, 07.07.09 - 6-бет:
  Конституциялык сот карады

Жарандык укук чектелбейт
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн "Жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт" деп көрсөтүлгөн бөлүгү Конституцияга ылайык эместиги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 5 жана 6-пункттарына, 86-беренесинин 3-пунктуна жана 88-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жарандар И.Исаковдон жана Э.Каптагаевден өтүнүч келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн угуп жана талкуулагандан кийин иштин материалдарын изилдеп чыгып, жарандар И.Исаковдун жана Э.Каптагаевдин өтүнүчтөрү төмөнкү негиздер боюнча канааттандырылууга жатарын көрсөткөн.
Алар Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 339-беренесине ылайык судьялардан баш тартуу өтүнүчтөрүн канааттандыруусуз калтыруу жөнүндөгү судьялардын токтомдоруна даттанышкан. Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-апрелиндеги жана Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 7-майындагы аныктамалары менен даттанылган токтомдор өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-пунктунун ченемине ылайык "Жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарган аныктама даттанууга жатпагандыгына" байланыштуу кайрылган тараптар үчүн көрсөтүлгөн соттук аныктамаларга даттануу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан ушундай талап менен кайрылышкан. Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна жана 21-беренесинин 5-пунктуна ылайык ар бир адамга анын эркиндигин жана укуктарын соттук коргоого кепилдик берилген жана кандай гана жагдайларда болбосун, мындай соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жергиликтүү соттордун ишине алардын актыларын кайра кароо формасында көзөмөлдүк жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сот процессинин катышуучуларына кайрылуу укугу кепилденген. Талашка коюлган жоболор жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык талаптарга жооп бербейт. Судьядан баш тартуу маселеси боюнча токтомдун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн мыйзам тарабынан мындай белгилениши апелляциялык инстанциянын чыгарган аныктамасы менен чектелип, кийин көзөмөл иретинде текшерүү мүмкүнчүлүгү четке кагылган.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө апелляция эрежеси боюнча даттанууга жатпаган, анын ичинде процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө тиешелүү ортодогу токтомдорду тизмелеген. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин эрежеси боюнча судьядан баш тартуу жөнүндөгү токтомуна өзүнчө даттанууну жана ушул эле даттануу боюнча арыздануунун андан ары мүмкүн эместигин белгилеп, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ортодогу токтомдордун тизмесинен чыгарып салган. Мунун натыйжасында чыгарылган өкүмдүн же иш боюнча башка жыйынтык чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү менен бирге аны соттук текшерүү мүмкүнчүлүгү алынып ташталган.
Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунда жана 21-беренесинин 5-пунктунда жарандардын, анын ичинде жарандар И.Исаков жана Э.Каптагаевдин соттук коргоого болгон укуктары чектелери шексиз.
Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11, 13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2009-жылдын 23-июнунда кабыл алган чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн "Жекече даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт" деп көрсөтүлгөн бөлүгү Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пунктуна, 21-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет деп тапкан жана анын аракетин жокко чыгарган. Чечим акыркы жана даттанууга жатпай тургандыгы, бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.
Даярдаган
Аскарбек НАСИРДИНОВ





Астана демилгеси ааламды камтууда
"Азия менен Европанын,
Батыш менен Чыгыштын дал
ортосунда турган Астана калаасы бүгүнкү
күндө түрдүү улуттар менен диндердин
ымалалашуусуна, жарашуу тапкан ордосуна айлана
баштады", - деди Казакстан Республикасынын
Президенти Нурсултан Назарбаев дүйнөлүк жана
салттык диндердин лидерлеринин Астанада өткөн
3-курултайынын ачылышында.1-2-июль күндөрү Казакстандын борбору дүйнөдөгү эң ири диндердин жетекчилерин
чогултуп, ислам, христиан, буддизм, иудаизм, даосизм, синтоизм, индуизм, зороастризмдин ар кыл карама-
каршылыктар, келишпестиктер менен коштолуп
келаткандыгына карабай уй мүйүз тарта
отурууга шарт түздү.

