, 17.07.09 - 18-бет:
  Өмүрү өрнөк адамдар

Ата жолу ар-намыс
Ар-намыстуу жашагыла, элиңерге ак кызматыңарды кылгыла, кол кармашып биригип, ынтымакта болгула!
(Адыкан аксакалдын балдарына калтырган керээзинен)
Акындыкты кыйгап өткөн өмүр
Бул жашоодо түбөлүктүү эч нерсе жоктой, баары өтөт, баары кетет. Адам өмүрү да ушундай, бирок өчпөй эсте каларлыгы - анын эмгеги, өрнөктүү жашоосу, урпактарга калтырган ыйык мурасы, акыл-насааты. Адамдын улуулугу, жакшы касиеттери да ушул сапаттары менен бааланат, өлчөнөт.
Биз сөз кыла турган каарманыбыз Адыкан аксакалдын көзү өткөндөн кийин чыккан чакан китебин, кол жазмаларын барактап олтуруп балдарына, небере-чөбүрөлөрүнө калтырган керээзинде айтылгандай өзү да жашоосунда ошолорду бекем карманганына, туу тутканына толук ынандым.
Ошол чакан китеби, кол жазмалары, ырлары, насаат сөздөрү баарысы акыркы сөзү-керээзи. Жашоонун маңызы, өмүрдү бекер өткөрбөө, кыйынчылыктарды жеңе билүү, ар кандай сыноолорго туруштук берүү, убакытты бошко кетирбөө, бирөөгө жамандык кылбоо, калп айтпоо, уурулук жасабоо, мээнет менен күн көрүү, кайрымдуу, боорукер болуу, ушулар гана жакшылыкка, баарчылыкка жеткирерин баса белгилептир.
Ал өзүнүн аң-сезимдүү өмүрүн ички иштер министрлигинде кызмат кылууга арнаса да, жан дүйнөсү ырга жакын экендигине, буга анын жакшы эле шык-жөндөмү болгонун баамдадым. Турмуштун агымы башка жакка алып кетсе да, өмүрүнүн аягында, тээ жаштык кезде көкүрөгүндө чабыттаган, көөдөнүндө уялаган чымындары ойгонуп, колго калем карматып, ой чабыттарын кагазга түшүрткөн экен. Мен бул турмушта өмүр бою башка ишти, кесипти аркалап, бирок пенсия курагына келгенде чыгармачылыкка ык койгон көп эле инсандарды көрдүм. Эгер жаштайынан бардык дитин анча-мынча кудай берген талантын өркүндөтүүгө көңүл бурса бир нерсе сөзсүз чыгары бышык эле.
Адыкан аксакал 1913-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таштак айылында оокаттуу, малдуу-жандуу үй-бүлөдө туулган. Чоң атасы Ураим Таластын Ак-Жар айылынан, Саруу уруусунан болгон. Жаш кезинде турмуштун ар кандай себептери аны түштүк жергесине алып барып, орун-очок алып калган.
Атасы Сарымсак да абдан чарбачыл, үй-бүлөгө карамдуу, тууган-урукка кайрымдуу, оокатын тың өткөргөн, көптү көргөн киши болгон. 1916-жылы тылдагы жумушка чакырылып, алты жыл бою жумушчу батальонунда кызмат кылат. Петрограддагы (азыркы Санкт-Петербург) айтылуу Путилов заводунда иштеп, кат-сабагын жоюп, орусча тил үйрөнүп, өз учурунун сабаттуу адамы болгон. Ал тургай алыскы Петрограддан орус тилинде жазылган кат түпкүрдөгү Таштак кыштагына келип, ошол жерде отурукташып калган орус-украин коңшуларына окуткан жагдайлары да болгон.
