, 03.07.09 - 13-бет:
  Кыргызстанда биринчи жолу

Боорго жасалган уникалдуу операция
(Башталышы 1-бетте)
"Убагында Иса Коноевич альвеококкозго 17-18 жолу операция жасаган. Биз мындай операциядан 40ты жасадык. Бирок, биздин окумуштуу жаш хирургдар кан тамырларды, өт түтүкчөлөрүн жылаңачтап бөлүп алып боорго операция жасаган тарыхыбызда биринчи ирет болуп отурат. Боор сегиз бөлүктөн турат. Жаш хирургдарыбыз жаңы ыкма менен операция жасоодо боордун беш бөлүгүн алып салуу менен боордун калган үч бөлүгүн сактап калышты, адам боорунун калган бөлүгү менен жашай берет. Биздин жаш хирургдар оор операцияларды батыл киришип калышты. Артыбыздан келаткан шакирттерибиздин активдүүлүгүн көргөндө көңүлүм жайлана түшөт", - дейт КРнын эмгек сиңирген врачы Х.Бебезов.
Чындыгында салмагы 1,5 килограммдай келген боордун көбүн кесип салып, азын калтыруу менен адам өмүрүн сактап калуу тажрыйбаны, билимди жана хирургдук туюм менен көрөгөчтүктү талап кылган нерсе. А сейрек жасалчу мындай операцияны ишке ашырган таланттуу хирург, профессорлорубуз: Бахадыр Бебезов, Нурлан Мамашов жана Азимбек Буларкиев. Бахадыр Хакимович "Мындай операцияга камданып жатып, кандай сезимде болдуңуз?" деген сурообузга "Биз боордун көп бөлүгү жабыркап калганын билгенбиз. Дарт боордун сол тарабынан оң тарабына өтүп бараткан. Жабыркаган бөлүктөрдүн баарын алып салдык. Тилекке каршы көпчүлүк оорулуулар шишик өтө чоңоюп кеткенде гана билишет. Элде бул жөнүндө маалымат аз", - дейт операциянын бөтөнчөлүгү тууралуу айрыкча басым деле жасабай. Андыктан 16 жылдык хирургдук тажрыйбасы бар, жогорку категориядагы врач, медицина илимдеринин кандидаты Долон Сакмаматовду кепке тарттык.
"Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Б.Бебезов, Н.Мамашов, А.Буларкиев Москванын онкология илим-изилдөө институтунун боор жана уйку бези бөлүмүнөн 2 айлык стажировкадан өтүп келишти. Ал жакка өз күчтөрү менен барышып, боор менен уйку безиндеги шишик ооруларын жаңы ыкма менен жасоону үйрөнүп келишкен эле. Мына ошол ыкма менен үч татаал операция жасашты. Анын экинчиси Ат-Башыдан келген 57 жаштагы А.Усенованын бооруна жасалган операция. Альвеококкоз эхинококкоздун бир түрү, муну рак менен салыштырышат. Ошондуктан буга батынып, операция жасагандар саналуу эле.
Операция 4,5 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Бул ыкманын бөтөнчөлүгү кан тамырларды, өт түтүкчөлөрүн бөлүп, "ажыратып" алат. Оор операцияда кан жоготуу болбосун үчүн аларды байлап коюшат. Ошол себептен татаал, узакка созулган операция экенине карабай 200 граммча гана кан кетти. Бул операциянын татаалдыгы эмнеде эле? Анткени, боордун жабыркаган бөлүкчөсүнөн соо бөлүкчөсүнө кан тамырлар аркылуу дарт жугуп, көп бөлүгүн жабырлантып салган. Операция учурунда боордун жабырланган бөлүкчөлөрүнүн баарын алып салууга туура келген. Оорулуу 12 күндө сакайып, ооруканадан чыгып кетти. Мүнөздөп тамак ичүү менен эми ал кадимкидей жашай берет", - дейт Долон Сакмаматов.
Биз сүйлөшүп жаткан маалда ичеги-карын бездери бөлүмүнүн башчысы профессор Арабай Мамытов баштаган хирургдар дагы бар татаал операция жасоого кирип кетишти. Адам өмүрү үчүн күрөш. А адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Андыктан заманбап ыкмаларды үйрөнүү менен кесиптик чеберчиликтерин өстүрүп, эң татаал, оор жана миң сандаган операцияларды жасап жатышкан хирургдарыбызды, күн-түн дебей адам өмүрүн ажалдан арачалаган жалпы эле ак халатчандарыбызды кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Көчмө экспедиция

Мыкты дарыгерлер тоолуу аймактарга
Республикабыздын аймагынын жарымынан ашыгы деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Ошондуктан мындай жерде жашаган адамдар бийик тоолуу жердин катаал шарттарынын таасирин сезбей койбойт.
Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун кызматкерлери жүргүзгөн көп жылдык изилдөөлөр жана байкоолор Ысык-Көл жана Нарын облустарынын алыскы бийик тоолуу райондорунда жашагандардын арасында ооругандардын жана өлүмдүн көрсөткүчүнүн чоң экенин көрсөттү. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр жана бронхөпкө оорулары боюнча кырдаал начар. Аталган оорулардан каза болгондор тоонун этегиндеги аймактарда жашагандарга караганда 2-2,5 эсе көп. Мына ошол себептен Президент жана Өкмөт бийик тоолуу жерди байырлаган адамдардын ден соолугун чыңдоо менен байланышкан маселелерди чечүүгө айрыкча маани берүүдө.
КРнын Өкмөтүнүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосунда июль-август айларында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын эң алыскы бийик тоолуу райондоруна врачтардын көчмө экспедициясы калктын аялуу катмарына медициналык жардам көрсөтүшмөкчү. Белгилей турган нерсе көчмө бригада менен кардиология жана терапия улуттук борборунун дарыгерлерине кошулуп биринчи жолу Россиянын алдыңкы адистери да баратышат. Анткени, экспедиция көп профилдүү. Кыргызстандын жана Россиянын мыкты кесипкөй профессорлору жана врачтары тоолуу аймакта жашагандардын ден соолуктарын текшерүүдөн өткөрүшүп, заманбап технологияны колдонушуу менен дарылоо-консультациялык жардамдарын беришет. Ошол эле кезде экспедициянын алкагында аймактык ооруканалардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында үй-бүлөлүк дарыгерлер жана фельдшерлер үчүн актуалдуу маселелер боюнча семинар өткөрүү да каралган.
Баса, 18нен 25-июнга чейин кардиология жана терапия улуттук борбору жана медицина илимдеринин доктору, профессор Т.Сооронбаев жетектеген Торакалдык коом тарабынан калкка жана өнөкөт бронх өпкө оорулары, анын ичинде бронх асмасы менен ооругандарга практикалык медициналык жардам көрсөтүү, бул жаатта кырдаалды жакшыртуу үчүн Ош шаарына көчмө экспедиция уюшулган. Анын аркасында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана облустук бириккен ооруканасынын жетекчилиги менен биргеликте облмамадминистрациясынын жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен облустук бириккен ооруканасында "Астма-клуб" ачылды. Ал учурдун талабына шайкеш келген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Клубда мыкты даярдыктагы врач жана медсестра иштешет. Каалаган ар бир адам клубга кайрылып акысыз текшерилип, маалымат жана квалификациялуу жардам ала алышына шарт түзүлгөн. Келечекте Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өнөкөт респиратордук ооруларга каршы Глобалдык альянсы "Астма-клубга" ар тараптан жардам көрсөтмөкчү.
Ушул көчмө экспедициянын алкагында агартуу семинары, кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, Ош шаарында жашаган 300 адамга ар кандай жардамдар берилди.
Алыскы, тоолуу аймакта жашаган жарандарыбыз алар үчүн атайын медициналык көчмө экспедиция уюшулганына, дасыккан, өз ишинин устаттары болушкан мыкты врачтар келишип, текшерип, дарылап, кеп-кеңештерин берип жатышканына ыраазы болушууда. Мындай көчмө экспедиция жылына болуп турса дешет айылдыктар.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Арабызда ушундай адам жашайт
Балдарга арналган өмүр
Самидин Кулиев медицина тармагындагы өзүнүн жолу, өзүнчө чыйыр салган улуу муундун классикалык өкүлү десек жаңылышпайбыз. Үлгү боло турган, жогорку класстагы профессионал хирург-ортопед.
Дүйнөдө теңдеши жок Арстанбап жаңгак токоюн коюнуна орогон Бабаш-Ата тоолорунун куюлуп түшкөн Тентек-Сайдын шамалына торолуп-торугуп өскөн балалык чагында ушундай даражага жетемин деп ойлоду бекен? Канткен менен бул да болсо өз учурунда "каруусун казык" кылып жер иштеткен иштерман, жөнөкөй дыйкан атасынын жанында "жеңилин жерден, оорун колдон алып" жүргөндөгү эмгекке эрте каныккан, мээнеткечтигинин үзүрү го. Самидин Кулиев балдардын ортопедия жаатында өзүнүн мектебин түзө алган, өлкөбүздө кыргыз адистеринен адистигин тыкыр өздөштүрө билген алгачкы карлыгачтардын бири десек болот.
