, 03.07.09 - 5-бет:
  Ала-Тоо аймагында

"Рух Ордодо" - Айтматовдун каармандары
Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданият борборунда Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын скульпторлору катышкан эл аралык симпозиум өттү. Симпозиумга катышкан скульпторлор металлдан жана таштан Ч.Айтматовдун каармандарынын элестерин жаратышты. Ар бир сүрөтчү өзүнүн сүйүктүү каарманын жүрөктүн тереңинен чыккан сүйүүсү менен жасап, жандүйнө жана талант көрөңгөсүн жалпы катышуучулар менен тең бөлүштү. Симпозиумдун жабылышында катышуучуларга атайын жасалган Ч. Айтматовдун "коло" медалы, дипломдор ыйгарылды жана казак скульптору Е. Кудайбергенов "Кылым карыткан бир күн" романына арналган эмгеги үчүн биринчи орунду алып, 30000 (отуз миң ) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

Кайра иштетүүгө басым жасалууда
Белоруссиянын Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары Михаил Савельев жетектеген кайра иштетүү ишканаларынын жетекчилери менен айыл чарба адистеринин чоң тобу келишип, республикабыздагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын иштери менен таанышышты. Атайын сапар менен келишкен белоруссиялык өнөктөштөр 1-июлда Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев менен кыргыз ишкерлеринин, дыйкан чарба жетекчилеринин, фермерлердин катышуусунда эки өлкөнүн айыл чарбасындагы мамилелерди, жасала турган жумуштарды аныктаган протоколдук келишимге кол коюшту. Анын негизинде эми кыргызстандыктар Белоруссияга барышып, алардын айыл чарбасындагы иш-тажрыйбалары менен таанышып, биргелешип иштөөгө келишимдерди түзүшөт.

Суусамырда
малчылардын слёту өтүүдө
2-3-июлга белгиленген өлкө малчыларынын төртүнчү слётунда асыл тукум бодо мал, кой, эчкилердин көргөзмөсү болуп, мал чарбачылыгы боюнча окумуштуулар жана адистер малчыларга семинарларды өткөрүшүүдө. Иш-чарага 3-июлда Президент Курманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен кабарлашты.

"Дордой-Динамо" + "Камбар-Ата" 3:0
"Дордой-Динамо" футбол клубу Кыргызстандын чемпионатында кезектеги жеңишке ээ болду. Шаршембиде Кант шаарында нарындыктар Жалал-Абаддын "Камбар-Ата" командасы менен беттешип, 3:0 эсеби менен жеңди. Бул беттешүү биринчи айлампанын алкагындагы соңку беттешүү болгондугун белгилей кетмекчибиз. Ошентип, турнирдик таблицанын башында турган "Дордой-Динамо" командасы 24 упай менен алдыга озуп чыкты.

Бишкекке жаңы троллейбустар келет
Бишкекке жаңы троллейбустар келет. Бишкек троллейбус башкармасынын башкы инженери К.Айдаров билдиргендей, азыр шаарда бир жаңы троллейбус сынакта жүрүп жатат, кийинки аптада беш троллейбус келет, бардыгы болуп августтун аягында борбордо жети маршрут боюнча 21 жаңы троллейбус жүрөт. Ар бир троллейбустун наркы жеткирилип келиши менен 148 миң долларды түзөт.

Эркектерди сактагыла!
"Эркектердин ден-соолугунун апталыгы" кайрымдуулук акциясынын жыйынтыктары чыгарылды. Акция 21-июндан 28-июнга чейин өткөрүлдү. Акция өткөрүү убагында өлкөнүн бардык аймактары боюнча Кыргызстандын урологдоруна 6600 адам кайрылды. Борбордо врачтарга көрүнүүнү каалагандардын жалпы саны 3 миңден ашуун адамды түздү. Изилдөөнүн жүрүшүндө простатит, пиолонефрит, бөйрөктүн таш оорулары жана башкалар сыяктуу өтө кеңири таралган оорулар табылды.

"Кыргызгаз" Өзбекстанга 19 млн. доллар карыз
Учурда берилген отун үчүн "Кыргызгаздын" Өзбекстанга карызы 19 млн. долларды түзөт. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Замир Бекбоев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын беш айында Кыргызстанга Өзбекстандан 163,6 млн. кубметр газ берилген, бул 2008-жылдын ушул мезгилиндегиден 196 млн. кубметрге азыраак.

