, 26.06.09 - 17-бет:
  Түшүм-2009

Быйыл түшүмдүн мол болушу күтүлүүдө
Быйыл Сокулук районунун Гавриловка айыл округунун дыйкандары 1787 гектарга буудай эгишкен. Анын ичинен 1210 гектары күздүк, 587 гектары жаздык. Булардан сырткары 11156 гектарда арпа бар.
Учурда арпа, буудай аянттары бел курчоого жете бурала өсүп, кылкандары данга толуп, эгерде күн ачык болсо чабылып, жыйнала турган мезгилге жакындап калды. Мен дайыма жолдон ары-бери өткөн сайын бирде дыйкандардын суу жетелеп, буудай, арпа аянттарын сугарып жүргөнүн көрсөм, бирде отоо чөптөрдөн арылтып, минералдык жер семирткичтерди берип жүргөндөргө жолугамын. Былтыркыга салыштырганда быйыл алардын маанайлары жарык. Былтыр жазында, жайында бир тамчы жамгыр жаабагандыктан күздүк жерден көтөрүлө албай суйдаң өссө, быйыл сепкендер, тиккендер өсмөк түгүл, ташка дагы чөп чыккыдай болду окшойт.
- Быйыл жаан да мол болду, суу да жетишерлик. Дан эгиндери былтыркыдай суудан өксүк болгон жок, - дейт Гавриловка айыл округунун башчысы Абас Үсөнов. - Кудайга шүгүр, дан эгиндерин дарт да аралабады, курт да түшпөдү. Азыр эгинди оруп, бастырганга шайма-шай даярдыкта турабыз.
Ооба, айыл округундагы 29 трактор, 3 комбайн жана жүк ташуучу автоунаалар оңдолуп, ремонттолуп, герметизацияланып, даярдык сабына тизилип коюлган. Комбайндар гана аз болууда, калган техникалар жетишет. Ошондуктан быйыл гавриловкалыктар өздөрүндөгү комбайндарды эки-үч нөөмөттө иштетип, башка жактардан да эгин оруучу техникаларды келишим менен иштетүүнү көздөшүүдө.
- Былтыр жер шартына жараша ар гектардан 15-20 центнерден гана түшүм алсак, буюрса быйыл 30-40 центнерден түшүм алабыз деп турабыз, - деп жыйынтыктады сөзүн Абас Үсөнов.
Ооба, ага бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ага жайкалган эгин талаасын аралаган адам ынанбай койбойт. Дыйкандардын алдында түшүмдү кечиктирбей жыйнап алуу гана негизги милдет болуп турат.
Нургүл ТЫНАРБЕК кызы,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты




Уруу-урууга бөлүнүп, таш дооруна кайтабызбы?
Акин Токталиев өзүн чоң саясатчы эсептебесе да улуттун кызыкчылыгын көздөгөн маселелерде жалпы эл тараптагы мүдөөлөрдү көтөргөн патриот атуул. Кээ бир жагдайлардагы көз карашыбыз эки башка болгону менен кандай иш болсун акыйкат сөзүбүздү айткандыгыбызда, улуттук намысты бийик койгон көктүгүбүздө окшоштук бар. Он жылдан бери жакшы билген ажы байке досумдун: "Уруу-урууга бөлүнүп, таш дооруна кайтабызбы?" - деген ыза-ачуусун айтканда жарытып көңүл айта албадым. Бардыгыбыз ойлоно турган олуттуу маселе экен.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"

Трай - балээ - изм!
Иттен чыгарып коюшту!
Таң атпай Кеминден бир тууганымдай көрүп жүргөн жазуучу агам Теңиз Төлөмүшев үйгө телефон чалып: "Сен үйдөн эч жакка чыкпай тур, маанилүү көп сөз бар, Бишкекке келатам, жакшы кабар", - деп телефонду коюп койду.
Түш оогон ченде Теңиз байкем экөөбүз ээрчишип алып шаардын борборундагы имаратка келдик, экинчи кабатта жайгашкан бир офиске кирип келип, көпчүлүк менен учурашып калдык. Арасынан бөлүнүп чыгып, мен жакшы көргөн жердешим, генерал - иним Кеңешбек Дүйшө-баев амандашпай туруп мага "Сиз кайсы уруудансыз"- деп кайрылды.
Кеңешбек берген суроону мен тамаша катары кабыл алып, мен Кеминде туулганмын, кеминдик болгонума сыймыктанам. Жакшы болсо да агабыз, жаман болсо да агабыз, андан жакшысын кайдан табабыз деп намыска туруп Аскар
Акаевдин жүргүзгөн саясатын ылгабай, көз карашын туура эмес деп оң-терс баалабай, кызыкчылыгын көздөбөй, таламын талашпай, конституциялык укугун гана коргоп чыкпадымбы, эч бир киши Кыргызстан боюнча ААА деп айтуудан коркуп турганда - деп, сөзүмдү бүтүрдүм.
