, 30.06.09 - 4-бет: Баткен өнүгүүгө багыт алды
Кечээ Президент Курманбек Бакиев Баткен жергесине келип, самолеттон түшөрү менен эле борбордук стадионго жаңыдан курулган спорт комплексинин ачылыш аземине катышты. Шаар тургундарынын өтүнүчтөрүн четке какпай, демөөрчүлүк кылган Жогорку Кеңештин депутаты Арзыбек Бурхановго кыска аралыкта 12 млн. сомдук спорт комплексин куруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ө лкө башчысы спорт менен машыга башташкан жаштар менен баарлашууга да үлгүрдү. Ал турсун бокс боюнча өзүнүн кеп- кеңештерин берип, жаш өспүрүмдөрдү спорт менен көбүрөөк машыгууга үндөдү.
Андан соң президенттикке талапкер катары К.Бакиев шаардын эс алуу багында эл менен жолугушту. Кадамжай жана Баткен районунун Баткен шаарына жакын жайгашкан айыл округдарынан атайын президенттике талапкер К. Бакиев менен жолугушууга келишкендердин саны болжолдонгондон алда канча көп болуп, эс алуу багына эл батпай турду.
Президентикке талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Миталип Тайиров сөз алып, К.Бакиевдин кыскача өмүр баянын тааныштырды. Андан соң, Президенттике талапкер К.Бакиевге сөз берилди. К.Бакиев мамлекет башчысы болуп тургандан берки төрт жыл аралыгында аткарылган иштерге кеңири токтолду.
Өлкө ичинде жасалган ири жетишкендиктерди белгилеп өткөн К.Бакиев кыска убакыттын ичинде Кыргызстандын эл аралык алкактагы тынымсыз өсүп жаткан кадыр-баркын да айтып өттү. Анын натыйжасында өлкөнүн тышкы карыздары кыскарып, тескерисинче өлкөнүн экономикалык-социалдык абалы жакшырган.
Региондордун күн санап ар тараптуу өнүгүп жаткандыгын так маалыматтар менен айткан К.С.Бакиев Баткен обулусунда акыркы мезгилдердеги жасалган иштер жөнүндө да маалымат берди. Жол, чек ара жана суу маселесине байланышкан көйгөйлөр чечилип, учурда Өзбек, Тажик Республикаларына көз карандысыз эл аралык стандартта курулган жолдор, ошондой эле пайдалануунун алдында турган цемент заводу жөнүндө да кеңири айтып берди.
Карапайым калктын арасында президенттикке талапкер К.Бакиевди колдоп сүйлөймүн дегендер көп болду. Бирок убакыттын тардыгына байланыштуу алардын баарына сөз берилген жок.
"Баткендиктер Бакиев менен, биз сиздин гана талапкерлегиңизди колдойбуз, Баткен жергесинин көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйүн чечип жатасыз, аны улантыңыз!" - деген каалоо, тилектерди айткандардын арасында врачтар менен мугалимдер да бар эле.
Жолугушууда жаштардын атынан сөз алып сүйлөгөн Данияр Ульмасов көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан ачык, таамай, так сөздөрү менен К. Бакиевдин талапкерлигин колдоого чакырды.
Жолугушуунун соңунда аксакалдардын атынан Пирмамат Төлөмүшов сүйлөп, кыргыз элинин башка элдерден айырмаланган өзгөчүлүктөрүнө токтолуп, президенттикке талапкер К.Бакиевге жалпы элдин атынан ак батасын берди.
А.Акматов




Ажолук ат салыштын алгачкы аптасы
Талапкер жүрүш
"Той да болор, тойдун эртеси да болор" дегендей, мынакей, президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт иштеринин башталганына бир апта өтүп кетти. "Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт", "Алыбек алына жараша" дегендей, катталган алты талапкер өткөн жумада мыйзам боюнча дубандарды кыдырып, үгүт иштерин башташмак. ЖМКлардын бардыгы "аламандын" бул алгачкы кадамдарын колдон келишинче эле чагылдыргандай болушту. Ошентсе да өткөн аптанын негизги окуясы болгон бул талапкер жүрүштүн башталышынын урунттуу учурларын окурмандардын эсине салып коюуну туура көрдүк.

