, 30.06.09 - 14-бет:
  Накыл

Пейил оңолмоюнча өнүгүү болбойт
Бул жашоодо күн менен түн, кайгы менен кубаныч,өлүм менен тирүүлүк, оору-сыркоо, ачарчылык,доорлордун алмашышы, кан күйгөн согуштун алааматтарына улуу муундар күбө болушпадыбы. Береги Ала-Тоо аймагында далай жолу суулар ташкындап, канча тоолор суусу соолуп урабады, канча тоолор күкүм болуп кулабады. Эл деген түгөнгүс кенч, соолгус булак, агып жаткан дарыя тура.

нтеллигенттик сапат шляпа менен галстукта эмес, акылдуулук менен милдеттүүлүктө, кең пейил туруктуулукта. Галстук такпай деле мыкты иштесе болот да. Бир акылман: "Бурай-бурай сөз келди, балам, бурачы жерге кез келди" деп, жай турмуштук көрүнүштөрдү санап келип, бул дүйнөдөн акыл-эстин байрактары, үй-бүлөнүн көзүрлөрү, эмне деген көк жал эрлер өткөндүгүн, армансыз дүйнө болбостугун дары сөздөрү менен чагылдырган экен.
"Калк айтса, калп айтпайт, карынын калыс сөзүнө камыкпай капка сал, карынын сезими актай барак, ал эмне айтса ошол калат" деген кеп бар. Оппозиция жөнүндө учкул ойлорун ортого салгандар: Э.Калдаров, Р.Момбеков, К.Назиров, К.Токтошев, М.Рахманкулов уулдарымдын ой учугун улагым келди.
Өткөн жыл оппозиция үчүн өтө жемиштүү жыл болду деп айтуу кыйын. Конкреттүү иштен көрө, кулак тундурган куру кыйкырык сөз көп айтылды. Меморандумга кол коюп курултай өткөрүштү, дагы да өткөргөнү жатышат. Бириккен элдик кыймыл түзүштү. Бир жолу Москвага, бир жолу АКШга сапар тартып барып келишти. Баса, бул эки жолку кыдыруу, жазгы акциялар иш жүзүндө эмне натыйжа берди, түшүнө албадым. "Биз барбыз", "Бакиевди кетиребиз", "Бирди көрсөтөбүз" деген сөздөр элдин итиркейин келтирди.
Коом, турмуш таза идеалдуу түз сызык боюнча өнүкпөсүн, спираль боюнча өсүп-өнүгөрүн В.Ленин да эскерткен. "Мезгил - деңиз, мамлекет - кеме, Өкмөт кеменин чатыры, эл - шамал" - деп К.Берне туура айткан экен. Азыр бийлик, байлык үчүн, баягы эле сөөккө сиңген, дат баскан көрө албастык, түшүнбөстүк, чатактын отун тутандырып, чычаласын ичкертүү, этке жабышкан көп биттей чуркурап этектен чоюп бут тосуу, моюн толгоолор, кемчилигибизди чукуй берүү, бирөөлөрдү басынтып сүйлөө, партия аты менен тымызын президенттик жарышка тирешүүлөр көп. Өзгөчө чылгый кечээги эле лидерлер, отставка алса эле, бийликтегилерди таш бараңга алып, муштум түйүү, ызырынуу, иш бербейсиң деп коркуткандары, демиткендери, сурдангандары, сумсайгандары, чекчейгендери, керсейгендери, кекенгендери зээнди кейитет.
"Эшегине жараша тушагы" болуп, өлкөдө ушул эле жетпей жаткансып, энергетикалык-рыноктук кризистер, диний- экстремисттик кырдаал, коррупция, зилзала, тоо кырсыктары, чек ара маселеси, наркобизнестер, жоголуп кетүү, атып кетүүлөр элди кейишке салууда. "Үшүгөндү шишиген жетелейт" болгон жойпу саясатчылар, кошоматчылар, узун кулактар, жашыруун сүйлөшүүлөр, эски менен жаңыны кайраштыра коюп, мыйыгынан күлүп, кымпыйып отургандар сыздоок ооруга айланды.
Тактап айтканда, 27-мартка бүткүл элдик нааразылык акция жарыялап, айтылуу апрель (2007) митингисинде элдин оозун сүткө күйгүзүп алышып, эми айранды кантип ичерин биле албай калышты. Оппозициянын белдүү инсандарынын айрымдары, мурун чоң бийликтегилердин кучагында жүрүп, кийин өз өнөктөштөрүнө чыккынчылык кылып, бийликке сатылып кетиши оппозициянын эл ишениминен ажыраганы.
