, 24.07.09 - 8-бет:
 "Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна

Бишкек шаарынын батыш тарабындагы Ден-Сяо-Пин, Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мурдагы "Кыргызмебель" фабрикасынын жатаканасынын жанында толук бүтпөгөн беш кабаттуу үйдүн үстүндө "Байыркы Катаган Алакчын" деген жазуу бадырайып ары-бери өткөн жүргүнчүлөрдүн көзүнө дароо урунат. Бул сөздөрдүн "байыркысынан" башкасын көпчүлүктүн түшүнүшү кыйын. Катаган, Алакчын экөө бир кишиби, же ата-балабы, же башка маанини түшүндүрөбү, айтор көпчүлүк биле бербейт. Жакында Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл аймагында болгонубузда жогорудагы суроолорго жооптор өзүнөн өзү табылды.

Мектепке муктаж Миң-Булак
Алакчын, Агынай санжыралары
Миң-Булак айылынын тургундары Качкынбай Жаманкуловдун "Алакчын Чыныбектин санжырасы" ("Бийиктик" басмасы, 2007-ж.), Дүйшөнбек Нусувалиевдин, Качкынбай Жаманкуловдун "Агынай" санжырасы ("Шам" басмасы, 2004-ж.) аттуу көлөмдүү китептерин барактап, андагы маалыматтарды салыштырып, окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн жалпылап өз сөзүм менен баяндап берүү орундуу болуп турат.
Алакчын уруусу ХI кылымдагы чоң уруулардан. Анын Телкозу тукумунан тарагандар Нойгуткан, Ногойкан, Катахан (Катаган). Ал эми Катагандан кан Кошой, кан Турсун тамыр алат.
Бул эки уруу тууралуу уламыш кептердин төркүнү тээ ХVII кылымдын биринчи чейрегине алып барат. Далил катары Тоголок Молдонун, тарыхчы С.М.Абрамзондун берген маалыматтарына таянсак, экилтик казак-кыргыздын Турсунду хан көтөрүшү айтылуу эр Эшим менен достошуп, калмактарга каршы бирге согушкандары айтылат, Эр Эшим качкан жоонун артынан сая түшүп, алыскы узак сапарга аттанат. Ал жакта Турсун чагымчыл адамдардын сөзүнө кирип Эр Эшимдин элин кыйноого салат, эрке токолу Мончокту токолдукка алат.
Эр Эшим кайтып келип, 1628-жылы Ташкендеги хан Турсундун чебине кол салат. Бул урушта хан Турсун өлтүрүлөт, кийин хандык Эр Эшимге өтүп, ал эки жылдай өз бийлигин жүргүзгөн.
Бул согушта олжого Агынай, Накай, Сатыкей, Койайдар, Койбагар аттуу балдар олжого түшкөн деген маалыматтар бар. Ал эми боюнда бар бир келин Төңтөрт уруусуна кошулуп, андан төрөлгөн бала "Колпоч" деген атка конгон. Азыр бул Таласта өзүнчө бир эл. Агынай Муратаалы бийдин колунда калып тарбияланат.
Олжо бөлүштүрүп бүтүшүп, эми Таласка кайтаарда сан жылкынын арасында ала даакы териден жасалган камдуу тай минип төрт жашар бала жүргөнүн көргөндөр бул тууралуу Муратаалы бийге кабарлашат. Алдына келген баланын оңой эмес экенин
баамдаган бий Боргемик уулума ини кылып берейин деп аны Таласка ала кетет. Ал баланын атын билбеген келин-кесектер "Олжо бала" деп тергеп алышат. Кийин эркелеткен атынан улам Олжочук аталып калат.
Олжонун тукумунан (Алакчын) жарандар он беш муун. Таласка чогуу келген Агынай, Алакчын Колпоч уруулары республиканын көпчүлүк аймактарында жашашат.
Ал эми биз сөз кылып жаткан Миң-Булак айылында эки урук теңме тең жашашат.
Айрым уламыш, болумуштарда Агынай, Алакчын урууларынын түпкүлүгү казактар деп да айтылат. Түпкү аталарыбыз Манастан ары санжыра айтылбагандыктан кайсы урууга
таандык экендиктерин так кесе айтыш кыйын.
Ортодон кыйла убакыт өткөндүктөн Саруу уруусунун негизги бөлүктөрү: Ай Тамга, Жети уруу, Бошмоюн, Агынай, Алакчын, Кырк уул, Колпоч жана Төңтөрт деп чогуу айтылат.

