, 26.06.09 - 7-бет:
  Конституциялык сот карады

"Кумтөр" макулдашуусу мыйзамдуу
Чубактын кунундай чубалган чууга айланган "Кумтөр" маселеси боюнча канадалык инвесторлор менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосунда жаңы келишим түзүлүп, аны Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Бир караганда чырдуу маселеге чекит коюлгандай болгон. Ошого карабастан Жогорку Кеңештин депутаты М.Исанова аталган макулдашууга тикелей тиешеси бар айрым мыйзамдардын, ченемдик актылардын Конституцияга туура келбестигин көрсөтүп, аталган мыйзам актыларынын айрым жоболорун Конституцияга туура келбейт деп КРнын Конституциялык сотуна кайрылган.
Парламент депутаты М.Исанованын сунушун карап чыгып, Конституциялык сот "Кумтөр" боюнча түзүлгөн жаңы макулдашуу мыйзамдуу экендигин далилдеген чечим кабыл алды.
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн Конституциялык соттун 2009-жылдын 2-июнундагы чечимин айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.
2009-жылдын 24-апрелиндеги Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр" долбоору боюнча жана 2009-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзам менен Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган Макулдашуунун жөнгө салуу объектиси болуп жаңы шарттар жөнүндө "Кумтөр" кениндеги алтын жана күмүш запастарын геологиялык изилдөө жана иштетүү, ошондой эле аларды өндүрүү жана сатуу болгондуктан, көрсөтүлгөн Макулдашуу өзүнүн негизинде инвестициялык макулдашуулардын бир түрүнө тийиштүү болгон концессиялык макулдашуу болуп саналат.
"Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесинин 5-пунктуна ылайык жер байлыктарынын мамлекеттик фондун жер байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдар аркылуу түздөн-түз башкаруу укугу, ошондой эле жер байлыктарын геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген. Аталган Мыйзамдын 8-беренеси чет мамлекеттердин юридикалык жана физикалык жактарына жер байлыктарын пайдалануучулары болушуна уруксат берет.
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамдын 1, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамдын 1, 10-беренелерине ылайык жер байлыктарын пайдаланууга концессия берилет, ал мүлктү, жерди жана анын байлыктарын убактылуу пайдаланууга берүүгө байланышкан белгилүү бир ишкердик кызматынын түрүн ишке ашыруу үчүн инвесторго Өкмөт тарабынан берилген уруксат болуп эсептелинет. Инвесторлорго концессия берүү инвесторлор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен түзүүчү концессиялык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
"Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесине ылайык концессиялык келишимдерди түзүүгө жана аткарууга байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кирет.
Конституциянын 68-беренесинин 2, 3-пункттарына жана 73-беренесинин 1-пунктуна ылайык Өкмөт мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат жана ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жана мыйзамдык жоболордун маанисине ылайык "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашуу Өкмөттүн ыйгарым укуктарынын чегинде түзүлгөн жана Өкмөттүн башчысы катары Премьер-министр ага кол коюуга укуктуу болгон, бул болсо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 5-пунктунун талаптарына ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесинин 3-пунктуна жана 22-беренесинеылайык тиешелүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен салыктарды жана жыйымдарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешине таандык. Мындай Мыйзам болуп Кыргыз Республикасынын Салык кодекси эсептелет. "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууда долбоор боюнча жаңы режимдеги салыкты төлөөнү жана башка жыйымдардын жаңы режимдеги жоболору камтылгандыктан Жогорку Кеңеш жогоруда аталган конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырып, өзүнүн жактыруусун билгизип, ошол Макулдашууну Мыйзам түрүндө ратификациялаган.