ында дин жетекчилеринен тышкары Израиль мамлекетинин Президенти Шимон Перес, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европалык бөлүмүнүн башкы директору Сергей Орджоникидзе, ОБСЕнин башкы катчысы Марк Перрен де Бришамбо ж.б. ондогон саясатчылар, эл аралык уюмдардын аттуу-баштуу жетекчилери ардактуу мейман катары чакырылыптыр. Абройлуу курултай Астана шаарынын 11 жылдыгын майрамдоонун алдында болду. Казакстандын жаш борбору менен дүйнөлүк диндердин жетекчилеринин жыйыны мында ар бир үч жылда өтүп турушунун өзүнчө таржымалы бар. Америкадагы мындан тогуз жыл мурда болгон 11-сентябрь кыйраканы эл аралык терроризмдин, экстремизмдин дүйнө коомчулугуна кандай коркунучу бар экенин өтө далилдүү демонстрациялаган болчу. Жүздөгөн бейкүнөө, жазыксыз жарандын өмүрүн алган ошол окуядан кийин дүйнө ар башка лагерге бөлүнүү менен, андан кем калбаган теракттар дагы бир катар өлкөлөрдө кайталанып, карапайым, ач-жылаңач адамдардын азабына айланууга өткөн. Адамзат Жер шарынын экотүзүмүн океан-деңиздерден, кургактан, абадан кайткыс деградацияга алып барып такаганы аз болгонсуп, эми геосаясый, диндик касташуулар менен коштолду. Кагылыштар кара тумандай каптай баштаган ошол окуялардан кийин, Казакстандын жаңырган жаш борбор калаасы 2003-жылы дүйнө диндеринин абройлуу жетекчилеринин башын кошкон 1-курултайды чакырган. Анда кабыл алынган декларация ар кыл диний көз караштардын, элдердин ортосундагы тил табышуучулуктун, тынчтыкты сактоонун куралы катары өз озуйпасын мерчемдүү деңгээлде аткара алган.
Андан кийинки жылдары Жакынкы Чыгыштагы абал курчуду. Ирактагы согуштун каары жүз миңдеген качкынды пайда кылды. Дагы эле бейкүнөө жарандар мерт кетти. Дүйнө карама-каршылыктуу окуяларга жык толуп, кагылышууларга түрткөн жагдайда Астана 2006-жылы 2-курултайды өткөргөн. Ал эми дүйнөлүк жана салттык диндердин лидерлеринин башын кошкон 3-курултай да аалам элдерин каржылык, экономикалык кризис туташ каптаган бүгүнкү күнгө туш келип отурат. Андан дүйнө экономикасы трил-
лиондогон долларын жоготту. Дүйнөлүк валюта корунун эсеби боюнча 50гө жакын мамлекет экономикалык жардын кылда кырына барып такалган. Ал эле эмес Ооганстандагы согуштук кырдаал кайрадан күч алды. Анда өндүрүлгөн баңги заттар дээрлик бүт континенттерге тарап, экстремисттик топтор кайрадан баш көтөрө баштады. Акыркы жылдарда эле Стамбул, Багдад, Пешавар ж.б. шаарларда массалык жардыруулар кайталанды. Мындан тышкары мурда-кийинки келишимдер менен макулдашуулар ири ядролук державаларды жарыша куралдануудан кайт кыла албагандыгы өзүнчө тема. Нурсултан Назарбаев курултайда сүйлөгөн сөзүндө: "Илимдин күчү заманбап зор ийгиликтерге жеткенине карабай, күтүүсүз чыга калган эпидемиялык дарттар планетаны солкулдатып, ал эми миллиарддаган адам эмне үчүн медициналык жардам ала албай жатат? Ааламда жыл сайын беш жашка чейинки 10 миллонго чукул наристе жарык дүйнө менен коштошууда. Планетада 30 миллиондон ашык адам коркунучтуу ВИЧ инфекциясы менен жашаса, алардын болгону 3 миллиону гана вируска каршы терапияны алууга кудурети жетет. Жаңы чыккан эпидемиялар адамзатты жазалап жатканы менен, азырынча илим аны четтетүүгө алсыз", - деди. Булардын баарына ар кайсы континенттен чыга калып жаткан куш тумоосу, чочко тумоосу сыяктуу дарттарды, цунамисин ташыткан океандар менен силкинген жер титирөөлөр, таза суунун таңсыктыгынан улам жакындап келе жатышы ж.