Кыргыз гезиттери



Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев менен "Известия" гезитинин кабарчысынын маеги
Курманбек Бакиев:
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог
Биргелешип чечүүчү маселелер бар
- Улуу урматтуу Президент мырза! Биздин гезитке интервью берүүгө макул болгондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биринчи суроо: Өлкөдөгү жана бүтүндөй Борбордук Азия аймагындагы кырдаалга кандайча баа бересиз?
- Мен статистикалык маалыматтарга басым жасагым келбейт. Болгону айтарым, бүтүндөй чарбабызды, турмуш тирлигибизди жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун оор мезгилинен өтүү менен биз быйылкы жылы биринчи жолу 1991-жылдын көрсөткүчүнөн ашып өттүк. Демек, бул оор мезгил артта калды дегендик. Албетте, биз көңүлүбүз ток, бейкапар болуп калуудан азырынча алыспыз. Анын үстүнө бул үчүн эч кандай деле негиз жок.
Кыргызстан азырынча кедей өлкөлөрдүн тобуна кирет. Турмуш деңгээли төмөн, жумушсуздар арбын, жалпы саламаттык сактоо жана билим берүү системасы толугу менен реформалана элек. Буга карабастан туруктуу өнүгүүнүн негиздерин түзүү менен бирге биз бүгүнкү күндө экономиканын, инновациялык технологиянын жана алдыңкы мада-
нияттын заманбап дүйнөсүнө кирүүгө багытталган стратегиялык пландардын толук пакетин иштеп чыгууга кириштик. Биз өзүбүздүн экономикалык, социалдык, маданий проблемаларыбызды чечүү мүмкүнчүлүгү ички ресурстардын эсебинен гана болуусу жетишсиз экендигин жакшы түшүнөбүз. Биз өзүбүздүн келечегибизди глобалдуу дүйнөгө ырааттуу, эволюциялык интеграциялоодон көрөбүз.
Борбордук Азия аймагындагы кырдаалды дал ушул көз караштан мүнөздөөгө мүмкүн. Дүйнөдө эч ким анын геосаясый маанилүүлүгүн арсар абалга калтырбай тургандыгы анык. Бирок ошол эле мезгилде бул түйүндүү жана жөнөкөй эмес аймактын проблемаларына байланышкан даяр чечимдердин эч кимде жок экендиги белгилүү.
Биринчи кезекте бул - мамлекеттер аралык мамилелердеги тарыхый жактан түзүлгөн маселелердин блогу. Аны Борбордук Азиянын өлкөлөрү өздөрү гана чечүүгө тийиш. Буларга чегараны демаркациялоо, аймактагы суу-энергетикалык баланстын жана этникалар аралык мамилелердин проблемалары кирет. Ушул жерден коңшу өлкөлөрдүн жетекчилигинин өтө чоң жоопкерчилигин белгилеп кетким келет. Алар биз менен бирдикте бул маселелердин оң чечилүүсүнө, кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөөгө аракеттенишүүдө. Бул союз кыйрагандан кийин бизге мураска калган проблемалардын өлкөлөр менен элдердин кызыкчылыктарынын аң-сезимдүү айкалышынын негизинде чечиле тургандыгына ишеним артат. Буга бардыгы кызыкдар экендигине мен ишенем.
Бирок, глобалдуу мүнөздөгү проблемалардын да блогу бар. Бул биринчи кезекте экс-тремисттик, террористтик топтордун активдешүүсү болуп саналат. Ооганстандагы жана Пакистандагы антитеррордук ишмерчиликтин кеңейиши биздин аймакта экстремис-ттик топтордун активдешүүсүнө алып келди. Акыркы эки айдын ичиндеги Өзбекстандын Ханабад шаарындагы жана Кыргызстандын түштүгүндөгү террорчулардын күч колдонуу окуяларын эске салып көрөлүчү. Тажикстанда да террорчулардын баш көтөргөндүгү тууралуу билдиришүүдө. Кыскача айтканда, терроризмдин глобалдуу проблемага айлангандыгына жана аны биргеликте чечүүнүн зарылдыгына дагы бир жолу көзүбүз жетти. Наркотрафиктин өсүшү да глобалдуу проблемага айланды. Буга совет мезгилинен бизге мураска калган уулуу заттардын калдыктарын сактоочу жайлардын радиоактивдүү коркунучун да кошууга болот. Эл аралык шериктештик менен биргеликте чече турган дагы башка бир катар проблемалар бар. Аларды биз биргелешип кызматташуу менен гана чече алабыз деп ойлойм
Өзгөчө баса белгилеп кетерибиз, бир катар оор маселелердин пайда болгондугуна карабастан, Борбордук Азия аймагындагы бүгүнкү кырдаалды коңшу өлкөлөрдүн туруктуу кызматташууларынын бекемделип жатышы менен мүнөздөөгө болот.
Биздин өнөктөштүктүн келечеги кеңири. Биздин алдыбызда аймактык деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарына тиешелүү болгон көптөгөн маселелерди чечүү милдети турат. Өзгөчө жаратылыш ресурстарын пайдалануунун макулдашылган саясатын жүргүзүү, инженердик жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, жаңы аймактык ыңгайлуу системаны биргелешип иштеп чыгуу, эмгек ресурстарын пайдалануу жана адам потенциалын жогорулатуу, билим берүүнү жана башка тармактарды өнүктүрүү жаатында биргелешкен чечимди табуу зарыл. Булар аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттери. Аларды биз биргелешип чечмекчибиз.
- Экономикалык кризис Кыргызстанга кандай таасир тийгизди? Андан кандай сабак алып жатасыздар?
- Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономикага начар интеграцияланган. Ал негизинен ички рынокко багытталган. Ошондой эле бизде чет элдик инвестициялардын үлүшү анчалык жогору эмес, бизди арзан насыялардын толкуну чайпаган жок. Дүйнөлүк кризистин шарттарында дал ушул кырдаал анын кыйратуучу таасирин азайтууга шарт түзөт эмеспи. Бизге валютанын туруктуулугун камсыз кылууга, инфляцияны ооздуктоого, социалдык кепилдиктерди сактоого жана атүгүл жогорулатууга, экономикага инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Дүйнө жүзүндө экономикалык жана коомдук турмушту уюштуруунун бардыгы үчүн универсалдуу жана ыңгайлуу схемасы болбой тургандыгын кризис дагы бир жолу тастыктады. Узак мезгил бою бизди эркин рынок - бул экономиканы уюштуруунун абсолюттуу аспабы, демократиялык институттар дагы универсалдуу жана жалпы колдонууга ыңгайлуу, ааламдашуу - бул адамзаттын өнүгүшүнүн жападан-жалгыз жолу деп ишендирип келишти. Иш жүзүндө булар жөнөкөй нерселер эмес экен. Чоочун моделди ойлонбой туруп кабыл алуу өзүнүн түзүк деле жемишин бербей тургандыгына көз жетти. Демек, биз өзүбүздүн өлкөбүздүн маданиятына жана кылымдардан берки тамырына таянууга тийишпиз. Албетте, адамзаттын жетишкендиктерине да кылдат көз жүгүртүп, аларды өзүбүздө пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу да зарыл.
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - бул акча эместигин, коомдук тилектештик менен коомдук диалог экендигин кризис дагы бир жолу көрсөттү. Мына ошондуктан мен Кыргызстанга сунуш кылган Жаңылануу багытынын догма болуп калышына макул эмесмин. Ал кеңири коомдук диалог менен талаш-тартыштардын аянтчасынан болуп калууга тийиш. Коомдук тилектештиктин негизинен болуп калуу менен гана Президенттин багыты өлкөнүн багытына айланмакчы.

