, 30.06.09 - 12-бет: Мукталы Бектеналиев, КРнын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы:
"Министр - стратег, саясатчы, статс-катчы-администратор, менеджер болушу керек"
Мукталы Абдыбекович Бектеналиев
1959-жылы Талас областынын Талас районунда туулган.
Кесиби
экономист.
30 жылга жакын кино тармагында эмгектенген.
2005-жылы маданият министринин биринчи
орун басары.
2006-жылдан статс-катчы.


Министрликтин ишинин негизги багыттары Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында аныкталган:
Ё тармактын нормативдик-укуктук базасын жана түзүлүшүн өркүндөтүү;
Ё тарыхый-маданий дөөлөттөрдү сактоо жана өнүктүрүү;
Ё профессионалдык искус-
ствону өнүктүрүү;
Ё кадрдык потенциалды жогорулатуу;
Ё материалдык-
техникалык базаны
чыңдоо;
Ё маалымат блогун өнүктүрүү.


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20
театр, 3 филармония, 686 клуб, 1041 китепкана, 46 музей, тармак боюнча 2 жогорку, 8 орто окуу жайы, 98 музыкалык мектеп, 66 архив, 5 маданий жана эс алуу паркы, 46 кино-театр, 6 облустук телерадиокомпания, иштейт.

- Мукталы Абдыбекович, алгач статс-катчылыктын функциясы тууралуу айта кетсеңиз.
- Административдик реформанын алдыңкы тенденцияларынын бири катары статс-катчылык институту киргизилген, анын статусу биринчи орун басар менен барабар. Статс-катчы мамлекеттик административдик жогорку кызмат болуп саналат. Ал эми министр, орун басарлары саясый жогорку кызмат. Ал өкмөттүн бир тармагынын, министрликтин саясатын, стратегиясын жүргүзөт. Ал эми статс-катчы финансылык менеджмент, жалпы эле финансы жагын, башкаруу менеджментин, көзөмөлдөө, кадр саясатын жүргүзөт. Ал кадр тандоодо аттестация, конкурстарды уюштуруп, аны жетектейт. Андан тышкары министрликтин аппаратынын кызматына жооп берет.
- Статс-катчылык институтунун киргизилиши менен министрликте кандай өзгөрүүлөр, жылыштар болду?
- Биздин министрлик жаш. Бирок ал түзүлгөндөн бери көп жакшы иштер жүргүзүлүп жатат.
Мамлекеттик кызматты реформалоонун негизинде статс-катчылык институту түзүлгөндөн кийин аппаратта уюштуруу жана укуктук иштер башкармалыгы деген жаңы тармак ачылган. Көптөгөн мамлекеттик маданий иш-чараларды өткөрүү менен бирге маданият жана искусство тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны турмушка ашыруу боюнча бир топ иштер жасалып келатат. Биздин тармактын ишин жөнгө салуучу стратегиялык жана нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыктык. Анда тарыхый-маданий мурастарды эффективдүү пайдаланууга жана сактоого негизделген маданият саясатынын приоритеттүү багыттары аныкталган.
Президент Курманбек Бакиев маданият тармагына көп көңүл бурууда. Маданият кызматкерлери, жазуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөй маселелерин угуп, чечип берүүгө бардык аракеттерди жасап жатат. Ага мисал келтирип отуруунун кереги жоктур. Коомчулук бүт кабардар болсо керек.
Бир-эки жолку жолугушууда президент статс-катчылык институту тууралуу айтып өттү. "Айрым министрлер статс-катчыларга орун басары катары мамиле жасашууда, баарын өзүм чечем деген таризде статс-катчылардын пикирин укпайт экен" деди. Чынында эле кээ бир ведомстволордо статс-катчылардын ишине маани берилбейт экен.
А бизде тескерисинче, ар кимдин функциясы так аныкталган, ар ким өз милдетин аткарат. Биздин министр Султан Раев министрликтин стратегиясын аныктап, саясатын жүргүзүп келатат. Анын үстүнө өзү чыгармачыл адам. Андай жетекчилердин колун чарбалык, финансылык, административдик иштер менен байлабаш керек. Ал милдеттерди статс-катчы аткарышы керек.
