, 17.07.09 - 19-бет: Жаратылыш косметикасы
Терини коргоодо масканын ролу чоң. Алардын кээ бирлери терини жумшартып азыктандырса, кээ бирлери болсо бырышты жазып терини серпилгичтүү кылат. Процедурага киришерден мурун бетиңизди жакшылап суу, же болбосо атайын лосьон менен тазалап алууңуз кажет.

Көздүн тегерегине азыктандыруучу бет майдан сыйпап коюңуз. Масканы бир жумада 1-2 жолу гана колдонуу керек. Жууп салууда пахтаны пайдаланганыңыз оң.
Эгерде сиздин териңиз нормалдуу болсо, анда аны күндүн зыяндуу нурларынан жана спирт көп кошулган лосьонду колдонуудан сак болуңуз. Дайыма бөлмө температурасында турган жылуу суу же 1л. сууга бир чай кашык сода кошуп анан бетиңизди жууп туруңуз. Ар убак жалбыздын чайын ичип, андан соң ак лилиянын
лосьонун пайдалансаңыз, сиздин жүзүңүзгө сергектик жана жагымдуулук уяларында шек жок.
Чөптөн жасалган маска: эки аш кашык ромашка, липа гүлү, лаванда жана бир аш кашык шалфейди майда кылып талкалап үстүнө кайнак суу куюңуз. Пайда болгон жылуу, суюк боткону бетке жана моюнга 20 мүнөткө коюп, анан жууп салыңыз.
Кулпунай маскасы: 2-3 кулпунайды кесип алып бетке жана моюнга он беш мүнөт сүртүңүз да, андан кийин муздак суу менен жууп койсоңуз ал терини жумшартып, азыктандырып, ал тургай сепкилдерди да агартат.
Териңиз майлуу болсо, эртең мененкисин жана кечинде жыттуу самын менен жылуу сууга бетиңизди жууп, кургатып, андан соң лосьон менен сүртүңүз да, майлуу эмес кремди коюңуз. Бир жумада бир жолу ромашка гүлү, жалбыздын жалбырагы, эмендин кабыгы кошулган кайнак сууга бетти бууландырып турган дагы пайдалуу.
Чөптөн жасалган маска: ромашка, липа, бузина гүлдөрүнөн бир аш кашыктан салып, үстүнө бир стакан суу куюп 10 мүнөт кайнатып, жылуу кезинде үстүнө 1/2 чай кашык бал жана сулунун унунан кошуңуз. Аралашманы муздатпастан бетке жана моюнга 20 мүнөт койгон да жакшы натыйжа алып келет.
Жумуртканын сарысы жана лимон кошулган маска: жумуртканын сарысына бир чай кашык лимон суусун кошуп, даяр болгон масканы бетке 20 мүнөт коюңуз. Бул маскадан кийин упа койбогонуңуз оң.
Ромашкадан жасалган лосьон: эки аш кашык ромашканы 1/4 л сууга 10 мүнөт кайнатып алыңыз. Муздатып, сүзгүчтөн өткөрүп алган соң, күнүнө жуунгандан
кийин бетиңизди жана моюнуңузду сүртүп туруңуз.
Териңиз кургак болгон учурда самын колдонбой эле койгонуңуз дурус. Жуунгандан кийин дайыма майлуу, же витаминдүү крем коюп турууңуз зарыл. Андан сырткары төмөндөгү маскаларды да колдонгон пайдалуу.
Витаминдүү маска: бир жумуртканын сарысын майдалап, үстүнө бир аш кашык өсүмдүк
майын, 1/2 апельсин суусун, 1/2 чай кашык бал кошуп аралаштырып, пайда болгон кошундуну 15 мүнөт бетиңизге коюп туруңуз.
Быштак маскасы: эки чай кашык быштакты бир аш кашык бал менен аралаштырып, үстүнө бир нече тамчы өсүмдүк майын кошуңуз да, бетке жана моюнга 10 мүнөт койсоңуз терини кубарып кетүүдөн сактап турат.




Остеоартроз кандай оору?
Остеоартроз - муундардын эң көп тараган оорусу, мындан 50-60 жаштагы курактагылардын 80 пайызга жакыны ооруйт. Жаш куракта бул ооруга чалдыгуу жугуштуу оорулар менен ооругандан, жаракат алгандан болушу мүмкүн.
Остеоартроз биринчи кезекте муундардын кемирчегин жабыркатат, ал акырындап булаларга катмарланып, бузулууга учурайт. Соо кемирчектерде бузулган булалар тез эле калыбына келет.
Оорунун өнүгүшүндө ага тийишкен сөөктөр бузула баштап, майда жарака кетет. Муундардын чекесинде сөөк өсүп, анын натыйжасында муундардын формасы өзгөрүлөт. Остеоартрозду пайда кылган себептер көп: өнүгүүнүн тубаса патологиясы,жаш курак, тукум куучулук, зат алмашуунун бузулушуна байланышкан оору, кант диабети, эндокриндик бузулуулар, калкан безинин оорусу, ашыкча салмак, жаракат алуу, кан айлануунун бузулушу.
Остеоартроздун биринчи белгиси оору, жаңы башталганда кыймылдаганда эле ооруйт. Ал эми катуу оорунун себеби муундардын же анын жанындагы булчуңдардын, тарамыштардын реактивдүү сезгенүүсүнөн болот. Сезгенүү бузулган кемирчектердин бөлүкчөлөрүнүн муундардын кабына түшүп, алардын синовиалдык чел кабыкчасын дүүлүктүргөндөн пайда болот. Оорунун пайда болушунун мындан башка да себептери көп. Ошондуктан анын биринчи белгилери байкалганда эле врачка көрүнгөн оң, оорунун себептерине жараша зарыл дарылоо жүргүзөт.
Муундарда оору пайда болгондо врачтар рентгендик текшерүүдөн өтүүнү сунушташат, анткени ал муундардагы билинер-билинбес өзгөрүүлөрдү да көрсөтөт.
Бул оору байкалар менен барыдан мурда жашоо мүнөзүн жана тамактануу эрежесин өзгөртүү керек. Жабыркаган муундарга күч келтирүүнү дароо төмөндөтүү зарыл, а остеоартроздо чуркоону, көп басууну, секирүүнү, оор нерсени көтөрүүнү таптакыр эле калтырыш кажет. Күч келтирүүнү токтоткон менен булчуңдарды, жалпы денени чыңдоону мүмкүндүк берген көнүгүүлөрдү жасоо менен айкалыштырышы зарыл. Көнүгүүлөрдү күн сайын, 30-40 мүнөт жасоо сунушталат. Эгерде муну жасоо адегенде кыйынга турса, аны бир нече бөлүккө бөлүп, күнүнө бир нече жолу жасаса да болот.