, 14.08.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Куурабагын дарагым, дарактарым...
"Кыргыздар жалкоо эл" дегенди көп угам. Башында бул сөзгө теригип кетчүмүн. Чынында эле жалкоо окшойбуз...
Адам баласы жер каймактагандан баштап табият менен дос. Адам камкордугунан кооз гүлдөр ачылат, дарактар жашылга айланат. Айлана көрккө бөлөнөт. Бирок, айрым учурларда бизди курчап турган чөйрөгө кайдыгер мамиле жасап жатканыбыз сезилет.
Ток этерин баштасам Бишкек шаарыбызда көрк берип өсүп турган дарактардын бүгүнкү абалына, тагдырына жүрөгүм ооруйт. Бир катар мекемелердин айланасына суу жетпей, жарты тарабы соолуп, жалбырактары саргайган дарактар сөзсүз көзгө түшөт. Болбосо ошол дарактар мекеменин жер аянтына тийиштүү. Бир эле мисал, республикалык оорукананын багында өсүп турган дарактарга көз салыңыз. Суу ичпей куурап баратканы аз келгенсип, түбүндөгү тамеки калдыктардан, ар кандай таштандылардан дарактар муунуп бараткандай. Гүлдөрдү айтпай эле коелу. Баарынан да оорукананын айланасына өзгөчө көрк, жыт берип туруучу өсүмдүктөрдүн арбын болушу абзел. Жүрөк, ички органдардан баштап түрдүү илдеттер менен кайрылган адамдар, короодогу жашыл дарактарга карап олтуруп маанайы көтөрүлмөк. Куру дегенде оорукананын ичиндеги суулардан пайдаланып, суу түтүктөрү аркылуу сугарып койсо ким кой демек? Бул бир жагы. Мындай мисалдар толтура. Шаардагы мектептердин, ишканалардын, министрликтердин короолорунда деле ушундай көрүнүштөр бар. Бала бакчаларда гана жыттуу гүлдөр, жашыл арчалар барган адамдын көңүл кушун көтөрөт.
Ал эми Жаш Гвардия гүлбагындагы кооз дарактар эбак эле өңдөн азып бүткөн. Керектүү жер семирткичтер убагында берилбей, жер кургап, саргайган гана жалбырактар турат. Ушулар тууралуу шаардык мэрия чара колдонуп, ойлонсо болмок. Ала-Тоо аянтын гана жасалгалап, жасалма гүлдөрдү өстүрө бербей, бир кадам ары басып, жандуу табият менен таанышып чыкса дейсиң. Ар бир мекеменин тийиштүү жетекчилерине тапшырма берилип, имараттын ички кооздугуна эле эмес, сыртына да камкордук көрүлсө деген тилек. Жок дегенде айына эки жолу дем алыш күнүн "жашылдандыруу күнү" деп белгилеп, ушул сыяктуу куураган тал-терекке жан киргизип сугарып койсок деле болот.
Кыргыз эли "Эшигин көрүп төрүнө өт" дейт. А биздин корообуз аңырайып, куураган дарактан башка эч нерсе көрүнбөсө...
Муну менен шаардагы дарактар четинен жапырт куурап баратат дегенден алыспыз. Айрым жайларда атайын багбанчы кызматкери бар. Алар имараттын айланасын тынымсыз жашылдандыруу иштери менен алек болгондуктан, алыстан жаркырап көрүнүп турат. Бирок, баары текши ойдогудай эмес.
Бир туруп кара курсак багылбай, көр тирилик менен алпурушуп жаткан маалда, аркайып турган даракты ким ойлойт деп ойго кетесиң. Адамды баккан жер эне экенин эске алсак, жаратылышты баалоочу кез келди.
Сахиба Кадырова,
Бишкек шаары




Өсүү үчүн бийиктеп
Кыргыз Республикасынын
Президенти Курманбек Бакиевге
Өсүү үчүн бийиктеп,
Таза өзөктүү тамырдан өнүү керек,
Табияттын шартына көнүү керек.
Айланаңда бой салган жандоочтордон,
Бийик болуп алысты көрүү керек.

Багытыңды баамдап кароо керек,
Кай тараптан үп урат, бороон келет.
Каптай түшсө каргаша капысынан,
Калка болуп берүүгө жароо керек.