Адыкандын бала чагы, жаштык кези Жалал-Абаддын Таштак айылында өткөн. Өзү да жаштайынан ырга шыктуу болгонун, отуруш-тойлордо жамактатып ырдаганын, карыялардын нускалуу кеп-сөздөрүн, дастандарды жата калып укканын жазып калтырган. Айрыкча жаш кезинде атактуу акын Барпыны көп жолу көргөнүн, ырларын кулак төшөп укканын айтат. Арадан узак жылдар өтсө да Барпынын айткан ырларын, башка акын-жамакчылар менен болгон кайым-айтыштарын эсинен чыгарбай кагазга түшүргөндүгү Адыкан аксакалдын табигый талантын, ыр жандуулугун билгизип турат. Ошол кезде уккан Барпынын бир топ ырларын, акын Калмырза менен болгон айтышын кийин кагазга түшүрүп, өзүнүн чакан китебине да киргизген. Айрыкча айтыш өтө курч маанайда өткөндүгү, Барпынын таамай-так, элестүү айткан ырлары, сөздөрү жеткиликтүү, толук баяндалган. Убагында Барпынын өз оозунан уккан башка да бир топ ырларын эстеп жазып калтырыптыр.
Бирок ата-энеси кайтыш болуп, жетим калган Адыкан атасынын бир тууганы Байзактын колунда калат. Бой жетип калган жигит өз алдынча турмуш жолуна аттанат. Жакын жайгашкан Көк-Жаңгакта шахтага жумушчуларды кабыл аларын угуп, бир топ курбулары менен ал жакка барат. Бирок жашың жете элек экен деп жумушка албай коёт. Аябай ызасы келген Адыкан Таштак айылдык кеңешинин катчысына болгон ишти айтып, жетилип калганын, иштеп кетээрин баса белгилеп, жашын 1 жылга узартып беришин жалбарып суранат. Справка колго тийгенден кийин гана көмүр кен башкармасына ишке орношот.
Ошентип кечээ эл айылда кой кайтарып, мал карап, ойноп жүргөн Адыкандын өмүрүнүн жаңы турмуш барагы башталат. Көк-Жаңгак көмүр кен башкармасы накта турмуштун, жетилүүнүн мектеби болуп калат. Тажрыйбалуу орус жумушчулары, мастерлери менен чогуу иштөө көп нерсени билүүгө, орусча тилди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өзү да тапшырылган ишти так бүткөрүүгө, тартипти бекем сактоого, күндүк нормаларды аткарууга жан үрөйт. Ал жердегилер баланын тырышчаактыгын, аракетин байкашат. Ошол жерде ликбезде окуп, сабатсыздыгын жоёт.
1931-жылы аракетчил жаш уланды Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен окуу жайына окууга жөнөтөт. Ал ошол кезде түштүктөгү тоо-кен адистерин даярдоочу бирден-бир окуу жайы эле. 1934-жылы тоо-кен мастери адистигине ээ болгон Адыкан кайра эле Көк-Жаңгак шахтысына мастер болуп ишке орношот. Билимдүү жаш адис өзүнө тапшырылган кызматты, күндүк - айлык нормаларды так аткарып турат. Жакшы айлык акы алып, жашоо-турмушу дагы кыйла оңолот. Көп өтпөй ишке чыйрак, өз ишин билген жаш адис шахта башкармасынын кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалат. Бул ага көрсөтүлгөн чоң ишеним эле. Дегеле ага чейин жергиликтүү улуттан, кыргыздардан бул кызматта эч ким болгон эмес. Ошондо Адыкан кыргыз жаштарын шахтерлук кесипке үндөө, аларды ишке тартуу, тиешелүү билим алуу жаатында көп үгүттөө, уюштуруу иштерин жүргүзөт. Мурда жалаң башка улуттардын өкүлдөрү иштеген шахтада кыргыз жаштары көбөйө баштайт.
Кен казуу иштерине көзү каныгып, аздыр -көптүр тажрыйбага ээ болгон Адыканды 1937-жылы Кызыл-Кыя шахта башкармасына ишке көтөрүшөт. Ошол кезде эле Кызыл-Кыя көмүр казуу боюнча республикада чоң ишкана катары эсептелчү. Бул жерде дагы ал тоо-кен башкармасынын башкаруучусунун орун басары - кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалат. Кыска аралыктын ичинде ушундай чоң кызматка көтөрүлгөнүнө өзү ишенип-ишенбей кетет.
