Кыргыз гезиттери



Америкалыктар Бишкек демилгесин
жогору баалашууда
Америка тарап Президент Курманбек Бакиев көтөрүп чыккан Бишкек демилгесин жогору баалайт жана
колдоого алат.
Бул демилгени ишке ашыруу аркылуу анын айланасында Борбордук Азиядагы жана Афганистандагы коопсуздук маселелери боюнча туруктуу диалог түзүү үчүн жаңы инфратүзүмдү жаратууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Джозеф Бернс мырза менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы кыргыз-америка мамилелери ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи жана Уильям Бернстин бул сапары узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө жаңы импульс бере тургандыгына ишеним артаарын билдирди.
Президент АКШ Өкмөтүнө Кыргызстан алгач эгемендүүлүккө жетишкен убактан бери көрсөтүп келаткан жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргызстан демократия принциптеринин негизинде өнүгүү жолунан кайтпайт. Элибиз күчтүү президенттик бийлик жана күчтүү парламенттин аркасы менен саясый туруктуулукту сактоого жана экономиканын ийгиликтүү өнүгүүсүнө жетишүүгө болот деп эсептейт", - деп баса белгиледи К.Бакиев.
АКШ Мамкатчысынын орун басары Уильям Бернс мырза Президент Курманбек Бакиевге АКШ Президенти Барак Обаманын атынан Кыргызстанда Транзиттик ташуулар борборун түзүү боюнча Макулдашууга кол койгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. "Бул Макулдашуу өлкөлөрүбүздүн да, региондун да кызыкчылыктарына төп келет. Америка тарап Кыргызстандын терроризмге жана экстремизмге каршы иш-аракеттерин жогору баалайт", - деди Уильям Бернс мырза.
АКШ Мамкатчысынын орун басарынын сөзүнө караганда, Вашингтондо жаңы администрациянын түзүлүшү менен өз ара сый-урматка жана өнөктөштүккө негизделген кыргыз-америка мамилелерин бардык багыттар боюнча бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды.
Сүйлөшүүлөр учурунда эки мамлекет тең соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экендиги белгиленди жана бул багытта бир катар сунуштарды иштеп чыга турган кыргыз-америка комиссиясын түзүү туурасында макулдашылды. Келерки айда эки өлкөнүн эксперттери жана адистери конкреттүү экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга киришмекчи.
Мына ушулар тууралуу АКШ Мамкатчысынын орун басары Уильям Бернс жекшемби күнү
"Хаятт" мейманканасында уюштурулган басма сөз жыйынында журналисттерге кеңири баяндап берип, алардын бир катар суроолоруна так жана ишенимдүү жоопторду берди.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




