, 17.07.09 - 17-бет: Жаңыдан ачылган Кыргыз-Кытай гуманитардык-
экономикалык институтунун ректору, саясий илимдердин
доктору, профессор Жумакан ОМУКЕЕВА
Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун келечеги кеңири
- Жумакан Алинуровна, Ош шаарында Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтун ачып, быйылкы жылы абитуриенттерди кабыл алууну баштапсыздар. Иштин башталышы кандай, каалоочулар көппү?
- Бул институтту ачууга 4-5 жылдан бери далалат кылып келатам. Себеби Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чет мамлекеттер менен алака кеңейип, биздин балдар, кыздар чет мамлекеттерден окуп келишүүдө. Чет мамлекеттерден бизге келип, биздин жогорку окуу жайлардан билим алган учурлар да жок эмес. Жакынкы, алыскы коңшу мамлекеттер менен алакабыз чыңдалууда. Кытай болсо биздин эң жакын кошунабыз. Чегарабыз да жакын. Үрүмчүгө биздин инсандар барып-келишүүдө. Эки мамлекеттин ортосунда экономикалык-соода байланыштары күндөн-күнгө чыңдалууда. Алыс барбай эле коелу, Ош жергесинде эле Кыргыз-Кытай ишканалары, мекемелери, борборлор ачылууда. Ош-Таатан, Пекин сыяктуу ири соода борборлору ачылып, биздин кыргыз кыздар, балдар кытайларга тилмеч болуп иштеп жүрүшөт.
Келечекте Кыргызстан менен Кытайдын алакасы дагы кеңейет. Ошондуктан мен ушул институтту ачайын деп чечтим. Бул оюмду мен Кыргыз Республикасынын билим берүү министри Абдылда Инаятович Мусаевге жолукканда айтсам, ал киши бул идеяны чын дилден жактырып, колдоду. Ошондон кийин лицензия алдык. Лицензия экономика боюнча үч багытка: бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, мекеменин менеджменти, финансы кредитине. Гуманитардык багыт боюнча: кытай, немец, англис, орус, кыргыз тилин окутуу боюнча лицензия алдык. Быйыл эми алгачкы абиту-риенттерди кабыл алууну баштадык. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бардыгынан жарыя берип, мугалимдерибиз кесиптик багыт берүүчү кыдырууларга чыгып келишти. Ар нерсенин башталышы кыйын эмеспи. Кудайга шүгүр, мына абитуриенттер келе баштады. Ата-энелер деле бул келечектүү окуу жайы болоорун түшүнүшүүдө. Каалоочулар көп.
- Институттун ачылышына көмөктөш болгондор болдубу?
- Албетте, жардам бергендер болбосо азыр институт ачуу кайдан? Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги, анан Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси жардам берди. Үрүмчүдөгү Синь-цзян педагогикалык университетинин ректору Азат Султан августтун башында бизди Синьцзянда өтүүчү "Азыркы Кытай тилинин методикасы жана аны окутуу" боюнча Эл аралык конференцияга чакырууда, ошол жерден да бир катар проблемаларыбызды чечип келебиз деп ойлойм. Себеби Интернет аркылуу ректор менен кызматташуу боюнча бир катар келишимдерди түзгөнбүз. Азыр барып, көзмө-көз отуруп, сүйлөшүп келебиз. Себеби ал институт бизге мугалимдерден, окуу процессине зарыл техникалык каражаттан жардам берүүгө убада кылышкан.
Мындан сырткары Кытай Элдик Республикасынын Сиань провинциясындагы "Бо-Ай" кытай тилин окутуу Эл аралык институтунун ректору менен макулдашуубуз бар. Үрүмчүдөн ары Сианга барабыз. Буюрса, кытай тилин окуган студенттерибизди 1-2-курста өзүбүздө окутуп, анан ата-энелеринин мүмкүнчүлүгү бар студенттерди бир-эки жылга Кытайга жөнөтөбүз. Ал жерден билим алышып, акыркы курстарды кайра бизден окушуп диплом алышат деген ниеттерибиз бар.
