, 17.07.09 - 5-бет:
  Ала-Тоо аймагында

Элчи шайлоону уюштуруу менен алек
КРнын Россиядагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси Раимкул Аттокуров өлкөнүн Урал жана Сибир аймактарын кыдырып, ал жактарда жашап жана иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуп, аларды 23-июлдагы президенттик шайлоого катышууга чакырууда. Учурга карата Россиядагы добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген мекендештерибиздин саны 102 миңден ашыкты түзөт. Элчи иш сапарында Россиянын жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдарынын, миграциялык кызматтардын жетекчилери, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушуп, шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө байланышкан маселелерди чечүү аракетинде.

"Кыргызгаз" карызынан кутулат
"Кыргызгаз" ачык акционердик коому Өзбекстандан келген жаратылыш газына болгон карызын сентябрь айына чейин төлөп бүтөт. Аталган ишкананын генералдык директору С.Айтикеевдин айтымында "Кыргызгаздын" азыркы учурдагы көгүлтүр отко болгон карызы 18 млн. АКШ долларын түзөт. "Биз июнь айында карызды төлөө боюнча атайы график иштеп чыкканбыз, ошого жараша биздин тарап ай сайын "Өзбекнефтегаздын" эсебине 5 млн. доллар которуп турмакчы", - деди С.Айтикеев.

"Рахат" Түркияда
өз өнөрүн тартуулайт
Түрк элдеринин маданиятына арналган XII эл аралык фестивалына Кыргызстандан "Рахат" элдик бий ансамбли катышат. Бул тууралуу "Сейтек" улуттук балдар жана жаштар борборунун директору С.Челпакова билдирди. Анын айтымында, фестиваль 1992-жылдан баштап Кыргызстанда төрт ирет өткөрүлгөн. Быйылкы фестиваль Түркиянын Ялова шаарында 17-24-июль күндөрү өтөт.

Четтеги кыргыздар
бизден билим алышат
Ушул окуу жылына карата чет өлкөлүк кыргыздарга республиканын жогорку окуу жайларынан 75 орун бөлүнгөн, бул сан өткөн жылдын деңгээлине барабар. Жыл сайын Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Кытайдан жана Түркиядан келген мекендештерибиз стипендия жана жатакана менен да камсыз болушат. Мекендештер негизинен педагогикалык багытта билим алышат, анын ичинде кыргыз тили, адабияты, орус тили, адабияты жана чет тилдери боюнча көбүрөөк адистер даярдалат. Медицина, юридика жана экономикалык багыттарга атайы квоталар бөлүнөт. Бул максатта ведомствонун атайы түзүлгөн комиссиясы коңшу өлкөлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн тест алуу үчүн жөнөтүлөт.

Адам укугу
Кечээ "Ак кеме" мейманканасында Адам укуктары боюнча 3-эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышы болду. Форумга Босния, Словения, Чехословакия, Украина, Грузия, Иран, Пакистандын Акыйкатчылары, андан сырткары Россия Акыйкатчысынын 9 субьектисинен өкүлдөр келди. Ошондой эле Кыргызстандагы НПОлор катышты. Түштөн кийин журналисттер менен болгон маалымат жыйыны маанилүү суроо, жооптор менен коштолду. Анда айрыкча миграция жаатындагы орчундуу маселелер тууралуу айтылды. Форумдун катышуучулары иш-чараларды Чолпон-Атада улантуу үчүн жөнөп кетишти.

Кыргыз авиаташуучулары ЕСтин "кара тизмесинен" чыгат
14-июлда Евросоюз тарабынан түзүлгөн авиакомпаниялардын "кара тизмесинен" чыгуу процедураларынан өтүүгө Кыргызстанга уруксаат берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Граждандык авиация департаментинин деректири А.Настев билдирди. А.Настевдин айтымында, "кара тизмеде" кыргызстандык 23 ташуучу катталган: Бирок бул тизмеден чыгуу процедуралары бар. Брюсселде болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин чыгуунун жолу жана датасы (2010-жылдын январь айы) белгиленди. Граждандык авиация департаменти жарым жыл ичинде Евросоюз менен бирдикте бардык кыргыз компанияларын "кара тизмеден" чыгаруу үстүндө жекече программа боюнча иш жүрүгүзөт.

