, 23.06.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Эл жазуучусунун демилгеси эмдигиче ишке ашпай келет
елгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев өзүнүн кичи мекени Чүй районунун Султан Ибраимов айыл округундагы үйүн
айылдык китепкананын имараты кылууга өткөрүп берүүнү чечкен. Эгерде райондун жана айыл округунун жетекчилери бул демилгени колдошо турган болсо, бир нече миң томдон турган өздүк китепканасын да берүүнү чечкен эле.
Жергиликтүү жетекчилер өдөрүнүн атактуу жердешинин демилгесин колдошкон менен аны жүзөгө ашырууга эмнегедир киришпей жатышат. Жазуучунун үйүн оңдоп, китепканага айландыруу үчүн капиталдык ремонттон чыгарып, бир катар оңдоп түзөтүү иштери аткарылышы керек. Ал үчүн көп деле чыгым кетпейт. Бирок, мына ушул ишке келгенде айылдык округдун жетекчилери районго, облуска шылташса, алар өз кезегинде "китепканалар маданият жана маалымат министрлигине карайт. Ошондуктан ремонт иштерин министрлик жүргүзүүсү керек" деген шылтоону айтышууда. Ал эми министрликтегилер каражат жетишпей жаткандыгына шылташат. Ошентип, бул маселени бир жылдай убакыттан бери футбол тобундай ары-бери тепкилешип келе жатат.
2009-жыл министрлик тарабынан "Китепканалар жылы" делинип жарыяланган. Буюрса кеч күздө демилгенин ээси, Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет. Мына ушул иш чаралардын алкагында драматургдун демилгеси сөз жүзүндө гана эмес, финансылык жактан да колдоого алынып,айылдык китепкана ачылып калcа туура болмок.
Максат ИСАБЕКОВ,
Гүлсүн КАЛМУРЗАЕВА,
И.Арабаев атындагы КМУнун
студенттери




Нукум-нукум, сөөм-сөөм...
Улутубуздун ата-бабалардан калган уюткулуу, көөнөрбөс руханий дөөлөттөр кыргыз элинде түгөнбөгөн кенч экен. Бул жолу элибиздин көчмөндүү мезгилинде пайдаланган узундукту, аралыкты ченөө үчүн колдонгон амалы жана куралы тууралуу сөз кылмакчымын.
кыл калчасак, өлчөөнүн амалы да, куралы да кол болгон турбайбы. Акындар "эки эли тилим сайрасын, ырдасын" дешкен. "Эли" деп сөөмөйүн аташкан. Андан кийинки ченемди "нукум" дешкен. Бул сөөмөйдү жумганда бармак менен сөөмөйдүн ортосундагы аралык. Ал эми бармак менен сөөмөйдүн ортосу - сөөм болгон. Андан кийинкиси карыш экенин баарыбыз эле билебиз. Эң чоңу - кулач. Жердин өлчөмүн таман менен же аттам менен аныктаган. Үн жеткен жерди чакырым, же бир ат чабым деп аташкан.
Кийинчерээк коом жолу өсүшкө түшкөндө миллиметр, сантиметр, метр, км. деген ченемдерди билдик. Мындай алып карасак ушул "нукум" жана "сөөм" деген эки сөздө аябаган зор маани бар экен. Буюмдарды эле ченебестен, адамдардын жакындыгын аныктаганга да булардын колдонорун билебиз.
Саясатта да өз орду бар экен...
Бир жолу үйгө келген улгайган аял өз ара сүйлөшүп олтурганыбызда сөзгө аралаштырып: "Иттүү конок батпайт, биттүү конок жатпайт", - деп эки-үч жолу кайталап жиберди. Сураштырсак, ал аял экинчи жолу күйөөгө чыкканда мурдагы күйөөсүнөн туулган эки баласын ээрчите келген экен. Өзүнөн
туулган балдарды "нукум" жакын көрүп, беркилерди "сөөм" алыс көрчү турбайбы. Мындай абал анын жанына батса керек сөзүнө караганда.
