Кыргыз гезиттери



  Жыйырма үчүнчү макала

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ,
Кобе университетинин
магистранты, "Кыргыз Туусунун"
Япониядагы өз кабарчысы
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
Ыктыярдуу эжей
Кыргызстандык Алияр Японияга сегиз жашында келген. Апасы Надия Кобе университетинин магистратурасында окууга чакыруу алып, Бишкекте эми гана биринчи класска бара баштаган Алиярды окуудан чыгарып үй-бүлөсү менен кошо ала келген. Бул жакта баланы япон мектебине берүүдөн башка жол жок эле. Орустун отуз үч тамгасын толук тааный элек туруп, хирагана, катакана, канжи деген япондордун түгөнбөгөн, кыйма-чийме тамгаларын үйрөнүү, өмүрү кулагы чалбаган бөтөн тилде билим алуу кандай кыйын маселе экени айтпаса да түшүнүктүү го. Бирок, Алияр барган япон мектебинин төбөлдөрү бул маселени кандай чечкенин угуп, бир топко чейин таң калып жүрдүк. Алар орусча билген, мектепке такыр тиешеси жок бир япон аялды таап, Алиярга жардамчы кылып коюшуптур. Ал аял эртең менен балага кошулуп сабакка барып, класста бирге олтуруп, мугалимдин айткандарын которуп берип, жазган-окуганды үйрөтүп, окуу сааты аяктагандан кийин гана үйүнө кайтат экен. Эң кызыгы, акысына эчтеме албайт. Жөн гана, наристеге чын ыкластан колдоо көрсөтөйүн деген ыктыярдуу (волонтер) жан экен. Мындай убакыт-саатын садага чабуучулукту дүйнөнүн башка кайсыл жеринен кездештирсе болот, чынын айтсам, элестете албайм. Ошондой адамдары жана демилгелери бар үчүн, балким, Жараткан Японияга береке нурун себип жаткандыр…
Ыктыярдуу аял Алиярдын бактысына капыстан табылганбы же бул да мамлекеттик саясаттын акыбетиби? Мамлекеттик башкаруу тармагында билим алып жаткандан кийин, ушул маселеге да кызыгып, Кобе Эл аралык кызматташуу жана байланыштар борборунун аткаруучу мүдүрү Тошихико Оно мырза менен маектештим. Көрсө, Алиярдын эжекеси "кокустук" эмес экен. Япондордо "болуп кетти өзү эле" деген түшүнүк жок. Ар бир нерсе ушунчалык дыкаттык, олуттуулук менен ойлонулуп, уюштурулат.
Оно-сандын айтымында, Кобе эл аралык шаарга айланып барат. Калаанын 1,5 миллондон ашыгыраак калкынын 44 миңден ашыгы дүйнөнүн 120 мамлекетинен келген чет элдиктер. Алардын бир бөлүгү иштегени, экинчилер окуганы, дагы башкалары япон жубай менен баш кошуп келишкендер. Шаардын өзүндө эле 160тан ашык чет өлкөлүк ишканалардын кеңселери жайгашкан, анда иштегендердин бир тобу да чет элдиктер.
Бөтөн элден келгендердин көбүн толтура түйшүктөр коштойт экен. Ошолордун бири Алиярга окшогон келгиндердин балдарынын билим алуу маселеси. Япон тилиндеги коомдук мектептерде япон тилин билбеген баш-аягы 200дөй балдар окуп жатышыптыр. Ошондойлор үчүн чет тилдеринде сабак берилчү эл аралык сегиз мектеп уюштурулуптур. 25 миңдей бала окуган андай мектептерде окуу алда канча кымбат тургандыктан, негизинен жарды мамлекеттерден келип, капчыгы ченелүү гана болгон чет элдиктердин көбү кайра эле япон коомдук мектептерине балдарын тапшырууга аргасыз болушат экен. Баягы Шаршен куудул Алымкул акынга "Аксуунун башы жошо бол, эмне болсоң ошо бол" дегендей мамиле кылбай, бөбөктөрдүн маселесин чечиш үчүн шаардын Билим берүү башкармалыгы бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ар түрдүү тилдерде сүйлөгөн ыктыярдуулардын тобун түзүптүр. Алиярдын жардамчы эжекеси, кыязы, ошол топтон болсо керек.
Катарында 62 мүчөсү бар жардамгөй котормочулардын клубу бир эле мектептеги балдарга эмес, кимге гана болбосун жардам берүүгө даяр. Документтерди толтурганда, ооруканага кайрылганда же башка жагдайларда тил билбесең айлаң алты түгөнөт. Ошондой муктаждарга клуб мүчөлөрү англис, француз, орус, немец, кытай, испан, португал, вьетнам ж.б. тилдерде жумасына 7 күн бою кызмат көрсөтүшөт экен.