Ушул жылдары компартиянын мүчөлүгүнө да кабыл алынат.

Кулатовго жол бошоткон кыя жол
1938-жылы СССР Жогорку Советине шайлоолор өтүп калат. Ал кезде азыркыдай атаандаш шайлоо деген жок. Баарысы жогору жактан чечилер эле. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети Кызыл-Кыя шахта башкармасынан бир жумушчуну СССР Жогорку Советине депутат болсун деп бөлүштүрүшөт. Болочок депутат жергиликтүү жашоочулардан, коммунист, иш стажы 10 жылдан кем эмес болсун деген талаптар коюлат. Ошол кезде иштеп жатканда үч жумушчунун талапкерлигине токтолушат.
Алардын бири Төрөбай Кулатов, Адыкан Сарымсаков жана да жерлиги ысык-көлдүк бир жумушчу, карай келгенде биринин жерлиги, Адыкандын иш стажысынын аздыгы талапка ылайык келбей калат. Шахтада 1925-жылдан бери иштеп келе жаткан коммунист, жергиликтүү жумушчу Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып калат. Кийин Төрөбай Кулатовдун мамлекеттик ишмер болгондугун жалпы кыргыз журту жакшы билет.
Ошондо таразанын ташы А.Сарымсаковго оогондо, ал да көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири болору шексиз эле. Берки талапкерге салыштырмалуу атайын билими бар, жетекчилик кызматта такшалып калган кадрлардын бири эле. Бирок Адыкан буга эч өкүнбөдү, кыйгап өтүп кеткен турмуштун бир үзүмү катары гана карады.
Ошол жылдары жаңы турмушту куруу иштери кызуу жүрүп жатканы менен оош-кыйыштары дагы болбой койбогон. Тап күрөшү катуу болуп, бекем тартип орнотуу үчүн атайын кызматтардын ишин чыңдоого, жумушчу дыйкан чөйрөсүнөн чыккан тың комсомол-коммунист жаштарды атайын органдардын ишине тартууга абдан көңүл бурулуп жаткан.
Ал да ушул чакырыкка туш келди. Коммунист, жаш, келечектүү, билимдүү кадр Адыкан Сарымсаков ички иштер эл комиссариатына кызматка чакырылды. Алматы шаарынан атайын курстан өткөндөн кийин Ош облусунун Совет районуна кызматка жиберилет. Ошол учурда ар кандай жалаалар менен айыпталган 400дөй киши жергиликтүү абакта экен. Жаш опер кызматкер ар бир кылмыш ишин кылдат карап чыгууга аракет жасайт. Ар бир иштин артында адам тагдыры, кечээги эле советтик түзүлүш үчүн жан үрөй кызмат кылган кишилер турганын ал түшүндү.
Жарым жылга жетпей камалгандардын дээрлик көпчүлүгү акталып, партиялуулуктары, кызматтары калыбына келтирилген. Көпчүлүгү бул жакшылыкты эч унутушпай, ошол кездин адилетсиз чеңгелинен алып чыккан А.Сарымсаковго өмүр бою ыраазычылыктарын билдирип өтүштү. Себеби алардын көбү ошол учурдагы өзүбүздүн эле кишилер - колхоз, совхоздордун, сельсоветтердин жетекчилери, айыл активдери эле. Тарыхтын ошол мезгилин системанын күнөөсү деп ага шылтап келишпедиби, көрсө ошол милдетти өтөгөн кызматкерлердин уят - абийирине, адилеттүүлүгүнө да байланыштуу болгон экен.
Адыкан Сарымсаков ушундай адилеттүүлүктү, калыстуулукту жана мыйзамдуулукту өмүр бою туу тутуп өттү. Анын бул сапатын көптөгөн кесиптештери, жакындан жакшы билген курбалдаштары күнү бүгүнкүгө чейин айтып келет. Узак жылдар бою органда иштеп келсе дагы адамдарга сылык-сыпаа, жумшак мамилесин, үн көтөрбөгөн касиетин белгилешет.