Белоруссиядан 12 миң тонна кант келди
Кыргызстанга кант азыгын жеткирүүчү компаниянын өкүлүнүн билдирүүсү боюнча, жакында республикабыздын соода түйүндөрүнө 12 миң тонна кант сатыкка чыгарылат. Бирок, ал канттын баасы канча болорун айткан жок. Ал эми акыркы мезгилде Бишкектин базарларында 1 килограмм кумшекердин баасы 39-40 сомдон сатылууда. Мурда КРнын монополияга каршы күрөшүү агенттиги "Кайыңды-Кант" заводуна 12 миң тонна кант келе тургандыгын билдирген болчу. Жакында аталган агенттик импорттолгон канттын баасын аныктамакчы. Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикабызга 80 000 тонна кант азыгын экспорттоо үчүн "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" заводдоруна уруксат берилген. Жакынкы күндөрү КРнын Өкмөтү алты компанияга кант ташууга уруксат берип, жалпы импорттолуучу канттын эсебин 90 000 тоннага жогорулатты.

"Ишеним телефону" ачылды
15-июлдан баштап Бишкек мэриясында "ишеним телефону" ишке кирди. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кабарлоого болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Билдирмелер күнү-түнү оозеки түрдө эки тилде (кыргыз, орус) кабыл алынат, кийин бардыгы атайы журналга катталып, тийиштүү органдарга жөнөтүлөт. Тез жооп кайтаруу кызматынын телефону "185" -62-58-30.

Каракчылардын огунан
каза тапты
КРнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда 15-июлда Бишкектин четинде жайгашкан "Алканов и Ко" базарындагы № 4 складга белгисиз куралдуу үч адам кол салып, ал жердеги акчаны алып кетүүгө аракет жасаган. Куралдуу күзөт кызматын байкап калган каракчылар аларга каршы ок атып, натыйжада 24 жашар улук сержант Ж.Яхияга ок жаңылып, ал каза тапкан. Андан сырткары соодагерлер И.Хиваси жана Р.Хиваси октон жарадар болуп, ооруканага жеткирилди. Каракчылар "Форд" маркасындагы автоунаага отуруп, белгисиз тарапка качышкан. Көп узабай машинаны өрттөп жиберишкен. Учурда милиция кызматкерлери куралдуу топту кармоо боюнча оперативдүү чараларды көрүүдө.

А.Ташиевдин өлүмүн Башкы прокуратура тергейт
Башкы прокуратуранын маалымдоосуна караганда, журналист Алмаз Ташиевди Ноокат райондук милициясынын кызматкери, кенже лейтенант Ш.Нурматов 4-июлда Жаңы-Базар айылындагы милициянын бөлүмүндө сабаган. Натыйжада А.Ташиев 12-июлда Ош облустук ооруканасында операциядан кийин көз жумган. Бул окуя боюнча Ноокат райондук прокуратурасы Кылмыш Кодексинин 305-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пункту "кызмат абалынан аша чаап пайдалануу" боюнча 10-июлда кылмыш ишин козгоп, 14-июлда Ш.Нурматов кармалды. Тергөө ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алды.

200дөн ашык айыл таза суу менен камсыз болот
Республиканын 200дөн ашык айылдары таза суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу КРнын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигине караштуу айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Матраим Жусупов билдирди. "Таза суу" программасын ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы грант катары 30 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында суу түтүктөрүн орнотууга жумшалат. Анын айтымында Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында суу түтүктөрүн орнотуу долбоордун экинчи этабында каралган. Аны Дүйнөлүк банк 10 миллион жана Улуубританиянын эл аралык байланыштар министрлиги 8 миллион долларга каржылаган.

Коррупциядан тарткан чыгымдар такталды
Биринчи жарым жылдыкта коррупциядан тарткан материалдык чыгымдын саны - 35 млн. 207 миң сомдон ашык сумманы түзгөн, анын ичинен бюджетке 24 млн. 750 миң сом кайтарылган. Бул тууралуу "КАБАР" агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмдөрү аркылуу 452 кылмыш ишинин бети ачылган, анын 52си - паракорлук, 94ү - кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу, 69у - ысырапкорчулук жана 78 кызматтык алдамчылык болгон.