Жакында Жогорку Кеңеште "Маданият жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Ага президентибиз кол коюп, мыйзам иштей баштады.
Жогоруда статс-катчы кадр маселесин да чечет дебедимби. Ага ылайык минстрликтин аппаратындагы 22 административдик кызмат орунга конкурстук негизде кадрларды алдык. Муну менен катар кызматкерлер аттестациядан өткөрүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарында маданият мекемелеринин жетекчилерин жана кызматкерлерин (бардыгы 64 адам) аттестациядан өткөрдүк.
Апрель айында өлкөбүздүн түштүк облустарында театрлар аттестациядан өттү. Эми түндүк облустары жана Бишкек шаары өтмөкчү.
- Аттестация - бул кызматкерлерди иргөө, мыктыларын алып чыгуу, бирок ошону менен катар "начарларын" да аныктап, чара көрүү, бул жумуштан алып салууга чейин жетет. Ансыз деле сиздердин тармакта аз адам иштейт. Кээ бир жерлерде кадр жетишпейт. Ушундай учурда аттестация кадр маселесине терс таасирин тийгизбейби?
- Жок, тийгизбейт. Аттестациянын максаты, өзүң айткандай, татыктууларын аныктап, балким, кызмат ордуларын көтөрүү, анын негизинде айлык акылары каралышы мүмкүн. Чынында, биздин тармакта кадр маселеси өтө курч, өзгөчө айыл жерлеринде жаш кадрлар жокко эсе.
- Кадр даярдоо жагы кандай каралууда? Сиздерде болгону эки жогорку окуу жайы бар. Бирок алар чыгармачылык багытындагы. Ал эми китепканаларга, архивдерге, клубдарга иштегенге кадрларды кайдан аласыздар?
- Ооба, бизде эки жогорку окуу жайы бар: Улуттук консерватория жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институту. Аларды бүткөндөр жогорку билимдүү адистер болот. Ал эми китепканачылар маданият техникумдарында даярдалат. Ошондой эле БГУда китепкана иши адистиги ачылып, аяктан жогорку билимдүү адистер даярдалууда. Бизде 8 орто окуу жайы, 98 музыкалык мектеп бар. Бирок биз азыр кадр даярдоодо кадрлардын адистигин жогорулатуу курсун ачып, ошого басым жасайбыз. Алардын мурунку алган билимдерин бүгүнкү учурдун талабына ылайыкташтыруу ушул курстун негизинде жүргүзүлөт.
- Айыл жеринде маданий мекемелерде кадр маселесинен сырткары материалдык-техникалык абалы да өтө көйгөйлүү маселе эмеспи. Бул жаатында кандай иштер жасалууда?
- Чын эле бул маселе да өтө көйгөйлүү. Мына мен жакында райондорду кыдырып келдим. Айрым райондук, айылдык клубдарга кирсең ыйлагың келет. Архив бөлүмдөрү, китепканалардын имараты жок, башка бир мекемелердин имараттарында жайгашкан.
Бул жаатта да бир топ иштерди жасап жатабыз. Маданият мекемелеринин имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2008-жылы атайын каражаттар бөлүнүп берилди. Окуу жайларга 41 млн. сом, маданият багытындагы мекемелерге (театр, музей, цирк, филармония, клуб ж.б.) 72 млн. сом, кинотеатрларга 699.5 миң сом берилген.
Айрым музей, театрлар, окуу жайлар курулгандан бери ремонт боло элек экен. Аларды бүт ремонт жасадык.
2008-жылы маданий мекемелердин 70%ынын имараттары ремонттон өттү. Калганы да "2009-жылдын милдеттеринде" каралган, буюрса, баарын ремонттоп, жаңыртабыз.
- Жакшы жөрөлгө экен. Тармактын жалпы каржыланышы кандай болууда?
