Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 2
п»ї
Жетекчиликке талапкер - 23 адам
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондусунун жетекчи кызматтарына конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Конкурстук комиссия өлкөнүн өнүктүрүү фондусунун жетекчилигинин бош орундарына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыкты. Конкурстук комиссия билдиргендей, фонддун башкы, аткаруучу жана финансы директорлук кызматтарына 24 адам арыз беришкен.
Комиссиянын биринчи жумушчу жыйынында конкурска катышуучулар тарабынан сунуш кылынган конверттер ачылып, документтер кылдат иликтенип чыкты. Жыйынтыгында комиссиянын бардык мүчөлөрү бир добуштан бир талапкер конкурстун шарттарынын талабына ылайык документтерди толук чогултпагандыктан, берилген арызын карашкан жок. Калган 23 талапкер фонддун жетекчилик курамына кирүү үчүн күрөштү улантышат.
Учурда комиссия талапкерлердин документтерин карап чыгууга киришти. Эми келерки
жыйында бул 23 адамдын ичинен кимиси экинчи тандап алуу этабына өтөөрү аныкталат.
Гүлзат Алымжан кызы




Кошоев Темирбек Кудайбергенович
Көрүнүктүү мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер Темирбек Кудайбергенович Кошоев дүйнөдөн кайтты. Ал 1931-жылы Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган.
1950-жылы Фрунзе шаарындагы токойчулардын мектебин аяктагандан кийин Кемин токой чарбасында токойчу болуп иштеген. 1952-1957-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунун агрономиялык факультетинин студенти болгон.
Ал эми 1957-1987-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде инструктор, партиянын Ош райондук комитетинин экинчи секретары, Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, облустук айыл чарба башкармасынын начальниги, Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары кызматында эмгектенген.
Өз ишинин бул мөөнөтүндө Кошоев Темирбек Кудайбергенович бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат, СССР Жогорку Советинин эки жолку чакырылышында депутат болуп шайланган.
Кошоев Темирбек Кудайбергеновичтин Мекенибиздин жана эл алдындагы эмгектери СССР Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогору бааланган.
Ал "Эмгек Кызыл Туу", "Октябрь революциясы", "Ардак белгиси" ордендери, көптөгөн медалдар, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Аскердик "подполковник" наамына ээ болгон.
Партиялык органдардын жооптуу кызматтарында иштеген убагында Кошоев Темирбек Кудайбергенович экономиканын жана өндүрүштүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
Кошоев Темирбек Кудайбергеновичтин бүтүндөй эмгеги Мекенге жана өз элине кызмат кылууга арналган. Ал уюштуруучулук жөндөмү, эл менен иштей билүүсү, жогорку профессионалдуулугу, табиятынан берилген акылы, терең билими, ак ниеттүүлүгү, өзүнө жана башкаларга талап коё билүүсү менен башкалардан айырмаланып турган.
Кошоев Темирбек Кудайбергеновичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жана аны менен бирге эмгектенген адамдардын жана анын замандаштарынын эсинде түбөлүккө калат.

Бакиев К. С., Тагаев А. С., Чудинов И. В., Досбол Нур уулу, Үсөнов Д.Т., Баекова Ч.Т., Мадумаров А. К., Бабанов Ө.Т., Абдуллаева Ө.А, Түлеев Н.Т., Кумаров Б.С., Темир-баев К.Т., Абдрасаков Б.Т., Койчубаков Н.К., Раев С.А., Аблесов С.А., Талипов В., Тажибаев А.Т., Сапарбаев А.С., Карашев А.К., Жусубалиев И.Ж., Акинбаев О.К., Нургазиев М.Н., Мырзакаримова А.К., Асаналиев С.А., Ускенбаев Т.Ж., Молдалиев А.М., Салимбаева К.К.