Оппозициянын сабында жалпы элдин урматына татыган таза инсандар, лидерлер да бар, бирок, алардын көпчүлүгүнүн кадыр-баркы баштагыдай алыс узабайт. Биз ар кимисинин укугун сыйлоого милдеттүүбүз.
"Дүйнөдө майда эл жок... Элдин улуулугу анын көптүгүнө карабайт. Ошондой эле адамдын улуулугу анын боюна же жашына жараша болбойт" - деп В.Гюго айткандай, Курманбек ажону албетте, "тырмагынан чачына чейин акылман" деген ойдон алысмын. Сөз илээшпеген адам жок. Тактыга келгенден бери өлкөбүзгө көп эле пайдалуу иштерди жасады. Аны тизмелеп отуруунун кажети жок. "От болбой түтүн булабайт, адамдай темир чыдабайт" дегендей, ажо бардыгына чыдап келет. Ганнибал, Александр Македонский, орустун падышасы Петр, Наполеон улуу адамдардан болушкан, бирок аларды улуу кылган мезгил, жашоо шарт, эл болгон. Токойдогу дардайган эмен жыгачты дардайткан берекелүү жер, аны таштак же кумдуу, жарамсыз жерге тиксе, ал анчалык дүпүймөк эмес. Макул, Курманбек ажо кетсин, анын ордуна Акмат, Ташматтар келсин дейли. Алар эмне элди багыш үчүн космостон акча жаадырабы? Же "Алтын кылым" курабы? Балким сыйкырдуу таягы болуп жүрбөсүн?
Ал эми дүнүйө, байлык, бийлик - бул көбүрүп-жабырып турган уу. Дүнүйө соргогу, ач көздүк, көрө албастык, ичи тардык - шайтандын азгырыгы. Алардын түбүнө жете турган эмне? Ажал. Дүнүйө, байлык - эрип кеткен муз, бийлик, чоңдук - учуп кеткен куш.
Үлгү сөздүн акылманы Калыгул: "Байлык деген эмне? Кол кириндей жок болот. Мансап деген эмне? Коломтодой от болот - түтүн болуп жок болот" деп кут сөзүн калтырган.
"Жакшы тукум керегеден төргө сүйрөйт, жаман тукум төрдөн көргө сүйрөйт" (Сарт аке). Отуз жыл чоң мамлекетти башкарган Сталин, 15 жыл Кыргызстанды мүлжүгөн Акаев жакпаган, заман бир ыңгайга түшө элек 3-4 жыл тополоң-тосту башкарган Бакиев жагабы?
Теңирим бергенине алымсынбай, бийлик, байлык, дүйнө деп, карапайым элге кан жуткурган, легендарлуу Чынгызхан, Македонский, Наполеон, Гитлер, Кусеин, Чаушескилер, Маниладагы Имельди Маркостордун байлыктары асман менен жерге көпүрө боло алган жок.
Өз убагында үй-бүлө бийлигинин башчысы, биринчи канайымдын этегине намаз окушуп, түндүккө теңебей, Теңирге теңеп, керегеге теңебей, Кең-Колго теңеп, мээримдүүлүктүн касиетин күнгө, айга, канайым эмес эле Күнайым атка кондуруп, дүйнө боюнча жетим-жесирлердин тарбиячысы, "Эне Тереза", б.а. "күнүбүз Сталин, нурубуз Сталин" дегендей эле кеп болгон. Ар кыл өлкөгө айылчылап жүрүп, алган наамдарын, профессор жазуучулугун, китептеринин котормолорун даңазалап, сылап-сыйпап, чымын кондурбай, үстөккө-босток "Аялзат" программасынан, гезиттердин беттеринен үзбөй берип жүргөн саясатчы акын-журналисттерибиз, Күнайым кетер менен, тез эле 180 градуска айланып, аркы жээктен берки өйүзгө тез эле кайыксыз, калаксыз өтө калгандары күлкү келтирген. Күнайымды мактап, жактап, айга, күнгө, жылдызга теңеп жазбаган бир да акын-жазуучу куру калбаптыр. Мактанган кыз тойдо бүркөт болбодубу.
Элибиздин: "Кандан калыстык кетсе, калктын тынчы кетет, катындан жаңылыштык кетсе, үйүңө кырсык жетет", "Кесирлүү катындан келте ооруган дарт жакшы", "Катынды мээнет чырмаса, кесири тиет эрине, кемтиги тиет элине" деген төл сөз.
