, 21.07.09 - 8-бет:
  Заманбап, татыктуу билим кенчи

Кыргыз-Өзбек университети
Урматтуу 2009-жылдын
бүтүрүүчүлөрү, мамлекетибиздин
жаш келечек ээлери!
Сиздер мектептин билим уясынан канат күүлөп учуп, мындан ары ар бириңер турмуш жолуңарды улап, билим көчүнүн изи менен өз сапарыңарды улоону максат кылып жатканыңарды кубаттайбыз. "Билим алуу - ийне менен кудук казгандай" демекчи, сиздер үчүн ачыла элек билимдин сырлары алдыңыздарда турат. Ошондуктан изденгиле, окугула, билимге умтулгула! Эгер, сиздер бул гезитти колуңарга алсаңар, демек биз сиздер менен тааныштык, ошондой эле сиз Кыргыз-Өзбек университетинин студенти болсоңуз чыныгы келечегиңизге ээ болосуз.
Кыргыз-Өзбек университети 15 жылдык жолду басып, азыркы күндө Республикабыздагы жана Борбордук Азиядагы эң абройлуу жогорку окуу жайлардын бирине айланды. Биз ынтымактуу жана көп улуттуу жамаатпыз, 19 миңден ашуун студенттерибиз менен сыймыктанабыз. Алар сиздерге кызыктуу, эстен чыккыс студенттик мезгилди тартуулайт.
Биздин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик, жеке менчик, коммерциялык мекеме-ишканаларда, ЖОЖдордо, илимий мекемелерде, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип келүүдө. Сапаттуу билим алууну эңсесеңиз, Оштон алыс кетпесеңиз ордолуу Оштогу Кыргыз-Өзбек университети өзүнүн билим канасына чакырат. Татыктуу кесипти тандоого, чыгармачылык мүмкүнчүлүктү өркүндөтүүгө аракеттениңиз жана шашылыңыз! Биздин окуу жай сиздердин үмүттөрүңүздү актайт жана ишенимиңиздерди арттырат!
Анвар Исманжанов,
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын
Илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, техникалык илимдердин доктору, профессор

Кыргыз-Өзбек университети 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык түзүлгөн. 1994-жылы жогорку колледж болуп ачылган.
1996-жылы Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда Кыргыз-Өзбек колледжинин статусу жөнүндө келишимге кол коюлган.
Кыргыз-Өзбек университети билим берүү ишмердүүлүгүн улантуу үчүн кезектеги мамлекеттик аттестациядан 2008-жылы өтүп, 2009-жылы Лицензиясын алган.
Университеттин Эмблемасы, Желеги жана Гимни бар.
Университеттин
билим берүү курамы:
Кесиптик лицейден, индустриалдык колледжден, медициналик колледжден, 9 факультеттен жана ЖОЖдон кийинки (аспирантура, докторантура) билим берүүдөн турат.
Университеттин 41 кафедрасында жана башка окуу бөлүмдөрүндө 600дөн ашык профессордук-окутуучулар жамааты: 23 илимдин доктору, профессору, 83 илимдин кандидаты жана доценттери, ошондой эле бир канча Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары эмгектенишет.
Бүгүнкү күндө университетте жогорку бөлүмдө 19000 ден ашуун студент, атайын орто билим берүү бөлүмүндө 2020 студент жана 65 аспирант билим алууда. Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 71 адистик
боюнча кесип ээлери даярдалат. Билим берүү кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
КӨУи Америка, Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Германия ж.б. өлкөлөрдөгү университеттер менен тыгыз байланышта.
Мындан сырткары
университетте:
Ё Өзбек мектептери үчүн китептерди которуу жана даярдап чыгаруу борбору;
Ё Илимий изилдөө борборлору "Табигый таш", "Альтерэнерго", "Өткөөл экономика", "Формалык кийим", "Медицина катастроф"; ХПС, ТОС, ПиПВШ;
Ё Экология боюнча проблемалык лаборатория;
Ё Кыргыз, Өзбек, Славян, Араб, Түрк, Корей маданий, Европалык билим берүү борборлору,
Ё "Грация" дизайн-салону;
Ё "Гранит" телестудиясы;
Ё Студенттик "Достук планетасы" гезити;
Ё Маданий-эстетикалык борбору;
Ё "Достук" спорт клубу;
Ё Студенттик уюм;
Ё Маалымат кызматы;
Ё Консультативдик юридикалык клиника;
Ё Айдоочулук курсу;
Ё Медициналык пункту;
Ё Эл аралык бөлүмү;
Ё ЮНЕСКО кафедрасы иштейт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ
2009-2010-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1. Каржы-экономика факультети
Ш Бухгалтердик эсеп жана аудит
Ш Ишкана менеджмент
Ш Каржы жана кредит
Ш Ишканалардын экономикасы жана башкаруу
Ш Салык жана салыкка тартуу
Ш Экономика бакалавр
Ш Социалдык-маданий сервис жана туризм
Кирүү сынактары: математика, география, тил.
