, 17.07.09 - 21-бет: Чеберге сөз тийгизген чечендик эмес, чекилик
Ушул жылдын 9-июлунда "Лица" гезитинин №16-санында Ш.Давлеткелдиевдин макаласы жарык көрүп, анда Кыргыз Республикасынын Баатыры, скульптор Тургунбай Садыковдун борбор калаабыз Бишкектеги монументалдык эмгектери жана Көркөм сүрөт академиясынын студенттери тарабынан жасалып, борбордук аянтка коюлган "Манас" эпосунун каармандарынын эстеликтери сынга алынган. Биздин редакцияга искусствонун белгилүү чеберлеринен бул макаланын негизсиздигин айткан каяша пикирлери келип түштү. Төмөндө алардын айрымдарын окурмандардын назарына тартуулайбыз.

Улуттук руханий байлыктардын символу
"Лица" гезитине жарыяланган макаланы окуган киши автордун өтө эле бир жактуу тенденциялуу түрдө жасалган тыянактарын таң калуу менен кабылдабай койбойт. Анткени, материалда фактылар ачыктан ачык бурмаланган, калкка белгилүү илимий-практикалык, көркөм-эстетикалык ойлорду тыянактарды негизсиз жерден төгүнгө чыгаруу аракеттери жасалган. Төмөнкү эле тайкы саптарга көңүл буралы: "Садыковские творения так и не получили широкого народного признания, не стали частопосещаемыми городскими достопримечательностями…" "Люди здесь не чувствуют покоя и просто бегут от таких мест" и.т.д.
Мында сүйлөм, фраза сайын чындыктан алыс. Айталы, филармониянын алдына жайгаштырылган "Манас" скульптура-архитектуралык комплекси элдин эс алчу, рахаттанып олтурчу, көркөм эстетикалык сезимди, ойду өзүнө кадиксиз тартып турган, көңүлдү көккө сүрөгөн жай болуп калганын ким билбейт?
"Манастын" 1000 жылдык мааракесинде ал комплекс эпикалык улуу чыгарманын реалдуу, жандуу иллюстрациясы сымал кабылданганын, байыркыдан келе жаткан көркөм дөөлөтүбүздүн пластикалык формага өткөрүлгөн жашоо түрү болуп кызмат кылганын айтаар элек.
"Революция каармандарына", "Манас" комплекси сыяктуу эстеликтер элдин легендалык каармандарынын дене жана руханий күчтөрүнүн улуулугун даңазалаган кайталангыс чыгармалар.
Тургунбай Садыков аталган жана башка чыгармалары менен республикабыздын борборун архитектуралык, идеялык-эстетикалык келбети, көрүнүшүнүн ажайып көркөмдүгүнө эбегейсиз салым кошкон залкар сүрөткер, муну менен сыймыктанышыбыз керек. Анын сейрек таланты келечектеги чыгармачыл муундар үчүн үлгү. Дегеле анын жараткан эмгектери улуттук руханий байлыктардын символу.
"Ала Тоо" аянтындагы эркиндик эстелигиндеги аялдын образы мурдагы "биринчи лединин" жүзүн сүрөттөп турат деген ой дагы суу кечпеген пикир, ал кыргыз аялдарынын гана жалпыланган образы.
Акырында учкай бир сөз, Ш.Давлеткелдиевдин макаласы Президенттик шайлоонун алдында жалпы элдик кандидат Курманбек Бакиевдин тарапкерлерине, жактоочуларына каршы жасалган аракет катары да кабылданышы ыктымал. Жалпылап айтканда макаладан атактуу скульпторубуз Тургунбай Садыковдун беделин төмөндөтүү жандалбасын байкадык. Адатта бир, эки кишинин пикири менен маселе бышыкталбайт. "Алтынды чаң басса да, дат баспагандай" элдик улуу таланттарды эл өзү түшүнүп, баалайт.

Теңдик Аскаров,
философия илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.