Баатырлыкты тарттырган тагдыр
Аңгыча Улуу Ата мекендик согушу башталат. Кан күйгөн Батыштын эпкини алыскы Кыргызстанга дагы жетет. Миңдеген кыргыз жигиттери кан майданга аттанышат. Адыкан да 1942-жылы согушка чакырылат. 1943-жылга чейин Алматыдагы запастык бөлүктө ротанын политругу катары кызмат өтөйт. Ал кезде армияда саясый иштерге абдан маани берилчү, политруктукка билимдүү, саясый жактан такшалган, компартияга, Совет өкмөтүнө берилген, учурдун саясатын жетик түшүнгөн кадрлар ушул жооптуу милдетти аркалашчу.
Аскер ишинде да ал өзүн мыкты жагынан көрсөтө алды. Андан кийин аны Саратов шаарындагы танкалык аскер окуу жайына жиберет, аны ийгиликтүү бүтүп, лейтенант наамына ээ болуп, танкалык бөлүмгө кызматка жөнөтүлөт. Мына ушундан баштап ал кан майданга түздөн түз аралашат, танкалык взводго командирлик кылат. Өмүрү кыл учунда жүрсө да алар дайыма күжүрмөн тапшырманы аткарууну камсыз кылып турушат. Молдавия, Румынияны фашисттерден бошотууга активдүү катышат. Бир катар күжүрмөн орден, медалдар менен сыйланат. Бирок сыйлыктардын ичинен Башкы командачы, Советтер Союзунун маршалы И.Сталин жазган мактоо баракчасын ыйык сактап, сыймыктанып келгендигин балдары айтып беришти.
Шахтада иштеген жылдары депутаттык кыйгап өтсө, согуш жылдары баатырлык наам да аттап өткөнүн эскерүүсүнөн билдик. Бул окуя Румыния жеринде салгылашуулардын биринде, Зайчар деп аталган шаарда болгон. Алар шаарга киришкенде туш тараптан октор, снаряддар жамгырдай жаайт. Күтүлбөгөн ок атуудан алдастай да түшүшөт, үч машинаны дароо жалын каптайт. Адыкан түшкөн жана дагы бир машина жакын турган имаратка жашынууга үлгүрөт. Караса ротанын командири көрүнбөйт, урушка командалык кылган эч ким жок, согуш уставы боюнча командир жок болсо биринчи машинанын командири жетекчиликти өз колуна алууга тийиш. Ошондуктан биринчи машинанын командири катары ротага жетекчиликти Адыкан өзүнө алат. Дароо айлана-тегеректи, кырдаалды байкап согуш аракеттерин колго алат. Аларга 50-60тай румын партизандары да жардамга келишет.
Бир суткадан ашык созулган кармашта немецтердин курал-жарактары талкаланып, чакан шаар бошотулат. Алардын бул баатырлыгы, каармандыгы жогорку командованиеге белгилүү болот. Эртеси кайдан-жайдандыр жоголуп кеткен ротанын командири пайда болот, ошол маалда келип калган полктун командирине баарына өзү командалык кылгандай айтып берет. Баарысы анын бул жоругуна таң калышат. Көп өтпөй эле баягы жоголгон ротанын командирине Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилгендиги жөнүндө Указ чыгат. Бул туура эмес болгонун, согуш маалында ротанын командири жашынып-бекинип калгандыгын, ротага А.Сарымсаков командалык кылып, шаар бошотулгандыгын дивизиянын командирине жеткизишет.
Иштин чоо-жайын түшүнгөн дивизия командири тигил жашынган "баатырдын" сыйлык баракчасына өзү кол койгонун, эгер бул билинип калса өзү да жоопкерчиликке тартылаарын айтып, жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырат. А.Сарымсаков орден менен гана сыйланып калат. Согуш маалында мындай окуялар көп эле болгонун, баатырларча салгылашып курман болгондор унутулуп, жашынып тирүү калгандар сыйлыктарды алганын анын катышуучуларынан көп эле жолу уктум.