Бул сөздөр уруучулукта да ким экенин көрсөтпөдүбү. "Байгеден бирөөнүн аты чыкканча, өзүбүздүн тай чыксын" - деп, өткөн парламенттик шайлоодо элди жик-жиктерге, сай-сайларга, кыр-кырларга бөлүшүп, агага инини, эжеге сиңдини, бир айылды экинчи айылга каршы коюшпадыбы. Өткөн тарыхты унутпашыбыз керек.
Бир кезде Мао-Цзе-Дун айткан экен: "Кытайда бир эле император бар", - деп. Бизде Кыргызстанда деле бир Президент бар. Жакында аны шайлоо болот. Татыктуусун шайлап алып нукум-нукум, сөөм-сөөм алдыга жыла берели.
Кененсары САПАРБАЕВ, ардагер, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы




Бирөөсү сындаса, экинчиси мактайт
епутаттарды шайлап жатканда, акимдерди тосуп алганда укмуштуудай сонун убадаларды угабыз деле, а бирок жыйынтыгында куру жалак калабыз. Акимдер бир жарым жыл иштеп, өрүлүктөр токтогон күндө эле кайра "жылт" коюп кете беришет.
Бирок, Жумгалга бу жолку келген аким - Талантбек Касмамбетов андай чыккан жок. Башкалардан өзгөчөлөнүп, ал эл алдында берген убадасын аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып жатат.
Ошол убаданын бири - ал Союз убагындагыдай жылуу-жумшак Бишкек-Чаек автобусун каттатам деген. Ошону аткарды. Азыр Чаек-Бишкек-Чаек маршруту ачылды. (ЛАЗ элүү орундуу автобус). 194 сом менен каттап, эл жыргап эле калган убагы. Болбосо таксилер 450 сом, бусиктер - 250-300 сом эле.
Экинчи убадасы да аткарылды. Эчактан бери жолчулардын эсинен чыгып калган АБЗ (Асфальт-бетон заводу) толук кандуу ишке киргизилип, чуңкурлар толтурулуп, 15 км. жолду асфальттап койду.
Айыл чарбасы боюнча дагы чоң пландары бар экен.
Чоро АСКАРОВ,
Жумгал району,
Чаек айылы




Жаманды - коногу, жардыны - бойдогу бийлейт болбойлу?
Кыргыздар илгертеден боорукер болушуп, башка жактан тентип келгендерди өз жергесине батырып келишкен. Бирок, андай "ашкере" боорукерликтин акыры өз башыбызга тийип жаткандай...
Биздин жергебизде ар кайсы жактан ооп келгендер эч өгөйлөнбөй жашап келишет. 1916-жылдагы улуу Үркүндө, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы Ош коогалаңында, мурдагы жылкы Чүйдөгү Искра айылындагы, анан 26-апрелдеги Москва районунун Петровка айылындагы окуялар жаман үйдү коногу бийлейт болуп жергебиздеги башка улуттардын айрым өкүлдөрү чектен чыгышып кетишкендиктерин көрсөтүп турат.
Өткөн бийлик убагындагы "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" ураанын жергебиздеги башка улуттагылардын айрым өкүлдөрү башкача түшүнүшүп алышкан окшойт. Өзбекстандан жер которуп келишкен курддар аталган айылда жашап калуу менен жергиликтүү укук коргоо органдарынын айрым таза эмес өкүлдөрү менен тил табышып алып, өзүм билемдикке чейин жетишти. Натыйжада жалпы элге белгилүү болгон тартипсиздиктер келип чыкты.
Натыйжада чыныгы күнөөлүүлөр жазаланбай, айрым бейкүнөө адамдар камакка алынууда.
Ушул окуядан улам, эмне үчүн кыргыздар өз жеринде кор болушууда деген суроо жаралат. Биринчиден, биздин жергиликтүү бийликтегилер өз иштерине кайдигер.
