, 07.07.09 - 9-бет: Ош мамлекеттик университети
58 жылдык татыктуу тарыхый жолду басып өткөн Ош мамлекеттик университети-республикабыздагы эң ири, абройлуу жогорку окуу жайлардын бири. Университетте 3 билим берүү институту, 3 илим изилдөө институту, 15 факультет, 104 кафедра, 2 медициналык колледжи, финансы-юридикалык колледжи, 27 окуу, илимий жана эл аралык борборлор бар.

Бүгүнкү күндө ОшМУда 1500гө жа-кын окутуучу, анын ичинде - 1 КР УИА мүчө-корреспонденти, КР Инженердик академиясынын жана Эл аралык академиялардын 7 мүчөсү, 60тан ашуун илимдин доктору жана профессорлору, 300гө жакын илимдин кандидаты жана доценти, 2 КРнын эл артисти, 1 КРнын эл сүрөтчүсү, 32 КРнын билим берүүсүнө, саламаттык сактоосуна, илимине, спортуна, маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 188ден ашуун билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун мыктылары эмгектенишүүдө.
Азыркы мезгилде ОшМУда 72 адистик боюнча 29 миңден ашуун студент билим алышууда. Алардын ичинен 1259 студент Пакистан, Непал, Индия, Сирия, Бангладеш, Түркия, Кытай, Корея, АКШ, Египет, Россия, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан ж.б. чет өлкөлөрдөн келишкендер. Ошондой эле көптөгөн студенттер АКШ, Япония, Корея, Германия, Кытай, Туркия, Пакистан, Индия ж.б. өлкөлөрдө ар түрдүү мөөнөттөгү курстарда жана окууларда билим алып жатышат.
Илимий-техникалык прогресстин талаптарына ылайык ОшМУда 2000ден ашуун жаңы муундагы компьютерлер окуу процессинде пайдаланылат. Факультеттердин компьютердик класстарын Internet тармагы менен туташтыруучу 200дөн ашык түйүн иштейт. Эл аралык TEMPUS , USAUD, Acсels, Ага Хан, DAAD, IREX, Soros - KYRGYZSTAN , INTAS ж.б. программаларга, долбоорлорго ОшМУ активдүү катышып, жогорку натыйжаларга ээ болуп келе жатат.
Студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн ОшМУнун китеп фондунда 1 млн. ашуун илимий, окуу-усулдук китептер бар. 3 борборлоштурулган китепканалар, 20 окуу залы болочок адистерге окуу-усулдук кызмат көрсөтүүдө.
Университеттин "Үмүт" телестудиясы жана "Нур" гезити студенттик турмушту реалдуу чагылдырып, жаштардын илимий жана чыгармачыл аракеттерине өбөлгө түзүүдө. ОшМУнун элдик театры, "Навнихол" элдик театры, "Үмүт" фольклордук, "Элегия" эстрадалык топтору эл арасында белгилүү болуп калды.
Ысык-Көлдүн жээгинде "Үмүт" пансионаты, Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан эс алуу аймагы, атайын профилакторий ОшМУнун студенттеринин жана кызматчыларынын эс алып, ден соолугун чыңдашы үчүн кызмат кылат.
ОшМУда учурдун талабына ылайык 19 окуу корпусу, 8 студенттик жатакана, чет өлкөлүк окутуучулар үчүн курулган мейманканасы бар.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген АЛ № 352 лицензиясынын негизинде ОшМУ заманбап билим берип, мыкты адистерди даярдап чыгаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда.




ОшМУ 2009-2010-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча
абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
Кыргыз филологиясы
факультети
Ц Кыргыз тили жана адабияты
Ц Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги Мамлекеттик тил
Сыноолору: кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстан тарыхы
Орус филологиясы факультети
Ц Орус тили жана адабияты
Сыноолору: орус тили, орус адабияты, Кыргызстан тарыхы
Ц Журналистика
Ц Лингвистика
Сыноолору: орус же кыргыз тили, орус же кыргыз адабияты, Кыргызстан тарыхы
Дүйнөлүк тилдер факультети
Ц Англис тили
Ц Немец тили
Ц Француз тили
Ц Котормо жана котормо таануу
Сыноолору: чет тили, кыргыз же орус тили, кыргыз же орус адабияты
Педагогика жана
Искусство факультети
Ц Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулияты
Сыноолору: кыргыз же орус тили, математика, кыргыз же орус адабияты
Ц Дене тарбия
Сыноолору: тандалган спорт адистиги боюнча жалпы даярдыгын сыноо, биология, кыргыз же орус тили
Ц Музыкалык билим берүү
Сыноолору: музыкалык аспаптарда ойноо жана ырдоо жөндөмдүүлүгүн текшерүү, музыканын тарыхы жана теориясы, кыргыз же орус тили
Ц Көркөм искусство
Сыноолору: сүрөт, живопись; композиция; кыргыз же орус тили
Тарых-юридика факультети
Ц Тарых (540403)
Ц Тарых (520801)
Ц Юриспруденция
Ц Бажы иши
Сыноолору: Кыргызстан тарыхы, жалпы тарых, кыргыз же орус тили
Табият таануу факультети
Ц Биология
Ц Ветеринария
Ц Экология
Ц Айыл чарба адиси (бакалавр)
Ц Бактык-парктык чарба жана ландшафтык курулуш
Ц Токой чарбасы
Сыноолору: биология, химия, кыргыз же орус тили
Ц Химия(540101)
Ц Химия(510501)
Сыноолору: химия, биология, кыргыз же орус тили
География жана жаратылышты пайдалануу факультети
Ц География
Ц Жаратылышты пайдалануу
Ц Колдонмо геодезия
