№48, 30.06.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Сулайман-Тоо дүйнө жүзүн суктандырат
Сулайман-Тоо Бүткүл дүйнөлүк мурас эстеликтеринин тизмесине киргендигин маданият жана маалымат министри Султан Раев "Кыргыз Туусу" гезитине Испаниядан телефон аркылуу билдирди.
Мындай чечим өткөн жума күнү ЮНЕСКОнун Севильяда өтүп жаткан сессиясында кабыл алынды. Белгилей кетсек, сессия 23-июнь күнү башталган жана өз ишин 30-июнда аяктайт.

Министрдин айтуусунда, ал сессияда "Сулайман-Тоо" номинациясын коргоп, аны ЮНЕСКОнун эксперттери, ошондой эле башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү колдоого алышты. Жалпысынан талкууга 21 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
Сулайман-Тоону бүткүл дүйнөлүк мурас обьектиси деп табуу боюнча чечимди сессияга катышкан түрдүү өлкөлөр менен уюмдардын 1200 өкүлү бир добуштан кабыл алышты. Эске сала кетсек, Сулайман-Тоону аталган тиземеге киргизүү аракети 16 жыл мурун башталган. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитети эки ирет - 2006 жана 2007-жылдары "Сулайман-Тоо" номинациясын ыйгарууну артка жылдырып, айрым сунуштарын айткан болчу.
Мындан тышкары Султан Раев Бүткүл дүйнөлүк тарыхый мурас эстеликтеринин тизмесине кирүү үчүн 300гө жакын обьекттер талаптанып, бирок алардын 10%га жакыны гана тиземеге кирээрин белгиледи. Ошентип Сулайман-Тоо дүйнө жүзүн суктандырган эстелик жайга айланды.
Өз маалыматыбыз