Кыргыз гезиттери



  Тарых

Жаныбек казы басмачы эмес, элдик инсан
(Башталышы гезиттин
51-санында)
Азыр анын урпактары Кытай, Пакистан, Түркия, Лондонго чейин тарап кеткен. Биздин максат: бүгүнкү көз караш менен улуу инсандардын өмүр баянын, жасаган иштерин ачып бериш. Бир гана Жаныбек казы эмес, эл үчүн өмүрүн аябай күрөшүп, бирок тарыхтан татыктуу баасын албай келаткан инсандарыбыз көп, - деди Бектемир Мурзубраимов. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов "Жаныбек казынын тарыхтагы орду" деп аталган баяндамасында:
- Ар бир элдин улуу инсандары болот. Ошондой улуу инсандар элин алдыга көтөрөт.
Мына ошондой өзүнүн акылмандыгы, калыстыгы менен элдин башын бириктирген, даанышмандыгы менен тарыхта татыктуу баасын алып отурган, Фергана өрөөнүндө өз аброю менен элдин сый-урматына ээ болуп, бийлик төбөлдөрү жок кылалы дешсе да тарыхта өз изин калтырган Жаныбек казы терең изилдене элек. Ал тууралуу атайын илимий эмгектер бүгүнкү күнгө чейин жок. Жакында мамлекет башчыбыз "Көчмөндөр цивилизациясы, маданияты жана мурасы" деген өзүнүн улуттук концепциясын сунуш кылып жатканда: "Кантип кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн атрибуттарын жоготпой сактап калган, кантип жерин душмандарга тебелетпей сактап келген",- деген суроо тарыхчыларды терең ойго салды.
Кандай кырдаал болбосун элдин башын Жаныбек казыга окшогон чыгаан инсандар бириктирип келген. Күчтүү, билимдүү инсандарды жок кылып, эл ишенген, артынан ээрчиген инсандардын таасирин төмөндөтүү саясаты бизде 150 жыл бою өкүм сүрүп келген. Бирок чындык өз ордун таап, кайрадан ошондой улуу инсандарыбыздын тарыхтагы ээлеген орду такталып, толукталып, элге жетип жатканы бул кыргыз элинин улуу касиети", - деди жана Президенттин демилгеси менен азыр тарыхчылар 15 томдук китеп даярдап жатышканын, ал китепке тарыхый инсандардын бардыгы киргизиле тургандыгын белгиледи.
Жаныбек казы өлөөрүнө көзү жеткенде Пакистандан баласы Маматибраимди чакыртып: "Мен Мекенимден запкы жеп, куугунтукталып, чет мамлекетте күн өткөрдүм. Орустардын бийлиги кетет, ошондо Кыргызстандын падышасы акмак болсо да элиңерге баргыла", - деген керээзин айткан экен. Мен өз Мекениме баралбай калдым, - деп арман кылган дешет.
Кыяс Молдокасымов: "Биз качан гана өз тарыхыбызды урматтаганда, анын жакшы жактарын алып, сыймыктуу учурларын сезип, көкүрөгүбүз менен кабыл алганда гана бизде башка өлкөлөрдөгүдөй өнүгүү эртерээк болот", - деди чогулган элге.
Жыйында тарых илимдеринин кандидаттары Жумадыл Адилбаев, Акбаралы Сатарбаев чогулган элге "Жаныбек казы жана мезгил", "Жаныбек казынын феномени" деген темада доклад жасашып, Жаныбек казы жөнүндө айтыла элек тарыхый тактоолорго токтолушту. Ал эми Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, публицист, жазуучу Кален Сыдыкова Жаныбек казынын кыргыз элинин боштондугу үчүн күрөшкөн улуттук лидер болгондугун, ага КГБдан бир канча ирээт тыңчылар жиберилип, ал тургай аны өлтүрүүгө да буйрук болгондугу тууралуу маалыматтар Россиянын, Өзбекстандын архивдеринде бар экенин айтып, Жаныбек казыга окшогон агаларга, журт башчыларына татыктуу баа берүүгө мезгил жеткендигин белгиледи.
"Мектептердин, жогорку окуу жайларынын окуу программаларына Жаныбек казыдай улуу инсандарды киргизип, келечек муундарга окутуу зарыл", - деди. Жыйында эмгек ардагери Азим Карашев, акын Тазагүл Закирова Жаныбек казыга татыктуу баа берүү боюнча ойлорун айтышып, чыгып сүйлөгөндөр ушул конференцияны уюштурган, Өзгөн шаарындагы Черемушка кичи районун жүгүрүп жүрүп Жаныбек казы атындагы кичи район деп атоого жетишкен, Жаныбек казы атындагы фонддун төрайымы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Темирбаевага ыраазычылык билдиришти.
Жыйындан соң Черемушка кичи районун Жаныбек казы атындагы кичи району деп аталышынын урматына салтанат өткөрүлүп, кичи райондун аталышы жазылган тактанын тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип, кичи райондун тургундары, райондун активи, ардагерлер катышкан жыйында Жаныбек казынын даңазалуу өмүр таржымалы айтылып, анын тарыхтагы орду кайрадан дагы бир ирет белгиленди.