Сыноолору: география, биология, кыргыз же орус тили
Математика жана информациялык технологиялар факультети
Ц Математика
Ц Колдонмо математика жана информатика
Ц Информатика
Ц Колдонмо информатика
Ц Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС)
Ц Информациялык системалар жана технологиялар
Ц Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары
Сыноолору: математика, информатика, кыргыз же орус тили
Финансы-экономикалык
факультети
Ц Финансы жана кредит
Ц Салык жана салык салуу
Ц Экономика (Финансы жана кредит, бакалавр)
Сыноолору: математика, информатика, кыргыз же орус тили
Менеджмент жана
бизнес факультети
Ц Ишканалардын экономикасы жана башкаруусу
Ц Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
Ц Экономикадагы математикалык ыкмалар
Ц Менеджмент (бакалавр)
Ц Экономика багыты (Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит бакалавр)
Сыноолору: математика, информатика, кыргыз же орус тили
Теология факультети
Ц Теология
Сыноолору: Кыргызстан тарыхы, кыргыз же орус тили, англис тили, аңгемелешүү
Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат
факультети
Ц Эл аралык мамилелер
Ц Аймак таануу
Сыноолору: жалпы тарых, кыргыз же орус тили, англис тили
Ц Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Ц Социалдык иштер
Сыноолору: адам жана коом, Кыргызстан тарыхы, кыргыз же орус тили
Физика-техникалык факультети
Ц Электр менен камсыздоо
Ц Электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр
Ц Кыймылсыз мүлктү башкаруу жана экспертизалоо
Ц Жол коопсуздугу жана уюштуруу
Ц Транспорт менен жүк ташууларды уюштуруу жана башкаруу (Эл аралык жүк ташуулар)
Ц Корголгон байланыштар системалары
Ц Физика
Ц Байланыш тармактары жана коммуникациялык системалар
Ц Полиграфиялык өндүрүштүн технологиясы
Сыноолору: физика, математика, кыргыз же орус тили
Медицина факультети
Ц Дарылоо иши
Ц Педиатрия
Ц Стоматология
Ц Медициналык-профилактика иши
Сыноолору: биология, химия, кыргыз же орус тили
Өзбек гуманитардык-
педагогикалык факультети
Ц Өзбек тили жана адабияты
Сыноолору: өзбек тили, өзбек адабияты, Кыргызстан тарыхы
Ц Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулияты
Сыноолору: өзбек тили, математика, өзбек адабияты
Ц Башталгыч класстардагы билим берүү (9-кл. базасында)
Сыноолору: өзбек тили, математика
ОшМУнун медициналык колледжи
11-класстын базасында
Ц Акушердик иш - окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
Ц Мээрбан эже иши - окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
Ц Дарылоо иши - окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
Ц Ортопедиялык стоматологиясы - окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
Ц Стоматология(0404)- окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
Ц Фармация - окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай
9-класстын базасында
Ц Акушердик иш - окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай
Ц Мээрбан эже иши - окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай
Ц Дарылоо иши - окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай
Ц Ортопедиялык стоматологиясы (0408) - окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай
Ц Фармация - окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай
Сыноолору: биология, кыргыз же орус тили
Финансы-юридикалык колледжи
9-класстын базасында окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Ц Экономика жана бухгалтердик эсеп
Ц Финансы жана кредит
Сыноолору: Математика, кыргыз же орус тили
Ц Укук таануу
Сыноолору: Кыргызстан тарыхы, кыргыз же орус тили
11-класстын базасында окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай
Ц Экономика жана бухгалтердик эсеп
Ц Финансы жана кредит
Сыноолору: Математика, кыргыз же орус тили
Ц Укук таануу
Сыноолору: Кыргызстан тарыхы, кыргыз же орус тили
ЭСКЕРТҮҮ: Сыноо (тестирлөө) жүргүзүлүүчү предметтердин биринчиси аталган адистик үчүн негизги предмет болуп саналат.
Келишимдик негизде күндүзгү бөлүмгө документтерди кабыл алуу 10-июлдан башталат, ал эми кечки жана сырттан окуу формаларына 10-июлдан 20-августка чейин жүргүзүлөт.
Кирүү сынактары күндүзгү бөлүмгө 25-июлдан башталат.
Ал эми кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө 22-24-августта болот.
Окууга кирүү үчүн
керектелүүчү документтер:
1. Абитуриенттин арызы
2. Аттестат же диплом (түп нускасы)
3. №086-У медициналык маалымдама
4. 3 х 4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
Документтерди тапшырууда абитуриенттер паспортун, аскерге милдеттүүлөр аскердик билетин же катталуу күбөлүгүн өздөрү көрсөтүшөт.
Дарегибиз: 723500,
Ош ш. Ленин көчөсү 331,
ОшМУ, башкы корпус.
Телефон: 2-45-25, 2-04-79
Кабыл алуу комиссиясы