Ошондо Кеңешбек иним айткан сөзүмдү жактырбай: "Биз бул жыйынга Теңиз байкебизди гана чакырганбыз, биздин тизмеде сиз жоксуз, урууңузду тактап алып, эгер урууңуз жыйын өткөрүп сизге ишеним көрсөтүшсө, анан өкүл болуп катышасыз" - деп, мени сыртка акырын "иттен" чыгарып коюшту.
Оозумдан келмем кетип көчөгө чыгып калдым, чаңга оонаган баладай бозала болуп көзүм тунарып, эс-учумду жыйнай албай, ызамды кимге айтарымды билбей туруп калдым...
Артыман Теңиз агам чыгып келип, эс-учумду ордуна келтирип, өзү ыңгайсыз абалда калганын түшүнүп, менин алдымда кантип актанар сөзүн таппай: "Мен да капысынан түшүнбөй келип калыпмын" деди.
Сиздин урууңуз ким?
Бир аз убакыт өткөндөн кийин 40 жыл мурда атамдын: "Биз моңолдор уруусуна киребиз, Алагардын алты баласынан тараганбыз. Байыркы заманда, 5-6 муун мурда өткөн ата-бабаларыбыз Ат-Башы өрөөнүндөгү Муз деген айылда турушкан экен. Ошол жактан Чүй бооруна көчүп келип, чоң ата-бабаларыбыз турукташып калышыптыр", - деп айткан сөзү эсиме келди.
Теңиз байкеден - "А, сиз кайсы уруудансыз жана түпкү атаңыз кайдан келди эле" - деп сурадым. Ал мага шашпай элдик санжырадан баян кылды. Кайсы уруу кайсыл жактан чыкканын тактап, санады. Бирин түшүнсөм, экинчисине түшүнө албай турдум. Акырында кыргыз эли үчкө: оң жана сол канатка, ичкиликке бөлүнөрүн, жалпы 40 уруудан кураларын айтты.
Кыргыздын соңку тарыхы эсиме түштү, сарбагыш менен бугу урууларынын чабышы, азыркы жиктешип бийлик талашуу кимдин пайдасына чечилет жана буга кимдер кызыкдар деген суроого жооп издеп, кылымдан бери келаткан кыргызды трай-БАЛЭЭ-измден сакта, таш дооруна кайтып бөлүнүп-жарылуунун айынан куттуу Ала-Тообузду бирөөлөргө тарттырып жибербесек экен деп Кудайга жалынып жибердим.
Кимге керек ызы-чуу...
Кыргыз жерине XIX кылымда орус падышасы кызыкдар болгондуктан, жергиликтүү элди күч колдонуу жана алдоо саясаты менен көчүп келип, отурукташып кыргыз жерин өздөштүргөнү тарыхта белгилүү. Кудайга шүгүр, жерибизди тарттырып жибербей орус эли менен өз элдей, боордош болуп калдык.
Кыргыз элин уруу-урууга бөлүп, жерин жок кылууга ким кызыкдар деген суроого жооп табууга аракет кылдым. Алар элди уруу-урууга бөлүп, тымызын бирине-бирин кайрап, кырды бычак кылуу максатында тыштан бизге эс-акыл, маданияттуу жашоону үйрөтүмүш болуп, чабыштырып жок кылуунун аракеттери көрүлүп жаткан жокпу деген кооптуу суроо келет. Чет мамлекеттердин чалгынчылары өз кызыкчылыгын коомдон өйдө көрүшкөн, көр оокатка кызыккан адамдар аркылуу кыргызды 40 урууга бөлүп, Ата мурасыбыз Ала Тоону, байыркы түптүү кыргыз элин жок кылуу үчүн бөлүп-жарган уюштуруу иштерин жасоодо деп эсептейм.
Буга мисал катары мен 2001-жылдын 13-декабрында КРнын Өкмөтүнүн балдардын эне-аталарынан жашыруун чыгарган № 785-токтому менен Кыргызстандын бүт мектептеринде 7-11-класстарда окуучуларга секстин 33 түрүн үйрөтүү программасы кабыл алынганын айткым келет. Анда мугалим уятсыздыкты балдарга сабакта айтып берип, практика жүзүндө көрсөтүүсү керек эле.
2002-2003-окуу жылында секс окуу куралы катары атайын чет мамлекеттин сунуштоосу менен өзбек, орус, кыргыз тилдеринде "Жашоонун сергек мүнөзү" деген китептин 170 миң нускасы басылып мектептерге таркатылган.
Ата-бабалардан келаткан үрп-адатты, салтты мамлекеттик дең-гээлде жаш өспүрүм балдар-кыздарды мектептен эле бузуу жолуна багыттаган батыштын идеологиясын колдоп, биздин чоңдор 15 миллион АКШ долларын грант түрдө алышмакчы болуп, алданышкан. Биз коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг - пикет уюштуруп, бул 15-20 жылда кыргыздын тукумун жоготууга алып келет деп 1,5 жыл тынбай соттошуп, араң мектепте секс программасын алдырып салганбыз. Муну менен биз кыргыз элинин генофондун сактап калдык деп эсептейбиз.