- Жалпы эле каржылоо тууралуу айта турган болсок, 2008-жылга маданият тармагына 573.3 млн. сом сарпталган (2007-жылга салыштырганда 167 млн. сомго көп). Анын ичинен 135.8 млн. маданий окуу жайларга, 338.7 млн. маданиятка, 52.2 млн. архивдик мекемелерге берилген.
Каржылоонун көбөйүшү кызматкерлердин эмгек акыларынын жогорулашын, материалдык-техникалык абалынын жакшырганын көрсөтөт.
Мисалы, 2008-жылы китепканачылардын айлыгы 2 эсе, музей кызматкерлериники 33.4, театр кызматкерлериники 45.6, орто окуу жайлардын окутуучуларыныкы 26.9%га көбөйгөн.
Республикалык китепканалар үчүн 37.4 млн. сом, республикалык музейлер үчүн 8.9 млн. сом берилген. Китепканаларга былтыр 3 млн. сомго китеп сатып бердик. Быйыл 5 млн. сом караштырылууда.
Республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө 12030.6 миң сом бөлүнгөн.
- Агай, каржы туурасында айтып өттүңүз. Акыркы мезгилдерде мекеме-уюмдар демөөрчүлөрдөн, эл аралык жана башка уюмдардан колдоо алып келишет. Сиздердин тармакта бул боюнча кандай кадамдар бар?
- Биз да бул багытта бир топ иштерди жасап жатабыз. АРИС айыл маданиятын көтөрүүгө 120 млн. сомдук жардам көрсөттү. Былтыр Султан Раев Түштүк Кореяга иш-сапар менен барып келди. Ал жерде сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, Түштүк Корея 300гө жакын жаңы компьютер берди. Ал компьютерлер маданият мекемелерине таратылды.
Андан сырткары өкмөттүн алдында гранттар боюнча атайын фонд түзүлгөн. Биз ошол фондго былтыр долбоор жазып, ремонт үчүн 30 млн. сом утуп алдык. Быйыл 50 млн. сомго долбоор даярдап жатабыз.
Булардан башка ар бир мекеме өз алдынча уюмдарга долбоорлор менен кайрылып, гранттарды, техникалык жардамдарды алып жатышат.
- Жакында министр С.Раев жазуучулар менен жолукканда чыгармачыл союздар 2009-жылдан баштап министрлик аркылуу каржылана турганын айтты. Сиздердин министрлик жылдан-жылга эле кеңейип баратат...
- Ооба, Мамлекеттик архив агенттиги, "Кыргызкино" концерни, облустук телерадиокомпаниялар, УТРКнын курамындагы "Учур" телетеатры, камералык хор, А.Жумахматов атындагы симфониялык оркестр биздин карамагыбызга өткөрүлүп берилди.
Бул мекемелердин бизге өтүшү менен алардын материалдык-техникалык базасы, каржылоо маселеси жакшыра баштады. Маселелер министрликтин деңгээлинде бат жана ордунда чечилип жатат. Мурда ал мекемелердин жетекчилери чиновниктен-чиновникке кайрылып отуруп, маселеси чечилсе чечилип, чечилбесе сүйрөлүп жүрө берчү. Маданият жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууда ушул маселелердин баары эске алынды. Ал мыйзамга ылайык 2010-жылдан маданият тармагына бюджеттен 3% каралмакчы.
Жалпылап айта турган болсок, министрликтин ишмердигинин багыттары боюнча акыркы жылдарда жакшы, сапаттуу иштер жасалууда. Атайын мыйзамдардын кабыл алынышы, өкмөттүн көңүл бурушу менен нормативдик-укуктук базабыз түптөлүп, материалдык-техникалык базабыз чыңдалып, чыгармачылык менен чымырканып иштөөгө укуктук да, финансылык да мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Эми алдыга койгон максаттарыбыз орундала берсе, кыргыз маданияты өркүндөп өсө бермекчи.
- Мукталы Абдыбекович, маегиңизге рахмат.
Маектешкен
Базарбай Гапаров