Ж.АКУНОВА,
"КыргызТуусу"




  Президентибиздин сунушун колдоймун

Көчмөнчүлүктө көөнөрбөс тарых жатат
Мамлекетибиздин Президенти Курманбек Бакиевдин "Көчмөндөр цивилизациясы" боюнча баарлашуусу менин ички дүйнөмдү козгоп, көптөн бери жооп таба албай жүргөн сансыз түпөйүл суроолорго жооп болуп, "эми убактысы келген окшойт" дегендей ишенимди жаратты.
"Көчмөндөр цивилизациясына" мамлекеттик деңгээлде маани берилип жатканы бекеринен болбосо керек. Сыр эмес, кээ бир элдерде, же болбосо илимий чөйрөлөрдө көчмөндөрдү артта калган, маданиятсыз адамдар катары көрсөткүлөрү келет, андай аракеттер көз көрүнөө бар.
Көөнө тарыхтан билгенибиздей, европалыктар "варварлар" деген калк, Европаны "эки тизгин бир чылбырда" баш ийдирип турган Рим империясын кулаткан эле. Акыл калчап көрүңүздөрчү, качан, кайсыл мезгилдерде маданиятсыз эл, маданияттуу элге өз эркин таңуулаган? Андай мисалды карт тарых билеби? Менин жеке оюмда билбейт. Ошондуктан ишеним менен айта аламын, жогорудагы көчмөндөр "варварлар" эмей эле, керек болсо Европага цивилизация алып барган элдер.
Көчмөндөр цивилизациясынын географиясы өтө кең, түндүк Кытайдын манчжуриясынан баштап, Франциянын Неман дарыясынын бойлоруна чейинки мейкиндиктерди ээлеген. Маданиятсыз, илимсиз, билимсиз, караңгы калк, ошол жерлерге жетип, боз үйлөрүн тигип, түндүгүнөн түтүн булатып, гүпптөрүн бышып, сүттөн майын ажыратып, аксакалынын колуна суу куюп, үйдүн төрүнө отургузуп, согумдун баш мүчөсүн берип, алардын акыл-насааттарын угуп, көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз аткарат беле? Мындай адеп-ахлактын жогорку чегин уюткулуу, бай маданияты, үрп-адат, каада-салттары бар гана эл жасамак.
Биз, кыргыздар, түрк тилдүү элдер менен биргеликте Президентибиз айткан "Көчмөндөр" менен сыймыктанууга толук акыбыз бар. Себеби биз алардын мыйзамдуу урпактарынанбыз.
Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан кийин өзүбүзчө түтүн булатып, өздүгүбүздү билүүгө жасаган аракетибиз табийгый көрүнүш. Себеби өзүнүн кайдан жаралганына кызыкпаган, өз булагын изилдебеген эл болбойт. Бул мааниде Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев "Улуттук мурас жана келечек" долбоорун түзүү боюнча сунуштарында мындай дейт: "...Кыргыздардын жана алардын басып өткөн жолун идеологиялык ниет менен "көчмөндөр цивилизациясынан" сыртта калтырып, тарыхтын көмүскөсүнө таштап жаткан айрым изилдөөчүлөрдүн аракеттерине каршы туруу маанилүү деп эсептеймин. Бул үчүн кыргыздардын тарыхын жана көчмөндөрдүн маданиятын өз күчүбүз менен изилдеп жана ишке ашыруу абзел". Ажобуздун бул көрсөтмөсүн программалык документ деп эсептеймин. Себеби алдыбыздагы максатыбыздын багытын көрсөтүп, милдеттерибизди айкындап койду. Республикабыздын илимий потенциалынын алдына, бул багытта, иштиктүү изилдөөлөрдү баштоо аракеттерине кеңири жол ачып берди. Эми кажыбас-кайрат менен илим изилдөө иштерин чыгармачылык ырайда баштоого шарт түзүлдү.
Натыйжалуу ийгиликтерге жетүү үчүн, илимий изилдөөнүн туура багытын табуунун мааниси чоң. Менин жупуну оюмда кыргыздардын тарыхын кыргыз урууларынын тарыхынан бөлүп кароо туура болбой калат. Бардык тарыхый булактардан кыргыздарга кирген уруулардын кайсыл мезгилдерде, кайсыл жерлерде жашагандыктары жөнүндөгү маалыматтардын хронологиялык тизмеги түзүлүүсү зарыл.
Андан кийин "Кыргыз " деген элдин келип чыгышын илим, санжыра, жомок, уламыш аркылуу аныктоо керек. Себеби "Кыргыз" деген наам уруулардын аталышынан бир топ эле кийин пайда болгон. "Кыргыз" деген наам менин оюмча, тектеш, кандаш уруулардын биригүүсүнөн жаралган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой кыргыз элинин психологиясы тууганчылыкка өтө берилген бир аз эле башына кыйынчылык иш түшсө тууганын издей баштайт. Ошол мезгилдеги айлана-чөйрөдөгү коркунуч, зордук-зомбулук кыргыз урууларынын биригүүсүнө алып келген. Натыйжада "Кырк- Гуз" деген аскердик саясий-бирикме пайда болгон. Кийинчереек ошол аскердик-саясий бирикмеге кирген урууларды кыргыздар дешип калышты.
(Уландысы бар)

Тыныбек Касымов,
БатМУ КГПИнин "Педагогика жана психология"
кафедрасынын ага окутуучусу





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-июль, 2009-ж.:
1-бет
Эгин оруу башталды, эл маанайы жайдары
2-бет
Ысмын ыйгаруу - ызаат
3-бет
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог
4-бет
Курманбек Бакиев:
Өнүгүүнүн башкы ресурсу - тилектештик жана диалог

5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Америкалыктар Бишкек демилгесин жогору баалашууда
7-бет
Аткарылган иштер келечекке ишеним арттырат
8-9-бет
Курманбек Бакиев:
"Айыл жеринде бардык шарттарды түзүүбүз зарыл"

10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
Жаныбек казы басмачы эмес, элдик инсан
12-бет
"Эки элдин туугандыгы дастандарда даңазаланып келет"
13-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
14-бет
Ыргагынан жазбаган Жаңы-Пахта
15-бет
Абактын артындагы турмуш