Кошоев Темирбек Кудайбергенович
Кыргыз калкы оор жоготууга учурады. 1981-1987-жылдар аралыгында Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орунбасары кызматында эмгектенип, кыргыз парламентинин калыптануусуна чоң салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер Кошоев Темирбек Кудайбергенович 2009-жылдын 23-июнунда 78 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Т.Кошоев 1931-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. Ал 1950-жылы Фрунзе шаарындагы токойчулар мектебин бүтүргөн соң, Кемин токой чарбасында токойчу болуп иштеген. Андан кийин 1952-1957-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетинде жогорку билим алган.
Ошондон тарта 1957-1981-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде нускоочу, Компартиянын Ош райондук комитетинин экинчи катчысы, Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орунбасары, Ош облустук айыл чарба башкармалыгынын башчысы, Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы, Компартиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
Ал эми 1981-1987-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орунбасары кызматында үзүрлүү эмгектенген. Анын сиңирген эмгеги жогору баалануу менен, "Эмгек Кызыл Туу", "Октябрь революциясы", "Ардак белгиси", "Элдердин достугу", "Манас" ордендери, бир катар медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Замандаштары Темирбек Ко-
шоевди айткан сөзүнө жасаган иши төп келген чыныгы атуул, узак жылдар бою өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошкон тажрыйбалуу жетекчи, белгилүү саясатчы, белдүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары жакшы билет. Замандаштары анын өз элине өтөгөн эмгегин ар дайым эске тутуп, маркумдун жаркын элесин жүрөк түпкүрүндө бекем сактай тургандыгына терең ишенебиз.
Оор жоготуудан улам, кабыргасы кайышып турган кезде анын үйбүлөсү менен тууган-туушкандарына көңүл айтуу менен, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:
Тагаев А.С., Баекова Ч.Т., Исабеков К.С., Турсунбаев А.А., Ормонов У.З., Бешимов Б.Ж., Масалиев И.А., Курманов З.К., Сыдыкова Л.Ч., Арсалиев Э.С., Шадиев А.А., Данилов Ю.А., Жээнбеков Ж.А., Салымбеков А.М., Мамасейитова Б.У., Өмүркулов И.Ш., Назаров О.П., Сабиров А.А., Абдуллаева Ч.Г., Абдыраимова Р.А., Аб-драсаков Б.Т., Айдаров Н.А., Акрамов Э.Х., Акунов Б., Арабаев А.А., Арапбаев А.А., Атамбаев Н.С., Аттокуров О.А., Байбураева А.Б., Байло Н.И., Байтиков А.Б., Бекенова З., Бурканов А.О., Бурханов А.Х., Дербишева Г.Т., Жолдошев К.Н., Жунусов И.К., Жураев М.К., Жакыпов Ж.С., Жамалдинов З.И., Жумабекова Т.А., Жээнбеков А.Ш., Ибрагимов С.М., Иманалиева А.К., Исаева Д.Ш., Исанова М.Н., Кабаев А.С., Кадыров К.Б., Калмаматов А.А., Каниметов Ж., Карабеков К.Ж., Карамушкина И.Ю., Каримов А.Т., Кенжебаева А.А., Керимова Н.С., Койчубаков Н.К., Кодуранова А.С., Коркмазов Х.З., Кудайбергенов Ж.К., Кулбаев А.С., Куликова Г.А., Кунакунов М.К., Кыдыров Д.Ш., Летова И.В., Мамасаидов М.Т., Мамасалиев А.Т., Молдобаев Н., Молдошева Д.А., Наргозуев Б.М., Ниязалиева Д.А., Орозалиев Т., Отунбаева Р.И., Попов С.В., Рахимдинова Ж.Т., Сабиров А.А., Садыбакасова Ш., Сакебаев С.А., Салахудинов Ж.С., Сан Б.А., Сейтказиев А.Т., Сидоренко Р.В., Сулайманов А.Т., Султаналиева Г.Т., Тагаев Р.Б., Төлөнов А., Төрөбаев Б.Э., Тулендыбаев П.Р., Шабанова Т.В., Шабатоев Р.А., Шин Р., Юсуров А.Л.






Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Ак жол сага, бүтүрүүчү!
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Аткарылган иштер айтылды
4-бет
Дайындоолор
5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер
Нурлан Мотуев
тууралуу саясый жана коомдук ишмерлер эмне дешет?

7-бет
"Кумтөр" макулдашуусу мыйзамдуу
8-бет
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев:
Диний билим берүү сан мамлекетти санаага салды

9-бет
Саясат
10-бет
Насыят
11-бет
Ишеним үчүн күрөшкөн
12-13-бет
ЖАМУ - интеллектуалдык келечекке даңгыр жол!
14-бет
Ак жол сага, бүтүрүүчү!
15-бет
Билими күчтүү миңди жыгат...
16-бет
Жерине элижарашкан Сын-Таш
17-бет
Быйыл түшүмдүн мол болушу күтүлүүдө
18-бет
Япон кереметтери
19-бет
Биринчи байлык-Ден соолук
20-бет
Кошоев Темирбек Кудайбергенович
21-бет
ЕАӨКтүн Астанадагы III форуму
Коопсуздук өнөктөштүк аркылуу

22-бет
Бар болуңуз, Мукпар ага!
23-бет
Министерство сельского, водного хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
24-бет
Сулуулар миңдер үчүн жаралышканбы?


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0626_20.htm on line 53




а ­е¦Є.НҐй«