(Уландысы бар)




  Чет элдик басма сөздө

Улуу тоого чыккан, улар этин жеген эл тууралуу
Мен жакында эле бул меймандос кереметтүү өлкөдөн кайтып келдим. Жалпы аянты 198 500 чарчы километрден ашпаган бул өлкө аска-зоолуу тоо кыркаларынын этегиндеги ажайып кооз жерде жайгашкан. Чындыгында өткөн мезгил жөнүндө азыноолак эле айтып калуу мүмкүн эмес, бирок өлкөнүн азыркы улуу кооздугу жөнүндө жана өлкөнүн жашоочулары Улуу Жараткандын жер үстүнөн бейиштин бир үзүмүн жаратып койгондугуна ишенгендиги тууралуу айтып өтүү зарыл. Асман тиреген аскалуу тоолордун этеги жашыл майсаңдар менен курчалып, чокуларын каптаган аппак карлар эрип түшүп, мөлтүрөгөн, агын сууларга айлануу менен, өзүнчө бир көркөм дүйнө жаратып, өзүңдү Алланын жер үстүндөгү бейишинде жашап жаткандай сезесиң. Мунун баары жөн эле мактоо үчүн эмес, сени курчап турган ушул ажайыптын баары көңүлүңдөгү капалыкты айдап, ички дүйнөңдү кубанычка, бакытка бөлөйт.
Ошентип, Кыргызстан - мында аэропорттун жана комплекстүү экономикалык инфраструктуранын жетишсиздигине карабастан, туризм үчүн эң жагымдуу региондордун бири. Бул пикирим үчүн ливандык кесиптештерим кечирер. Экономиканын тили менен айтканда, өлкөдөгү жетишсиздиктер башка өлкөлөр үчүн инвестиция киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. Менин оюмча, биздин акча капиталыбызды маанилүү долбоорлорго, айрыкча, өз кезегинде өнүгүүнүн башка секторлоруна инвестицияны келип түшүүсүн келечекте ачып берген инфраструктурага максатка ылайыктуу киргизүү Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Мен туризмдин эле маанилүүлүгү жөнүндө айтып жатканым жок, албетте, мейманкана, курортторду жана оюн-шоок үчүн имараттарды курууга кирген инвестициялардан да пайда чоң. Ошону менен бирге бул өлкөдө башка секторлорго да инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү бар, мисалы, электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 90%ын дарыялардын агымында жайгашкан гидроэлектр станциялары беришет. Ал жерлерде экономиканын бул чөйрөлөрүндөгү долбоолордун пайдасы изилденген жана инвесторлор, айрыкча Сауд Аравиясынан келүүсү күтүлүүдө, алар инвестиция жумшоо менен келечекте инвесторлорду жана керектөөчүлөрдү арзан электр энергиясы менен камсыздашмакчы.
Ошондой эле айыл чарбасына келген инвестициялар да көптү үмүттөндүрүп келет, мында негизинен жер иштетүү жана мал чарбачылыгы өнүккөн. Кыргызстандын түштүгүндө табигый мисте жана жаңгак токойлору өсөт, ал токойлор, албетте, финансылык каржылоодон өксүп келет жана келечекте бул секторго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ал эми бал аарычылык тармагында болсо, аарылар табигый токойлордон нектар чогултушат. Ошондуктан жогорку сапаттагы балды чогултуу өндүрүшү боюнча көп деле инвестициялар талап кылынбайт.
Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү мурунку кездегидей эле мал чарбачылык менен алектенишет, ошондуктан жергиликтүү калктын негизги ишмердүүлүгү жашыл талааларда, жайкалган жайлоолордо кой, эчки өстүрүү болуп саналат.
Жалпысынан алганда, чет өлкөлөргө азык-түлүк чыгарууга багытталган, айрыкча, эгин жана эт өндүрүүгө багытталган Сауд Арабиядан инвестициялар Кыргызстанда берекелүү бир негизди табат деп ишенсек болот.
Сөз арасында биздин инвестициялардын жалпы маданиятыбыз жана тарыхыбыз менен тыгыз байланышкан Кыргызстанга эмес, Европага жана башка өлкөлөргө тарашынын себеби тууралуу кеп жүрөт.
Менин оюмча, Кыргыз Республикасы менен болгон экономикалык тыгыз байланыштар жөнүндө сөздү төмөнкүлөр менен тастыктасак болот:
Биринчиден, бул өлкөдө рыноктун потенциалы кеңири, ал рынок өзүнө Кытайды, Казакстанды, Өзбекстанды, Тажикстанды, ошондой эле бир топ алыс жайгашкан Россия менен Иранды камтыйт.
Экинчиден, Кыргызстан жогоруда айтылып кеткен жаратылыш ресурстары менен коңшу өлкөлөрдү жана аларга жайгашкан аймакты өзүнө тартуусу шексиз. Эгерде биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албасак, албетте, башкалар пайдаланышы мүмкүн. Мында инвестиция тартуучу чөйрөлөр экономика менен чектелип калбайт, башка дагы көптөгөн чөйрөлөрдү өзүнө камтуусу мүмкүн. Ушулардан улам Кыргыз Республикасынын жеке секторуна инвестицияны тартуу мамлекеттик сектор тарабынан толук колдоого жана жардамга ээ болушу керек.