Жогорку Кеңеш Кыргызстан элинин атынан чыгып, каралып жаткан Макулдашууну ратификациялоодо Кыргызстан элинин жашоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат деген бул Макулдашуудагы жөнгө салынуучу объекттин конституциялык статусун негизге алган. Ошондуктан, "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо, айрым мыйзам актыларына ратификация жөнүндөгү мыйзам бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерге ылайык келет.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исанова Мария Насирдиновнанын сунушу канааттандыруусуз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги №254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деген бөлүгү боюнча конституциялык сот өндүрүшүн кыскарткан.
Аталган чечим акыркы, даттанууга жатпай тургандыгын жана бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендигин белгилей кетмекчибиз.
Даярдаган
Аскарбек НАСИРДИНОВ




Кичи энергетиканын чоң мүмкүнчүлүктөрү
Өткөн кыш биздин дагы бир талылуу жерибизди көрсөтүп койду. Мурдагы жылдагы Токтогул каскадындагы суунун интенсивдүү иштетилиши электр энергиясын керектөөнү кескин чектөөлөргө алып келди. Мындан тышкары электр энергиясына тарифтердин жогорулашы, жаратылыш газына жана суюлтулган газга баалардын дээрлик үч эсеге жогорулашы... Албетте, мамлекет кыргызстандыктардын жашоосундагы мындай проблемалардан улам абалдан чыгуунун жолдорун караштырып, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулуштарын ыкчамдатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоодо. Бул жакынкы келечекте электр энергиясынын тартыштык проблемасын чечүүгө алып келмекчи. Ошол эле учурда Кыргызстандагы электр энергиясын алуунун альтернативдүү булактарынын мүмкүнчүлүктөрү толук эске алынбай жатат. А дүйнөлүк практикада ал жетишерлик пайдаланылып, үзүрүн берүүдө.

Энергетика тармагындагы эксперттердин пикирлери боюнча, Кыргызстан кичи дарыялардын зор энергиялык потенциалына ээ. Алардан жалпы алганда жылына 5-7 млрд. кВт/саат энергия өндүрүүгө болот. Союз мезгилинде бул боюнча тиешелүү иштер башталып, бирок, өкүнүчтүүсү, өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийин бизде Токтогул каскадындагы электр станцияларына басым жасалып, кичи энергетика таптакыр колго алынбай калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө бул тармактагы потенциалдын азыр 3 гана пайызын пайдаланып жаткандыгыбыз таң калычтуу эмес.
Ошол эле эксперттердин пикири боюнча, биогаз технологияларын пайдалануу менен алынуучу биогаз да энергиянын абдан келечектүү булактарынын бири. Азыр көпчүлүккө белгилүү болуп калгандай, ал негизинен малдын кыгынан алынат. Учурда малдын азайганына карабастан, адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, жылына 5 млн. тоннадан ашуун кык чогулат экен. Андан 200 млн. куб метр биогаз алууга болот. Бул азыр биз Өзбекстандан "акелеп-жакелеп" алып жаткан газдын дээрлик төрттөн бир бөлүгү! Биздеги бул багыттагы иштер да жаңыдан башталып келе жатат.
Ушундай учурда Ысык-Көл облусунда Европа комиссиясынын "Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди жана биогаз технологияларын өнүктүрүү" долбоору өз ишин баштады. Чакан ГЭСтердин жана биогаздын технологияларын жандандыруу жергиликтүү жамааттарды техникалык, юридикалык, уюштуруу жана башка маселелер боюнча окутуу, пайдалуу маалыматты массалык маалымат каражаттары жана Интернет аркылуу жайылтуу менен жүргүзүлмөкчү. Социалдык өнөктөштүк моделин өнүктүрүү, мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү жолу менен энергиянын жаңы булактарын пайдалануу маселелеринде жергиликтүү жамааттардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы жогорулатылмакчы.