  Манилүү маек

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек АКУН:
"Адам укугу боюнча Ысык-Көл форумун өткөрөбүз"
- Турсунбек мырза, 16-19-июль күндөрү Адам укугу боюнча эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүүгө күтүнүп жатыпсыздар, дүйнөнүн ар тарабынан Акыйкатчылар келсе керек?
- Албетте, мисалы Босния, Словения, Чехословакия, Украина, Грузия, Иран, Пакистандын Акыйкатчылары келет. Андан сырткары Россия Акыйкатчысынын 9 субьектисинен өкүлдөр келет. Кыргызстандагы НПОлор катышат. Каржы жагына ОБСЕ сүрөөн көрсөтүүдө, Президенттик администрация менен Өкмөтүбүз, андан сырткары ПРООН жардам берип жатат.
- Бул иш-чара аркылуу эл аралык деңгээл көрүнөт, Совет мезгилинде мындай форумду Чыңгыз Айтматов өткөргөн эле, аталышы окшошпу, же бул эки чоң форум бири-бирине үндөшүп кетеби?
- Жалпысынан алып караганда үндөшүп турган жактары бар, бирок Айтматов дүйнөлүк алкактагы саясат, гуманизмге багыттаган, биздики Адам укугу боюнча болуп жатат.
- Форумдагы негизги Программалык өзөк тууралуу айтсаңыз?
- Мисалы миграция негизги өзөктүү маселе десек болот. Учурда Россияда 500 миңден ашык мекендештерибиз жүрөт. Ошол эле Боснияда, Украинада, жакынкы Казакстанда канча миңдеген кыргыздар иштеп жүрүшөт. Алар жүргөн мамлекеттер менен биз меморандум түзөлү деп жатабыз. Алар бизден баргандардын укугун коргойт, биз алардан келген мигранттардын укугун коргоого өз ара милдеттенме алабыз. Дүйнөлүк кризистин айынан айрым өлкөлөрдө сырттан келген атуулдарды кууп жаткан жагдайлар болуп жатат. Адамдардын сөөгү келип жатат, түрмөгө камалуулар, сабалып тонолуулар болуп жатат. Ушундай жагымсыз окуяларга жол бербөө максатында уюштуруп жатабыз.
Бул форумда Кыргызстандын Акыйкатчысынын жасап жаткан иштериндеги ийгиликтер менен мүчүлүштүктөр тууралуу дагы айтылат. Президент менен Өкмөттүн бизге көрсөткөн жардамы абдан чоң. Муну дагы ачык айтуу керек.
Дагы бир маанилүү жагы, ар бир өлкөнүн Акыйкатчыларынын өз ара пикирлешип, тажрыйба бөлүшүүсү. Ошону менен катар эле ортобузда Эл аралык маалымат борборун түзүү пландаштырылып жатат. Ар дайым карым-катышта болуп туруу ишке өбөлгө болоору чындык да.
- Биздин өлкөдө Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун уюшулганына 6 гана жыл болду, ал эми дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө капкачантан эле бар, ошолордон да тажрыйба алмашуу максатында байланыштар барбы?
- Бар. Бул эң туура суроо, мына мен жакында эле Швецияга барып келдим. Чын эле аларда түзүлгөнүнө 200 жыл болуптур. Стокгольмда Акыйкатчылардын бүткүл дүйнөлүк Кеңеши иштейт, анда дүйнөнүн 150 Акыйкатчысы мүчө. Эми ошого биз да мүчө болгонго аракет жасап жатабыз. Мен дагы баары менен тааныштым,сессияларда сүйлөдүм. Жекече 50дөн ашык Акыйкатчы менен пикирлештим. Россиянын Акыйкатчысы В.П.Лукинге барып, көп нерсени билип келдим. Кийинки жылы Италияда чоң жыйын өткөрүлгөнү жатат. Испанияда чогулуп, дагы бир форум өтмөкчү болуп жатат. Эми ушинтип тынымсыз аракет кылган максатыбыздын дагы бир жагы БУУнун алдында Адам укугу боюнча эл аралык комитет бар, ошого 2011-жылга чейин Кыргызстан мүчө болуп калганга мүмкүнчүлүк бар. Анын бир мисалы, алдыда боло турган Ысык-Көл форуму. Муну канчалык деңгээлде бийигин да, тереңин да өстүрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бизге бурсак Кыргызстандын аты чыгат. Ага жетсек инвестицияны, грантты үстөксүз, бекер алса болот.
- Ысык-Көл форуму ушул сапарын улантабы, же…
