, 26.06.09 - 24-бет: Сулуулар миңдер үчүн жаралышканбы?
Көп кырдуу өнөр ээси Казакбай Абдышов ыр жазганынан дагы, ырын көркөм окуганы ашып кетет. Бир жолу акындар менен чогуу олтурушуп аялзаты тууралуу ырлардан күпүлдөп окуп жатат дейт. Ырынын акырында:
Сулууга кимдер даап баралышкан,
Сулуулар кимдер үчүн жаралышкан.
Суусатып, бирок суусун кандырбаган,
Сулуулар миңдер үчүн жаралышкан! - деп бүтүргөндө жыргап угуп олтургандардан Түмөнбай Байзаков озунуп:
- Ай, Казакбай, ырың жакшы экен, бирок акыркы саптагы бир сөзүңдүн бир тамгасын өзгөртүп койсоң мындан да жеткиликтүү түшүнгөнгө жакшы болмок экен, кайсы тамга экенин эми, өзүң таап аларсың, - дептир.

Эки колун тең көтөрсө учуп кетпесин
Бир жолу орто муундагы акындар Анатай Өмүрканов агасын ээрчип алышып, келе жатып ыр окуп жатышкан экен дейт. Атантай Акбаров ыр окуп бүткөндө Анатай Өмүрканов: "Кичнекей мотоциклдин үнү бийик чыгат десем ишенбейсиңер да", - дептир. Кыялбек тык токтой калып, бир колун чөнтөгүнөн чыгарбай, экинчи колун асманга шилтеп ыр окуптур. Акындар:
- Ай, Кыялбек чөнтөгүңдөгү бир колуңду чыгарып окусаң эмне болот, же бирдемең барбы? - деп калышат. Анда Анатай агай:
- Жөн койгула, эки колун тең шилтеп ыр окуса асманга учуп кетпесин, - дептир.





Сатиралык аңгеме
Адашкан сүйүү
Ээ, туугандар, көптөн берки көкүрөккө толгон арман, кайгы, ыза, бугумду силер менен бөлүшөйүн деп акыры ачыкка чыгып отурам. Антпесем үйлөнгөн чаначтай болуп көөп отуруп, акыры "тарс" дей түшчүдөймүн. Эми чойбой, дароо эле негизине өтөйүн. Мен буга өзүмө-өзүм ишенбей ушуну менен жыргайм го деп ойлодум эле, көрсө турмуштан катуу жаңылыптырмын. Мындай болот деп үч уктаса да түшүмө кирчү эмес. "Тандаган тазга жолугат" деген ушул экен. Кыздан кызды тандап жүрүп үйлөнгөн, тапкан кызым ушул. Башыма калпак кийип эле жүргөнүм болбосо "эркекмин" деп айтканга да ооз барбайт. "Сүйүүнүн көзү сокур" бейм, аны не себептен жактырып калганыма өзүм да маңмын. Аялым кыз кезинде эле жанагы, түбүң түшкүр каратэ деген балекетиң менен машыгып жүргөнүн кайдан билиптирмин. Шакылдап шайдоот жүргөнүнөн эле Кудай буюрса тың катын болот экен деп буга ичимден ыраазы болуп жүрбөймүнбү. Мына эми, ошол ичимден кудуңдаганым сыртыма чыгып, анын алдында кудуңдаган жорго болуп калдым. Жаңы үйлөнгөндө кандай гана катуу кубанбадым, чиркин, өзүмдү өзүм бактылуу сезип…
Ортодо бир аз убакыт өткөндөн кийин бир күнү эркектик көөдөнүм менен ага анча-мынча кыр көрсөтүп опузалап коёюн дедим эле, ал ойдо жок жерден мени өзөртө чапса болобу. Ошондо өмүрү башыма жүн чыкканы аялзаттан таяк жеп көрбөгөн жаным "ушундай да аял болобу" деп жакамды кармана, анча-мынча сестене түшкөм. Экинчи жолкусунда болсо мастыкка салып ага кол көтөрсөм ал колун тосо калып бир шилтеди эле оңкобаш атып барып, айкүрүмдөн түштүм. "Өзүң кылган иш-өз башыңа муш" деген сөз чын экен. Бекер кылсам керек ошондо, унчукпай жүрө берсем, ал да жүрө берет беле. Азыр буйрук гана берип турат го, чиркин, үстүмдөн, "Тур, дүкөнгө нанга чурка, жүгүр, базардан эт алып кел, эми дароо балдар бакчасына таскакта! Ме, чаканы ал да, сууну көздөй уч, "барып кел", деп айтса эмне, "чурка", "чурка, таскакта!, уч!" деп гана турат го, чиркин. Айла канча, чуркайм, таскактайм, учам. Каяша айтайын десем тилим өтпөйт, тиштейин десем тишим өтпөйт. Цирктеги аттарды камчыга кандай үйрөтсө, анын кыйкырыгы да мага ошондой болуп калган. Бир кыйкырса болду, мен өзүмдөн өзүм эле таскактай баштайм. Же арманымды эч кимге айта албайм, уялам, эркек башым менен кантип айтам, аялым күндө урат деп. Же ажырашып кеталбайм. Ортодо балдарыбыз бар, аларды эмне кылам? Анын үстүнө ал "таш түшкөн жеринде оор" билдиңби, андан көрө үйдү бошот дагы алименттерди төлөп, чемодандарыңды алып өзүң кете бер", деп жатпайбы күйгүзүп.
Күндөн күнгө таскактатып, жорголотуп, дикилдетип, жүрөгүмдүн сары суусун алып бүтмөй болду. Анча-мынча бир-эки элидей майым бар эле өзүмдөн өзүм казанга сызык чызылдатып сызгырылгандай сызгырылдым, таптакыр айла кетти. Жаш кезде арак ичип, тамеки бурулдатып, кыздардын артынан жүгүргөнчө спорттун бир түрүнө жазылып, машыгып алсам эмне, мынча кор болбойт элем го. Кой, "ийгиликтин эрте, кечи жок" дейт. Мен дагы жанагы кунфу, дзюдо, бокс, таэквандо, каратэ дегендер менен машыкпасам болбой калды. Антпесе менде жашоо жок. Аялыма үстөмдүк кыла албасам дагы, Кудайым колдосо, жок дегенде тең ата болгонго жарармын.
Саадатбек МЫРЗАКУЛ уулу