Көралбастык менен
жазылган
Т.Садыковдун аты Мекенибизде эле эмес дүйнөлүк искусство, маданият таануучулар тарабынан изилденип, жогору бааланып келет. Ал таланттуу скульптор, мыкты уюштуруучу, тууган жердин эртеңкисин ойлогон мекенчил атуул.
СССР кулаганда маданият унутта калгандыгы чындык, бирок ошондо Т.Садыков өз көз карашын өзгөрткөн жок. Ал турсун Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси болуп турганда сүрөтчүлөр үчүн көп чоң иштерди жасады, андан кийин да жеке чыгармачылык менен катар коомдук иштерди, уюштуруу иштерин чечип жүрдү. Мамлекеттен жардам күтпөстөн өзү сүрөөнчү таап Көркөм сүрөт мектебин, академиясын, аспирантурасын ачты. Ал жаштардын келечегине кам көргөн мыкты окутуучу-педагог, эч качан эс алууну билбеген эмгекчил адам. Көркөм сүрөт академиясынын пайдубалын түптөп, учурда республикабыздагы жогорку окуу жайларынын мыктыларынын катарында таанылды, эң негизгиси таланттуу балдарды акысыз окуткан бирден бир окуу жай. Москва, Петербург ж.б. шаарлардагы көркөм сүрөт окуу жайлары менен тыгыз байланыш түзүп, тажрыйба алмашып, жогорку деңгээлде окутуу жолго коюлган.
Мени таң калтырганы ушундай эмгекчил, таланттуу, залкар чеберди маалымдоо каражаттары аркылуу атайын жамандаган адамдар чыга баштады. Балким, бир көрө албастын атайын заказы менендир, ушул жылдын 9-июлунда чыккан "Лица" гезитинин №16-санындагы макала буга мисал болот. Албетте, автор менен акыйлашуу пайдасыз. Андагы арам ой - маданият жаатындагы толуп жаткан маселелерге кайрылбастан борбор шаарыбыздагы коюлган эстеликтерге жармашыптыр. Бир эле мисалын айтсак, борбордук аянттагы коюлган биздин студенттердин эмгектери. Бул иш-чара аркылуу студенттер профессионалдык искусствонун алгачкы кадамын таштап, даамын татуу гана эмес, белгилүү деңгээлде материалдык жактан да камсыз болду. Акыркы 20 жыл аралыгында Бишкек шаарында көркөм кеңеш деген иштебейт, монументалдык искусство боюнча кеңеш да унутулду. Эстеликтерди жайгаштыруу, долбоорлоо жаатындагы иштер жүрбөйт. Бардык нерсени акча гана чечип, сүрөтчүлөрдүн талапка ылайык шарттары көмүскөдө калды. Ошонун айынан мисалы, жакында аянтка коюлган эстеликтердин студенттер тарабынан шашылыш жасалганы билинип эле турбайбы. Эмне үчүн прессада жогоркудай маселелерди көтөргөн материалдар жазылбайт дагы кемчилдиктерди чукуганга гана уста болуп алышкан. Ошон үчүн мен "Лица" гезитиндеги Тургунбай Садыковго асылган автордун сөзү туура эмес, аны бирөөнүн ичи тардык менен заказ кылганы үчүн жазды деген ойдомун.