Катнаш катташпаса үзүлөт...
КРнын Улуттук илимдер академиясында Кыргызстан менен Казакстандын улуттук илимдер академияларынын ортосундагы илимий-техникалык келишимди ишке ашыруунун маселесин талкуулаган маалыматтык-консультациялык кеңешме өттү. Ага УИАнын президенти Ш.Жоробекова баштаган Кыргызстандын белгилүү окумуштуу-академиктери жана казак элчиси Б.Оспанов катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Б.Оспанов эки өлкөнүн өкмөт жетекчилеринин жана парламентарийлеринин жолугушуулары жөнүндө маалымат берип, мамлекет башчыларынын биримдик идеясынын ишке ашуусунда окумуштуулардын ролу зор экендигин белгиледи.

Билим берүү реформасынын концепциясы талкууланды
Жакында Туризм академиясында тегерек үстөл болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин сунушу менен иштелген Кыргызстандагы Билим берүү реформасынын Концепциясы талкууга алынды. Ошондой эле ЖОЖдордун билим берүүдөгү сапаттык жагына изилдөөнү өркүндөтүү ж.б. багыттарга айрыкча көңүл бурулду.

Жаңы банкноттор
1-июлдан тартып Кыргызстанда 20, 50 жана 100 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылгандыгын Улуттук банк маалымдады. Белгилей кетсек, республикада улуттук валютанын 20, 50, 100 номиналындагы банкнотторунун IV сериясы чыгарылган. Аталган банкноттордо мурдагы тарыхый инсандардын портреттери сакталып, оргиналдуу дизайн жана коргоо элементтери жакшыртылды. Коргоонун эң башкы элементи портреттерде микрошрифттерди пайдалануу болуп саналат жана аны кадимки принтерлерде басып чыгаруу мүмкүн эмес. Мындан тышкары 20, 50, 100 сомдуктардын пайдаланууда ыңгайлуулугу үчүн өлчөмү кичирейтилип, мындан 8-9 жыл мурун чыгарылган III сериядагы банкноттор менен акырындап алмашылат. Банкноттордун толук алмашуусуна 2-3 жыл талап кылынат.

Н.Мотуев А. Атамбаевге доо койду
Кыргызстандын президенттигине талапкер Нурлан Мотуев 30-июнда Биринчи Май райондук сотуна "Комсомольская правда-Кыргызстан" гезитине жана Алмазбек Атамбаевге доо койду. Доо арызын берүүнүн себеби, доочунун айтымында, А.Атамбаевдин 25-июнда "КП-Кыргызстан" гезитине жарыяланган үгүт материалдары болду. Көрсөтүлгөн материалдарда Шайлоо жөнүндө кодекс талап кылган маалыматтар жок. Н.Мотуев кодекстин 30-беренесинин 3-пунктун жана 35-беренесинин 2-пунктун эң одоно бузуу болду деп эсептейт. "Мен соттон бул бузууларга укуктук баа беришин жана мыйзам алкагында тиешелүү чечим чыгарышын талап кыламын. Шайлоо жөнүндө кодекстин ченемдерине ылайык "КП-Кыргызстан" гезитинин аккредитациясы жана президенттикке талапкер А.Атамбаевди каттоо жоюлуга тийиш. Мен мурда ушундай эле талаптар менен БШКга кайрылганмын. Мыйзамдар биз аларды сакташыбыз үчүн түзүлгөн, ал эми бул жерде ачык эле бузуулар болуп жатат", - деп белгиледи Н.Мотуев.

ЖОЖдордо жоопкерчилик жогорулайт
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги чет элдик жогорку окуу жайлардын биздеги филиалдарын жабуу маселесин көтөрүүдө. Бул туурасында аталган ведомствонун башчысынын орун басары Б.Кубаев билдирди. Анын айтуусунда, учурда Кыргызстанда 31 мамлекеттик жана 19 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары бар. Мындан тышкары чет элдик ар кандай жогорку окуу жайларынын 6 филиалы иш алып барат. Алардын дээрлик көбү россиялык ЖОЖдор болуп саналат. Ошондой эле Борис Кубаев быйылкы жылы Билим берүү жана илим министрлиги 50 жогорку окуу жайында аттестация өткөрүп, анын ичинен жети окуу жайга 2009-2010-окуу жылдарына кабыл алууга тыюу салынгандыгын билдирди.

