Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Коррупцияны ооздуктоо коомчулуктун колунда
Кечээ Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңешинин жаңы курамынын кезектеги жыйыны КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун төрагалыгында өттү.

Күн тартибинде КРнын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин комиссары С.Жапаровдун 2008-жылда жана үстүбүздөгү беш айда жүргүзгөн иштеринин отчёту, каржылык чалгындоо кызматынын, Каржылык полициясынын, мамлекеттик ветеринария департаментинин беш айда аткарган жумуштарын угуу каралган.
Алгач жыйынды ачкан Адахан Мадумаров 2009-жылдын март айында өлкөнүн Президенти
Курманбек Бакиевдин Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы Улуттук стратегиясы жана аны жүзөгө ашыруу
боюнча Аракеттенүү планы бекитилгенине, аны аткаруу максатында 2009-жылдын 16-майындагы жарлыгы менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жаңыртылганына токтолду.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин мурдагы курамынын иштөө мөөнөтү аяктагандыктан, жаңы курамын КРнын Президенти № 99 жарлыгы менен быйыл майда бекиткендиктен КРнын Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин комиссары С.Жапаров өткөн 2008-жыл жана 2009-жылдын беш айында жүргүзгөн иштери тууралуу отчёт берди.
Комиссар алгач Улуттук агенттик кандай иштерди жүргүзгөндүгү тууралуу айтты. Азыркы учурда ар бир министрликте, мамлекеттик комитетте, агенттиктерде жана ведомстволордо коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиялар түзүлгөн. Андагы комиссиянын төрагасы болуп статс-катчы же мекеменин жетекчисинин орун басары эсептелет. Агенттик тарабынан иштелип чыккан "Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиялар жөнүндө типтүү Жобого" ылайык, бардык мамлекеттик түзүмдөрдө өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша Жоболор иштелип чыкканын, коюлган милдеттерди аткаруу максатында 2009-жылга карата комиссиялардын иш-планы бекитилгенин белгиледи.
С.Жапаров андан ары коомчулукта, ишкана-мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөргө, алдын алуу, четтетүү чараларына токтолду.
- Коррупцияны алдын алуу
боюнча Улуттук агенттиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биргелешкен ишинин натыйжасында Кыргыз Улуттук университетинде Коррупцияга каршы коомдук комитет түзүлгөн. Анын курамына студенттер, студенттердин ата-энелери жана университеттин жамаатынын өкүлдөрү киришкен. Натыйжада анын жыйынтыгы бир топ ийгиликтерди алып келди. Алсак, ушул жылы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык институтунун күндүзгү бөлүмүндөгү "юриспруденция"адистиги боюнча мамлекеттик экзаменге киргизилген 281 студенттин ичинен 72 студент канааттандырарлык эмес деген баа алышкан. Мындай көрүнүш университеттин бул бөлүмүнүн тарыхында болгон эмес. Мурда эреже катары мындай эң төмөнкү бааны алган студенттердин саны үч-төрттөн ашчу эмес, - деди ал.
Келип түшкөн арыздарды кабыл алуу жана кароо, кылмыштык курамын иликтөө жана аныктоо, тиешелүү органдарга каттарды жана суроо-талаптарды жөнөтүү, мониторинг жүргүзүү аркылуу коррупцияга каршы катуу жана элдешкис күрөш жүргүзүүгө Комиссар кеңири токтолуп: "2008-жылы Агенттик тарабынан жарандардан келип түшкөн 387 даттануу, арыз жана кайрылуу каралып чыккан. 2009-жылдын беш айында Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын-алуу боюнча Улуттук агенттигинин дарегине 300 даттануу, арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Ал эми 2007-жылы болгону 213 даттануу, кайрылуу жана арыз каралган", - деди.
Ал негизинен коррупциялык илдет билим берүү, медицина тармактарында, өзгөчө милиция, укук коргоо органдарында кеңири тамыр жайгандыгын баса белгиледи. 2008-жылдын сентябрынан бери УТРКда үзбөй берилип келген "Комиссар эскертет" телеберүүсүн көркөмдүк жана чыгармачылык ченемдери теленин талаптарына жооп бербейт деп токтотулуп коюлгандыгына С.Жапаров нааразылыгын билдирди. Отчёттон кийин агенттик тарабынан даярдалып, коррупциялык көрүнүштөрдү ачкан "Комиссар эскертет" теле хроникасы көрсөтүлдү.
Каржылык чалгындоо кызматынын төрагасы Максатбек Садыров чалгындоо кызматынын координациялык ролу, кылмыштуу кирешелерди ачыкка чыгаруу, коррупциялашкан финансылык системанын бетин ачуу, бухгалтердик иштеги кызматы же кеңеш бергендиги үчүн пара алууну токтотуу маселелерине токтолду. Ишеним телефону коюлуп, сайттар ачылгандыктан, 1,5 млн. сомдук каржылык уурдоолорго, коррупциялык жеп ичүүлөргө билдирүүлөр түшкөнүн, аны талдап тийиштүү органдарга текшерүүгө жөнөтүлгөнүн айтты.
Ал эми КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы полициясынын директорунун биринчи орун басары Таалайбек Абылгазиев коррупцияга каршы күрөшүүдөгү тийиштүү мыйзамдарга ылайык иш-пландар иштелип чыккандыгына, 47 кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүнө, 22 кызматкер эскертүү алганына, экөө жумуштан айдалганын билдирип, 2008-жылы 32 иш сотко жөнөтүлгөнүн, ал эми үстүбүздөгү жылдын беш айында 103 иш козголуп, сотко 45и жөнөтүлгөнүн билдир-ди.
Мамлекеттик ветеринардык департаментинин башкы директору Байымбет Мураталиев малга каршы ылаң менен күрөшүүдө дары-дармектерди камсыздоодо тендер жарыяланып, элдин алууга мүмкүнчүлүгү жете турган сапаттуулары алынып жаткандыгына, коррупциялык алакалардын жоктугуна токтолду.
Жыйындын төрагасы А.Мадумаров каралган маселелерди талдап, коррупция менен күрөшүүдө сандык көрсөткүч эмес, жыйынтыгы чыккан иш-чараларды жүргүзүү керектигине басым жасады. "Мынча иш козголду дейсиңер, канчасы сотко жетпей, тийиштүү жазаланбай, кутулуп кетүүдө. Отчёт үчүн эмес, коррупцияны азайтуу үчүн күрөшүшүбүз керек", - деди. Ал эми "Комиссар эскертет" телеберүүсүн ЭлТР телекөрсөтүүсүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүлгөнүн, каалаган тилде уюштурса болорлугун билдирди.
Жыйын акырында Улуттук Кеңештин мүчөлөрү коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин 1,5 жылдык отчётун жактырды. 2009-жылга Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин иш-планын бекитти.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"





