быйыл 1182 гектар жерге күздүк, жаздык буудай, арпа айдалган. 235 гектарына картөшкө эгилген. Айылда жер шартынын ыңгайлуулугуна карап малды көп кармашкандыктан (мал санактын жыйынтыгы боюнча 3225 бодо мал, 5514 кой-эчки, 730 жылкы катталган) тоют үчүн 811 гектар аянтты көп жылдык чөп ээлейт.
Калкы ар улуттан болгондуктанбы, аймакта айыл чарба техникалары башка аймактардагыдай тартыш эмес. Жакында башталуучу эгин чабыкка 7 комбайн оңдолуп даярдалды. Дыйкан чарбалардын колунда дагы 75 ар түрдүү маркадагы трактор, 35 жүк ташуучу автомашина бар, керектүү шайман, тетиктер жетиштүү.

Райондун акиминин демилгеси
Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими Турусбек Мансуровду григорьевкалыктар жакшы билишет. Бул тарапка тез-тез каттап тургундардын мурдатан чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жакшы билет. Акыркы эл менен жолугушуусунда аким Пристанга баруучу жана Лихолетов көчөлөрүн оңдотуп берүүгө убада кылган эле. Азыр бул багытка жумшалуучу каражат, оңдоочу ишкана аныкталып жатат.
Айылдагы жардамга муктаж адамдарга 13 баш уй демөөрчүлөрдүн жардамдары менен сатылып алынып, бекер таркатылды. Ушундай эле жол менен кой-эчки, үй салууга шарттары чектелүү адамдарга кум, топурак, алма, өрүк көчөттөрү бекер таркатылып берилди.
Акимдин бул демилгесин айыл тургундары терең ыраазычылык билдирүү менен кабыл алышып, алкыштарын айтышты.
Социалдык жактан коргоо багытында дагы жардам иретинде арзан баада көмүр, отун сатылды. Социалдык кызматкердин отчетуна караганда майыптарга, ардагерлерге көрсөтүлгөн жардамдардын суммасы берилген уйларды кошпогондо 129 миң сомду түзгөн.

Көйгөйлөр да жок эмес
Садыр аке айыл аймагында суу пайдалануучулар федерациясы түзүлүп, биргелешип иштөөнүн жыйынтыктары жаман эмес.
Эми федерация Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу сынамык дол-боор катары ички каналдарды оңдоого 4 млн. сом гранттык жардам алмакчы. Ички чарбалык каналдарды оңдоого 24 млн. сом керектелет экен. Бул жардамды алуу үчүн бардык күч-аракет жумша-лууда.
Жакында аймакта эгин чабыгы башталса - даяр продукцияны сатып өткөрүү убаракерчилиги башталат. Өкмөт бекиткен килограммын 10 сомдон алуу тууралуу жалпы тариф Чүй, Ош облустарында көзөмөлдөнбөй, сатып алуунун механизминин жоктугунан баш аламандыкка жол берилген. Азыр ортомчулардын күнү тууп турган кез. Каражат муктаждыгынан улам дыйкандар буудай, арпаны өтө төмөн баада сатып жатышат. Бул баш-аламандык көл кылаасында да толук кайталанышы мүмкүн.
Айыл аймагынын башчысы Бектурсун Токчулуков башкаларга жеткен кызматтык автоунаа бизге качан жетет деп үмүтүн жогору жактагыларга артып, менчик унаасын пайдаланып жүргөн чагы. Ал качан чечилери белгисиз.
Баса, айыл өкмөтүнүн башчысы Бектурсун Токчулуков бул кызматта 2001-жылдан, жалпы эл шайлаган күндөн бери иштейт.
Бул мезгилде такшалды, тажрыйба топтоду. Айыл өкмөтүнүн бюджетине жараша ойлонулган максаттуу иш-аракеттерди жасап келет. Аймакта жүзөгө ашырам деген көп ой-максаттары бар.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"