Экинчиден, элибиздин ички маданияты жогору эмес, алиге чейин уруу-уруучулукка бөлүнүп, ушак айтып, жалкоолуктан арылбай келебиз.
Башка өнүккөн өлкөлөрдө сырттан барып жашагандар эч качан өз талаптарын таңуулабастан, жергиликтүү мыйзамдарга жана тартипке ыңгайлашып жашашат. "Кайсы элде жашасаң, анын ырын ырда", - деп бекер айтылган эмес.
Надырбек
ЖУМАНАЛИЕВ,
И. Раззаков
атындагы
Кыргыз
техникалык
университетинин профессору




Кызыбызды майып кылгандарга чара көрүлөбү?
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Сатыбалдиевге,
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри М.Мамбетовго
Биздин арыз берүүбүздүн себеби төмөндөгүдөй: ушул жылдын
2-майында быйыл жыйырма жаштагы кызыбыз Аширбаева Гүлбара Жолбаевна Аксы райондук ооруканада көз жарган. Төрөгөндө ден соолугу жакшы болчу, кызы менен үйгө чыгарылды. 19-май күнү күтүүсүздөн ден соолугу начарлап, тез жардамдын унаасы менен райондук ооруканага кайра жаткырылды. Эки күн оор абалда аппараттын күчү менен дем алдырып, үчүнчү күнү Жалал-Абад облустук оорукананын гинеколог адистерин чакырып, операция жасашат. Кызыбыздын акыбалы оор болгонунун себеби төмөндөгүдөй экен көрсө.
Райондук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Жаркынай Турагелдиева кесиби боюнча акушер-гинеколог эмес, педиатр врач экен. Өз ишин жакшы билбегендиктин натыйжасында неберем төрөлгөндөн кийин тон алынбай калып, жатындын чирип кетишине дуушар болгондуктан, облустун адистери айласыздан менин кызымдын тагдырын тобокелге салып, тукум улантуучу органдарын кесип таштаганга аргасыз болушкан.
Биз ыраазыбыз облустук дарыгерлерге, алардын ошол учурда болгон мүмкүнчүлүгү чектелүү гана болчу. Башкы каталык,
райондук оорукананын дарыгерлеринде болуп жатпайбы. Кызыбыздын акыбалы операциядан кийин начарлап, 19-майдан 5-июнга чейин райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө оор абалда жатты.
Шашылыш түрдө өз аракетибизди жумшап, кандай болгон күндө да кызымды ажалдан сактап калуу үчүн Бишкекке алып келдик. Кызыбызды сактап калууга кетирген чыгымга, эмне болуп кетет деп ойлоно берип, өзүбүздүн ооруп калганыбызга өкүнбөйбүз. Жыйырмага жаңы эле чыккан кызыбыздын мындан
кийинки тагдырына түбөлүк балта чабылганына, өмүр бою майып болуп калганына өкүнөбүз, бир жагы ыйлайбыз.
Биз Баткен облусунун Лейлек районунун Ай-Көл айылынан болобуз, оокат-тиричилик деп Бишкекке келгенбиз. Тагдыр экен кызыбыз Аксы районунун Кербен шаарына турмушка чыгып, ушундай тагдырга туш болуп олтурат. Эгерде райондун дарыгерлери ЦЭПСИЗ эндокрит диагнозундагы оорулууну айыктыра албаса, аймактарда ошондой дарыгерлерди кармоонун кажети барбы?
Биздин сиздерден суранарыбыз кесиптик компетентсиздиктеринен, шалаакылыктарынан улам кызыбыз Гүлбараны майыпка айландырып, түбөлүккө эне болуу бактысынан ажыраткан врач сөрөйлөрдү мыйзамдын чегинде жазалап, дарылоо үчүн жумшаган материалдык чыгымдарыбызды алардан өндүрүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ошондой эле кызыбыздын майыптык группасын аныктап, ошого ылайык пенсия чектөөгө көмөктөшүүңүздөрдү да суранабыз.
Жолбай АШИРБАЕВ,
Райхан ХАМРАЕВА,
Бишкек шаары