Нурада жер титиреди
1-июлда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 06:30да Кыргызстан менен Кытайдын чегарасында күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынан түштүк-чыгышка карай 30 км. алыстыкта болгон. Нура айылында анын күчү 5 баллга жеткен.




Аалам алкагында
Кыргызстан 160-орунда
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 105 упай менен ФИФАнын жаңы рейтингинде 160-орунду ээледи. Бул туурасында ФИФАнын расмий сайты билдирди. Ал эми Өзбекстан 402 упай менен 78-орунда, Казакстан 204 упай менен 133-орунда, Тажикстан 183 упай менен 148-орунда, Түркмөстан 138 упай менен 151-орунда турушат. КМШ мамлекеттеринин командаларынан биринчи он командага Россия гана кирген.

Чептен эрдин күчү бек
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Орусияда КМШга кирген мамлекеттердин Асман чабуулунан коргонуу Бириккен тутумунун биргелешкен иш-чараларынын планына ылайык Аскердик аба күчтөрүнүн согуштук колдонуу жана күжүрмөн даярдануу борборунун "Күжүрмөн шериктештик - 2009" тактикалык машыгуусу өтөт. Буга Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын авиациялары катышат. Ушул машыгууга карата Бишкекте 97632-аскер бөлүгүнүн базасында биргелешкен күчөтүлгөн даярдык өткөрүлүүдө. Август айында Кыргызстандын Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн күжүрмөн эсептегилери "Ашулук" полигонуна жөнөтүлгөнү жатат. Ал жакта кыргыз ракетчиктерине С - 125 зениттик ракеталык комплекси берилет жана алар аны белгиленген мөөнөттө атууга даярдашат.

Россияда газ 10 пайызга кымбаттайт
2010-жылы Россияда газга болгон тарифтер 10%га, электр энергиясына тарифтер 5%га кымбаттайт. Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Эльвира Набиуллинанын айтуусунда, келерки жылы тарифтердин өсүшү быйылкы жылга салыштырмалуу төмөн болушу мүмкүн. Мында 2010-жылы электр энергиясынын наркынын индексациясы минималдуу болот. Маалыматка ылайык, 2009-жылы Россияда газга баа 16,3%га чейин, электр энергиясына баалар калк үчүн 25%га чейин өсөт. Буга чейин жыл башынан бери газга болгон баа 5%га, электр энергиясына 25%га өстү.

Людмила Зыкина дүйнөдөн кайтты
Москвада СССРдин эл артисткасы Людмила Зыкина каза болду, деп маалымдайт россиялык "Биринчи канал". Л.Зыкина ушул жылдын 10-июнунда 80 жылдык мааракесин белгилеген. Ал инфарктка чалдыгып, 25-июнь күнү Москвадагаы № 83 ооруканага жаткырылган болчу.

Майкл Жексон атасына мурас калтырган жок
Каза болгон Майкл Жексондун 2002-жылы жазып калтырган мурасы апасы Кэтринге жана анын үч баласына арналган. Ал эми анын айрым бөлүгү кайрымдуулукка жумшалат. Ушул жуманын аягында Лос-Анжелестин сотуна бериле турган мурас кагазында ырчынын атасы - Жо Жексондун аты аталбаган. Маалыматка ылайык, Майкл Жексон атасы менен мамилеси жакшы эмес болчу. Ал гана эмес поп-ырчы бала кезинде сахнага чыгаар алдында атасы сабаганга чейин баргандыгын айтчу. Бул мурас кагазы Жексондун мурдагы юристи Жон Бранк тарабынан түзүлгөн.

Тамеки тартууга тыюу салынды
Грецияда 1-июлдан тартып коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ушундан улам ар бир мекеме, ишканаларда чылым чеккендер үчүн атайын бөлмөлөр ачылышы керек, болбосо ал жерлерде тамекиге таптакыр тыюу салынат. Мыйзамды аткарбагандар айып пул төлөмөр болушат. Ал эми 70 чарчы метр аянтка чейинки ресторан ээлери зал бүтүндөй тамеки тартуучулар үчүн болобу, жокпу аныкташы керек. Мындан ири аянтка ээ болгон ресторандарда чылым чеккендерге атайын бөлмө каралат. Тамеки тартуучулардын бөлмөсүнө жашы жете электер киргизилбейт. Евростат статистикалык кызматынын маалыматы боюнча, Греция Европа бирлигиндеги эң көп чылым чеккен өлкө катары белгилүү. Бул жерде эркектердин дээрлик жарымы жана аялдардын төрттөн бири чылым чегет.