, 14.08.09 - 4-бет: Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек АЙДАРАЛИЕВ:
Жакында Суусамыр жайлоосунда болгон республикабыздын мал чарба кызматкерлеринин 4-слётуна Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев катышып, айыл чарбасын мындан ары өнүктүрүү жана аны каржылоону жакшыртуу боюнча беш демилгелүү
сунуштарды киргизди.

Айыл чарбасын өнүктүрүүчү беш демилге аткарылат
Мамлекет башчыбыздын биринчи демилгесине ылайык техникаларды натыйжалуу пайдалануу үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү жана мамлекеттик лизинг компаниясын уштуруу милдети турат. Бул үчүн 2010-жылдын бюджетине 500 млн. сом каралышы күтүлүүдө. Ошентип МТСтер ар бир райондо түзүлөт.
Президенттин ушул беш демилгесин ишке ашыруу боюнча биздин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги негизги
жооптуу жана аткаруучу орган катары Кыргыз Өкмөтүнүн атынан атайын иш чараны иштеп чыкты жана бул иш чараны Кыргыз Өкмөтүнө бекитип берүүсү үчүн сунуштадык. Ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик лизинг компаниясы жөнүндө Жобо иштелип чыгат. Мамлекет башчыбыздын демилгелерин ишке ашыруу үчүн экономикалык жактан күчтүү, жөндөмдүү чарбалык субъекттердин базасында МТСтерди түзүүнү пландаштырып жатабыз.
Мамлекет башчыбыздын экинчи демилгеси боюнча айыл чарбасын каржылоо күчөтүлөт. Бул боюнча Курманбек Салиевич өнүктүрүү Фондуна 400 млн. сом, Улуттук Банкка кайра каржылоо Фондусунун эсебинен 300 млн. сом бөлүп берүүнү тапшырды. Ал эми коммерциялык банктар өз демилгелери менен 300 млн. сом чыгарышат. Бардыгы болуп кредиттер бирикмеси, микрофинансы жана микрокредит уюмдары аркылуу айыл чарбасына 1 млрд. сом ички инвестиция тартылат. Калк өзү дагы 300 млн. сомдук каражат чогултушу керек.
Мына ушул иштерди аткаруу боюнча да Кыргыз Өкмөтүнүн атайын милдеттендирген токтомдору, аны аткаруу принциби жана тиешелүү жоболору чыгат жана бул документтерди даярдоодо да биздин министрлик активдүү иштеп, Өкмөткө өз сунуштарын берүүдө.
Үчүнчү демилге боюнча айыл чарбасын камсыздандырууну жакшыртуу болуп эсептелет. Табигый кырсыкка бул чоң жардам болот. Бул боюнча Президентибиз Өкмөткө 100 млн. сом кароону тапшырды. Президентибиз өзүнүн сөзүндө туура белгилегендей кыргыз эли илгертен эле ар түрдүү табигый кырсыктарда, адамдардын башына
кыйынчылык түшсө бири-бирине жардамдашып, ынтымак менен ошол кыйынчылыктарды чогуу жеңип келген. Ушул жакшы салтыбызды сактап калалы деп мамлекет башчыбыз бизге кайрылып олтурат.
Бул боюнча биз "Мал чарбасын камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" деген Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун даярдаганбыз. Эми бул долбоорду тиешелүү министрликтер менен макулдашып, Кыргыз Өкмөтү карап макулдук бергенден кийин Жогорку Кеңешке кабыл алып берүүсү үчүн киргизели деп турабыз. Бул ишти ушул кварталдын ичинде бүтүрүүгө ниеттенип турабыз.
Ошондой эле "Айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" да Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун даярдоого биздин адистер киришти. Менин оюмча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин түзүмүндө айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбачылыкты камсыздандыруу боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү
ылайыктуу деп ойлоймун.
Президентибиз көтөргөн төртүнчү демилге болсо экономиканы кластер принцибине өткөрүүгө арналган. Сөз бири-бирине байланышкан өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана акыркы жыйынтыкка багытталган өндүрүш жөнүндө болуп жатат. Бул жөнүндө эмне деп айткым келет. Биринчиден, айыл чарба сырьёсун өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүчү ишканаларды кластердик бириктирүү үчүн атайын ченемдик-укуктук документтерди
даярдашыбыз керек. Бул иштин натыйжалуулугун элге кеңири жеткирип, туура түшүндүрүшүбүз зарыл.
Мамлекет башчыбыз айткан бешинчи демилге мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү болуп эсептелет. "Тамак-аш" статьясы боюнча Коргоо министрлигине, Юстиция министрлигине кароочу ГУИНге, Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтерине 1,3 млрд. сом каралган. Мындан тышкары биздин Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Өкмөтүнө матрезервде турган эгинди сатып алуу үчүн каражат топтоо милдетин койду. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоп,
быйыл эгиндин килосун 10 сомдон сатып алуу үчүн Президентибиз Өкмөткө тапшырма берди. Бардыгы болуп жогоруда аталган иштерге 2 млрд. сомдон ашык каражат сарпталат.