2. Юридикалык факультети
Ш Бажы иши
Ш Юриспруденция
Кирүү сынактары: тарых, география, тил
3. Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультети
Ш Англис тили (күндүзгү жана кечки бөлүмү)
Ш Чыгыш таануу жана африконистика (Корея, Кытай, Араб, Түрк тилдери)
Ш Эл аралык мамилелер (күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмү)
Ш Которуу жана котормочулук (англис, кытай, араб, түрк тили: күндүзгү жана кечки бөлүмү)
Кирүү сынактары: Англис тили, тарых, тил
4. Инженердик технологиялык факультет
Ш Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо
Ш Маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкарууну автоматташтыруу системалары
Ш Колдонмо информатика (экономика)
Кирүү сынактары: математика, информатика, тил
Ш Коммуникациялык системалар жана байланыш тармактары
Ш Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология
Ш Жол кыймылы жана коопсуздукту уюштуруу
Ш Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо
Ш Электрдик камсыздоо
Ш Энергиянын салттуу эмес жаңыланып туруучу булактары
Ш Өнөр жай жана жарандык курулуш
Ш Кыймылсыз мүлктү башкаруу жана эксперттөө
Кирүү сынактары: физика, математика, тил
Технология жана дизайн бөлүмү
Ш Костюмдарды көркөм долбоорлоо
Кирүү сынактары: чыгармачылык экз., математика, тил
Ш Тигүү буюмдарын конструкциялоо
Кирүү сынактары: Химия, математика, тил
5. Физика-математикалык факультети
Ш Физика
Ш Математика
Кирүү сынактары: физика, математика, тил
Ш Информатика
Ш Кирүү сынактары: информатика, математика, тил
6. Табият-таануу жана география факультети
Ш Химия
Ш Биология
Кирүү сынактары: химия, биология, тил
Ш География
Кирүү сынактары: тарых, география, тил
7. Тарых- филология факультети
Ш Тарых
Кирүү сынактары: тарых, география, тил
Ш Кыргыз тили жана адабияты
Ш Өзбек тили жана адабияты
Ш Орус тили жана адабияты
Кирүү сынактары: тил, адабият, тарых
8. Педагогикалык факультети
Ш Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу
Ш Педагогика жана психология
Ш Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү усулу
Кирүү сынактары: математика, биология, тил
Дене-тарбия бөлүмү
Ш Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия
Кирүү сынактары; чыгармачылык экзамени, биология, тил
9. Кыргыз - Россия факультети
Ш Менеджмент
Ш Каржы жана кредит
Ш Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо
Ш Энергиянын салттуу эмес жаңыланып туруучу булактары
Ш Тарых
Ш Юриспруденция
Эскертүү:
1. Бардык факультеттерде окуу мөөнөтү: күндүзгү окуу бөлүмүндө-5 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө-6 жыл, жогорку билимдин базасында - 2,5 жыл, орто кесиптик билим менен 3,5 жыл.
2. Кыргыз-Өзбек университети боюнча кошумча маалыматты "Гранит" телестудиясынан шейшемби жана бейшемби күндөрү ОшТВ каналынан алсаңыздар болот.
