, 19.06.09 - 3-бет:
  Екатеринбург саммити

Биргелешкен аракет бийиктикти багынтат
Маанилүү маселелер талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин алкагында тар чөйрөдө өткөн пленардык
жыйынга катышты. Ага байкоочу мамлекеттердин башчылары жана Өкмөт башчылары да катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө энергетика, транспорт, соода, заманбап маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкка тиешелүү болгон маселелер боюнча ой-пикир алмашуулар болду. Гуманитардык кызматташтыктын багыттары боюнча илим, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштардын иштери тармагында өз ара аракеттерди өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын катышуучулары ШКУга мүчө мамлекеттердин жана Ооганстандын террорчулук менен күрөшүү, жашыруун баңги заттарды жүгүртүү жана уюшулган кылмышкерлик менен күрөшүү проблемасы боюнча аракеттенүүнүн планын жүзөгө ашыруу жөнүндө маселеге өзгөчө басым жасашты.

Тынчтыкка жетүүнүн түмөндөгөн жолу бар
Президент Курманбек
Бакиев андан кийин кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлгөн ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңе-шинин жыйынынын ишине катышты.
Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүндө ШКУга Россиянын төрагалык кылган учурунда Уюмдун бардык ишмерчиликтери боюнча зор жана жигердүү иштин жүзөгө ашырылгандыгын белгиледи. "Жалпы аракеттенүүлөрүнүн натыйжасында ШКУнун ишмерчилигине жаңы ыргакты киргизүүгө, эл аралык аренада анын позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул кырдаал келечекте да андан ары өнүгө берүүгө тийиш", - деди К.Бакиев.
Андан аркы сөзүндө Президент дүйнөлүк коомчулуктун, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдында турган актуалдуу милдеттерге басым жасады.
Биринчи. Ооганстандагы жана анын айланасындагы кооптуулуктун кырдаалы, Ооганстанда өстүрүлгөн баңгизаттарды жашыруун жүгүртүүнүн масштабынын өсүшү өзгөчө тынчсызданууну туудурбай койбойт. "Мына ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Москвада өткөрүлгөн Ооганстан боюнча атайын конференциянын актуалдуулугун жана заманбаптыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Анда кабыл алынган жыйынтыктоочу документтер кагаз жүзүндө гана калбастан, жакынкы мезгилде турмушка реалдуу ашаарына ишенгендигимди билдиргим келет", - деди К.Бакиев.
Президент жалаң гана аскердик аракеттер менен Ооганстанда кырдаалдын толук турукташына жетишүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Андагы кырдаалды толугу менен чечүү үчүн өзүнө саясый-экономикалык жана гуманитардык аспектилерди, бардык кызыкдар өлкөлөрдүн биргелешкен иш-аракеттерин камтыган системалуу жана комплекстүү мамиле зарыл. Мамлекет башчысы Бишкекти Борбор Азия аймагында коопсуздук жана туруктуулук маселелери боюнча дайыма өткөрүлүүчү эл аралык конференция үчүн аянтча кылууну сунуш кылды.
Экинчи. Азыркы учурда жеке гана жөнөкөй экстремизм эмес, ошондой эле диний экстремизм аймактагы мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын Борбордук Азиядагы акыркы жылдардагы окуялар даана тастыктап турат. Анын коркунучтуулугу күч менен мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, бийликти басып алууну максат кылгандыгында турат.
Мына ушундай шарттарда ШКУнун аткаруу комитетинин ролу бир кыйла. "ШКУнун аткаруу комитети тарабынан даярдалган документтерге кол коюу Уюмдун террорчулукка каршы потенциалын бекемдөө жана ШКУнун аймагында чегаралар ортосундагы коркунучтарга адекваттуу көңүл буруу үчүн зор мааниге ээ", - деди К.Бакиев.
Үчүнчү. Глобалдуу финансы кризисинин шарттарында ШКУга мүчө мамлекеттердин соода экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү Уюмдун ишмерчилигин өркүндөтүүнүн чечүүчү факторунан болуп калууга тийиш. Буга ШКУнун алдындагы байкоочу мамлекеттерди да активдүү тартууга болот. Мамлекет башчысынын айтымында, ошондой эле көп тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты ар тараптан тереңдетүү үчүн ШКУнун зор экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. "Биздин кытайлык өнөктөштөрдүн ШКУнун алкагында техникалык-экономикалык дол-
боорлорду каржылоо үчүн АКШнын 10 млрд. долларын насыя катары берүү жөнүндө чечими натыйжалуу кызматташтыктын конкреттүү үлгүсүнөн болуп саналат", - деп белгиледи К.Бакиев.