Миң-Булактан кеп салсак
Бакай-Ата районундагы айыл аймактарынын арасынан ээлеген аянты, калкынын саны жагынан чаканы Миң-Булак айыл аймагы: 489 түтүндө бардыгы 2716 адам жашайт, бир айылдан турат. Ошого жараша айыл аймагынын башчысы Нусувалиев Дүйшөнбек башка айыл аймактарынын башчыларына окшоп жумуш убактысын айылдан айылга чапкылап өткөрбөйт.
Айылдын Миң-Булак деп аталып калганын айыл тургундары жөн гана айыл ичи, тегерегинен чыккан көп булактардан улам коюлуп калган - деп түшүндүрүштү.
Чындыгында эле айыл четиндеги айрым турак-жайлардын короолорунан жайдыр-кыштыр жер астынан
суулар чыгып турат экен. Айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек Нусувалиев өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусунун бөлүмүнүн өкүлдөрү менен көрүшүп, көчөлөр аралык дренаждарды казууну тез арада баштоо керектиги тууралуу маселени катуу коюп жатат.
Жер шарты нымдуу, сугат, ичүүчү суулары ашыкча жетиштүү миң-булактыктар бир караган адамга башка айылдарга салыштырмалуу бейиштин төрүндө жашап жатышкандай сезилет. Ошондой эле болсун.

Курултайда козголгон көйгөйлөр...
Жакында айыл аймактарында облус губернатору Бейшен Болотбеков катышкан жалпы элдик жыйын өтүп, айыл тургундары көптөн бери жүрөк өйүтүп келген суроолорго жооп алышты. Таш-Көмүрдөгү кремний заводу ишке киргизилиши менен Тай-Жорго кварц кени ишсиз калбайт, келечекте Өзгөрүштө ливандыктар цемент заводун курсак деген ниеттери бар. "Миң-Булакта минералдык суу чыгаруучу цех жабдыктары орнотулуп ишке берилсе, жергиликтүү калк да туруктуу иш менен камсыз болот. Тараз-Өтмөк жолунун айрым участокторун Ислам банкы, республикалык бюджеттен каржыланып бүткөрүлөт", - деген губернатордун ишенимдүү жооптору айылдыктарды жандантты.

Мектептин курулушун кечеңдетпөө зарыл
Айыл аймагынын башчысы Дүйшөнбек Нусувалиевдин айтымында айылдагы бирден-бир Досманбет Батырбашев атындагы Чалдыбар мектеп-гимназиясынын курулганына туура 70 жыл толуптур. Бул мектеп алгач мектеп-интернат катары пайдаланылып, кыргызга кеңири таанылган мен-мен деген окумуштуулар, саясатчылар, кырктан ашык райкомдун биринчи катчылары тарбияланып чыгышкан экен. Быйыл буйруса мааракесин өткөрүп, мурда-кийин окуган, жашаган тарбиялануучуларын чакырабыз деп мектептин мугалимдер жамааты жакшы тилек кылып турушкан учурлары.
"Жаңы 740 окуучуга эсептелген мектептин долбоору даяр, билим берүү министрлиги колдосо, каржылоо бөлүнсө, биздин аймакта андан бөлөк орчундуу маселе деле жок", - деп Дүйшөнбек билдирди.
Азыр мектепте 586 окуучу билим алып, аларга таалим-тарбия берүүдө 56 мугалим эмгектенет. Былтыр эле "Жеткинчек" программасы менен 268 миң сомго жабдуулар, эмеректер алынып келинген. Учурда мектеп-гимназия оңдоодон өткөрүлүп, жаңы окуу жылына карата толук даяр.
Эгерде жаңы мектеп ишке берилсе алар окуу үчүн пайдаланып жүрүшкөн балдар бакчасын бошотуп, өз максаты менен пайдаланат элек, кийинки муундар үчүн да камкордук көрүү керек дешет айыл өкмөтүнүн кызматкерлери. Облус губернатору убадасына бек турса мектептин пайдубалы түптөлөөр күн да алыс эместей.

Маданият, спорт да унутта калбайт
Мындан эки жыл мурда өз күчтөрү менен ачык спорттук стадион курулуп, былтыр айланасы курчалып оңдолгон. Эми клубдун жанына миң-булактык ишкер жигит үстү жабылган, стандарттуу спорт залын куруп берем деген убадасын аткаруунун аракетинде жүрөт. Ал бүткөнчө машыгуучу ышкыбоз балдар эски китепкананы оңдошуп, азырынча ошол жерде машыгышууда.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин жанындагы клубду тээ 60-жылдардын башында Ыбраим аттуу аксакал жаштарга дем-күч болуп курдурткан экен. Дале турат. Аны капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн долбоордо 585 миң сом каралган. Мында айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 191 миң сомду түзөт. Маданияттын очогунда оңдоо иштери күчкө кирип, дагы каражаттар табылса музыкалык аспаптарды жаңыртсак дешет.
"Энелерди даңктайлы, эне сүтүн актайлы" аттуу театралдаштырылган чоң программадагы кече миң-булактыктардын эсинде көпкө сакталат.
Айылдык китепкананын 14500 китеп фонду, китепкөйлөр үчүн окуу залы да бар.