Керт башыңдын кызыгын таштоо керек,
Кеменгерлик жумуштан баштоо керек.
Камкордук кыл, көчөткө такаат болор,
Бейубакыт бекер сый, аштан көрөк.

Таза болсун колуң да, оюң дагы,
Алкы бузук кыйын го тоюнмагы.
Эркиң жетип күбүп сал мителерди,
Жүк тазарсын, элдики моюндагы.

Баалай билгин-күн нурун тийип турган,
Аккан сууну алдыңа ийип турган.
Устатыңды таңдан-кеч кыртыш түптөп,
Өзгөлөрдөн өзүңдү бийик кылган.
Керимбек КАДЫРАКУНОВ,
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Жети-Өгүз" санаторийинин директору,
Жети-Өгүз району




Элдин үнүнө эринбей берилген жооп
Бишкек - Ош жолуна Кожомкулдун эстелиги курулат
"Кыргыз Туусу" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 3-июлдагы № 49 санына жарыяланган А.Калбаевдин "Балбан өз айылында баркталбайбы?" аттуу макаласы менен биздин Жайыл районунун окурмандары мурдатан эле кабардар болушкан.
Макаладагы айтылган сын-пикирлер райондун, Суусамыр айыл өкмөтүнүн жетекчилерин кайдыгер калтырган жок. Аксы районунан ат арытып, жол карытып атагы жалаң эле кыргыз элине эмес, бүт Орто Азия чөлкөмүнө, казак калкына белгилүү болгон балбандын өмүр жолун, эрдигин кененирээк билүү тилеги менен келишкен адамдарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошону менен эле бирге ал адамдардын сапарлары Кожомкул атабыздын үй-музейин оңдоп-түздөө учуруна туш келип, анын өмүр баяны, жашап өткөн доору тууралуу толук маалымат алышпай калгандыгына өкүнүүдөбүз.
Макалада Кожомкулдун эстелигинин айланасына эч ким басып келбей тургандыгын, анын жанында жайгашкан орто мектептин мугалимдери жана окуучулары ага кайдыгер мамиле жасашаарын туюндурган пикирге толугу менен кошулууга негиз жок экендигин белгилеп кетмекчимин. Суусамыр өрөөнүнүн калкы, кыштактары жаратылыштын шартына ылайык, малды багууга жана өздөштүрүүгө оңтойлоштуруп бири-биринен алыс чачыранды жайгашышкан. Ошого карабастан Кожомкул атанын үй-музейин, эстелигин, сөөгү жаткан күмбөзүн өрөөндүн бардык эли, алардын ичинде мектеп окуучулары бир нече ирет көрүшкөн. Алар дайыма анын арбагына таазим этип сыймыктанып келишет.
1989-жылы Кожомкулдун 100 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленген, жашаган үйү оңдолуп, анда музейи ачылган. Кийинчерээк борбор шаарыбыздагы спорт сарайынын алдында ал кишинин балбандыгын даңазалаган эстелик орнотулган. Кожомкул Кеңеш өкмөтү бийликке келген мезгилден баштап өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Суусамыр өрөөнүнүн элинин келечек тагдырына чоң салымын кошкон. Ал жеке жашоосунда башкалардан өзгөчөлөнбөстөн, эл катары жупуну турмушту башынан өткөргөн, эч кандай байлык, мүлк топтоого умтулган эмес. Ал күрөшкө, эңишке, башка кармаштарга чыгып жеңишке ээ болгон учурларда азыркы кездегидей сыйлыктар, баалуу белектер, өзгөчө белгилер берилген эмес. Байгеге мал, акча беришкен, аларды Кожомкул элге таратып жиберчү экен.
Ошондуктан ал кишинин үй-музейинде көзгө көрүнөөрлүк, баалуу экспонаттар өтө эле аз, жокко эсе деп айтса да болот. Ага карабастан, үстүбүздөгү жылы Жайыл райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитети тарабынан Суусамыр айыл аймагына караштуу Кожомкул атабыздын ысмын алып жүргөн кыштакта жайгашкан анын үй-музейин калыбына келтирүү чараларына 356 миң сом каралган.
(Уландысы 6-бетте)