, 30.06.09 - 16-бет: Акжолдун тасмасы аалам аралап жүрөт
Жаш режиссер Акжол Бекболотовдун болгону 17 мүнөттүк "Камсанабаңыз" фильми "Айтыш Фильм" киностудиясы менен "Ой Арт" продюсердик борборунда Hivоs фондунун колдоосунда тартылып, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын I Улуттук жаш кинематографисттердин "Үмүт"кинофестивалында Гран-Прини утуп алган. Ошону менен бирге эле ага жаңы фильм тартуу үчүн 3 миллион сом өлчөмүндөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн.
Андан сырткары фильм кыска эле аралыктын ичинде баш-аягы 20дай эл аралык кино фестивалдарга катышып, Стамбулдагы студенттердин жана жаштардын "Айдын доган" эл аралык кинофестивалында, андан кийин Тегеран Эл аралык кыскаметраждуу фильмдердин кинофестивалында Гран-Прилерди 3 миң евросу менен утуп келген. Мындан сырткары Акжол ушул эле тасмасы менен сынактарда бир канча акчалай жана атайын сыйлыктар менен кайткан.
Ал 1983-жылы туулган, гороскоп боюнча - Бийкеч. Бойдок. Киного чейин кароолчулук, офи-
цианттык, ашпозчулук, чач тарачтык кесиптерди да аркалап келген. Мектепти бүткөн соң эки жыл бою жогорку окуу жайына өтө албай жүргөн. Учурда "Айтыш Фильм" киностудиясынын оператор-коюучусу.
Сагынганы - жайкысын жайлоонун бышкан маалында Эки-Нарындын тоолорунда ат минип алып мал кайтаруу.
Жаман көргөнү - компьютерде текст терүү.
Кыйналганы - уйку.
ЁЁЁ
- Акжол, жолу абдан үзүрлүү, бирок 17 гана мүнөттүк "Камсанабаңыз" тасмасынын жаралышына токтоло кетсең?
- Бул фильм Кыргыз-Түрк Манас университетинде окуп жүргөн кезимде дипломдук ишим катары тартылган. Оңдой берди болуп, ошол учурда университет "Ой Арт" продюсердик борбору менен бирдикте тогуз айлык режиссердук курстарды өткөзүп калды. Ал курста окуп жүргөнүмдө курстагы 25 баланын ичинен 8 жакшы сценарийди тандап алып, аны фильм кылып тартууга көмөк көргөзмөй болушту. Менин сценарийим да ошол тандалган сегиз сценарийдин ичине кирип калды. Ошентип фильмди эки айдын ичинде өзүм иштеген "Айтыш Фильмде" тартып, монтаждап бүтүрдүм.
- Фильмиңдин каармандары жеткинчек, тестиер балдар болгон менен алардын жараткан образдарында кандайдыр ишенимдүүлүк бар. Буга режиссер кантип жетише алган?
- Өзүмдүн режиссерлук тажрыйбам болбогондуктан, алгач: "Бул ролдорду чыныгы көчө балдарына берсем дал өзүндөй аткарып беришет", - деген ой кетти. Бирок даярдык башталган учурда ал балдарды бир күн тартсаң, туруктуу жашаган жери жок болгондуктан экинчи күнү ал жерден таппай калаарымды түшүндүм да, кайра бул оюмдан айныдым. Экинчиден, алар ар убакта бир жерде, бир иштин үстүндө көп убакытка кармалбасына көзүм жетти. Улуу муундагы кесиптештеримен сураштыра келсем кыргыз киносунда буга чейинки балдардын образдарынын көбүн Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучулары жаратып кетишкен экен. Аталган мектеп-интернатка барып алгач туш келген эле класска кирип, жөн-жайыбызды түшүндүргөндө эле эки шок бала суурулуп чыгып, ролдорго алуумду жабышып алып абдан сурынышты. Балдардын бардыгы тең эле бирдей да, мага ал экөөнүн кашкөйлүгү, мүнөздөрүндөгү көктүк жакты. "Мынчалык каалап жаткан соң, жакшы ойноп бергенге болгон аракеттерин жумшайт", - деген ойдо ошол эки баланы тандап алдык. Экинчиден, сырткы келбеттери, жүздөрү биз элестеткен каармандарга дал келип турду. Кийин съемка көргөзгөндөй, биз жаңылган эмес экенбиз. Ойноок мүнөз, музыкалык табити күчтүү эки тестиер биздин съемка аянтчабызды аба ырайына, жер шартына, курсактарынын ач-тогуна карабай ар күндү майрамга айлантып турушту. Айтор, эки кейипкерибиз актерлук гана эмес, толгон-токой өнөрлөргө ээ балдар болуп чыгышты.
Бул жерде фильмде иштеген жалпы жамааттын да салымы чоң болду. Алардын уюшкан профессионалдык эмгегисиз менин колумдан көп нерсе келбес эле.
- Фильм тартылгандан
кийин: "Кап, бул жерин момундай кылсам болмок экен" деген, кечиккен өкүнүч болгон жокпу?
