, 21.07.09 - 12-бет:
  Өкмөттө

Четке чыгам десеңиз, жетекчиликтин макулдугун алыңыз
Премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана ишканалардын жетекчилери менен кызматчыларынын чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларын жана башка чыгууларын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Акыркы жылдарда чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларды тартипке келтирүү жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууда кырдаалдын жакшырбагандыгы белгиленди. Көпчүлүк убактарда кызматкерлер өз иштеринен алаксышып, айрым иш сапарлары республика боюнча эч кандай пайда алып келбейт.
Чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларды пландаштырганда республиканын экономикасынын приоритеттүү багыттарын жүзөгө ашыруу жана тармактардын конкреттүү проблемаларын чечүү менен байланышкан маселелерди практикалык жактан чечүүгө тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Кээде командировкалар алдын-ала пландаштырылбайт, командировкага баруучу кызматкерлердин алдына көпчүлүк убакта конкреттүү милдеттер коюлбайт, сапардын
жыйынтыгы боюнча алардан практикалык сунуштар, кээде атүгүл отчёттор да талап кылынбайт, чет элдик командировкалардын жыйынтыгына принципиалдуу баа берилбейт.
Бир катар министрликтерде, мамкомитеттерде, административдик ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, ошондой эле жергиликтүү мамадминистрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчилери же бир эле адам командировкага бара беришет.
Мына ушундай өңдүү кемчиликтерди четтетүү максатында Өкмөттүн токтомуна ылайык чет өлкөлөргө командировкага чык-
кан учурда жазуу жүзүндө өздөрүнө тие-шелүү органдардын жетекчилиги менен макулдашууга тийиш. Ал эми министрлер, мамкомитеттердин төрагалары, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, облустардын мамадминистрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери командировкаларын Премьер-министр менен макулдашышат. Командировкадан кайтып келишкенден кийин жети жумуш күнүнүн ичинде командировка учурунда бүтүргөн иштери тууралуу отчёт берүүгө тийиш.

Д.ӨМҮРЖАНОВ

Климаттын өзгөрүшү тездөөдө
Бишкекте өткөн климаттын өзгөрүшүнөн пайда болуучу кесепеттер боюнча улуттук билдирүүнүн бетачарында Кыргызстанда өзгөрүп бараткан климаттык шарттар тууралуу сөз болду. Анын ишине КРнын вице-премьер-министри Абдуллаева Өктөмхан катышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамагенттиктин, Глобалдуу экологиялык фонд жана ПРООНдун колдоосу менен эксперттер даярдаган материалдарда биздин өлкөдө климаттын өзгөрүшү тууралуу маалыматтар келтирилген. Алсак, эксперттердин баалоосу боюнча, климаттын өзгөрүшү кылымдын аягында өлкөдө температура орточо алганда 4 градустан 6 градуска чейин өсүшү мүмкүн. Ал эми, мөңгүлөрдүн саны өткөн кылымдын орто ченинде 8200 болсо, 142ге чейин азаят. Ошондой эле, эксперттердин эсептөөлөрү боюнча 2100- жылы дарыялардын агымы эки эсеге жакын азайып, 24-33 куб километрди түзүп калат.
Бетачарда айтылгандай, изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, билдирүүнүн жыйынтыгы өлкөнүн экологиялык жана экономикалык коопсуздугун камсыздоонун, ошондой эле, интеграциялашуунун жана бул болжолдоолордун улуттук сыяктуу эле, регионалдык дең-
гээлде стратегиялык пландаштыруу системасына киргизилиши маанилүү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кесепеттерге өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсү ыңгайлашынын зарылдыгына, ошондой эле, зыяндуу газдардын чыгышын азайтуу боюнча иш- чараларды иштеп чыгууга олуттуу көңүл бөлүнгөн.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Жаңы конуштардын 20 жылдык мааракесине карата

Ала-Тоо өнүгүүдө
Бир кезде көрүнгөндүн көзүн карап батирлеп жүрүшкөн кыргыз жаштарынын Бишкек шаарынын айланасынан жер алышып, өз түтүндөрүн булатышканына быйыл мааракелик 20 жыл болот. Азыр борбор калааны курчаган 42 жаңы конуш бар. Алгач жер берилип үйлөр кандай салынганына, элдин жашоо шартына жетиштүү камкордук көрүлбөй келсе,акыркы мезгилдерде ошол чакан конуштардын инфраструктураларына, социалдык тейлөөлөргө чоң көңүл бурула баштаган. Буга мисал катары 16 жылда жаңы конуштарга 850 миллион сом бөлүнгөн болсо, акыркы төрт жылда Президент Курманбек Бакиевдин тапшыруусу менен шаардык жана республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сом каралган. Ага ар бир айылда мектеп, ачык-жабык спорт аянтчалары сыяктуу социалдык обьектилер бүткөрүлсө 188,4 км. таза суу түтүктөрү, 337,8 км. электр зымы, 8 км. газ түтүгү тартылган. 137 км. жол курулуп асфальтталган. 4000 миң абонентке телефон коюлган. Алдыда бул сыяктуу аткарыла турган көп иштер улантылууда.