Мына жакында эле биздин бир мугалимибиз Гуанжуого кетти. Дагы бир мугалимибиз сентябрдан Үрүмчүдөгү Синьцзян университетине билимин өркүндөтүүгө кетип жатат. Алардын чыгымын Кытай тарап өз мойнуна алды. Эки жыл окутуп, мыкты мугалим кылып өзүңөргө кайтарабыз деп жатышат. Андан сырткары бул жердеги Кытай тилин окуткан мугалимдерибиз Оштогу Конфуций институтунан билимдерин жогорулатышууда.
Андан тышкары жаштарга орус тилин тереңдетип үйрөтүү боюнча да ойлорубуз бар. Орус тилин өнүктүрүү боюнча Москва гуманитардык-экономикалык институту менен дагы байланыш түзө алдык. Алар биздин өтүнүчүбүзгө жооп берип, жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Казань технологиялык университети менен байланышып, алар да Ошко келишмек болду. Бизде өздөрүнүн окуу борборун же филиалын ачмакчы. Алар бизге дистанциялык, анан виртуалдык билим берүү боюнча өздөрүнүн системаларын киргизгенге аракеттенишүүдө. Ошентип жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен иштешели деген ниетте аракет кылуудабыз. Мындан сырткары бизде немис тили факультетин ачтык, быйыл канча бала келээр экен деп турабыз. Эгерде биз жок дегенде бир группа кабыл алсак, Германиянын Кыргызстандагы элчисине чыгып, бул факультетти да бутуна тургузуп алабыз дейбиз.
Англис тили факультетине абитуриенттер көбүрөөк келсе, англис тилиндеги өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алакабызды кеңейтип,бул факультетти түптөө ниеттерибиз бар. Албетте, 30-40тан студенттерибизди эч ким кабыл албайт, бирок эч болбосо 3-4төн мугалимдерибизди, студенттерибизди чет жактан окутуп алсак дагы чоң ийгилик деп эсептейм. Бул эми биздин келечек максаттарыбыз. Азыр кабыл алуу башталды. Күнүнө 5-6дан абитуриент келип, документтерин тапшырып атышат. Институтка окуу мөөнөтү 5 жыл. Институттун алдында колледжибиз бар. Колледжде 10-11-класстын балдарын окутабыз. Үзгүлтүксүз билим берүү системасын колдонуп, колледжди бүткөн балдарыбызды өзүбүз тарбиялап окутуп, өзүбүздүн институтка кабыл алабыз.
- Сиздерде да бюджеттик негизде окушабы?
- Жок. Бизде окуунун бардыгы контракттык негизде. Контрагыбыз колледжде 9 миң сом, институтта 13 миңден 15 миң сомго чейин.
- Ар нерсенин башталышы түптөлгөнгө чейин кыйын эмеспи. Кыйынчылык көппү?
- Кыйынчылык абдан көп. Имаратыбыз бар, блокторубуз коюлууда. Компьютерлерибиз жетиштүү. Мугалимдерибиз, лаборанттарыбыз баары эс албай иштешүүдө. Негизги проблемабыздын бири - Кытай тилинен адистер аз. Институтта иштеген окутуучунун илимий даражасы болуш керек деген талап бар. Бирок кытай тили бизге жаңыдан гана кирип жатпайбы. Англис, немец тилинен деле илимий даражалары бар мугалимдер аз эмеспи. Ушундай кадр маселеси турат. Азыр бизде дистанциялык окуу да киргизилип жатат, анда башка чоң окуу жайлары менен алака түзүп, ошол окуу жайдагы илимдин докторлору, доценттер интернет аркылуу биздин балдарга лекция окушат, тапшырма беришет. Электрондук китепкана түзүүгө Кытай менен Россиянын институттары жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө. Кыскасы, бул институтту республикалык деңгээлге чейин чыгарабыз деген максатыбыз бар. Азыркы мезгилде жамаатыбыз менен талыкпай иштеп жатабыз. Буюрса жакшы ниетибизден жакшы жыйынтык чыгат деп ойлойбуз.
Ж.АКУНОВА, "Кыргыз Туусу"





Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институту 2009-2010-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча окууга кабыл алууну жарыялайт:
Ц Англис тили;
Ц Кытай тили;
Ц Кыргыз тили;
Ц Орус тили;
Ц Немец тили;
Ц Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
Ц Финансы жана кредит;
Ц Мекемелердин менеджменти.
Окуунун түрү: күндүзгү -5 жыл, сырттан жана дистанттык окуу - 6 жыл.
Окутуу контракттык негизде.
Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институту Сиань "Бо-Ай" Кытай тили жана адабияты Эл аралык Университети жана Синьцзян педагогикалык университети (Үрүмчү ш. КЭР), Казань технологиялык университети (РФ) менен келишимдик негизде өз ара студенттерди алмашып окутуп, кызматташат.

Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун билим берүү колледжи
2009-2010-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
Ц Укук таануу;
Ц Бухгалтердик эсеп жана көзөмөлдөө (тармактар боюнча);
Ц Финансы (тармактар боюнча);
Ц Информатика жана башкарууну автоматташтырылган тармактар аркылуу кайра иштетүү (тармактар боюнча).
Окуу мөөнөтү:
Орто билими менен (11-кл.) -1 жыл, 10 ай
Негизги орто билими менен (9-кл.) - 2 жыл, 10 ай
Окутуу түрү: Күндүзгү, сырттан, дистанттык окуу.
Окутуу контракттык негизде.
Окууну бүтүргөндөн кийин сиз Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунда окууңузду улантууга жана жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. 9-класстын базасында тапшыргандар 1 негизги сабак боюн

ча тест тапшырышат. 11-класстын базасында тапшыргандар төмөнкү сабактардан тесттен өтүшөт: Кыргызстан тарыхы, Математика, Кыргыз, Орус тилдери (өз адистигине жараша тандоосу боюнча).
ККГЭИнин "ДДЭ" билим берүү колледжи сиздерди орто мектептин билим берүү программасынын негизинде окууга чакырат.
Окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүмдө 2 жыл.
Мамлекеттик аттестациядан өткөндөн кийин сиз орто билим жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аттестатын алуу менен бирге Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун төмөнкү адистиктерине 2-курска кабыл алынасыздар:
ЬАнглис тили (5 жыл - күндүзгү бөлүм);
ЬКытай тили (5 жыл - күндүзгү бөлүм);
ЬКыргыз тили (5 жыл - күндүзгү бөлүм, 6 жыл - сырттан, дистанттык окуу);
ЬОрус тили (5 жыл - күндүзгү бөлүм, 6 жыл - сырттан, дистанттык окуу);
ЬНемец тили (5 жыл - күндүзгү бөлүм);
Ь Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит(5 жыл - күндүзгү бөлүм, 6 жыл - сырттан, дистанттык окуу);
ЬФинансы жана кредит(5 жыл - күндүзгү бөлүм, 6 жыл-сырттан,дистанттык окуу);
Ь Мекемелердин менеджменти (5 жыл - күндүзгү бөлүм, 6 жыл - сырттан, дистанттык окуу.
Окууга тапшыруучулар негизги бир сабактан гана тесттен өтүшөт.
Студенттер үчүн жеңилдиктер:
1. 1-курсту эң жакшы баалар менен аяктагандар контракттан 25 %га кыскартууга ээ болот.
2. 2-курсту эң жакшы баалар менен аяктагандар контракттан 50%га кыскартууга ээ болот.
3. Эң жакшы окуган жана активдүү студенттерге стипендиялар берилет.
4. ККГЭИнин 3-курсун ийгиликтүү аяктаган студенттер Кытай Эл Республикасынын Сиань "Бо-Ай" Кытай тили жана адабияты Эл аралык университетине окуусун улантууга жөнөтүлөт.
Лицензиялар:
АЛ №506, №296, АШ №883
КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:
Арыз, аттестат же билими жөнүндө күбөлүк, медициналык справка: форма №086-У, (063-У-профил. эмдөө картасы), 3x4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт, паспорт, аскер билети же катталуу күбөлүгү
Документтерди кабыл алуу:
1 агым: 20-июндан 20-июлга чейин;
Тестирлөө 21-июлда жүргүзүлөт.
II агым: 21-июлдан 25-августка чейин;
Тестирлөө 26-августта жүргүзүлөт;
III агым: 30-августка чейин.
Тестирлөө 30-августта жүргүзүлөт.
Сурап-билүү телефондору: (03222) 4-57-01,
4-57-02, (0550) 023353, (0773) 332152.
Биздин дарек: Ош ш. Масалиев проспектиси 52 "А", Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институту, болжол: Ош курулуш колледжи, Аскер факультети. Маршруттук каттамдар: 105, 106, 107, 139, 130, 121.