, 07.07.09 - 4-бет: Ден соолук - экономикалык да, рухий да байлык
Республикабыздын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйында "Ден соолук врачтардын такай көңүл буруусуна жана кымбат дары-дармектерге көз каранды деп эсептөө туура эмес. Эң негизгиси - жан дүйнөнүн жана ой-санаанын тазалыгы, адамдар менен өз ара жакшы мамиле жана сергек жашоо турмушу. Туура тамактанып, спорт менен машыгып, сергек жашоо зарыл. 80ден ашкан карыларга жолукканда алардан ак пейилдик чачырап турганын сезем, алардын жан дүйнөлөрү таза. Мындан сырткары алардын көбү эмгектенишет, мына ошондуктан денелери чымыр. Өнүккөн өлкөлөрдө ден соолук - чоң капитал, а андан ажыроо, демек, экономикалык да, рухий да жоготууга тете болорун түшүнүштү, - деди Президент Курманбек Бакиев.
Мамлекет башчысы саламаттык сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ден соолук, ийгилик жана бакыт каалады. "Сиздерге эң асыл, ошол эле кезде жоопкерчилик милдет - бир эле жеке адамдын эмес, бүтүндөй улуттун саламаттыгын сактоо жүктөлгөн. Бул ишти аткарып жатып, Сиздер коомдун жана мамлекеттин ар тараптуу колдоосуна татып келатасыздар," - деди Президент.
Андан аркы сөзүндө өлкө башчысы саламаттыгы начар жана рухий жактан бошоң эл менен күчтүү мамлекетти курууга болбосун, андыктан Кыргызстан үчүн ден соолукту сактоо маселеси бул улуттун келечегин, мамлекеттин көз карандысыздыгын сактоо маселеси экенин баса белгиледи. "Чыйрак, бышык болуу, дене тарбия менен машыгуу модалуу жана кадырлуу болууга тийиш. Мүмкүн, мурдагыдай ГТО сыяктуу комплексти иштеп чыгып, жайылтуу керектир", - деп айтты К.Бакиев. Ошондой эле дене тарбия жана спорт, жаштардын иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен бирдикте сергек жашоону калыптандыруу үчүн "Дени сак муун" программасын иштеп чыгуусу зарылдыгын белгиледи.
Президент медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолуп, мамлекет бардык калкыбызга эң төмөнкү социалдык стандарттардын көлөмүндө акысыз медициналык жардам көрсөтүүгө кепилдик берерин айтты. Мамлекеттик кепилдик программасы аркылуу 5 жашка чейинки балдарды, кош бойлуу аялдарды, 70 жаштан ашкан пенсионерлерди кошумча акы төлөөдөн бошотууга мүмкүндүк болду.
2008-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоонун көлөмү 2004-жылга салыштырганда 6 эседен ашык өсүп, 4 млрд. 280 млн. сомду түзгөн. Врачтардын, медсестралардын жана кичи медкызматкерлердин орточо айлык акысы бул жылдарда үч эседен ашык өскөн. Үстүбүздөгү жылдан тарта эмгек сиңирип иштеген жылдары үчүн врачтарга компенсация төлөп берүү башталды, 2005-жылга чейин ал төлөнгөн эмес. "Мамлекет мындан ары да врачтарды, орто медициналык кызматкерлерди татыктуу айлык акы менен камсыз кылуу үчүн бардыгын жасайт",- деди Президент. Өлкө башчысы саламаттык сактоонун ардагерлеринин дарегине көп жылдык жана кажыбас кайраттуулук эмгектери жана кесиптик милдеттерине бекемдиги үчүн өзгөчө ыраазычылык айтты. Иса Ахунбаев, Арстанбек Алтымышев, Мирсаид Миррахимов баштаган залкар дарыгерлердин атын атап, алар аркылуу кыргыз медицинасы жана медициналык илими бүткүл дүйнөгө таанылууга ээ болгонун атап өттү. Ошондой эле Кыргызстанга консультациялык жана финансылык жардамдарды көрсөтүп жаткан эл аралык донорлорго терең ыраазылыгын билдирди.
Өлкө башчысы саламаттык сактоо тармагынын алдында турган милдеттерди чече турган "Ден соолук" улуттук долбоорунун концепциясын иштеп чыгууга тапшырма берерин белгилей кетти.
Президент сөзүн аяктап жатып ар бир адамды ден соолугуна аяр мамиле жасоого, сергек жашоого жана спорт менен алектенүүгө чакырып, эмгеги менен татыктуу болушкан саламаттык сактоо кызматкерлеринин жоон тобуна мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Үстүбүздөгү жылы 45 медициналык кызматкер мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан.