  Аалам алкагында

Пакистандын Сват өрөөнүнө качкындар кайтууда
Өлкөнүн түндүк - батышындагы бул өрөөнгө миңдеген качкындар кайтып келди. Пакистан өкмөтүнүн планына ылайык, өрөөнгө биринчи кезекте качкындар лагерлеринде жашап жаткан 200 миңдей адам кайтуусу керек. Бирок жакындары менен досторунун үйүнөн башпаанек тапкан башка миңдеген адамдар да өз жайларына кайтууга ашыгууда. Пакистандын өкмөттүк күчтөрүнүн Талибандын согушкерлерине каршы апрель айында башталган аскерий операциясы бул чөлкөмдөн 2 миллиондон ашуун адамды жер которууга мажбурлаган. Үч айга жакын созулган уруштардан кийин Пакистан бийлиги Сваттын басымдуу бөлүгү талибдерден тазаланганын жарыялады. Бирок инфраструктура талкаланганы кабарланууда.

Грузия менен Абхазия араздашуудан алыс
Жыйында ортодогу чыңалууну басаңдатуу жолдору талкууланды. Эки тараптын расмий өкүлдөрү былтыр Түштүк Осетияда тутанган грузин-орус согушунан бери алгачкы ирет жолугушту. Ушул аптада Цхинвалга барган орус президенти Д.Медведев: "Грузия былтыр жайдагы жеңилүүдөн сабак алса болду",- деген үмүтүн айтты. Ал тапта АКШнын аскердик кемелери Грузиянын Батуми шаарындагы портко алынып келинди, ал жердеги деңиз үстүндөгү машыгууларга катышмакчы.

Майкл Жексондун өлүмүнүн сыры изилденүүдө
TMZ вэб-сайты тараткан маалыматка ылайык, Лос-Анжелес шаарынын полициясы Майкл Жексондун кокусунан өлгөндүгүнүн себебин изилдөөдө. Ырчынын өлгөндүгү тууралуу ар кандай имиш сөздөр айланып келип, анын дарылоочу врачы Конрад Мюррей гана так жооп берет деген имиштер айтылууда. М.Жексон өлөр алдында кыйналып жатканда дарылоочу врачы Мюррей анын жүрөгүнө массаж жасаган. Ырчы өмүрүнүн акыркы сааттарында "Пропофол" деп аталган оорутпаган, бирок катуу таасири бар дарыны ичкендиги такталууда. Ал эми бул дарыны дал ушул Мюррей М.Жексонго ичиргендиги тууралуу шектенүүлөр болуп жатат. Врачтардын пикири боюнча "Пропофол" ооруканаларда пациенттерге хирургиялык операция алдында тажрыйбалуу анестезиологдор тарабынан гана колдонулат. Бирок Жексон күчтүү таасир берүүчү, оорутпаган дарыны өнөкөт уйкусуздуктан арылуу жана денесинин оорушунан качуу үчүн көп өлчөмдө кабыл алгандыгын моюнга алды. Себеби көптөгөн трамвадан жана пластикалык операциялардан улам ал мындай абалга кабылган болчу.

Ирандагы авиакырсыктан
168 киши каза тапты
"Каспий аба жолдору" деген авикомпаниянын ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы 15-июлда Ирандын түндүк- батышындагы Казвин шаарынын жанында кыйраган. Ал Тегерандан Армениянын баш калаасы - Ереванга жол тарткан эле. Күбөлөрдүн айтымында, учак асмандан эле өрттөнүп кеткен. Армениянын жарандык авиация боюнча мекемесинин билдиргенине караганда, учактагы жүргүнчүлөрдүн 147си Ирандын жарандары болгон, алардын 31и армян улутундагылар. Мындан сырткары учакта Армениянын 4, Грузиянын 2 жараны бар эле. Калган 15 адам экипаждын мүчөлөрү.

Каракчылардын чабуулу
эки эсе көбөйдү
Малайзияда жайгашкан эл аралык агенттик билдиргендей, былтыркы алгачкы алты ай ичинде деңиз каракчылары 114 кемеге кол салса, быйыл алты ай ичинде 240 жолу чабуул коюшкан. "Суу үстүндөгү кол салуулар Сомалиде кырдаал начарлап, каракчылык күч алганына байланыштуу",- дешет эксперттер.

Жалаң жаныбарлар ташылат
Жалаң үй жаныбарларын ташыган алгачкы аба каттамы ачылды. Иттер менен мышыктарды салган андай учак Америкадагы ири 5 шаар - Нью-Йорк, Чикаго, Денвер, Вашингтон жана Лос-Анжелес ортосунда каттап турмакчы. Бир тарабына билеттин баасы 250 доллар экен, андай билетке жеткен иттер менен мышыктар кадимки отургучка отургузулбайт, учактын ичи жаныбарларга ылайык жасалган, аларды асманда атайын адистер коштоп жүрөт.