, 07.07.09 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят
Албетте, дүйнөнү көбүрөөк таанып-билгендердин прозага киришкени максатка ылайык. Анткени, алардын башкаларга айта турган кеп-сөзү болот. Бирок, бир парадокс бар: көбүнчө жашы улгайгандар, өздөрүндө адабиятка шыгы бар экенине карабай, тартынып, арсарланып калем шилтешет. Кокус жаман чыгып калса мага эл күлөбү деп, өзүнө көп ишеңкирей бербейт. Менимче, прозага ар кандай куракта: элүү жашта, жүз жашта да кирише берсе болот. Албетте, он жети, он сегиз жашта да, аларда да өзүнө жараша тажрыйба бар.
ЁЁЁ
Мен адабиятыбызды улуттук рамкада кармап туруунун тарапкери эмесмин. Бирок, биз ушундай бир адабият, ушундай бир көркөм ой жараталы, окуучуларыбыз андан башкаларга тартылбагандай болсун. Бул - өтө кыйын маселе. Эми өз окуучуларыбыз үчүн мурдагыдан эки-үч эсе көбүрөөк күрөшүшүбүз керек.
Бизди күтүп жаткан жаңы-жаңы сыноолордон өтө алар бекенбиз? Өз көркөм оюбузду бүткүл дүйнөлүк көркөм ойдун даражасына көтөрө алар бекенбиз? Биздин ушу кезге чейинки жараткан чыгармаларыбыз анчейин гана примитивдүү нерселер экенин ойлоп түйшөлөм. Бул - түшүнүктүү, анткени, өткөн мезгилдер биз үчүн өздөштүрүү, окуп-үйрөнүү мезгили эле, эми эч нерсени шылтоо кылалбайбыз, антүүгө акыбыз жок.
ЁЁЁ
Эми бактысыз сүйүү же аялдарга феодалдарча мамиле жасоо туурасында, же сентименталдуу чыгармаларды жазуу майдалык, бул эчак артта калган баскыч. Азыр адамдарга терең философиялык ой зарыл.
ЁЁЁ
Көпчүлүктөй эле мен дагы демократиянын аргасыз тардыгын, атүгүл жоктугун дайым сезип келгем. Мына бүгүнкү күндө деле биз демократиянын насилин сезе сиңирип алууга даяр эмес экендигибизди билип турабыз. Демократия деген муундар арасында мурас этер эң жооптуу асыл нарк. Басма жүзүндө да, оозеки сөздө баарын ачык айтып алууга жетишүү али демократия эмес, булар сырткы белгилери; накта демократия - баарыдан мурда киши менен кишинин, коомдун бир катмары менен экинчи катмарынын бири-бирине аруу мунасасын жана ак пейилин тарбиялоочу татаал процесс, коом тагдырына жаңыча көз карашты калыптандыруучу эң чалкеш процесс.
Биз ар дайым таңсык болуп жүргөн демократия көбүнесе кагаз бетинде кала берип келгендиктен, социализмдин нукура маңызы мына азыр гана айкындалып баратат деп эсептеймин. Жер жүзүндөгү бардык ийги иштердин эң бийик максаты демократия аркылуу гана жүзөгө ашат деп эсептейм. Кандай гана коом болбосун, эмне гана деп аталбасын эгер ал рухтун чыныгы эркиндигине негиз түзүп бере албаса, демек андан эч кандай майнап чыкпайт.
ЁЁЁ
Адабий алаканы жекече, же бир чакан топтун ич ара араздашуусуна айлантуунун куйтулук жолу качантан бери белгилүү, тайкы жол. Андай жол эч качан ийгиликке жеткирбейт. Кези келсе керкейип, кезинен ажыраса жанталашып арбаган, керт башынын дөөлөт, даңкын гана көздөп калган кишилер жийиркеничтүү, айрыкча андайлар адабият чөйрөсүнөн чыгып турса жан кашаят. Алар өздөрүнүн да, өңгөлөрдүн да өмүрүн кыят. Илгертен белгилүү го: жек көрүү адамдын акылын киргилдентет. Мына ушу эстен чыкпаса. Өңгөлөргө көз артуу, кызгануу, жек көрүүдөн өзүлөрүнүн көңүлдөрү киргилденген жаштарды билем.