Тапшыруучулар үчүн
керектүү документтер:
1.Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты;
2. Абитуриенттин арызы;
3. Аттестат же диплом (түп нускасы);
4. №086-У формасындагы медициналык аныктама;
5. 3х4 формасында 8 даана сүрөт;
6. Аскердик билет же приписное свидетельство;
7. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Биздин дарек: Ош ш. К-Датка (Юго-Восток) кичи р-ну Н.Исанов көчөсү, 79, Ош ш. Г.Айтиев көчөсү 27
Тел: (03222) 5-49-44, 5-39-95,
5-33-52, 2-44-51 (0555)818176
Факс: (009963222) 5-70-55, 2-54-73
E-mail: kuu@ktnet.kg,
http: www.kuu.kg

Кыргыз-Өзбек Университетинин өзгөчөлүктөрү:
n жогорку окуу жайынын базар экономикасына жараша калыптануусу;
n чет өлкөлөрдөн стажировкадан өтүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгү;
n жаңы билим берүү технологиялары менен окутуу;
n Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик үлгүсүндөгү дипломун алуу мүмкүнчүлүгү;
n дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялуулугу;
n чыгармачылык жана табигый жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүдөгү жекече мамилелер;
n демөөрчүлөрдүн жана эл аралык фонддордун гранттарын жана стипендияларын алуу мүмкүнчүлүгү;
n чыгыш тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү, түрк, араб, кытай жана корей тилдери;
n окуу жайлар аралык аскердик факультетте окуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн "запастагы лейтенант" офицердик наамын алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орнотуу, студенттерди кесиптик жана тилдик практикалардан өткөрүү максатында Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн башка ишкана, уюмдары менен илимий жана ишкердик кызматташтык келишими түзүлгөн;
Студенттер татыктуу билим алуу үчүн өтө бай китепкана, кенен окуу залдары, электрондук китепкана, маалымат заманынын эң акыркы үлгүдөгү компьютерлери менен жабдылган дисплей класстары, дүйнөлүк мааламат түйүнүнө туташтырылган "Internet" борбору бар жана ал борборго университеттеги бардык компьютердик класстар, деканаттар жана кафедралар туташтырылган.
Ар бир окуу имаратында ашканалар жайгашкан. Студенттер үчүн атайын жатаканалар бар.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН
ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРЫ
2009-2010-окуу жылына төмөнкү
адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл
алууну жарыялайт
1. Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжи
Ь Маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкарууну автоматташтыруу системалары (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Ь Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Ь Автомобил транспортторун оңдоо жана техникалык кароо (9,11- кл. базасында)
Ь Электрдик камсыздоо (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Ь Радиоэлектроникалык техникаларды оңдоо жана техникалык кароо (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Ь Информатика (9,11- кл. базасында)
Ь Башталгыч класс мугалими (9,11- кл. базасында)
Ь Мектепке чейинки билим берүү (9,11- кл. базасында)
Ь Менеджмент (тармактар боюнча 9,11- кл. базасында)
Ь Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Ь Каржылоо (тармактар боюнча, 9,11- кл. базасында)
Кирүү сынактары: математика жана тил
Ь Англис тили (9,11- кл. базасында)
Кирүү сынактары: англис тили жана тил
Ь Булгаары буюмдары моделдештирүү жана конструкциялоо (9,11- кл. базасында)
Ь Кездемелерден тигилүүчү буюмдардын моделдери жана конструкциялары (9,11- кл. базасында)
Ь Тигүү өндүрүшү (9,11- кл. базасында)
Ь Кыргыз тили жана адабияты (9,11-кл. базасында)
Ь Орус тили жана адабияты (9,11- кл. базасында)
Ь Укук таануу (9,11-кл. базасында)
Кирүү сынактары: тарых жана тил
2. Медициналык колледжи
Ь Дарылоо бөлүмү (11-кл. базасында)
Ь Акушердик иш (11-кл. базасында)
Ь Стоматология (11-кл. базасында)
Ь Фармация (11-кл. базасында)
Ь Мээрбандык иш (11-кл. базасында)
Кирүү сынактары: химия, биология жана тил
Эскертүү:
1. Окуу мөөнөтү: Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжинде - 9-кл. базасында - 4 жыл, 11-кл. базасында - 3 жыл, Медициналык колледжде - 3 жыл.
2. Кыргыз-Өзбек университетинин орто окуу жайлары боюнча кошумча маалыматты "Гранит" телестудиясынан шейшемби жана бейшемби күндөрү ОшТВ каналынан алсаңыздар болот.
3. Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейи
Ь Чач тарач - косметолог (11-кл. базасында -1 жыл)
Ь Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-элек-трик (11-кл. базасында, - 1 жыл )
Ь Тигүү өндүрүшү (11- кл. базасында -1 жыл , 9- кл. базасында - 3 жыл )
Ь Тигүүчүлүк (9 -кл. базасында - 3 жыл )
Ь Кабелчи кандоочу (11-кл. базасында -1 жыл)
Ь Линиялык курулмалардын электромонтеру (11- кл. базасында -1 жыл)
Биздин дарек: Ош ш. Г.Айтиев көчөсү, 27, Ош ш. Курманжан Датка (Юго-Восток) кичи р-ну Н.Исанов көчөсү, 79.
Тел: (03222) 5-49-44,
5-39-95, 5-38-79, 4-32-38 (0555) 807093.
Факс: (009963222) 5-70-55, 2-54-73
E-mail: kuu@ktnet.kg, http: www.kuu.kg