, 21.07.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Неге кымбат?
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору
Молдокасымов Кыяс Сатаровичке
Нарын шаарынын тургуну республикага эмгек сиңирген мугалим, облустун "Ардактуу атуулу", персоналдык пенсионер Байбосов Кадырдан

Кыяс уулум, саламатсызбы? Мен сизге кайрылып арызданган себебим: "Кыргыз Туусун" 1949-жылдан бери окуйм, ал менин кеңешчим, акылдашым, ичкен ашым сыяктуу ардактуу окуу куралым болот.
Үстүбүздөгү жылдан бери бул гезиттин баасын почтадан: "Ар бир айы 112 сом болду", - деп, сиздер көрсөткөн баа "6 айга 432 сом, почта кызматын кошпогондо" деп турса, алар муну жаратпай, менден айына 112 сомдон алып, чырдашып жатат. Мен почта акысын төлөп, 6 айга 500 сомдон жазылчу элем. Эми 6 айга 672 сом төлөп жатам. Демек, жылына 1344 сом төлөшүм керек экен. Сиздер көрсөткөн баа жылына 864 сом. Демек, почта акысы 480 сом болобу? Андай болсо почта акысы гезиттин баасынан ашып жатпайбы. Соодалашуу болобу? Же почта өз билгенин жасай береби?
Дарегим: Нарын шаары, Госплем чакан району, Ботогулов көчөсү, № 14.


РЕДАКЦИЯДАН: Урматтуу Кадыр аксакал! Сиз сыяктуу бизге кайрылгандар көп болууда. Сиздин жазган катыңызды аларыбыз менен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын тийиштүү кызматкерлеринен жооп алдык. Чындыгында учурдагы абал ушундай экен. Анткени, ар бир гезитти окурманга жеткирүү үчүн бир топ бөлүктөн турган чыгымдар талап кылынат экен. Маселен, гезит басылып чыккандан кийин аны бөлүштүрүүгө, райондорго ташып жеткирүүгө, райондун ичинде ташууга, почтальонго берип, окурмандын үйүнө жеткирип берүүгө кеткен материалдык чыгымдарды эсептегенде эле гезиттин баасына 50-55% өлчөмүндө кошумча нарк кошулат турбайбы. Өкүнүчтүүсү, мындай чыгымды болтурбай коюу мүмкүн эмес. Ансыз гезит окурманга жетпей калышы мүмкүн.
Ошондой эле редакция да окурмандын кызыкчылыгын ойлоп, түстүү басылмага өткөндүгүбүзгө, каржылык каатчылыкка карабастан, гезиттин баасын кымбаттаткан жокпуз.




Акчага өткөн улан-кыз эмнени жарытат?
Президент Курманбек
Бакиевдин Билим
берүү тутумун рефор-
малоо жөнүндө кон-
цепциясын окуп отуруп,
40 жыл мугалим болуп
иштеген ишим көзгө
элестеди. Ушундан улам төмөндөгүдөй ой-пикиримди ортого салгым келет.

Ар бир ата-эне жарык дүйнөгө келген уул-кызын бөпөлөп өстүрүп, алаканга салып чоңойтот. "Бала боор эт менен тең", баланы ким эле жакшы көрбөсүн. Бир эле элден калган нерсени айтайын. Бир келин жылан төрөп салыптыр. "Сен жылан төрөп салдың", - деп күйөөсү чанат. Ошондо кетип бара жаткан келин: "Жылан да болсо балам да, кошо ала кетейин. Менин канжыгама чалып койгула!" дептир. Биздин жаштар ошол келинче болушпай, ичтен чыккан жылан сыяктуу да көрүшпөй балдарын талаага, базарга таштап кетип жатышат. Бул бир көрүнүш.
"Ата-эне өз баласына сынчы", - дегендей ата-эне баласынын эмнеге шыктуу экенин жаштайынан билет. Ошого жараша балдарынын келечекте кесип тандоосуна көз салып, шыктуулугуна жараша окууга багытташса. Дагы бир жагы заман өзгөрсө, бир өнөр жарабай калат. Кийин ал кантип оокат кылат? Ошон үчүн жогорку окуу жайлары бир эле өнөр эмес, үч-төрт өнөргө окутса. Жогорку окуу жайы болочок студенттерди кабыл алганда мыкты билгенин окууга өткөрбөй, начар билген окуучуну кабыл алышып, акчага өткөн кыз же жигит өзүнүн адистигин биле албай, иштегени барган жерине уят болуп жатышат.
Акыркы жылдары юрист адистери, анын ичинде соттор аябай көп даярдалды. Ал эми бир райондо бир эле сот шайланат. Калганы кайда барып иштешет? Кийинки кезде мал чарбачылыгы боюнча адистерге көңүл бурулбай калды. Мисалы, айыл жеринде ветврачтар, агроном, техниктер жетишпейт. Элдин ден соолугуна көз салган врачтар керек.
Кыз киши төшүн көрсөтүп, эркектердин алдынан өтпөйт. Ислам дининде буга катуу тыюу салат. Ал эми элүүдөн ашкан аялдар томурайып шым кийип жүрүшөт. Аларды көргөн кыздар кантип шым кийбесин. Андан көрө алар кыздарына өрнөк болуп, узун көйнөк кийишпейби. Аялдар, кыздарды силер төрөп өстүргөнсүңөр. Эми элибиздин каада-салтында тарбиялагыла. Европаны туураганды ташташ керек. Жаштарга билим, тарбия берүүдө элибиздин нукура кулк-мүнөзүнө ылайык тарбиялоо, окутуу өз натыйжасын берерине ишенем.
Бексултан АРЫКОВ,
Жумгал району,
Чаек айылы




