, 07.07.09 - 14-бет:
  Жооптор, пикирлер

Прокуратура мыйзам бузууну тапкан жок
Саламаттык сактоо министрлиги сиздердин гезитиңиздерге жарыяланган "Мыйзам буйлалаган төө эмес" аттуу макалага төмөнкүдөй жооп берет:
талган факт боюнча Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн (кызмат кылмыш иш-терине каршы күрөшүү бөлүмүнүн) кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, 2005-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-тарамы боюнча (Панфилов аймактык ооруканасынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иштери жасалбагандыгына байланыштуу) кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
18.03.2008-жылы Панфилов районунун прокурорунун жардамчысы А.Арматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-тарамы боюнча (Панфилов аймактык ооруканасынын директору М.Мамырбаев тарабынан кылмыш иштери жасалбагандыгына байланыштуу) кылмыш ишин козгоодон баш тарткан чечим чыгарган.
22.04.08-жылы Чүй облусунун прокуратурасынан Панфилов районунун прокуратурасына Т.Эгинбаевден Панфилов аймактык ооруканасынын 2 лифтин сатып ийгендиги туурасында фактыны кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн арыз боюнча чогултулган материал келип түшкөн.
Кошумча текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Панфилов аймактык ооруканасынын 2 лифти мыйзамсыз сатылып кеткендиги туурасындагы доогердин билдирүүлөрү такталган жок.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Панфилов районунун прокуратурасы 2008-жылдын 30-апрелинде Т.Эгинбаевдин арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.
24.11.2008-жылы Чүй облусунун прокуратурасы мурунку Панфилов районунун прокуратурасы чыгарган токтомун четке кагып, 28.11.2008-жылы кайрадан текшерүүгө кайрып берген. Панфилов прокуратурасы ишти кайрадан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-тарамы боюнча (Панфилов аймактык ооруканасынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иштери жасалбагандыгына байланыштуу) кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Андан сырткары бул ишти Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиги карап чыгып, Панфилов прокуратурасынын чечиминин тууралыгын аныктаган чечимди чыгарган.
Панфилов аймактык ооруканасынын жамаатынан
(№ Кл-46 23.01.2009-жылга) Саламаттыкты сактоо министрлигинин наамына жазылган кайрылуу (көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге) келип түштү. Кайрылууда мурунку Панфилов аймактык ооруканасынын директору М.Мамырбаев бул иш боюнча күнөөлүү эместигин билдирет. Ошондой эле Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн аксакалдарынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевге кайрылуу каты жиберилген, ал кайрылууда Т.Эгинбаевге терс мүнөздөмө берип жана М.Мамырбаев иши боюнча текшерүүлөрдү токтотуп, колдоого алуусун суранышкан.
Панфилов жалпы дарыгерлер практикасынын борбору берген маалыматка таянсак, лифттик жабдууларды кайра калыбына келтирүү маселеси Панфилов райондук кеңешинин 1-сессиясында карала турган болду.
М.КАРАТАЕВ, министрдин орун басары


Алдамчыга ишенбей, фактыга ишениңиз, министр мырза!
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору
К.С.Молдокасымовго
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги сиздин "Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 9 санына жарык көргөн журналист М.Тыналиевдин "Байкалбаганы менен башаламандыктар мамлекеттик тилге байланыштуу" деген макаланын негизиндеги "Бишкек-Брант" медициналык борбору тарабынан сатыкка чыгып жаткан "Импаза" препараты боюнча катыңызга төмөнкүдөй жооп билдирет.
26.02.09-жылы "Бишкек-Брант" медициналык борборунун аткаруучу деректири Д.Жумаев "Импаза" препараты боюнча кыргызча котормо ошол эле М.Тыналиев тарабынан ишке ашкандыгын ырастаган күбөлөндүрмө кагазын алып келди (күбө кагазы тиркелет). Котормодо (М.Тына-лиев тарабынан ишке ашкан) гезит бетине жарыяланган дооматтар кездешкен жок.
М.Тыналиев макаланын автору жана журналист катары жарнак кайсы гезитке чыккандыгын так көрсөтүүсү керек болчу.
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жылдын 6-февралындагы №9 санына жарык көргөн журналист М.Тыналиевдин "Байкалбаганы менен башаламандыктар мамлекеттик тилге байланыштуу" деген макалада далилдүү фактылар жок. Министр М.А Мамбетов"
Редакцияга мына ушундай жооп келди. Буга чейин КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Т.Жумагуловдон жана Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Н.Турганбаевден тиешелүү жооптор келген. Алар боюнча комментарийлер берилген.
Эми министр М.Мамбетов мырзанын жообуна келели. "Бишкек-Брант" медициналык борборунун аткаруучу директору Д.Жумаев колунан келишинче Саламаттыкты сактоо министри М. Мамбетовду жана Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Н.Турганбаевди адаштырууга аракетттерди жасаганы бул жооптордон көрүнүп турат. Н.Турганбаевге жазган жообунда мен котормо үчүн акча төлөп бербегендиги боюнча "өч алып" жатканымдай түшүндүрсө, министрликке берген жообуна мен жазгандай башка бирөө которуп берген "Импаза" препаратынын жарнагынын текстин эмес, мен которуп берген жана Д.Жумаев аны "Жараксыз" деген шылтоо менен акысын төлөп берүүдөн качып жүргөн "Балдар Анаферону" препаратынын жарнагынын текстин тиркөө менен министр М.Мамбетовду чаташтырууга аракеттенген. Дагы бир жолу айтып коёюн, жарнактын бул котормосу гезиттерге берилген эмес. Гезиттерге берилген жарнактын тексти мен которгон текст эмес.
Эми "кайсы гезитке чыкканын так көрсөтүү" боюнча. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жоопту даярдаган тиешелүү адистери үчүн атайын көрсөтүп коёюн. Алар "Аалам" гезитинин 2008-жылдын 13-ноябрында чыккан №77 санынын 11-бетин жана "Кыргыз Туусу" гезитинин 2008-жылдын 21-ноябрында чыккан № 88 санынын 23-бетин, 19-декабрында чыккан № 95 санынын 23-бетин карап коюшсун. Эгер, алар чынында эле эптеп жооп берип кутулуу үчүн эмес, эринбестен бул инцидентти так иликтегилери келишсе, "Агым" гезитинин аталган мезгилде жарык көргөн сандарына да көз жүгүртүшсө болот.
Негизи, кеп кезеги келгенде айта кетсем, эгерде, аталган мамлекеттик органдарда мамлекеттик тил талаптагыдай болсо, мындай түшүндүрүүлөрдүн таптакыр кереги жок болмок...
Мырзакат Тыналиев, "Кыргыз Туусу"