Мындан тышкары жергиликтүү жамааттар үчүн тажырыйба катарында чакан ГЭСтер жана биогаз жабдуулары курулмакчы. Мындагы максат - энергиянын мындай булактары кандай иштей тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүү, ошондой эле аларды курууга жана пайдаланууга берүүгө практикалык окутуу үчүн база түзүү. Орточо 50 түтүндүн электр энергиясына керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жалпы кубаттуулугу 150 кВт болгон жана 15-17 түтүндү газ менен камсыздоо үчүн 50 куб метр көлөмдөгү биогаз жабдуусун куруу пландаштырылууда.
Бул иштерге Түп жана Ак-Суу райондорунун жергиликтүү жа-
мааттарынын коммерциялык эмес уюмдарга биригишкен жашоочулары түздөн-түз катышмакчы. Алар өз үйлөрүн, мектептерди, балдар бакчаларын жана башкаларды альтернативдүү электр энергиясы жана биогаз менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Мындай демилгенин пайдалуу жактары көп. Өлкөбүздүн экологиялык системасы да утушка ээ болот, себеби азыркы учурдагыдай токойлорду кыюу азайып, курчап турган чөйрөнү айыл чарба таштандылары жана метандын чыгарылышы менен булгоо азаймакчы.
Региондун тандалып алынышы да кокусунан эмес. Жайында Көлдө эс алуучуларды кошкондо калктын саны 1 млн. адамга, ал эми электр энергиясынын тартыштыгы кээде 100 млн. кВт көлөмгө да жетип калат. Ошол эле учурда абалдан чыгуучу жол бар. Облустагы дарыялардын жана агын суулардын гидроресурстары 200 млн. кВт/саат. Андан тышкары региондо мал чарбачы-
лыгы басымдуулук кылгандыктан биогаз чыгаруу үчүн кык жетиштүү. Мына ушул мал чарбачылыгынын калдыктары көлдү, агын сууларды жана кыртыштагы сууларды булгоо менен экологияга олуттуу зыян келтиришүүдө. Энергиянын ордун толтуруучу булактардын өнүктүрүү калктын тал-теректерди, токой дарактарын отун катары пайдалануусун азайтууга алып келмекчи.
Албетте, азырынча чакан ГЭСтерди жана биогаз технологияларын жалпы өлкө боюнча киргизүүгө каражаттар жетишсиз. Элеттиктер мындай иштер келечектүү жана өзүн тез актай тургандыгын түшүнүп турушса да капиталдык салымдарды жумшай алышпайт. Мына ошондуктан чакан ГЭСтер менен биогаз жабдууларынын наркын төмөндөтүү аракети калктын социалдык өнөктөштүгү үчүн шарттарды түзүү, каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу кредиттик жана башка финансылык системаларды өнүктүрүү менен жарыш жүргүзүлүшү керек. Мында алардын ээлерине гана эмес, жалпысынан коомго да пайдалуу болмокчу.
Макаланын аягында айта кетсек, эксперттердин баалоолору боюнча, кичи ГЭСтер дүйнөнүн экономикалык гидропотенциалынын 10
пайызга жакынын түзүшөт. Мында кошунабыз Кытай лидер болууда. Андагы аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 20 миңден ашуун мВт. Кичи ГЭСтер Австрияда, Финляндияда, Норвегияда жана Швейцарияда кеңири жайылтылган.
Ал эми биогаз жабдууларына келсек, мында да Кытай алдыда. 20 млн. ашуун жабдуулар жылына 5 млрд. куб метр газ чыгарышса, Индияда 5 млн. жакын газ жабдуулары бар. 2008-жылы Германияда жалпысынан 617 млрд. кВт/саат электр энергиясы керектелсе, анын ичинен 14 пайызы суунун жана шамалдын жардамы менен алынган.
Биз мисалга алган өлкөлөрдүн экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн абалы жакшы маалым, демек, кичи энергетиканы жана биогаз технологияларын өнүктүрүүнүн пайдалуулугу боюнча дагы кандай далил керек болмок?! Же, эмне кытайлыктар менен европалыктардын колунан келген нерсе кыргыздардын колунан келбейби?
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"