Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0619_23.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0619_23.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0619_23.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

К.Көлбаев атындагы Бишкек коммуникациялык-
технологиялык колледжи (БАЖТ)
Эң керектүү адистик жана билим

Ё Наматбек Орунтаев Фрунзе политехникалык институтун "Автомобиль транспортунун инженери" кесиби боюнча бүтүргөн. Техникумда окутуучу, бөлүм башчы, директордун окуу, тарбия иштери
боюнча орун басары кызматтарында иштеп, ушул багытта адис даярдоо боюнча республикадагы бирден-бир устат.
Ё Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, билим берүүнүн отличниги.
Ё "Даңк" медалы баштаган бир катар сыйлыктардын ээси.
" Окуу жайда мындай урмат-сыйга ээ болгон чыныгы педагогдор ондоп саналат.
Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол техникуму кыргыз транспортчуларынын жана жолчуларынын басымдуу бөлүгүнүн кесиптик багыт боюнча учкан уясы, алтын бешиги десек куп жарашат. 1957-жылы кыргыздын "биринчи инженери" деген сыймыктуу атак алган К.Көлбаевдин демилгеси, жан үрөгөн көп аракетинин аркасында уюшулган бул окуу жайы өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө опол тоодой салымын кошуп келет. Республикабыздагы бардык окуу жайлар кучагын кенен жайып, жаштарды өз канатынын алдында таптап өстүрүп, уядан учурууга чакырып турган азыркы учурда авто-жол техникуму (колледжи) тууралуу да сөз кылуу биз үчүн чынында сыймык. Гезиттин кабарчысы жакында ушул окуу жайдын директору Н.Орунтаев менен жолугушуп, гезит үчүн төмөндөгүдөй чакан маек уюштуруп кайткан.

- Жарым кылымдан ашуун мезгилден бери авто-жол техникумунун кадыры, же азыркыча айтканда рейтинги өз бийиктигинен түшпөй, окуу жайлар арасындагы ээлеген алдыңкы орундардын бирин сыймыктуу да, ишеничтүү да ээлеп келе жатат. Демек, мунун бир өзгөчө сыры болсо керек?
- "Өзгөчө сырыбыз" эле ушул, бизден алган билимдин жана кесиптин турмушта өтө зарыл, керек экендиги. Бул кесипке болгон муктаждык, техникумдун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө кандай болсо, азыр да так ошол эле деңгээлде. Көчөнү бир караган адамга деле көрүнүп турат, жолдордун абалы, андагы автоунаалардын кыймылы, көчө боюндагы унаа токтогон жайлар... Санай берсе түгөнбөйт. Кыскасы, бул багыттагы иштин чети али оюла да элек. Демек, бизден алган адистикке болгон муктаждык жогору, мына ушунда биздин өзгөчө сырыбыз.
- Борбор шаарыбыздагы көчөлөрдүн абалы, азыркы мезгилдеги автоунаалардын көчө кесилиштериндеги унаакептемелери же жолдордун караманча бошобой тургандыгын дасыккан адис катары кандай карайсыз?
- Чынында акыркы мезгилдердеги шаарыбыздагы унаа көйгөйү "мен атуулмун" деген ар бир жаранды ойлондуруп турса керек. Мунун эң биринчи себеби - негизги жолдорубуз илгерки унаанын аздыгына ылайыкташтырылып түзүлгөн деңгээлден кескин түрдө өөрчүп-өнүгүп кете албай жаткандыгында. Шаарыбыздагы Манас, Чүй, Киев, Совет көчөлөрүн туурасынан кеңейтүүгө аракет кылсак, бул шаарыбыздын, же республиканын деңгээлинде деле колдон келе турган, жакынкы мезгилдерде бул ойду жүзөгө ашырса боло турган идея. Мисалы, Манас проспекти боюнча унаа агымы алты катар жүрө тургандай болсо... Жолду кеңейтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Мына бизден окуп, билим алган жаштардын иштей турган багыттары!
" Экинчи себеп, унаа кыймылынын тартипсиздиги. Уруксат берилбеген жерлерде автоунааларды токтотуп коюу ж.б. Санай берсе жол жана жол кыймылы көйгөйү бизде, чынын айтуу керек, бир калыпка али түшө элек. Бул болочок жол кыймылы адистеринин, автомобилисттердин билек түрүнө иштей турган майданы.
"