Төртүнчү. Транспорттук коммуникацияларды ар тараптан өнүктүрүү ШКУ үчүн стратегиялык маанилүү милдеттерден болуп саналат. Демек, жакынкы аралыкта бирдиктүү жана бүтүндөй аймактык транзиттик-транспорттук системанын түзүлүшү маанилүү. Бул жеке гана Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы катташууну жеңилдетпестен, ошондой эле аймакка кошумча зор көлөмдөгү эл аралык транзитти тартууга шарт түзмөкчү.
Андан аркы сөзүндө Президент өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча тез арада ШКУнун Борборун түзүү боюнча ишти активдештирүүгө Уюмдун бардык мүчөлөрүн чакырды.
"Быйылкы жылдын 29-июнунда Женевада: "Уран калдыктары: жергиликтүү проблемалар, аймактык кесепеттер, глобалдык чечим" деген темада жогорку деңгээлдеги эл аралык форумду уюштуруу пландаштырылууда. Сиздерди аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аракеттерине саясый жактан колдоо көрсөтүүгө жана форумдун ишине активдүү катышууга чакырам", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 18-19-майында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн ШКУнун форумунун төртүнчү жыйынынын жыйынтыктарына оң баа берди. Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин илимий-эксперттик биргелештигинин кадырлуу өкүлдөрү катышкандыгы белгилүү.
Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүнүн аягында ШКУнун ишмерчилиги дагы да болсо зор мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин жана Уюмдун Хартиясында коюлган максаттар менен милдеттерди турмушка ашыруу үчүн дагы да болсо акырына чейин жүзөгө ашырылбаган потенциалдарынын арбындыгын белгиледи. Ошентип кол коюлган документтер менен чечимдердин өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча уюмдун ишмерчилигин активдештирүүгө ыңгайлуу шарттарды түзө тургандыгына ишенгендигин билдирди.
Ооганстандагы кырдаал Борбор Азияга таасирин тийгизет
аммиттин алкагында Президент Курманбек Бакиев Ооганстандын Президенти Хамид Карзай менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Курманбек Бакиев Ооганстандын Президентинин жакынкы күндөрдөгү билдирүүсүн алгандыгын билдирип, Кыргызстан дайыма Ооганстандагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келгендигин белгиледи. "Биздин өлкө Ооганстанда тынчтык өкүм сүрүп, эли жыргалчылыкта жашагандыгына кызыкдар", - деп белгиледи. Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ушундай эле маанидеги билдирүүнү АКШнын Президенти Барак Обамадан да алгандыгын маалымдады.
Ооганстандын Президенти Хамид Карзай өз кезегинде өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууда ар тараптуу жардам берип жатышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстандын жардамы жана аракети Ооганстанда гана эмес, ошондой эле бүтүндөй аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту орнотууга кошкон зор салымы экендигин Хамид Карзай белгилеп кетти. "Ооганстанда жана Пакистанда түзүлгөн кыр-
даал - бул биздин өлкөлөрдүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй аймактын проблемасы", - деп белгиледи Хамид Карзай. Сөзүнүн акырында Ооганстандын Президенти бул оор проблемага түшүнүү менен мамиле жасагандыгы үчүн Курманбек Бакиевге ыраазычылыгын айтып, мамлекеттик деңгээлде маалыматтык алмашуу боюнча мындан ары да кеңири кызматташа бере турушкандыгына ишенгендигин билдирди.
Курманбек Бакиев мындай туруксуздуктун кырдаалы жеке Ооганстан жана Пакистандын гана эмес, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн да проблемасы экендигин баса белгиледи. "Ооганстандагы жана Пакистандагы кырдаал түздөн-түз бүтүндөй Борбор Азия аймагындагы туруктуулукка таасир тийгизээрин жакшы түшүнөбүз. Биздин өлкөбүз Ооганстанда туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууга ар тараптан колдон келген жардамын көрсөтө бермекчи", - деп мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Мекендештер ыраазычылык билдиришти
Кечке жуук Президент Курманбек Бакиев Екатеринбург шаарындагы эл аралык "Кольцово" аэропортунда Урал жана Сибирь федералдык округдары боюнча кыргыз
диаспорасынын өкүлдөрү жана Екатеринбург шаарынын билим берүү мекемелеринде окуп жатышкан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Маектешүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөдөгү учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалдын өнүгүш багыттары жөнүндө айтып берди. Өзгөчө Курманбек Бакиев коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө, ири өнөр ишканаларын ишке киргизүүгө жана өлкөнүн турмушун жакшыртууга багытталган улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга басым жасады.
Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдиришти. Консулдуктун ачылышы бул аймакта кыргызстандыктардын ишин бир кыйла жеңилдетүүгө шарт түзүүдө. Диаспоранын өкүлдөрү ошондой эле миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин сапаттуу ишин белгилеп кетишти.
Жолугушуунун акырында Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн атынан жолугушуунун бардык катышуучуларына эстелик сааттарын белекке тапшырды.
Д.ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу",
С.Досалиевдин сүрөттөрү