2007-жылдын 24-декабрында ИИМдин экс-министри Б.Ногой-баев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисине орозо жана курман айттарын өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө №4757 кат менен кайрылган. Мамлекеттик чиновник Б. Ногойбаевде кандай максат болгону жана кимдин саясатын көздөгөнү мага белгисиз, ал мамлекеттик бийлик менен момун карапайым мусулмандардын ортосунда чоң чатактын чыгышына, тирешүүсүнө алып келип, буга өз убагында КРнын Президенти Курманбек Бакиевдин кийлигишүүсү менен оң чечилди.
2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А. Му-саев мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салган № 102/1-буйругун чыгарган, андан тышкары окуучулардын арасында аңдуу, тинтүү жүргүзүү менен алардан экстремисттерди табуу тапшырылган.
Ушундай баш-аламан буйрукту министр жазып, мугалимдерди мугалимдик ишин аткарттырбай, полициялык кошумча кызматты жүктөгөн. Ата-энелердин арасында да нааразылык болуп, буга да КРнын президенти К. Бакиев киришкенде токтоду. Министрлердин оюна эмне келсе эле кол коюп буйрук чыгара беришеби, аң- сезимдери жана билимдери жетишпесе жок дегенде Адилет министрлеринин адистери менен бирге талкуулап, анан буйрук чыгарышпайбы.

Ынтымак кайда...
Элибизде "Жети атасын билбеген жетесиз" деп туура айтылган. Бирок, ал уруу-урууга бөлүнүп "Өз айлыңдан кочкор сал" деген мааниде же урууга, анын аз-көптүгүнө карап бийлик бөлүштүр деген ойдо эмес, нарктуу, салттуу кыргыз көчүн улап келген ата-бабаңдын нускалуу жолунан, элге кызмат жасаган өрнөгүнөн чыкпа, атадан өтсөң өт, асти төмөн түшпө дегендик эмеспи. А бизде айрым төбөсү көрүнгөн интеллигент сөрөйлөр кызматка уруусуна карап алганы же сүрөгөнү таш дооруна кайткандыгыбыз эмей эмне?
Мен Аскар Акаев элинен качып кеткенде адвокат болгондо, анын уруусуна карап эмес, кыргыздан бир укугун коргогон бычакка сап бирөө чыкпаптыр деген сөзгө калбайлык деп макул болгонмун. Менин кеминдик жердештерим урууга бөлгөндөй анын кайсыл уруудан экенин ойлобой туруп, жердешим, мекендешим катары элинен качкан Акаевге кошулуп жаман көрүнүп укугун талашканмын. Же мен өздөрүндөй А. Акаев бербей койгон 80 пайыз жактоочулук эмгек акымды анын Абылай уруусуна жүктөп, илгеркидей аксакалдар сотуна коюп, моңолдор уруусуна өндүрүп алайынбы? Мен кеминдик жердешим деп укугун коргоп, эми уруусу башка деп жектелип турам. Ошол уруусу бир, кайсыл намыстуу Абылай уруусундагы бирөө эмгек акымды "мен төлөп берем" деп чыгат.
Кеминдикмин деп бейкапар жүргөн, мыйзамдын туура, туура эместигин иликтей алган, турмуштун ачуу-таттуусун аз да болсо татып калган мени уруу-урууга бөлүштүрүп, шайлоолорго карата күрөшүү катуу ойлонтуп койду. Крыловдун тамсилиндеги аккуу, чаян, балыктай болуп көрүнгөнүбүз туш тарапка тартып боору бүтүн элибизди таш дооруна кайтарып "урууң ким?" - деп бүлүндүрүп албасак экен деген тынчсыздануу жүрөгүмдү өйүп келет.
Кыргызстанда калктын 80%дан ашыгы мусулман болгондуктан биз чыныгы исламдын жолуна түшсөк гана сакталып калгыдайбыз. Мусулман баласы кайсы уруудан чыкканын тактабайт, улутуна, өңү-түсүнө карабай бир тууган катары бири-бирине тең укуктуулугун көрсөтүп, терең ызаттоо менен мамиледе болушат. Укум-тукумубуз менен бир кишинин кетирген күнөөсү үчүн Алланын алдында жооп беребиз дешип бири-биринин эмгегин жебей, Кудайдан коркушат.
Курманбек Бакиев Ислам дининин, мусулманчылыктын өнүгүшүнө чоң колдоо көрсөтүп келе жаткандыгына күбөмүн. Мындан ары да жардам беришине ишенимим зор. Кудай буюрса, биздин чиновниктер, министрлер жана депутаттар оңолушса, анда биз Араб өлкөлөрүнөн да бай жашайбыз, уруу-урууга, тууган-туушканга, жердешчиликке бөлүнбөй ынтымактуу болобуз.
Акин ажы ТОКТАЛИЕВ,
Кыргыз элинин ар-намысын жана абийирин коргоо
комитетинин жетекчиси,
укук коргоочу-адвокат