, 26.06.09 - 14-бет: Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Кыргызстандагы 76 миң бүтүрүүчүнүн бири Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктап жаткан Багира Уланова.
Ал англис тилине кичинекей кезинен кызыгып: "Шаардагы окуучулар эле бул тилди мыкты өздөштүрүп, айылдагылар жакшылап үйрөнсө болбойт бекен?" - деп намыстана тилди үйрөнүүгө киришет. Натыйжада аракеттин берекети болуп англис тилин айыл жеринде эле мыкты өздөштүрүп, эркин сүйлөшкөнгө чейин жетет. Багира 11-класста окуп жатканда кайсыл бир гезитке айылдык мектеп окуучуларынын арасында англис тили боюнча конкурстун Жобосу чыгып, ага катышууну чечет. Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн бул конкурстун татаал сыноолорунан ал биринчи орунду ээлеп, Европанын 7 өлкөсүнө саякаттап келүү жолдомосуна ээ болду. Бирок бул предметтен берген эжекесинин ден соолугуна байланыштуу алар Европанын ордуна Түркияны тандап алып, бир жума саякатта болуп кайтышты. Андан соң Багира Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевдин кабыл алуусунда болуп, анын жылуу сөздөрүн укту. Азыр Багира бүтүрүү сынактарын эң мыкты тапшырып, колуна кызыл аттестатын алып, классташтары, билим берип тарбиялаган агай-эжекелеринен ажырагысы келбей турган кези. Тандаган кесибине жетүү үчүн алдыда дагы бир сыноо, андан соң улам-улам кездешчү турмуштун чексиз сыноолору күтүп жатат. Жаштайынан койгон максатына жетүүдө дайыма чымырканып, ийгиликтерге ээ болуп келген Багира үчүн алар көп деле кыйынчылыктарды жаратпоочудай сезилет. Анткени ал чоң турмушка даяр болуп тарбияланды. Чоң энеси Зайна апанын турмуштук тарбиясын алды. Баарынан да Багира жанындай көргөн чоң апасынан алыстагысы келбей, ичи ачышып жаткандай. Бирок баары бир ал саналуу күндөрдө билим алуу үчүн Бишкекти көздөй жол тартат. Бишкекте аны студенттик кызыктуу турмуш күтүп турат. Бишкек билимге умтулган, англис тилин мыкты билген, келечекке максатты кенен койгон, жаркын маанай Багира менен толукталат.

Жанара Калдыбаева,
КУУнун студенти




"Шаттык" Түркияны шаңга бөлөдү
Кыргыз элинин кан-жанында эле эмес, балдарында да нукура талант бар экенин Кыргызстандагы Сырга Жапар кызы жетектеген "Шаттык" үлгүлүү бий ансамбли дагы бир ирет далилдеди. 15 жылдан бери Түркияда өтүүчү "Түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык балдар фестивалында "Алтын медалга" ээ болуп кайткан "Шаттыктын" шайыр уул-кыздарынын талантын айта кетпесе болбос.

Түрк тилдүү өлкөлөр арасында жыл сайын өткөрүлүп келүүчү бул фестиваль Стамбулда өтүп, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Ирак ж.б мамлекеттердин жаш жеткинчектеринин талантын электен өткөрөт. Мындан төрт жыл мурун "Алтын медалды" багындырган Кыргызстандын "Шаттыгы" бул ирет да биринчи орунду алды.
"Аталган фестивалга көптөн бери даярданып аттык",- дейт топтун жетекчиси Сырга Жапар кызы.
"Стамбулдун кооз жайынан орун алган стадиондо ар өлкөнүн таланттары желектерин желбиретип чыкканда, кыргыздын намысын коргоого терең ишенгем. Балдарыбыз табияттан таланттуу экенин ушул фестивалда көрсөттү",- деп кошумчалайт.
Алгач кыргызстандык кичинекей бийчи кыздар "Темир комуз" бийин аткарышат. Экинчи турда түрк элинин атактуу "10 марш" чыгармасына бийлеп, калыстар тобунун купулуна толгон.
Буга чейин да көптөгөн өлкөлөрдө биринчиликти жеңип келген "Шаттык" бий тобунун бул 22-жолу алган "Алтын медалы".
Фестивалдын жүрүшүндө уюштуруучулардын демилгеси менен "Шаттыктын" балдары Түркиянын ажайып жайларын саякатташып, музейлерди кыдырып, көңүлдүү эс алышты. Дагы бир өзгөчөлүгү кыргызстандык катышуучулар конок үйлөрүндө эмес, түрк ата-энелердин үйүндө өз балдарындай конуп турушту. Анткени, "Шаттык" бий тобуна түрк боордоштор суктанышып, сыйлашат экен. 8 жаштагы Надина 5 жашынан баштап "Шаттыктын" курамында тарбияланып келет. Түркиядагы фестиваль таасирлери тууралуу ал: "Стадионго биринчи бийлеп чыкканда бир аз уялдым. Бирок, жанымдагы курдаштарымды көрүп, тартынбай бийлеп кирдим",- деп оюн бөлүштү.
Баса, фестивалдын ачылышына арналып Түркиядагы эң көп нускалуу басылманын биринчи бетине кыргыз кызы Надинанын сүрөтү басылып чыгып, кыргызстандык бий тобу тууралуу кенен макала жарыяланды.
Мындан ары да "Шаттыктын" шайыр кадамдары арыбай, кыргыз желегин дагы да желбиретип, бийиктиктерге чыгышын каалайбыз.

Сахиба Кадырова




Теңир тоолук балдар байгелүү кайтышты


Теңир тоолук балдар жыл сайын жаз айларында Нарын облусунда салттуу түрдө өтүүчү "Жаш талант" кароо-сынагына катыша алышат. Сынактын вокал, дастан, элдик ыр боюнча жеңүүчүлөрү Түркияда өтүүчү эл аралык "Түрк дүйнөсү" фестивалына барышат.

Ошентип, "Жаш талант-2009" сынагынын жеңүүчүлөрү - Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы мектебинин 5-классынын окуучусу Айтбай уулу Адил, Нарын районундагы Мамбетакун Бекмуратов мектебинин 4-классынын окуучусу Эсенбек уулу Түгөлбай, ушул эле райондун Жолдон Саламатов мектебинин окуучусу Алмазбек кызы Айпери жана Түркияга ардактуу конок катары чакырылган 2006-жылдагы фестивалдын баш байгесинин ээси - Токтобек уулу Канат менен быйыл да Стамбулга барып келдик.
Стамбулдагы кадыр-барктуу фестивалда Айтбай уулу Адил элдик ыр "Сары ойду", Эсенбек уулу Түгөлбай "Таласымды" ырдашса, Алмазбек кызы Айпери "Манас" эпосунан үзүндү айтты. 27 өлкөдөн келген 25 конкурсанттын арасынан 11и финалга чыкты. Алардын арасында Айпери дагы бар. Кечкисин Стамбулдун айтылуу Конгресс-холлунда сынак башталды. Канткен менен эл аралык деңгээлдеги сынактын сүрү чоң эле болот экен. Жоопкерчилиги да ошончолук.
Калыстар ар бир конкурсантка татыктуу бааларын беришти. Айпери 4-орунга ээ болду. 3-орун Татарстанга, 2-орун Болгарияга, 1-орун Украинага кетти. Неси болсо да балдар чоң таасир менен кайтышты. Жыл сайын улам бир жаңы ысымдын канатын күүлөп, өз каражатынын эсебинен Түркияга жөнөтүп, балдарга шык берип келе жаткан "Балтаттуу" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлмира Мамбеталиевага ыраазычылык билдире кетели. Жакшылыкка көпүрө болуп, жаш таланттардын жылдызынын жанышына жеке салымын арнап келе жаткан ушундай көрөңгөсү терең, көкүрөгү жарык, руху бийик асыл адамдар бар экендиги кимди болбосун ыраазы кылат...

Сейит ЖЭЭНБАЕВ




Медалисттердин мектептик балы
Шейшембиде Ала-Тоо аянтында мэр Нариман Түлеевдин катышуусу менен медалисттердин мектептик балы болуп өттү. Иш-чара кечинде болду, ага борбордогу мектептердин 200гө жакын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү чогулду.
Мэриянын коомчулуктар менен байланыштар башкармасынын маалыматы боюнча майрамды өткөрүүгө 808 миң сом бөлүнгөн. Өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарга татыктуу болушкан бүтүрүүчүлөр аларды мэрдин өзүнүн колунан алышты. Мэр сүйлөгөн сөзүндө бүтүрүүчүлөргө жакшы каалоолорун айтты жана өсүп келе жаткан муун келечекте коомдун татыктуу резерви боло тургандыгына үмүттөнгөндүгүн билдирди.
Майрамдын расмий бөлүгүнөн кийин түстүү фонтандын фонунда музыка ойнолуп, мэр, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери бийге түшүштү. Шаардын башкы аянтында мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн маанайына караганда майрам жакшы болду.

Өз маалыматыбыз