 "Кыргыз Туусу"

Астанага жетпейт
Астанага келгенибизге 15 жылдын жүзү болду. Ошол жылдардагы калк башына түшкөн жумушсуздукту, жетимиш жыл бою куралган өнөр жай ишканалардын, мамлекеттик жана коомдук имараттардын менчиктештирүү шылтоосу менен талап тонолгону жакшы маалым.
Ошондой жагдайда үй бүлөнү багуунун амалын издеп, мугалимдик кесипти таштап, кайдасың Казакстан? деп соода ишине кеткен болчубуз. Бүгүнкү күндө Бишкекке барганыбызда жаңы курулган имараттарды көрүп, Ала Тоо аянтынын кулпунуп өзгөрүлгөнүнө көз кубанып, жүрөк сүйүнүп келчү болдук. Астанадагы кыргыздар ар кыл иш чараларга чогулган учурда Кыргызстан тууралуу пикир алышабыз. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук арасында кадыр баркынын көтөрүлүп жатышы, Россиядан келип жаткан инвестициялар, суу маселеси боюнча АлмаАта саммитиндеги Президентибиздин так, ачык, тайсалдабаган позициясы бизге - бул жактагы кыргыздарга дем берди.
Айылдагы тууган туушкандарга каттаганда карыялар пенсиянын көбөйүп жатканына кубанышса, ата энелер мектептеги ремонт, китеп колдонууга каражат мамлекеттин эсебинен төлөнө баштаганына сүйүнүп калышыптыр. Бөбөктөргө ысык тамак берилип жатат. Ал эми Камбар Ата - 2 ГЭСинин курулушу... Айтор, алгылыктуу иштерди айта берсек толтура. Премьер министр Игорь Чудинов иш сапары менен бул жакка келгенде биз менен жолугушуусу болду. Ошондо бир катар маселелерди көтөргөнбүз. Мисалы, Астанада жашаган кыргыздарга "Кыргыз Туусу" гезити жетпейт. Бишкекке каттаган соодагерлер жалаң жаштарды кызыктырган шоу жылдыздар чыгарылган басылмаларды эле анда санда алып келип калат. А биз - аксакалдар, орто жашка барып калгандар Ата Журтубуз тууралуу маанилүү, мамлекет үчүн орчундуу кабарларды алгыбыз келет. Кыргыз телевидениеси тартпайт, радио уктуруусу жок. Ушуга байланыштуу жок дегенде Астананын борбордук бөлүгүндө бир күркөнү кыргыз гезиттери үчүн ачып койсок деп атабыз. "Кыргыз Туусу" гезитин алып келгендерден талашып, дайыма табууга мүмкүнчүлүк жок болсо да кээде колдон колго өткөрүп окуп калабыз. Бишкектен келчү жол чыгымы менен кымбаттаса деле сатып алат элек. Бир жылдан ашуун мезгилден бери кыргыздын төл гезитинде кадимкидей өзгөрүү, чыгармачылык жогорулоо болгонун байкап жүрөбүз.
Аман САИТОВ,
ишкер, Астана шаары




Экология: жоголгондорду калыбына келтирели
Канаттууларды көбөйтсө болбойбу?
Илгери союз мезгилинде
канаттуулардын 700
түрү болгон болсо,
ошолордун 300 түрү
биздин ала-тоолук
Кыргызстанда гана
болгон эле. Азыр бизде жого-
руда айткан 700 түрдүү канаттууларыбыздын теңи жок болду. Алардын аты менен сүрөтүн гана Кызыл китептен окуу мүмкүн.

арым кылымдан бери карай ушул биздин Кыргызстанда булбулдун, сүтактын, торгойдун жана башка түркүн майда канаттуулардын сайраган мукамдуу үндөрүн уккан адамдар арабызда барбы? Жок десем жаңылышпаймын. Жадаганда чымчыктардын саны да азайып жатат. Мына азыр "өрдөк жок жерде чулдук бий" дегендей чегирткелер көбөйүп, эгиндерди жеп жатат. Аларды жок кылуу үчүн көп акча каражаттар, дары-дармектер жумшалууда.
Мен азыр 86 жаш курагымда жашап жатамын. Мындан 50-70 жыл илгери ушул жергебизде бакма да, жапайы да каз-өрдөктөр токойлорду мекендеп, абада учуп, сууларда, көлдөрдө сүзүп жүрүүчү канчалаган канаттууларыбыз бар эле, азыр алардын көбү жоголгон. Анткени, токойлор жоголуп, булактар, көлдөр, сайлар, дарыялар соолуп азайса, жапайы көк өрдөктөр, чоң арам өрдөк, тармал бир казан, кара каз, ак кунас, кара кунас, илегилек, ак кытан, көк кытан, ак куу, каз, тоо казы, аныр, кайырма, соно, борчун, кызыл куйрук өрдөк, ала өрдөк, чүрөк өрдөк, кызыл баш, турпан, кекилик, чил, жапайы тоок, кыргоол ж.б. канаттуулар кошо жок болуп жатпайбы. Канаттуулар биздин байлыгыбыз да.
Сатымкул САДЫКОВ,
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, журналист, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Масы айылы