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"





Кризистен чыгуунун жолдору айтылды
Кыргыз экономикалык университетинде "Жибек-Жолу өлкөлөрүнүн ишмердик жана экономикалык шериктештиги" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Ага министрликтердин, ведомстволордун, бизнес уюмдарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана КЭУнун бүтүрүүчүлөрү катышты. Бул жыйынга Түштүк Корея, АКШ, Монголия, Кытай, Орусия, Сингапур, Өзбекстан жана Казакстандын көрүнүктүү окумуштуулары жана адистери катышканы да жыйындын мазмунун арттырды.
Эл аралык илимий-практикалык жыйында улуттук жана дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер тууралуу окумуштуулар жана адистер пикир алышышты. Өзгөчө азыркы күндө орчундуу маселеге айланган ааламдаштыруу шартында экономиканын өнүгүүсү жана дүйнөлүк финансылык кризис жөнүндө кеп козголду.




Муздаткычтарды оңдоо борбору ачылды
Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейинде муздаткыч жабдуулар жана кондиционердик системалар боюнча чеберлерди даярдоо үчүн окутуу-өндүрүштүк борбору ачылды.

Ал Кыргызстандын озон борборунун жана курчап турган чөйрө боюнча ПРООНдун колдоосунда түзүлдү. Аталган багыт боюнча жогорку кесипкөй мыкты адистерди даярдоо максатында озон борбору жана "Экохолод" коомдук бирикмеси тарабынан окуу борбору жаңы жана заманбап техникалар менен жабдылды.
Эми кесиптик лицей жаштарга жана жумушсуз калкка билим берүү менен бирге эле муздаткыч жабдуулардын жана компьютердик техникалардын бардык түрүн оңдоо кызматтарын дагы көрсөтөт.

Чынара АЛЫБАЕВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты




Борбордук шайлоо комиссиясында
Маалыматтык плакаттар 2 тилде бирдей басылат
Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында талапкер А.Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоодон сырткары, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин өмүр баянын, программаларын камтыган маалыматтык плакаттар туурасында сөз болду.
Анда атайын жумушчу топтун жетекчиси С.Бөрүбаев, айрым талапкерлердин сүрөттөрүн өзгөртүп, кайрадан иштеп чыгуу керектигин түшүндүрдү. Анда белгиленгендей, аталган маалыматтык плакаттар 6000 же 7000 нускада, теңи кыргыз, теңи орус тилинде басылып чыгып, шайлоо участкаларына экөө бирдей илинет.

"Шайлоого катыш, болбосо утуласың"
7-14-20-июль күндөрү "Өзүңдү шайлоо тизмесинен текшер" деп аталган акция өтөт.
Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы берген маалыматка таянсак, борбор калаанын тургундары 22-июлга чейин өздөрү жашаган жердеги добуш берүү участкаларына барып, тизмеге киргенин же кирбей калганын сурап билишсе болот.

Бюллетендер даярдалууда Ал эми шайлоо
бюллетендери 4-июлдан тартып даярдала баштады.
23-июлда өтө турган президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн 2 млн. 834 919 бюллетень даярдалат. Добуш берүү кагазы бир нече даражадагы коргоо белгилеринен туруп, "Учкун" басмаканасында Коопсуздук кызматынын жана милиция кызматкерлеринин катуу көзөмөлү менен басылат. Бүгүнкү күнгө чейин 2 млн. 820 миңден ашуун шайлоочу катталып, тизмеге киргизилген. Добуш берүү кагаздары шайлоочулардын санынан 0,5% көп даярдалат.

КРнын БШКнын
басма сөз кызматы