- Автор катары купулума толбой калганы - фильмдин үнүн кайра жаздырууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыктан тартуу учурундагы үндөр, мисалы шумкардын үнү ошол боюнча фильмге кирип кеткен. Экинчи жагы - фильм үчүн композитор менен сүйлөшүп, оригиналдуу музыка жаздырганга шарт, мүмкүнчүлүк болгон жок.
- Фильм фестивалга катышып келди, телеканалдардан көрсөтүлдү, эми анын мындан аркы жашоосу кандай болот деп ойлойсуң?
- Жакында эле Дубай эл аралык фестивалы фильмди өзүнүн архивине-библиотекасына калтыруу өтүнүчү менен кайрылды. Азыр документтер даярдалып жатат. Мында фильм бул абройлуу фестивалдын интернет порталында ар
дайым жүктөлүп турат дагы, аны каалаган адам бекер көрө алат. Андан сырткары мындан кийинки фестивалдарда сыйлык алган фильм катары конкурстан тыш көргөзүлүп турат. Башкача айтканда, фильмдин өмүрү бул фестивалдын өмүрү менен кошо уланат.
Андан сырткары жакында өздөрүнүн сыйлыгын тартуулаган Германиянын ARTE телеканалы фильмди сатып алганы жатат. Келишимдин шартына ылайык бул белдүү телеканал "Камсанабаңызды"жакынкы эки жыл аралыгында Европанын бардык өлкөлөрүндө көргөзүү укугуна ээ болот. Бул сыяктуу сунуштар фестиваль, телеканалдар, каталогдордон да болуп жатат. Бирок жакын арада ишке ашканы ушул экөө.
- Кийинки фильмиңде кайсы темага кайрылайын дейсиң? Же көчө балдары, тарбиясы тууралуу да толук айтпай калган ойлоруң барбы?
- Бул фильм менен көчө балдарынын көйгөйлөрүн толук айтып салдым деп эсептебейм. Бул тема ар убакта жаңыча көз караш менен карала турган тема. Балким бир убакта кайрылып келишим деле мүмкүн. Анткени ушул көрүнүштүн ичинде эле толгон- токой маселелер, түйүндөр чечилбей жатат. Бул нерсе биздин коомдун өксүгү. Андыктан көздү жумуп алып бар проблеманы жок деп жасалма түр көргөзбөй аны чечүүгө аракет кылганыбыз оң.
Ал эми баштайын деп турган долбоор да бүгүнкүнүн бир өксүгү - жумушсуздук тууралуу кыскаметраждуу фильм болот.
Жыпар ИСАБАЕВА
"Кыргыз Туусу"






"Аманат ыр"
Жакында "Учкун" басмасынан жазуучу Аман Нааматовдун эки китептен турган "Аманат ыр" аттуу көлөмдүү романы жарык көрүп, окурмандардын колуна тийди. Китептин бетачары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде өткөрүлүп, белгилүү окумуштуулар, сынчылар, акын-жазуучулар өз ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин билдиришти.
ске сала кетсек, жазуучу А.Нааматов жазуучулук өнөрүн алгач балдарга арнаган. Өспүрүмдөр үчүн жазылган "Менин комиссарым" деген аңгемелер жыйнагы, "Коңгуроолуу айыл", "Ырдалып бүтпөс ыр" повесттери жаш муундардын сүймөнчүлүгүнө айланган. "Бай-сейит баатыр", "Чолпон Баекова" аттуу даректүү баяндары, улуу акын Барпыга арналган "Ак жылдыз" драмасы менен көпчүлүктүн көңүлүнөн кетпеген "Өзөктөгү өрт" романы китеп болуп ар кыл жылдарда басылып чыкканы белгилүү.
Ал эми жаңы чыккан "Аманат ыр" - тарыхый роман. Ал эки доордогу окуяларды ичине камтыйт. Чыгармада союз мезгилиндеги республикабызда талыкпаган күжүрмөн эмгеги жана жасаган өрнөктүү иштери менен калың журтка даңаза болгон мыкты адамдардын баштарынан өткөргөн окуялары, жашоо-турмуштары чагылдырылат. Ошону менен бирге мамлекетибиздин эгемендүүлүк алгандан кийинки демократиялык жолдогу жашоо чындыгынын көз ирмемдери көркөм жана элестүү сүрөттөлөт.
Адамзат үчүн бу жарык дүйнөдө эң башкы нерсе руханий байлык болуп эсептелери белгилүү. Андыктан, улуулардын башынан өткөргөн тарыхын, өмүрдүн улуулугун, жашоонун сулуулугун сездирген керемет сырларын жана эмгектенүүнүн эсепсиз жыргалы менен түбөлүк өлбөс-өчпөс ырларын кийинки муундарга жеткирүүнү Аман Нааматов өзүнүн жазуучулук милдети жана мойнундагы аманат парзы деп сезген. Ошондуктан чыгармасын "Аманат ыр" деп атаган. Окурманды жаркын ойго багыттап, көңүлүнө көктөм жаздай таасир калтырган чыгарманын урпактар үчүн тарбиялык мааниси зор.
Айша АЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"