А. Каменский,
Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү


Анда Герцендин сүрөттөрү да туура эмеспи?
Жакында Бишкек шаарынын борбордук аянтында коюлган эстеликтер тууралуу жаңжалдуу сөз так фактысыз жагдайда ырбады. Ооба, алардын арасында терс каармандардын да образдары бар. А, чыгарманын өзүндө андай эмеспи? Эгерде "Манас" эпосундагы терс каармандар жок, жалаң эле оң каармандар турса көркөм чыгарманын башкы каарманы алп Манастын образы мынчалык бийиктикке чыкмакпы? Балким Т.Садыков кыргыз эли кыйындыгынан канчалаган кылымдардан бери ушундай душмандарга жеңилбей, улутун, эли-жерин сактап келди деген идеяны бергиси келгендир.
"Лица" гезитине жазган макаланын авторлоруна студенттердин жалпы скульптуралык композициясындагы терс каармандар жакпаса, анда Теодор Герцендин "Манас" эпосуна арналган сүрөттөрүн карайлычы, анда да Манас бабабыздын күчтүү душмандары чагылдырылган.
Айта кетүүчү нерсе, макала жазгандар өздөрүнүн пикирине өздөрү каршы болгондугу. Алардын айтуусуна караганда мекенибизде бул тармак боюнча жаңы аттар, жаңы күчтөр жок. Кандайча жок? Мындай долбоордо студенттердин катышуусу чоң жетишкендик. Мында Т.Садыковдун жаш кадрларды даярдоодогу эмгегинин күбөсү турат. Мындай иш-тажрыйба келечектеги скульпторлорго тажрыйба топтойт. Албетте, кемчилдиктери жок эмес, ал кыска мөөнөттө жасалгандыктын эсебинен болуп олтурат.
Т.Садыковдун жеке чыгармачылыгын алып караганда, ал көркөм маданиятыбыздагы жогорку деңгээлдеги профессионал. Ал улуттук пластикалык мектептин, Көркөм академиянын негиздөөчүсү. Ошондуктан чеберге сөз тийгизгендик чечендик эмес, чекилик деп түшүнөбүз.

Л.А.Прыткова,
культурология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.


Шостаковичти да
ушакташкан,
бирок даңкын өчүрө алышкан жок
Июнь айында бир тууган өлкөм Кыргызстанга келип, ириде жан дүйнөмө жакын маданият менен искусство жаңылыктарына кызыктым. Сүрөтчүлөр менен пикирлешип, жергиликтүү гезит, журналдарды барактадым. Ошондо "Лица" гезитинен Тургунбай Садыковго көө жапкан Ш.Давлеткелдиев деген автордун макаласын окудум. Чынында өз мезгилинде керемет композитор Дмитрий Шостакович же таланттуу акын Анна Ахматовага да негизсиз ушакташып, асылышкан кездер болгон, бирок, алардын атак-даңкын эч ким өчүрө алган жок. Кыргызстанга биринчи болуп келген профессионалдык чебер скульптор Л. Месарош да күлгүнүндө жайрап калган. Ошондуктан таланттарды бут тосуп сындырууга умтулбай, колдоо гана керек.
Монументалдык искусство улуттук талаптар менен чектелбейт. Бүткүл адамзаттын жашоосундагы глобалдуу бирдиктүүлүктү туюнтат. "Эркиндик" эстелиги байыркы коомдон берки эркиндиктин дүйнөлүк символикасы Никанын образынын үлгүсү. Эркиндиктин мындай классикалык образы Францияда, Россияда, АКШда ж.б. жактарда да бар. Жаңы доордогу Кыргызстанда турганынын эмнеси жакпайт? Бул эстелик Эркиндиктин пластикалык идеясына толук жооп берет.
Ал эми Тургунбай Садыковдун "Манас" темасындагы эмгектерине сөз тийгизүү мени абдан капа кылды. Залкар чебердин колунан жаралган мындай эмгектер кыргыз монументалдык искусствосунун мыкты үлгүлөрү катары саналат. Менимче, Давлеткелдиевдин жазганы кайсы бир ичи тардыктын, тайыздыктын белгиси. Бирок убакыт дегенден ашкан калыс нерсе жок эмеспи, убакыт кимдин ким экенин ордуна коёт. Таланттарды баары бир тарых жазып калат. "Кербен жүрө берет" дейт эмеспи.

Л.М.Мосолова,
искусство таануу илимдеринин доктору, Россия Жогорку мектебинин эмгек сиңирген кызматкери

РЕДАКЦИЯДАН: Бул жерде күнөөнүн бардыгын КРнын Эл баатыры Тургунбай Садыковго оодара коюу туура эмес. Анын шакирттери тарабынан даярдалган оң-терс образдагы каармандарды тааныбай койдура койгон шаар бийлигинин деңгээли болду. Андыктан борбор калааны улуттун чыныгы ордосуна айландыруу аракети жүрүп жаткан учурда "Лица" гезити шаар жетекчилеринин тарыхый билим деңгээлинин тайкылыгын так айтып жазса дурус болмок. Эмнеси болсо да бул келечек үчүн чоң сабак болгону калды.