"


11-кл. базасында (окуу мөөнөтү - 2 жыл 10 ай) бюджеттик жана контракттык негизде,
9-кл. базасында (окуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай) контракттык негизде төмөнкү
адистиктерге студенттерди кабыл алууну жарыялайт:
1705 "Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо"
2401 "Унаада (унаанын түрлөрү боюнча) ташууларды уюштуруу жана башкаруу"
1706 "Көтөрүүчү-унаалык, жол курулуш машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо"
2014 "Радиоэлектрондук техниканы техникалык тейлөө жана оңдоо (тармактар боюнча)"
2905 "Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана экс-
плуатациялоо"
2904 "Темир жолдорун куруу. Жол. Жол чарбасы"
1201 "Машина куруунун технологиясы" (9-класстын базасында)
0601 "Экономика, бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)" (окуу мөөнөтү 9-кл. базасында - 2 жыл 10 ай, 11-кл. базасында - 1 жыл 10 ай).

Студенттер окуу мөөнөтүнүн учурунда (ширеткич, токарь, фрезеровщик, геодезист, автослесарь) деген жумушчу кесибин алышат жана "В", "В, С" категориясындагы айдоочунун күбөлүгү берилет.
Техникумду аяктагандар МАИ кызматында, транспорттук полицияда, автобекеттерде, автоишканаларында, темир жол ишканаларында иштей алышат.
Техникумду аяктагандар төмөнкү окуу жайларында сынаксыз кыскартылган программа боюнча окуусун уланта алышат:
Кыргыз Улуттук техникалык университетинде (КНТУ), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде (КГНУ), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА), Юридикалык академияда, ИИМ академиясында, республикалык окуу борборунда (РУЦ МВД).
Техникумда жатакана, спортзал, жайкы спорт аянтча, ашкана бар.
Сынак тест түрүндө өткөрүлөт.

Документтер 2009-жылдын
25-июнунан баштап кабыл алынат.
Керектүү документтер:
Ц Билими жөнүндө документ,
Ц 086 У формасындагы медсправка,
Ц 3х4 көлөмүндөгү 8 сүрөт,
Ц паспорт,
Ц аскердик билет же аскердик күбөлүк.
Дареги: 720044, Тынчтык проспектиси, 52, кабыл алуу комиссиясы.
Электрондук дареги: WWW.aiza969.narod.ru
e-mail: alekmc@mail.ru
Тел.: 54-15-74, 54-15-75,
54-33

- 30, 59-60-88 .




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Ысык-Көл эс алууга даяр
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Биргелешкен аракет бийиктикти багынтат
4-бет
ЭВФ Кыргызстанга көмөгүн улантат
5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-7-бет
Кыргыз Республикасынын Президентинин
8-бет
Алгачкы кадам
"Манас Ордодон" башталды

9-бет
Коррупцияны ооздуктоо коомчулуктун колунда
10-бет
Улуулардын нускоосу
11-бет
Чыныгы тарых улутту чыйралтат
12-13-бет
"Жети күндүк жамгырдан, желип өткөн суу артык"
14-бет
Экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт
15-бет
Биримдик кош канаты
16-бет
Билим берүү реформасы - Жаңылануу багытынын жаңы бийиктиги
17-бет
Боордошторду тарткан достук поезди
18-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефону 62-20-29
19-бет
Хорошая водка - это тонкое дело!
20-бет
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияс
21-бет
Кыргызский государственный технический университет им. И.Раззакова объявляет прием абитуриентов на 2009-2010 учебный год
22-бет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык
23-бет
К.Көлбаев атындагы Бишкек коммуникациялык-
технологиялык колледжи (БАЖТ)

24-бет
Муйдуңдан айланайын, депутатым





а ­е¦Є.НҐй«