- Суроого түшүндүм, бул форумду жыл сайын өткөрүүнү салтка айландырабыз, буйруса бүткүл дүйнөдөн өкүлдөр катышып, мамлекетибиздин аброюнун өсүшүнө бир топ үлүш кошот деген тилегим бар. Ага кошумча Кыргызстанда Акыйкатчылардын мектебин ачканы жатабыз. Дүйнөнүн бардык жагынан келип окуп турушат. Эмне үчүн дегенде Борбордук Азияда Парламент аркылуу Акыйкатчыны шайлоо жагынан Кыргызстан демократиянын алгачкы карлыгачы, ошон үчүн күчтүү. Орто Азиянын башка өлкөлөрүндө Акыйкатчы Президенттин Указы менен гана бекитилет. Бир гана Тажикстанда Акыйкатчы жакында Парламент аркылуу шайланды, ошондо да Президенттин көрсөтмөсү менен шайланды. Бизде болсо Акыйкатчы Президентке да, Өкмөткө да баш ийбейт. Бирок бардык нерсе өз шарты менен, мисалы, мамлекет башчысын ким гана болбосун сыйлабаса эл өспөйт.
- Азыр Президенттикке талапкерлерден Акыйкатчы катары сизге кайрылгандары болдубу?
- Акбаралы Айтикеев кайрылды, көрсө кол чогултуу өзүнүн чегине жетпей калган экен. Аны БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, комиссия түзүү менен кароо керек.
- Каттоодон өткөн талапкерлер тууралуу пикириңиз?
- Ар кими өз аракеттерин көрүп жатышат, укугу бар. Илим, саясат жолунда, оппозициядан ж.б. тармактан өкүлдөр бар. Кудайдан буйруганын көрүшөт. Мен мамлекеттик структурада иштеген атуул катары эч нерсе деп үндөй албайм.
- Канткен менен Президент тууралуу калыс пикириңизди айтуу керек го деп ойлойм?
- Ал айтканыңыз туура. Президент менен көп эле убактан бери иштешип келе жатам. Бу кишинин баскан жолу узактан эл менен болуп, бышып келе жатат. Акыйкатчылыкка мени Президент сунуштаган. Чынында кемчилдиксиз эч ким болбойт. Мен Президентке кызмат абалы боюнча баш ийсем дагы Акыйкатчы катары Президенттин айрым бир кемчиликтерин маалымат каражаттары аркылуу деле айтып жүрөм. Бирок, ошого "Сындады" деп бир жаман сөз кайрыган жок. Мисалы, Конституциябызды кабыл алууда кемчиликтер болуп калды. Анткени менен өлкөдөгү туруктуулукту сактоого жетиштик, бул жакшы көрүнүш. Сабырдуулук деген мамлекет башчысынын бейнеси, улуулугу.
Мени кубандырган нерсе, Курманбек Салиевич иштегенден бери өндүрүш алдыга жылды. Камбар Ата-1,2 ГЭСтеринин курулушу, республикада учурда 30дан ашык заводдун ишке киргени, курулуш отряддарынын түзүлүшү, айылдарга техникалардын улам кеңири берилип жатышы ж.б. көптөгөн алга жылууларды Кудай алдында чын сүйлөп, калыс баалаш керек. Анан партиялык системанын келиши дагы трайбализмге окшогон нерсени алыс сүрүп койду. Чет мамлекеттер менен байланышы ишенимдүү. Эл аралык мамиленин чоо-жайын терең түшүнөт. Мисалы "Гансини" калтырып койгону жакшы эле болду. Аны калтырбаса Россияныкын да алыш керек болгон, эми Россия менен да, АКШ менен да алакабыз жакшы. Алды жакты көрө билүү ушундайдан сезилет. Бул өзүнчө чоң сөз.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-июль, 2009-ж.:
1-бет
Эгин оруу башталды, эл маанайы жайдары
2-бет
Ысмын ыйгаруу - ызаат
3-бет
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог
4-бет
Курманбек Бакиев:
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог

5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Америкалыктар Бишкек демилгесин жогору баалашууда
7-бет
Аткарылган иштер келечекке ишеним арттырат
8-9-бет
Курманбек Бакиев:
"Айыл жеринде бардык шарттарды түзүүбүз зарыл"

10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
Жаныбек казы басмачы эмес, элдик инсан
12-бет
"Эки элдин туугандыгы дастандарда даңазаланып келет"
13-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
14-бет
Ыргагынан жазбаган Жаңы-Пахта
15-бет
Абактын артындагы турмуш