Жарык дүйнөгө узак жашап, карыганча акыл кирбеген, өз өнөкөт өнүмсүздүгүнүн өчүн өзгөдөн алып, ар кандай карөзгөйлүктөн кайра тартпай калган, атүгүл бала бакчанын балдарына чейин өчөгүшүп басып жүргөндөрдү да билем. Өмүрүбүз чыны менен кыска экенин, карылык деген кечигип болсо да жанталашып өз көмөчүнө күл тартууга берилген мөөнөт эмес, жарык дүйнөгө канчалык узак жашаганыбыз ошончолук зор бакыт экенин баарыбыз алдагачан түшүнсөк болмок. Жек көрүү, көз артуу, ызырынуу дартына жан кунарын жеңдирүү кишини жаркын күндүн ээси эмес, кара түндүн кулу кылат.
ЁЁЁ
Мындай бир парадокс нерсе ойдон кетпейт: социализмди куруп жатып, коллективден, коллективизмден чыккан эмне гана болбосун колдой берип биз индивид адамга, инсанга тиешелүү, айталы анын келечегине байланыштуу маселелердин көбүн көз жаздымда калтырыппыз. Өзүң бар болсоң, башка дүйнө да бар дегенден келип чыгалычы. Бүгүн билинип отургандай эң негизги жоготуу ушул экен. Көп нерседен, көп жагынан. Эмгек ажытында. Адамдын адамга мамилесинде. Анын чыгармачыл, дүйнө курар кудуретинде.
Инсандын асылнаркы бизде али өз ордун таба элек. Анан да биз ошо проблемаларга көңүл бурбайбыз, көргүбүз да келбей кол шилтеп кутулуп кете беребиз. А алар болсо жыйналып, ашып-ташып, бышып жетилип, адамдын мамлекетке, мамлекеттин адамга, адамдын коллективге болгон мамилелеринде ачык көрүнө баштады. Мына ушулардын баары чогулуп, биз азыр "кайра куруу" деген сөз менен атаган маселеде чечилиши зарыл. Кайра куруу деген кенен түшүнүк. Кимдир бирөөлөргө кайра куруу деген жалаң гана уюштуруу ишине, кадрларды орун алмаштыруу маселесине такалгансып көрүнөт, а башкаларга технологиялык, технократтык маселеге тиешелүүдөй туюлат. Менин оюмча, адам, инсан жана коом ортосунда алаканын коомдук-социалдык аспекттери эң негизги маселе.
ЁЁЁ
Албетте. Адабиятта да айкындык аба сыңары эле зарыл. Бирок, айкындыкты, мен жалаң эле үн кошуу деп түшүнбөйм. Бул маселени мен өзүмчө чечмелейм. Айкындык деген эркиндиктин бир бөлүгү. Экинчи бөлүгү - ошол айкындыктын эсеби менен натыйжалуулугу, мындайча айтканда көпчүлүктүн ой-пикири менен каалоосу. Эркиндиктин башаты ушундан ачылат. Эркиндиктин фактору болмоюн азыркы дүйнөдө өсүп-өнүгүү, өркүндөп жетилүү эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн бийик деңгээлине жетүү мүмкүн эмес. Албетте, журналистика, публицистика - булар болуп өтүп жаткан окуяларга карата эң алгачкы мамиле да, болумушка таасир этүүгө карай эң алгачкы аракет. Китеп, чоң адабият өз милдетин өтөп жатат, бирок алардын мүмкүнчүлүктөрү бир бөлөк да, публицистика менен журналистикада иш таптакыр башкача. Айрым учурларда көркөм адабияттан көрө так ошол публицистика көбүрөөк мааниге эгедер боло алат.

(Уландысы бар)
Жыйнаган
Кеңеш ЖУСУПОВ