Эки-үч жолу Конституцияны, куранды кармап берген антын бузуп, жардан коён качкандай, жеке дөөлөт тапкандай, капкалуу элин, шаарын таштап, чет өлкөгө безип кетиши бүт дүйнөнү дүңгүрөтпөдүбү. "Атың чыкпаса жер өрттө", "Көпкө ыраазы болбогон, азга жетпей зар болот болуп, качкан журтунун баркын, конгон журтуңа барып билээрсиң", "Мекен деген мекен, бирөөнүн үйү бирөөнө тар, кыпчылбай үйүңө бар" болуп, ал жактан кыйналбаса эле болду. Кыргызстандын байлыгынын 52%ы накта эрке күйөө бала Адилдики тура. Анан кантип итке минген жарды болбойлу.
Акаев бардык жагынан жаман иштеп кетти деген идеядан алысмын. Алгачкы жылдары ишти жакшы эле баштагансыган. Анын жүзүн саманга окшоштуруп коюлушунун себеби: анын батальонундагы арка-бел, пир туткан акылы тайкы, алысты көрө билбеген, эпчил-шылуун, айлакер шумпайлары, кеңешчилери, желдеттери болгон. Булар социализм корун бир заматта оодара тартып, талап-тоноп кеткен. Тарыхта бир дагы мамлекет мынчалык ылдам таланбаса керек.
Мындан тышкары Күнайымдын жогорку тепкичтерге коюлган көптөгөн жек-жааттары, укум-тукумдарынын бийлегени чоң залал тийгизген. Буларды козгогонумдун төркүнү, АААлар оппозиционерлер менен жең ичинен да эмес, ачык-айкын эле байланышып жатпайбы.
Ыңкылаптан кийин заманыбыз бу болду, жандын баары куу болду. "Ток болсо көрө албаган , ач болсо бөлө албаган" кыйшык сөздүү адамдар, Түндүк, Түштүк бөлүнүүлөр, жаатташуулар, келечектен тар жыйынтык чыгарган жулкунбайлардан ач кыйкырык, куу сүрөөндүн ичинен адилеттикти ажыратуу кыйынга турду.
Арамзалык менен чогулткан байлык, дүнүйө үйүп койсоң чирип кеткен, чачып койсоң жер семирткич кык сыяктуу, байдын байлыгы - байкуштардын көз жашы эмеспи.
Залкар ой мурастардын күзгүдөй тунук сөздөрүн баамдасак: "Сууну - сиңе турган жерге төк, эгинди өнө турган жерге эк, сөздү уга турган адамга айт, жакшылыкты биле турган кишиге жаса" дептир. Кыргыз элинде "Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук" деген макалы, калпак баштан, намыс колдон түшпөй, эл-жердин күйүтүнө чындап күйүп-бышса жакшыларым деген тилек.
Эми "байлык мурас эмес, жоктук уят эмес" дегендей, адам туулганда жылаңач туулуп, өлгөндө жылаңач кепинге оронуп кете берет тура.
Атактуу сан жылкылуу Сарыбайдын уулу Ысмайыл үч доорду казалдаган акын болуптур. Жокчулуктун эмне экенин билбей, кесир чайкап чоңойгон экен. Баралына келгенде ооруга чалдыгып, мурдунан айрылып, көркөм жигит көркүнөн ажырайт. Кийин 1916-жылдагы көтөрүлүштө, сан жылкыны калмак
тийип алып, казынадагы акча Николайдын банкесинде калат. Кытай жеринде Букара деген иниси экөө тентип калып, Текестин Кара-Дөң деген жеринде иниси ачкадан өлгөндө: Дүнүйөнүн жалганы ай! Букаранын Кара-Дөңдө калганы ай! - деп казал жазган экен. Курандын 70-сүрөө, 20-21-аяттарында: "Анткендиги адамдар, олку-солку туруксуз, ооп турат жалт берип, күн тарапка булутсуз. Башка иш түшүп турганда баш көтөрбөй кемсинет, бак-дөөлөткө тунганда көктү карап менсинет, жамандык тооруп калганда мусаапыр болуп шылкыят, жакшылык колун бергенде кудайды билбей кырсыят. Кудай деген куру калбайт" делинет. Мен бул жерде динге ишенгиле, куран менен кыйышпас пикирлеш болгула деп үгүт жүргүзүп жаткандан алысмын. Бийликке, байлыкка, зордук, зомбулук, кыянаттык менен жетпей, адилеттик, калыстык менен эл, улут, тил үчүн күрөшкөн чынчыл инсандар гана мекенин бекем коргогон болот. Митинги-акциялардан, шайлоонун шайтан оюндарынан бирдеме чыгып калабы деп үмүт кылып отурбай, өзүнүн акыл-жөндөмү менен, эл-журттун ар-намысын, шаанисин, тынччылыгын ойлоп, эстүүлөрдүн бир максатты көздөп, көп эле опурула бербей, бир ынтымакка биригүүбүз зарыл.
КАЛИМАН АПА,
Бишкек шаары