Чолпон-Ата шаарында ТРАСЕКА өкмөттөр аралык комиссиясынын жетинчи жыйыны болуп өттү. Ал "Рух Ордо" маданият борборунда уюштурулуп, ага Европа-Кавказ-Азия транспорттук коридорун өнүктүрүү боюнча көп тараптуу макулдашууга кирген өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышты. Жыйында көптөгөн жаңы макулдашууларга кол коюлду. Ал эми өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалык милдети Кыргызстанга өткөнү, өлкөбүздүн транспорт алкагында жаңы шарттарды түзүшү мүмкүн.

Ысык-Көл декларациясы кабыл алынды
Эл аралык транспорттук алака-катышта ТРАСЕКА коридору эң маанилүү байланыштыруучу жолдордун бири болуп саналат. Ал Европа менен Азиянын ортосундагы жүк ташууларды камсыздап, Европа Союзу тарабынан колдоого алынган. Кыргызстан бул программага 2000-жылы кирип, 2008-2009-жылдары жети аймактык долбоорду ишке ашырууга катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө "Европа-Кавказ-Азия" эл аралык транспорттук коридорун 2015-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, жолдордо ыңгайлуу шарттарды түзүү жана чегаралардагы бөгөттөрдү жеңилдетүү боюнча маселелер талкууга алынды. КРнын транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун билдиргенине караганда, азыркы мезгилде Кыргызстан эл аралык жана регионалдык мааниге ээ болгон транспорттук инфратүзүмдү реконструкциялоого катуу көңүл бурууда.
Европа-Кавказ-Азия транспорттук коридору улуу Жибек Жолунун милдетин аткарууда. Бул байыркы замандан бери маданий, саясый жана экономикалык маанилүүлүгүн жоготпогон транспорттук байланышта Кыргызстандын ролу абдан чоң.
ТРАСЕКА программасы эл аралык кызматташтыкта абдан абройлуу болуп саналат. Бул жолу Иран Ислам Республикасы Европа-Кавказ-Азия транспорттук коридорун өнүктүрүү боюнча көп тараптуу макулдашууга кошулду. Ал эми Литвага болсо өкмөттөр аралык комиссиянын байкоочусу деген статус ыйгарылды.
Ал эми жыйындын жыйынтыгында ТРАСЕКанын ишин реформалоо, Европа-Кавказ-Азия коридорунун толук мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу тууралуу маселелер каралып, Ысык-Көл декларациясы кабыл алынды.





