, 23.06.09 - 9-бет: "Сары-Өзөн чолпондору" - губернатордук фестиваль
Маданий жайларга маани берүү, элдик таланттарды издеп табуу жана аларды колдоо бул чоң күч. Акыркы 10-15 жылдын ичинде маданий жайларга көңүл бурулбагандыктан, алардын көбү таланып-тонолду. Айрымдары капиталдык ремонтту талап кылат. Ал эми мурдагы колхоз-совхоздордун базасында уюшулган элдик таланттар тобу тарап, алардын аз гана тобу райондук маданият үйүндө кармалып келет.
Бул маселе Болоткан Советбековичтин губернаторлукка келиши менен колдоого алынып, жандана баштады десек мактангандык болбос.
Учурда маданий жайлардын 70%ы оңдолуп, ал эми "Элдик таланттарды издейбиз" деген кароо-сынактар ар бир айыл өкмөттөр арасында өткөрүлүп, ага 5 миңден ашык таланттар катышып, андан тандалгандары райондорго, облустарга катышты.
Жакында облустук таланттардын "Сары-Өзөн чолпондору" аттуу гала концерти Жайыл районунда өткөрүлдү. Ага 80ден ашык ар улуттун 400дөн ашык жаш таланттары катышты. Жеңүүчүлөргө Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан тышкары облуста жаштардын камералык оркестри бар. Ал да көп жылдан бери колго алынбай, каралбай келген. Б.Кумаров оркестрдин тобу менен сүйлөшүп, аларды да жандандыра баштады. Учурда бул оркестр тобу бардык райондордун клубдарына барып, элге кайрымдуулук концертин тартуулап келет. Мындагы оркестрдик, гала-концерттердин өткөрүлүшү жаш таланттарды издеп табуу, жеңүүчү таланттарды райондук, облустук жайларга алып калуу, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүп жана аларга кам көрүү болуп эсептелет.
Бул гала концерттин жеңүүчүлөрү ЖКтин "Ак Жол" партиясынын жана Кыргызстан комму-нисттик партиясынын депутаттары тарабынан күзүндө өтүүчү ЖКтин 70 жылдык мааракесине, ошондой эле мамлекеттик салык инспекциясынын июль айында өткөрүлүүчү кесиптик майрамына чакырылды.

Тарыхый эстеликтерге да талап катуу
"Тарыхы болбой эл болбойт" дегендей, жергебизде тургузулган тарыхый эстеликтер мезгилдин жансыз документтери. Эстеликтер жаш муундарды эстетикалык патриоттуулукка тарбиялоодо өз таасирин тийгизип келет. Ага үстүбүздөгү жылы Чүй облусунда согушта курман болгон жоокерлерге тургузулган эстеликтердин оңдолушу жана Шопоков шаарына тургузулган эстеликтин ачылышы мисал боло алат. Ачылышта облустун жетекчилери, согуштун катышуучулары, эмгек ардагерлери катышып, эстеликти ачкан КРнын Президенти Курманбек Бакиевге жана Болоткан Кумаровго чоң ыраазычылык айтышты. КРнын Президенти
жыйындын катышуучуларын 9-май Жеңиш күнү менен куттуктап, мындай эстеликтер дагы ачыла берерин айтып, согуштун катышуучуларына 1000 сомдон жана баалуу белектерди тапшырды.

Айыл чарбасы алдыга кетти
- жылда кылкандуу дан эгин 217,8 миң га, жүгөрү 23,9 миң га, жашылча 18,9 миң га, көп жылдык өсүмдүк, 92,6 миң га. жана 5200 га кант кызылчасы өстүрүлүп жатат. Эгиндерибиздин өсүш абалы өткөн жылга караганда быйыл бир топ жакшы. Кант кызылчасын өстүрүү боюнча Өкмөттүн токтому 20-мартта чыкты. Кеч чыкса да уюштуруу иштери катуу жүргүзүлүп, ар бир айыл өкмөттөрүндө, дыйкан чарбаларда, айрымдары өз короолоруна да себишти. Мисалы, айтылуу кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры К.Шопокова эне өзүнүн жашы 93төн ашканына карабай, өз короосуна кызылча өстүрүп, башкаларга үлгү көрсөттү.
Ал эми быйылкы жамгырдын нормадан ашык жаашы кант кызылчасынын өсүшүнө тескери таасирин тийгизип, айрым участоктордо кайталап себүүнү талап кылды. Бирок, ошого карабастан 5200 га кант кызылчасын сээп, өстүрүп жатабыз. Багылышы жакшы. Бул өсүмдүктөн бир гана кант, кумшекер өндүрүлбөстөн, өнөр жайына пайдалануучу спирт, патока жана мал чарбасына тоют катары жом да өндүрүлөт. 2009-жылы калкыбызды кант азыгы менен камсыз кылууда "Кайыңды-Кант" ишканасы кант кызылчасы менен, ал эми "Кошой" ишканасы тростник менен иштейт. Кант кызылчасын өстүрүү менен катар эле калкыбызды 50 миң жумушчу орун менен да камсыз кылмакчыбыз.
Көп жылдык чөптөрдүн биринчи чабыгы улантылууда. Бардык айыл өкмөттөрүндө, дыйкан чарбаларда чөп чабуучу, жыйноочу, таңгактоочу техникалар жетиштүү. Техниканын ремонт иштери кыш мезгилинде башталып, толук даярдыктан өткөрүлгөн. Иш кызуу жүрүүдө. Ал эми жашылча жана башка өсүмдүктөрдү сугаруу күч алды. Бир сөз менен айтканда быйыл талаачылык иштеринде абал жакшы. Буйруса түшүм мол болот.

Өнөр жайда өсүш бар
Өнөр жайында өткөн жылга караганда Казакстан менен Россия биздин товарларга болгон суроо-талапты азайтканына байланыштуу, товарларыбыздын экспортко чыгуусу азайды. Азыр 80%ды түзүп калды. Жакында өткөн жылдын деңгээлине жеткирмекчибиз. Ал үчүн атайын пландар белгиленип, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Учурда чакан жана кичи ишканалар ири ишканалардан кем калышпай, эң жакшы иштеп, өз продукцияларын сыртка алып чыгууда. Бул чакан ишканалардын саны да жылдан жылга өсүп келет. Мисалы, чакан жана кичи ишканалар 2008-жылдын 1-кварталында 588,2 млн. сомдук продукция өндүрсө, 2009-жылдын I кварталында 1051,3 млн. сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпин 147,3%га. жеткирген. Облус боюнча экономикалык жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө 4011,5 млн. сомдук каражаттар пландалган. Анын ичинен инвестиция тартууга 2147,4 млн. сомдук 19 долбоор, ошондой эле курулуш жана социалдык объектилерди оңдоого 1864,1 млн. сом бекитилген.
Мен ушу 4 айдын ичинде облустун бардык ири ишканаларын кыдырып, иштери менен таанышып чыктым. Бул ишканалардын көбү союздан калган электр энергияны, газды көп талап кылган ишканалар. Азыр мезгил да, талап да башка. Биздин максат - ал ишканаларга мүмкүнчүлүккө жараша көмүргө өткүлө деп жатабыз. Ошондой эле чыгарылган продукциянын өздүк наркын азайтып, рынокко чыга алган жогорку сапаттагы товар өндүрүп экспортко чыгуу. Эгерде өнөр жайдагы экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өтсөк, 2007-жылы 21264,7 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлсө, 2008-жылы 33235,0 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, план 98,8% аткарылган. Ал эми 2009-жылга карата алдын ала божомол боюнча 37057 млн. сомдук продукция өндүрүп, аткаруу 100,2%ды түзөт. Демек, өнөр жайда өсүш болот демекчимин.

Жол сапаты жакшырат
Райондорду кыдырып, эл менен жолугушууларда элден түшкөн суроо жол маселеси жөнүндө болду. Чындыгында жол абалы оор, бул орчундуу маселе. Азыр Президенттин тапшырмасы боюнча унаа жана коммуникация министри да жолдорду оңдоо боюнча эң жакшы иштеп жатат. Алар май айындагы жааган жамгырга карабастан жолдордун 30%ын оңдоп чыгышты. Жолдорду оңдоо күз айына чейин улана бермекчи. Унаа жана коммуникация министри менен райондун, облустун, республиканын карамагындагы жолдорду текшерип, жолдорду оңдоо боюнча карта түзүп, план кабыл алдык.
Мындай кылуу текшергенге да, көзөмөлгө алганга да оңой. Биз алардан күн сайын маалымат алуу менен кайсы бригада кайда, эмне кылып жатканын жана канча жол жасалганын билип турабыз. Ошондой эле жолдордун сапатына да айрыкча көңүл буруп, ал боюнча облустук, райондук комиссия түздүк. Алар жолдордун оңдолушун текшерип, көзөмөлгө алышат. Эгерде сапаты начар болсо, аларга катуу чара көрүлөт. Ошентип жолго талап жогорулап, жол сапаты жакшырат.

Айылдар шаарга айланат
Акыркы жылдары КРнын Президенти К.Бакиев бийлик өкүлдөрү эл менен тез-тез жолугуп, элге жүзүн бурсун деген талабынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, анын ичинен билим, маданият, унаа жана коммуникация министри, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана калкты иш менен камсыз кылуу комитети, ошондой эле КРнын алдындагы туризм боюнча агенттиги калк менен тез-тез жолугушуп, элдин суроо-талаптарына жооп берип, биз менен да тыгыз иштеше башташты. Муну айрыкча белгилеп кетүүгө болот.
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык жактан тазалоо - ден соолуктун булагы. Ал эми айыл-кыштактарда, райондогудай, шаардагыдай иштеген өнөр жайлар, ТЭЦтер жок, уулуу газдар жок. Аба таза. Мындагы таштандыларды чыгарып, короо-сарай, жолдорду тазалап, айлананы көрктөндүрүү, айылдын тазалыгы үчүн жетишүү. Бул боюнча бардык айыл өкмөттөрүнө тапшырма берилген. Азыр автожолдордун жээгине жана айыл жергесине бак-дарактар тигилип, акталып, тазаланып, айлана-чөйрө көрккө келе баштады. Ушул маселенин айланасында эң мыкты район, эң мыкты айыл өкмөтү жана үлгүлүү айыл, көчө, үй деген конкурс жарыяладык.
Кээ бир айылдарда шаардан кем калбаган көп кабаттуу үйлөр, коттедждер салына баштады. Айлана-чөйрөнү таза кармап, көрктөндүрүп, калктын социалдык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртсак, айылдын шаардан эмнеси кем? Ошондуктан эмки максат - айыл-кыштактарды шаарга айландыруу.

Кызматташуу кыйырга жеткирет
Инвестиция тартуу боюнча иш катуу жүрүп жатат. Ансыз өнүгүү болбойт да. Мисалы, 2009-жылы 119 инвестициялык долбоор жазылып, 2147,4 млн. сомдук иш аткарылат. Курулуш жагы да көзөмөлгө алынып, көп иштер жасалып жатат. Мисалы, облуста семинар өткөрө турган атайын имарат жок. Ошондуктан Токмок шаарына иш борборун салып жатабыз.
Чет мамлекеттер менен да байланыш күч. Жакында эле Сокулук районуна "Белоруссия" соода үйүн ачтык. Анда Белоруссиянын тракторлору, комбайндары, айыл чарба техникалары (соко, мала, чөп чапкычтары) жана кошумча тетиктери да бар. Бул техникаларды дыйкандарыбыз сатып алып жаткандыктан, биз дагы заказ берип жатабыз.
Россия, Казакстан, Украина, Түркия жана Иран менен да кызматташуу күч. Ал эми түрктөр менен да айыл чарбасы боюнча иштешели деп жатабыз. Белоруссияга үрөндөрдү бердик. Ал эми ирандардын үрөнүн да сээп көрөлү деп жатабыз. 2008-жылы облус боюнча 20 центнерден түшүм алынды. Бул өлкөлөрдө 80-100 центнерден экен. Эмне үчүн бизде төмөн? Бул өлкөлөрдүн үрөндөрүн сээп, тажрыйба алмашуубуз да ошондон. Биздин багыт - мамлекеттер ортосундагы достук байланышты чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу, рынокко чыгуу, инвестицияны тартып, өнөр жайды иштетүү, айыл чарбасын жогорулатуу, социалдык жайларды жакшыртуу, экономиканы жогорулатуу.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"