б. табигый коркунучтардын түр-түсүн кошсок, адамзатты чырмаган кооптуу кырдаал арбып бара жатканына күбөбүз. Мына ушундай жагдайдан алганда кандай гана дин болбосун, адамзатты руханий тазалыкка, жан дүйнөнүн жаш баланыкындай бейкүнөө болуп кайра жаңырышына үндөйт. Ыймандуулук менен биримдикке, тынчтык өмүрдө эмгектенип, ынтымак-ырашкердикте жашоого чакырганы менен диндердин адамзат үчүн аткарган озуйпасы бирдей, окшош. 3-курултайдын катышуучуларынын бул боюнча ой-пикирлери бир жерден чыгып жатты. Аталган курултайда Израиль мамлекетинин Президенти Ш.Перес ислам өлкөлөрүнүн тынчтыкка чакырган үндөөлөрүн мейли Астанада же анын мекенинде болобу, кайда болсо да чогуу отуруп, түз чечүүнү кечиктирбеш керек экенине токтолду. Мында келген меймандар ар бир үч жылда чогулууну айныксыз салтка айландырып, гумандуулук менен пикир келишүүчүлүктүн демилгечиси болгон Астананы Жер шарында тынчтык менен бейпилдикти, диндер менен улуттардын ортосундагы толеранттуулукту сактоонун ордосуна айланткан Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге алкоо сөздөрүн айтып жатышты. Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы катчысы улуу урматтуу Абдалла бен Абдель Мухсинат-Турки курултайда сүйлөгөн сөзүндө: "Бул жолугушуу анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү даңазалайт, - деди. - Алар бул өз ара түшүнүшүүнү өз элдерине жана диний конфессияларына динди жеке, тар максаттарында материалдык пайда табуунун аспабы, каражаты, жек көрүү жана душмандык сезимдерин азыктандыруучу булак, зомбулукту жана террорду актоо үчүн себеп катары пайдалангысы келген кара күчтөрдөн коргоо максаты менен алып жөнөшөт. Чынында эле Аллах тарабынан жиберилген дин бузуку умтулууларды ооздуктоо, адамды адилеттүүлүккө, жакшылык кылууга, жыргалчылыкка жана мыкты сапаттарды сүйүүгө көнүктүрүү үчүн берилген", - деген пикирин билдирди.
Ар бир үч жылда өтө турган курултайга катышуу үчүн келген меймандардын катары улам арбып баратканы анык болду. Бул ирет дүйнөнүн 35 мамлекетинен 77 делегат катышканы, нечендеген өлкөлөрдөн келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн көптүгү ага далил. Астанада өткөн дүйнөлүк жана салттык диндердин лидерлеринин 3-курултайынын катышуучулары ар кыл диндердин башчылары менен саясый жетекчилерине, илимпоздор менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жалпы дүйнө коомчулугуна карата кайрылуу кабыл алышты. Келерки жыйын 2012-жылы өткөрүлөрү да аныкталды. Кошумчалай кетчү жагдай, Казакстан 2010-жылды "Маданиятты жакындаштыруунун эл аралык жылы" катары белгилөө демилгесин көтөрүп, ал БУУнун колдоосуна ээ болду. Ошону менен бирге эле Казакстанга жакынкы жылдары Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы боюнча уюму менен Ислам конференциясы уюмун жетектөөгө чоң ишеним көрсөтүлгөнүн айтып коюшубуз кажет.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Бишкек-Астана-Бишкек