Ошол жаңы конуштардын алгачкысы болуп пайдубалын тургузгандардын бири Ала-Тоо жаңы конушу. Башкалар сыяктуу алардын абалы кандай экен деп Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын Ала-Тоо конушунун №3 муниципалдык башкаруусунун төрагасы Муканбет Өмүрзаковго бир нече суроо менен кайрылдык.

- Ала-Тоо кичи конушу качан курулган жана азыркы элдин жашоо шарты кандай?
- Батирлеген көчмөн кыргыз жаштарына 1989-жылы күзүндө Сокулуктун алма багынан жер бөлүнүп түптөлгөн карлыгач конуштардын бири. Жаштар бир добуштан Ала-Тоо атаган конушубуздун 20 жылдык мааракесин быйыл күздө белгилейбиз. Өзүңүз көрүп тургандай шаардан кем калышпаган бардык социалдык объектилер курулган конуш.
2400 кожолуктун 80%нын үйүнө телефон коюлган. Мектеп, эмкана, китепкана, бала бакча, спорт аянтчалары бардыгы бар. Бир автобус жана 4 маршруттук жалпы 5 каттамда ала-тоолуктар Бишкектин каалаган жерине барып келе алышат.
- Каржылоо жагынан тартыштык барбы?
- Чынын айтыш керек акыркы жылдарда жаңы конуштарга жакшы көңүл бурулду. Электр, таза суу менен толук камсыздалды. Телефон, каттоодо транспорт маселеси чечилди. 800 метр газ түтүкчөсү тартылып, алгачкы 60 үйгө газ киргизилди. Эми жалпы конуш боюнча газ киргизүү үстүндө иштеп жатабыз. Ала-Тоо жолу жаз алды менен күн жылый электе оңдолду эле чуңкурлар пайда боло баштаганынан кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүп бүтүү алдында турабыз.
- Мындан сырткары кандай иштер жасалууда?
- Эң орчундуусу 1200 окуучуга ылайык чоң мектептин курулушу башталды. Мындай мектеп жаңы конуштарда али курула элек. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүрүүдө. План боюнча 2010-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилет. 350 орундуу азыркы мектепти чоң бала бакчага айландыралык деген ойдобуз.
- Спорт аянтчалары барбы?
- Ачык-жабык да спорт аянтчабыз бар. 280 кв. метр жабык спорт комплексинин чатырчасын "АРИС"тин 5 миң долларлык гранты боюнча биринчи каржылоосундагы иштерди бүткөрдүк, эми 10 миң долларлык колдоосу менен толук оңдоодон өткөрөбүз. Буюрса эл күрөш, таэквандо, теннис сыяктуу спорттун түрлөрү менен жабык жерде машыга алышат. Тренажердук зал, бардык шарттар түзүлмөкчү. Ленин районунун акими Айбек Шермамбетов 270 миң сомго күрөшө турган матрацтарды эл кызыкчылыгы үчүн финансы министрлигине сунуш жазып алып бермек болууда.
- Элге айрым маселелер боюнча
шаарга барбай эле Ала-Тоодон чече турган кандай ыңгайлуулуктар бар?
- Шаарга барбай эле паспорттук өкүлчүлүк ачылгандыктан Ала-Тоодон эле ала алышат. Конушта шаардык милиция бөлүмү иштейт. Эми электр тогуна, телефонго төгүлүүчү акчаларды кабыл алган кассаны ачалык деп жатабыз.
- Чече турган кандай маселелер бар?
- Трансформаторлорубуз эскирди. Аларды кыш түшкөнгө чейин айрымдарын алмаштыруу маселесин коюп жатабыз. Элден суунун басымы аз болуп чыкпай жатат деген арыз түштү эле, сокулуктуктар Ала-Тоодон улап суу чыгарып алышкан экен мэр Нариман Түлеевдин киришүүсү менен 60 үйдүн Ала-Тоонун суу түтүгүнө туташкан түтүктөрүн кескенден кийин суу жетиштүү берилүүдө. Мамлекет, мэрия тарабынан жакшы колдоолор көрсөтүлгөндүгүнүн натыйжасында Ала-Тоо өнүгүүдө.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
КС журналисттик колдоо тобу