Бакубат турмуш, байсалдуу жашоо
Согуш учурундагы дагы бир кызыктуу окуя жөнүндө айтпасак болбойт. Согуш деген согуш, дайыма эле тылда калган үй-бүлөсүнө кат-кабар жазууга убак боло бербейт. Ошондой күндөрдүн биринде анын үй-бүлөсү да "кара кагаз" алат. Анда А.Сарымсаковдун баатырларча курман болгондугу айтылып, сыйлык баракчалары, орден-медалдары кошо салынат. Бул жакта куран окулуп жоктолот. Көрсө, окуя мындайча болуптур. Аларга жаңы аскер формасын беришет. Бир күнү эле формасын уурдап кетишет, ичинде бүт документтери, орден-медалдары бар болучу. Кийин уурдаган офицер окко учканда, андан табылган документтердин негизинде Кыргызстанга "кара кагаз" жөнөтүшкөн экен. Согуш Адыкан үчүн 1945-жылы бүтүп калбады. Ал кызмат кылган аскер бөлүгү Япония менен болгон согушка да активдүү катышат. Ал жакта да уруш жеңиш менен аяктагандан кийин гана, 1946-жылы туулуп-өскөн жерине аман-эсен кайтып келет.
Бир аз эс алуудан кийин кайра эле мурдагы ички иштер органына кызмат өтөөгө киришет. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин ички иштер министрлигинин тутумундагы жаза өтөө мекемелеринде колониялардын начальниги болуп иштейт. Жазык өтөө ишин жолго коюуга, темирдей тартипти бекем сактоого көп аракетин жумшайт. Ал кезде азыркыдай баш аламандыкка жол берүү деген жокко эсе болучу. Көп жылдык күжүрмөн кызматы үчүн көптөгөн орден-медалдар менен сыйланат. "Кызыл жылдыз", "Ата мекендик согуштун I даражадагы" ордендери жана бир катар медалдары көкүрөгүн көрккө бөлөп турар эле дешет балдары.
Өмүрүнүн акырына чейин ар кандай коомдук иштерге активдүү катышкан. Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин, республикалык ветерандар советинин мүчөсү катары көп алгылыктуу, насаатчылык иштерди жүргүзгөн.
Өзүнүн керээзинде айтылгандай анын чексиз байлыгы, кубат-деми балдары болду. Өмүрлүк жары Фатима эже менен бирге үч уул, эки кызды тарбиялап өстүрүштү. Ата тарбиясын, насаатын көргөн уул-кыздары элинин керегине жараган, намыстуу жарандардан болушту, ата-эне үмүт-тилегин жакшы жүрүм-турумдары, ак-ниет иштери менен ушул күнгө чейин актап келишүүдө. Улуу уулу Руслан Адыканович Сарымсаков белгилүү коомдук ишмер, узак жылдар бою комсомолдук-партиялык жана советтик кызматтарда жетекчилик милдетти аркалады. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мейманкана жана ресторан бизнеси Ассоциациясынын жана "Ак кеме отель" мейманканасынын Президенти, КР Президентинин кеңешчиси. Уулдары Марат, Белек архитектор, куруучу, көптөгөн небере-чөбөрөлөрү татыктуу билим алышып, чоң ата-энелеринин үмүт-тилегин акташууда.
Эгер тирүү болсо элине ак кызматын өтөгөн, өрнөктүү өмүр сүргөн, күжүрмөн жолду байсалдуу басып өткөн, кыргыз элинин кадырлуу, сыйлуу-нарктуу уулдарынын бири Адыкан Сарымсаков ушул күндөрү 96 мүчөл жашка чыкмак. Бирок өзү жок болсо да артында элине жасаган эмгеги, нускалуу сөздөрү, карыган кезинде жазган ыр саптары, эскерүүлөрү калды. Ушулар аны элдин эсинен чыгарбай, түбөлүккө алып жүрөт.

Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ,
журналист