(Күн сайын чыгуучу
"Эр-Рияд" гезити
2009-жылдын 24-июну)

Зарыл тактоо
Доктор Абдалла бин Абдельмухсин Аль-Фарадждын бул макаласы биздин өлкө жөнүндө араб дүйнөсүнөн келишкен адамдардын кыска мөөнөттө алган алгачкы таасирлерин эң сонун чагылдырып турат. Башка да маалымат каражаттарынан белгилүү болгондой, негизинен чөл аймагында жашашкан араб өлкөлөрүнүн жашоочулары үчүн биздин табиятыбыз, жерлерибиз, тоолорубуз, таза сууларыбыз, атүгүл абабыздын өзү керемет сезилери чындык. Атүгүл, кечээ жакында Нарындын Салкын-Төрүнө келишкен арабдар дарыя суусуна буттарын салгандан тартынышып, ага жүздөрүн гана чайышып суктанып отурушканын да телевизордон көрсөтүштү.
Мына ушундай табиятыбыз бар болуп туруп, жалкоолуктан улам жакыр жашап жатканыбыз... уят эле иш болсо керек.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"

P.S. Бул макаланы даярдоого жардам бергени үчүн КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына ыраазычылык билдиребиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-июль, 2009-ж.:
1-бет
Эгин оруу башталды, эл маанайы жайдары
2-бет
Ысмын ыйгаруу - ызаат
3-бет
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог
4-бет
Курманбек Бакиев:
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог

5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Америкалыктар Бишкек демилгесин жогору баалашууда
7-бет
Аткарылган иштер келечекке ишеним арттырат
8-9-бет
Курманбек Бакиев:
"Айыл жеринде бардык шарттарды түзүүбүз зарыл"

10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
Жаныбек казы басмачы эмес, элдик инсан
12-бет
"Эки элдин туугандыгы дастандарда даңазаланып келет"
13-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
14-бет
Ыргагынан жазбаган Жаңы-Пахта
15-бет
Абактын артындагы турмуш