Бардыгыбыз байкагандай, Кыргызстандын президенттигине оппозициядан аттанган талапкерлер өз үгүт өнөктүгүн түштүктүн эли менен жолугушуудан баштаса, алардын атаандаштары түндүктөн башташты. Алардын үгүт иштеринин жүрүшүнө "Таза шайлоо үчүн" коомдук кыймылы баштап, жалпы коомчулук көз салып турду.
Албетте, "миң уккандан бир көргөн" дегендей, үгүт ишинде шайлоочулар менен көзмө-көз жолугушууга эч нерсе жетпейт эмеспи. Ошондуктан талапкерлердин ар биринин бул мүмкүнчүлүктү колдон келишинче пайдаланууга аракеттенери түшүнүктүү. Темир Сариев өз жүрүшүн Баткен облусунан баштаса, Алмазбек Атамбаев Жалал-Абаддан, Курманбек Бакиев менен Токтайым Үмөталиева Таластан башташты. Жер-жерлерден ар кандай, кээде карама-каршы маалыматтар келип жатты. Мисалы, үгүт жүрүштүн биринчи эле күнү Жогорку Кеңеште КСДПнын депутат айымы Р.Отунбаеванын Президент К. Бакиев жолугушууда жүргөн Таласта шайлоочуларга облустук укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүү болуп жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн Талас менен ошол эле жерден телефон аркылуу байланыша коюп, депутат Р.Тагаев жокко чыгарды.
Ал эми Алмазбек Атамбаев Базар-Коргондогу жолугушуусунда шайлоочуларынын көбүн иренжитип алды. Бул жолугушуу жөнүндө "Асман press" гезити "Эх, Атамбаев... Аракка тоюп алып эл алдына чыкканча, арык чапкан дыйкандын катарында тынч жүрө берсең туура болмок..." деп жазып чыгып, бул материалын жолугушууда тартылып алынган сүрөт-фактылардын сериясы менен коштоду. "Жаңы Ордо" гезити да "Асман pressке" окшоп эле талапкердин мас абалындагы сүрөтүн биринчи бетине басуу менен аны "алМАСбек Атамбаев" деп атады. Ал эми "Агым" гезити "Атамбаевге арак саткандардын көзү тийдиби?" деп суроо салган макала жарыялады. Айтор, бул сүрөттөр менен макалаларга ишенсек (кантип ишенбей коё алабыз), тилекке каршы, бул ирет Алмазбек мырза жаза басып, буга чейин "кашыктап чогулткан абийирин чөмүчтөп чачып алды" көрүнөт.
Өкмөттүк эмес үч уюм биргелешип түзгөн "Таза шайлоо үчүн" коомдук кыймылынын аймактардагы активисттери Темир Сариев менен Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдында түзүлгөн штабдарында жолугушуу учурларында аларга катышкан жарандардын санын көбөйтүп билдирүүгө аракеттенип жатышкандыгын белгилешти ("24. kg" маалымат агенттиги). Эң көп эл азырынча мамлекет башчысы К.Бакиев менен жолугушууларда катталууда.
Ал эми элди ойдо жок ойлору жана иштери менен таң калтырып келе жаткан Жеңишбек Назаралиев үгүттүн да башкача ыкмаларын тандап алганы байкалды. Ал онлайн-конференция уюштуруу менен интернетти пайдалануучуларга көбүрөөк ык коюуда. Анын акыркы жаңылыгы - талапкерлер ортосундагы теледебаттар боюнча Боршайлооком өткөргөн чүчү кулакта каршылашы катары туура келип калган талапкер Нурлан Мотуев менен теле таймашка чыгуудан баш тарткандыгы болду. Алтынчы талапкер Нурлан Мотуев эмне иш кылып, "кандай балээни" баштоону ойлонуп жатканын эч ким билбейт. Анын штабы азырынча "талкан сугунуп алгансып", эч бир сөз айта элек.
"Таза шайлоо үчүн" коомдук кыймылынын маалыматтарына караганда үгүт жүрүштүн алгачкы жумасы тынч өттү. Ошол эле убакта оппозициялык партиялардын талапкерлеринен шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бут тосуулар болуп жатат деген даттануулар угула калууда. Бирок азырынча мындай арыздар менен эч ким сотко кайрыла элек. "Таза шайлоо үчүн" коомдук кыймылы кырдаалга объективдүү баа берүү үчүн тигил же бул саясый лагердин таламын талашуудан алыс. Азырынча эл оозунда "бийлик бул күрөштө административдик ресурсту колдонушу мүмкүн, ал эми оппозиция жеңилип калгандан кийин шайлоонун жыйынтыгына ишенбейбиз" деп чыгат деген гана сөздөр бар.
Ошол эле учурда интернет барактарында жана айрым басылмаларда "Норма" деп аталган социологиялык кызмат шайлоочулар арасында жүргүзгөн алгачкы социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгы жарыяланды. Ал иликтөөлөр боюнча алдыда турган президенттик шайлоодо азырынча алдыңкы орунда Курманбек Бакиев бара жатат.
Жуманын аягында К.Бакиев Чүй облусунун батыш бөлүгүндө үгүт иштерин улантты. Ал Сокулук, Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун жана Ак-Суу айылынын тургундары менен жолукту.
А.Атамбаев үгүт өнөктүгүн түштүктө улантып, Баткен облусунда жүрөт. Ал Лейлек районунун Катран айылында жана Исфана шаарында болду.
Талапкер Т.Сариев Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Ал шайлоочулардын суроолоруна жооп берүү менен: "Ак шумкар" жана КСДП - эки башка партиялар, ошондуктан алар өз-өзүнчө өнүгүүгө тийиш," - деп белгиледи.
Талапкер Токтайым Үмөталиева үгүт өнөктүгүн Ысык-Көл облусунда улантып, Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту. "АКИpress" агенттигине берген интервьюсунда шайлоочулар менен жолугушуулардын графигин "сабатсыз адамдар" түзгөндүгүн, ошондуктан көп адамдар аны менен жолугушууга келе албай калып жаткандыгын айтып даттанды. Ал эми жолугушуулардын графигин Боршайлоокомдун кызматкерлери түзөрүн эсиңиздерге сала кетели.
Жеңишбек Назаралиевдин штабында болсо, ал кишинин азыр кайда жүрүп, эмне иш кылып жаткандыгын билбей тургандыгын айтышты.
Нурлан Мотуев мырза да азырынча "дымып" жаткансыйт.
Жетиген,
Бишкек шаары




Уран калдыктарынын коркунучу Женевада талкууланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов кечээ Женева шаарында Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын проблемасы боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык форумдун ишине катышты.
Эл аралык форумдун катышуучулары иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын коопсуздугу, улуттук проблемалары, аймакта алардын экологиялык кесепеттери, глобалдуу чечимдерди кабыл алуу жөнүндө бир катар маселелерди талкуулашты.
Жыйындын катышуучулары тарабынан биргелешкен Резолюциянын кабыл алынышы эл аралык форумдун жыйынтыктоочу документинен болуп калмакчы.
Өкмөт башчысы И.Чудинов ошондой эле Швейцариянын ири эл аралык уюмдары жана бизнес-түзүмдөрдүн башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Эл аралык форумдун жүрүшү тууралуу материал гезиттин келерки санында толук жарыяланат.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