Жаңы тартип боюнча дыйкандардан эгинди эми агропродкорпорация тендерсиз эле сатып алат. Мурун министрлик Бишкекте өткөн тендер аркылуу сатып алып жүргөн. Ал эми мындай тендер жөнүндө дыйкандар кабардар болбогон жана катышпаган. Ошентип тендер аркылуу сатып алуу чөнтөгү калыңдар үчүн гана пайдалуу болгон. Мындан тышкары биздин министрлик кооперация-лоого жана ирилештирүүгө стимул берүүгө багытталган, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргогон айыл чарба тармагындагы салык салуу иштерин өркүндөтүү максатында атайын мыйзам долбоорун даярдап, Кыргыз Өкмөтүнүн кароосуна киргизели деп турабыз. Айыл чарбасын өнүктүрүүчү беш демилге аткарылат.
Эми быйылкы биринчи жарым жылдыкта айыл чарбасынын алгачкы өнүгүү жыйынтыктары жөнүндө айтып берейин. 2009-жылдын январь-июнь айларында республика боюнча 28 млрд. 300,7 млн. сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда 2,1%га жогорулады, анын ичинен талаачылык боюнча 2,9%га, мал чарбачылыгы 2,0%га өстү. Айыл чарбасынын жакшы өсүү темптерин Ош (4,4%), Жалал-Абад (4,2%), Ысык-Көл (3,6%) облустары камсыз кылышты. Алдын ала эсептөөлөргө караганда 2009-жылы айыл чарбасында жалпы өсүү темпи 3%, анын ичинен талаачылыкта 3,7%, мал чарбачылыгында 2,1% болушу күтүлүүдө.
Быйыл эрте жаздан баштап айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүүлөр арбын болду. Атап айтсак Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы "2009-жылдын жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо жөнүндө" Жарлыгынын негизинде жетишпеген үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү жана майлоочу майларды, айыл чарба техникаларына запастык бөлүктөрдү алуу үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө "Айыл Банк" акционердик коому аркылуу 150 млн. сом, мамлекеттик матрезерв аркылуу 15,0 миң куб.метр дизелдик май (баасы 18 сом 75 тыйындан) бөлүнүп берилди.
Мына ушундай мамлекеттик колдоолордун натыйжасында 2009-жылы республика боюнча 1млн.169,6 миң гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү көп эгилди же бул өткөн 2008-жылга салыштырмалуу 2,9 миң гектарга көп. Өткөн 2008-жылга салыштырмалуу дан эгиндерин эгүү 2,2 миң гектарга, анын ичинен буудай эгүү 11,0 миң гектарга көбөйдү.
Быйылкы жылы 5,9 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кант кызылчасын кайра иштетүүчү "Альянс-Пром" (Москва) жабык акционердик коому менен кызылчаны кайра иштетүү боюнча келишим түзгөн. 2008-жылга салыштырмалуу картошканы, жашылчаны, бакча жана тоют өсүмдүктөрүн эгүү аянттары бир топ көбөйтүлдү. Ошол эле учурда эл аралык пахта биржаларында ушул сырьёго болгон баа кескин түшүп кеткендиктен пахта эгүү өткөн 2008-жылкы 28,5 миң гектардан быйыл 16,9 миң гектарга чейин кыскарып кеткен. Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн оруп-жыйноо үчүн республика боюнча 16,6 миң даана трактор же бардык болгондордун 88 пайызы, 1700 даана комбайн даяр болду.
Бүгүнкү күндө республикабызда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюу кызуу жүрүүдө. 2009-жылдын 3-августуна карата бардык чабыла турган 528,8 миң гектар кылкандуу дан эгиндеринин ичинен 271,1 миң гектары орулду же бул бардык оруп-жыйноого тийиш болгон эгин аянтынын 52,0%ын түзөт. Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү бүгүнкү күндө республика боюнча гектарынан 30,6 центнерди түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүмдүүлүк гектарынан 8,3 центнерге көп болуп турат.
Быйылкы жылы биз республика боюнча 403,3 миң гектар аянттан буудай оруп-жыйнап ала турган болсок, анын ичинен 2009-жылдын 10-августуна карата 235,1 миң гектардан буудай оруп-жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарынан 30,5 центнерди түзүп, 2008-жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк гектарынан 8,1 центнерге жогорулап олтурат. Кылкандуу дан эгиндеринин, анын ичинен буудайдын орточо түшүмдүүлүгү ушул тапта Жалал-Абад, Талас облустарында өткөн жылкыга салыштырмалуу 5,7 центнерге, ал эми республикалык көрсөткүчкө салыштырмалуу 4-2 центнерге жогору болуп турат.
Жалпысынан 2009-жылдын 10-августуна карата республика
боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 951,2 миң тоннага жетип, 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 195,7 миң тоннага көп, анын ичинен буудайдын дүң жыйымы 734,0 миң тоннага жетип, өткөн жылга караганда 152,8 миң тоннага көп жыйналууда. Дан эгиндеринин өткөн жылга караганда салыштырмалуу арбын жыйналышы, буюрса, өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугунун камсыз болушуна түздөн-түз өбөлгө түзөт деген ойдобуз.