Элдин тандоосу эртеңки күндү аныктайт
- Сиз бүгүнкү күндө түстүү революцияга кандай маани бересиз жана Кыргызстанда демократиянын келечеги кандай?
- Кыргызстанда 2005-жылдын мартында болуп өткөн революция бышып-жетилип калган болчу. Себеби, Акаевдин режими
реалдуу турмуштан ажырап, коом менен болгон байланышын жоготуп, бийлик менен элдин ортосуна бузуп өткүс бөгөт койгон эле. Башка өлкөлөрдө болуп өткөн түстүү революциялардын себеби деле дал ушундай деп ойлойм.
Кандайдыр бир кырдаалда жана мезгилде болуп өткөн нерсе эреже болуп калууга жана бийликтин алмашуусунун укуктук механизмин алмаштырууга тийиш эмес. Бул коомго өтө кымбат турат. Өлкөнүн революцияга чейинки абалына көз жүгүртүп, биз революциядан кийин туруксуздук менен коомдук ызы-чуулардын оор мезгилинин боло тургандыгына көзүбүз жетти. Кээде мындай кыр-даал өлкөнү кыйроонун чегине да жеткирип коёт экен. Революциядан кийинки туруксуздукту жоюп, туруктуулукка жетишүү үчүн элдин зор акылмандуулугу жана чыдамдуулугу, бийликтин жоопкерчилиги зарыл.
Тилекке каршы, саясый аутсайдерлер түстүү революциянын тажрыйбасын өз алдыларынча баяндап жүрүшөт. Алардын көз карашынча бүт бардыгы жөнөкөй. Бардыгы шайлоо башталганга чейин эле өздөрүн жеңүүчү деп санашып, шайлоонун эрежелерин бузулду деп чыгышса эле өздөрүн революциялык саясатчы катары сезип калышат.
Албетте, ар бир коомдо бийликке макул болбогон кырдаал болот. Бирок бардыгын эле баш-аламан кылып коюу керекпи? Тилекке каршы, бардыгын эле саясатчылар менен алардын амбициялары чече албайт экен. Барып келип эле бардык маанилүү маселелерди элдин өзү чечет эмеспи. Эл өзү өнүгүү үчүн негизди тандап алат.
Демократиянын өнүгүшүнүн келечегине келе турган болсок, мен буга чейин айткандай, демократиялык доктринанын бүгүнкү айтылып жүргөндөрүнүн жактоочусу болуп саналбайм. Дагы да болсо кеңири жарандык диалогдун жана бийликтин, бизнестин жана коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде чечүүгө тийиш болгон маселелер бар. Ушул эле учурда бийлик тарабынан жоопкерчиликтин бардыгын өзүнө алууга тийиш болгон учурлар да кездешет. Мисалга алсак, бүгүнкү күндө популярдуу эмес, бирок зарыл иш чараларды өткөрүүдө да жашап жаткандардын гана эмес, ошондой эле келечектеги муундардын да, көп санда болсо да кээ бир топтордун бир мүнөттүк эмес, биринчи кезекте бүткүл өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоо зарыл.
Демократияны өнүктүрүү жөнүндөгү маселенин менин түшүнүгүмдөгү дагы бир кырдаалын белгилеп кетким келет. Ал укуктук системанын мыйзамдуулугун жана аракеттенүүсүн сактоого тиешелүү. Мүмкүн өткөндөгү жалпы советтик мезгил кандайдыр бир деңгээлде мыйзамдын салттарын жетишсиз сактоого мүмкүнчүлүк түзгөндүр. Менин көз карашымда демократияны сөзсүз сыйлоо керек.
Мына ушул багытта биз чечүүчү кадамдарды жасап жатабыз. Жакында мен парламентке антирейдерлик мыйзамдардын пакетин сунуш кылдым. Себеби, жеке менчикти сыйлоо демократиялык принциптердин негиздеринин биринен болуп саналат эмеспи. Мунсуз бизнес өнүкпөйт, эркин экономика да өз ишин ойдогудай жүргүзө албайт.

Америкалык база боюнча
- Эми "Манастагы" америкалык база жөнүндө суроо. Бул база жабылган, бирок башка эле көрнөк менен калгандай сезилет, муну кантип түшүнүүгө болот?
- База боюнча биздин позициябыз бир кыйла так жана ошо бойдон кала бермекчи. Бул тууралуу мен бир нече жолу айткам. Бирок, маселени толугу менен жыйынтыктоо үчүн дагы бир жолу буга кайрылып кетүүгө даярмын.
Базаны өзүбүздүн аймагыбызга жайгаштыруу менен биз эл аралык террорчулук жана экстремизм менен күрөштүн катышуучуларынан боло тургандыгыбызды далилдедик. Бирок, базанын иш жүргүзө беришине байланыштуу чечилбеген проблемалардын үч блогу калды. Биринчи блогу - бул өзүбүздүн жарандарыбыздын коопсуздугу. Бул бардык өлкөлөр үчүн сөзсүз сакталуучу приоритет болуп саналат.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-июль, 2009-ж.:
1-бет
Эгин оруу башталды, эл маанайы жайдары
2-бет
Ысмын ыйгаруу - ызаат
3-бет
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог
4-бет
Курманбек Бакиев:
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог

5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Америкалыктар Бишкек демилгесин жогору баалашууда
7-бет
Аткарылган иштер келечекке ишеним арттырат
8-9-бет
Курманбек Бакиев:
"Айыл жеринде бардык шарттарды түзүүбүз зарыл"

10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
Жаныбек казы басмачы эмес, элдик инсан
12-бет
"Эки элдин туугандыгы дастандарда даңазаланып келет"
13-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
14-бет
Ыргагынан жазбаган Жаңы-Пахта
15-бет
Абактын артындагы турмуш