Травматологиянын ортопедия бөлүмү өтө татаал кесип. Хирургдар операция жасап, бир күндө эле жыйынтыгын чыгарып коё алышса, ал эми ортопеддер сөөк, муун оорусу, колу-буту, мойну кыйшык болуп калган балдарга бир эмес бир нече жолу операция жасоо аркылуу ордуна келтиришет экен. Ар бир оорулуунун дене мүчөсүнүн түзөлүшү, сөөкпү, тарамышпы миллиметр, сантиметрлеп өстүрүш үчүн айлап эмес, жылдаган эмгек талап кылынат экен. Мындай түйшүктүү ишке бардыгы эле чыдай бербейт болуш керек. Ортопедия мына ушунусу менен татаал тура. Ушундай узак мөөнөттү камтыган дарылоо процессинин негизинде балдарды бутуна тургузуп, нечендеген ата-энелерди, наристелерди бакытка бөлөп келет. Албетте, буга каныккан билим, талбас тажрыйба, кажыбас эмгек талап кылынат эмеспи.
Самидин Кулиевичтин дагы бир өзгөчөлүгү: биринчиден, ал балдардын ортопедия жаатындагы тубаса кемтиктер, тубаса оорулар боюнча кесипти аркалаган кыргыздан чыккан эң алгачкы адистердин бири болсо, экинчиден, анын басып өткөн жолун карап көрсөк, "өзүнүн киндигин өзү кескен" инсан. Эч кандай жардамы жок, ушул даражага, ушул бийиктиктерди багындырган кыргыздын чыгаан дарыгери. Анткени, ал өзүнүн кесибин терең билет. Тилинен да, колунан да келет. Ошону өз деңгээлинде айтып, түшүндүрүп бере алат.
Эгерде Самидин Кулиевдин өжөр мүнөзү болбосо, тартипти темирдей кармаган талабы болбосо, ушундай бийиктиктерге жетүү кыйын эле да. Андан калса кыргызда:"Басмайылдын кысканын жигит билбейт, ат билет. Жигиттин чыгаанын жакын билбейт, жат билет" демекчи, Самидин Кулиевичти базаркоргондук туугандары деле ушу кишинин канчалык деңгээлде бийик экенин, канчалык деңгээлде кыргыз элине чоң эмгек жасаганын, чоң дарыгер экенин билбегендери көп" деген кесиптештеринин айткан сөздөрү да калетсиз. Ошондуктан дарыгерди бүт кыргыз эли эмес, СССРдин учурунда Союзга таанымал адис, учурда эл урматтаган кадырлуу инсан.
Самидин Кулиевичтин дагы бир өзгөчөлүгү ал өз үй-бүлөсүндө медиктердин династиясын түзө алды. Келинчеги да учурунда врач болгон. Эң чоң уулу Болот Кулиев да медициналык милдетти аркалап, атасынын жолун жолдоп, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтунда врач-ортопед болуп иштеп келе жатат. Медицина илимдеринин кандидаты. Кызы Элмира Кулиева да медицина боюнча илим жактап, өз кесиби менен үзүрлүү иштеп жүрөт.
Экинчи уулу - Алмаз Кулиев баш калаадагы Курчатов атындагы мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы физика-техникалык институтун кызыл диплом менен бүтүргөн. Азыр Америкада компьютердик-техника боюнча доктор-физик, философ даражасына жетип олтурат. Техас штатынын Хьюстон шаарында иштейт. Мындай үй-бүлөлөр, чындыгында бардык жерде эле кездеше бербейт.
Самидин Кулиевич балдардын ортопедия тармагына бүт өмүрүн арнап, анын азабына да, кыйынчылыгына да кайыл болуп, кырк жылдан ашык бир жерде иштеп келе жатканы алкоого арзыйт. Анын инсандык бийик сапаты, жөнөкөйлүгү, ишке болгон дилгир мамилеси жөнүндө узун сөз кылуу бир эсе кызык, бир эсе сыймыктуу. Ушундай адамдардын арабызда көп болгону ашып-ташкан ырыскы-дөөлөт деп түшүнүүгө болот .
Мезгил бардыгына тараза деп калетсиз айтылган. Андан өткөн калыс, адилет сынчы жок го. Ушундан уламбы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" Самидин Кулиевич ак халат кийип адамдардын, анын ичинде балдардын ден соолугуна шыпаа таап, өз ишинде таза мээнет кылуу максатынан тайбай келет.
Шекербек КАЛЫКОВ