АРИС менен ар иш бүткөрүлөт
Айыл өкмөтүнүн социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнүн 2008-10-жылдарга түзүлгөн иш-пландарына ылайык мектеп-гимназиясынын жылытуу системасы алмашылды, кичи тегирмен, кийим тигүүчү цехтер ишке киргизилди.
Алакандай айылда кийинки эки жылда эки мечиттин курулушу бүткөрүлдү. Бирин айыл тургуну Турдубаев Нурлан өз каражаты менен куруп, айылдаштарынын алкоосуна татыды.

Быйыл алектенчү аракеттери
Жогорудагы АРИС программасы менен мектеп-гимназиясынын 2-окуу жайынын ашканасын кеңейтүү боюнча 410 миң сомдук долбоор жазылууда. Ал эми айылдын ички көчөлөрүн оңдоого облустук, райондук мамлекеттик администрациялары, айыл өкмөтү каражат бөлгөн, бул иш-чара жыйынтыкталып калды.
Эми "Майбаш" жер контуруна суу чыгаруучу насос орнотуу, борбордук көчөлөргө электр жарыгын орнотуу маселелерин чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Бардыгын чечкен каражат
Миң-Булак айыл аймагынын эли да, жери да чакан. Ошентсе да негизги салыктарды жыйноодо айтаарлык жылыштар бар. Өздүк кирешелерди чогултуу 2005-жылы 455 миң сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 776 миң сомго өскөн. Бул жаатта айыл өкмөтүнүн кызматкерлери түзүк иш жүргүзүшкөн.
Айыл аймагынын башчысы Дүйшөнбек Нусувалиев: "Салыктарды жыйноодо жаңы ыкма ойлоп тапкан жокпуз. Жердин ижара акысын азыркы шартка ылайык көтөрдүк, айлыбыздагы ишеним кат менен жүргөн автотранспорт ээлерин тартипке чакырдык, анан жер ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк", - деп кыскача түшүндүрдү.

Жер эмгекти жебейт
Айыл аймагы боюнча 1309 гектар сугат жери толук кайтарымдуу пайдаланылат. Быйыл 165 гектар буудай, 530 га төө буурчак, 125 га жүгөрү, 180 га картошка, 251 га көп жылдык чөп айдалган.
Август айынын башталышында кылкандуу дан эгиндерин чаап- жыйноо башталат. Аймакта 4 менчик комбайн эгилген аянттарды өз мезгилинде чаап-жыйноого толук жетишет. Ал эми мол түшүм тууралуу кам санашпаса болот - азыркы көрүнүшү мыкты.
Айыл аймагында бутуна тегиз турган тажрыйбалуу фермерлердин катары жыл санап арбып баратканы табигый көрүнүш. "Береке" дыйкан чарбасынын жетекчиси Суусар Ормотоев, "Дүйшөн-Ата" дыйкан чарбасынын жетекчиси Эгемберди Сатаев, "Дөндөк" дыйкан чарбасынын жетекчиси Абуакир Эсенов, "Нур" дыйкан чарбасынын жетекчиси Шаршен Нусувалиев ж.б. чарба жүргүзүүнү мыкты өздөштүрүшүп, айылда тың, оокаттуу адамдардын катарында.

Аймак башчысы
Айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек Нусувалиев бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келет. Мурда "Победа" колхозунда зоотехник, ферма башчысы, башкы зоотехник, "Жаанбай" жамааттык дыйкан, "Нур" дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.
"Ишке абдан так. Чогуу иштешкен немистерден жуккан. Айтканынан кайтпайт, эмне сөз берсе аткарат", - дешет айылдаштары.
Эми турмушта бир айыл эмес, бир үй-бүлөсүн башкара албагандар чанда кездешет. Миң-Булак сырттан караган адамга тынч, көйгөйлөрү чектелүү, аз элдүү айыл болуп көрүнгөнү менен айыл өкмөтүнүн башчысы менен чогуу жүрбөгөндөн кийин ал билген, билбеген, чечилген, чечилбеген көйгөйлөрү канча? Мына ушуларды жарыя кылбай эле өз учурунда чечкени үчүн ушундай сезилип жаткандыр.
Бекеринен 2008-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунун "Мыкты айыл өкмөтү", 2007-жылда Бакай-Ата районунун "Мыкты айыл өкмөтү" аталбагандыр.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"