  Экономикалык форум

Суу ачкычы келечекке эшик ачат
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык форумда эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Экономикалык форум борбор калаабызда өткөрүлүп, ага Россиянын 40тан ашык бизнес өкүлдөрү, ишканалардын, аймактык соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышты.
Экономикалык форум "Кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" урааны астында өткөрүлүп, форумдун мындай атка конгону кокусунан болгон иш эмес. Себеби бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда терең экономикалык байланыштар бар. Бул алака-катыш эки өлкөнүн саясый жана соода алкагындагы стратегиясы үчүн чоң маанигэ ээ.
Кыргызстан менен Россиянын азыркы мезгилдеги кызматташтыгы, соода байланыштарынын бекемделиши тууралуу форумдун катышуучулары өз ой пикирлерин билдиришти.
Россиянын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Борис Пастуховдун айтымында, азыркы мезгилде россиялык ишканалар айрым продукцияларды Батыш өлкөлөрүнөн эмес, мурунку Советтер Союзунун мамлекеттеринен алганга кызыкдар. Буга мисал катары Б.Пастухов, Челябинскинин машине куруучуларын келтирди."Мурун алар машинелердин радиаторлорун Германиядан сатып алса, азыр болсо Кыргызстанда чыгарылган радиаторлорго басым кылууда", - деп билдирди
Б.Пастухов.
Бүгүнкү күнү Россия Кыргызстан менен энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарында экономикалык мамилелерди түзүүгө кызыгууда.
Кенжебек КАКИШОВ
"Кыргыз Туусу"




Тынчтыктын жана диалогдун жарчылары даңазаланды
Жакында Нарын шаарынын Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында Нарын мамлекеттик университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети жана эл аралык "Диалог Евразия" платформасы биргелешип уюштурган "Тынчтыктын жана диалогдун жарчылары" деген аталышта конференция болуп өттү. Жыйындын ачылышында уюштуруучулар тарабынан Тоголок Молдо, Арстанбек Буйлаш уулу, Молдо Кылычтын жана Фетхуллах Гүлендин эмгектерине арналган көргөзмө даярдалып, ушул конференциянын уюштуруучуларынын бири болгон "Диалог Евразия" платформасынын жаралуу идеясы жана негизги принциптери тууралуу документалдуу видео тасма көргөзүлдү.
Конференциянын салтанаттуу бөлүгүндө Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Салтанат Эсенаманова, Нарын мамлекеттик университетинин проректору, профессор Таштанбек Сияев, Дипломатиялык Академиясынын ага окутуучусу, саясат таануу илимдеринин профессору Орозбек Молдалиев, "Диалог Евразия платформасынын Генералдык катчысы Исмаил Тас жана Англиядан келген аспирант Исмаил Сезгин ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.
Конференциянын негизги максаты - байыртадан элди биримдикке, сабырдуулукка, ыймандуулукка чакырып келген кыргыз акындарынын калтырып кеткен тынчтык, ынтымак, адеп-ахлак идеяларын учурдун ойчулу, гуманист Ф.Гүлендин идеялары менен айкалыштыруунун негизинде бул улуу ойчул-насаатчылардын эмгектерин даңазалоо болду.
Конференцияда Ф.Гүлендин биздин доордун үч "оорусу" тууралуу айткандары, алардын биринчиси - "түркөйлүк", "билбегендик", мындан чыгуунун жолу - "билим", экинчи оору - "жакырчылык", андан чыгуунун жолу - "социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды" ачуу, үчүнчү оору - "дискриминация", бул бардык конфликттердин башаты болот. Мындан чыгуунун жолу - "сабырдуулук жана диалог" жөнүндөгү дүйнө жүзүн адилеттүү, тынчтык жашоого болгон чакырыгы дагы бир жолу Түркиядан, Англиядан жана Голландиядан келген изилдөөчүлөр тарабынан белгиленди.
Гүлназ ТУРАРБЕК кызы





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Ысык-Көл эс алууга даяр
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Биргелешкен аракет бийиктикти багынтат
4-бет
ЭВФ Кыргызстанга көмөгүн улантат
5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-7-бет
Кыргыз Республикасынын Президентинин
8-бет
Алгачкы кадам
"Манас Ордодон" башталды

9-бет
Коррупцияны ооздуктоо коомчулуктун колунда
10-бет
Улуулардын нускоосу
11-бет
Чыныгы тарых улутту чыйралтат
12-13-бет
"Жети күндүк жамгырдан, желип өткөн суу артык"
14-бет
Экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт
15-бет
Биримдик кош канаты
16-бет
Билим берүү реформасы - Жаңылануу багытынын жаңы бийиктиги
17-бет
Боордошторду тарткан достук поезди
18-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефону 62-20-29
19-бет
Хорошая водка - это тонкое дело!
20-бет
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияс
21-бет
Кыргызский государственный технический университет им. И.Раззакова объявляет прием абитуриентов на 2009-2010 учебный год
22-бет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык
23-бет
К.Көлбаев атындагы Бишкек коммуникациялык-
технологиялык колледжи (БАЖТ)

24-бет
Муйдуңдан айланайын, депутатым

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования