, 19.06.09 -20-бет: И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
Кымбаттуу абитуриенттер!
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - ар тараптан агымга жараша өнүгүп жаткан заманбап билим берүү мекемелеринин бирине кирет. КММА Кыргызстандагы жогорку медициналык билим берүүчү жана медицина илимдеринин борбору катары чет мамлекеттерде дагы кеңири таанымал. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн жогорку окуу жайлары менен Академиялык кызматташуу туурасындагы макулдашуулар болгондуктан, учурда биздин КММАда илимий иштер активдүү жүрүүдө.
Академиянын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн булуң-бурчтарында эмгектенишүүдө жана алар кайсыл жерде эмгектенбесин бактылуу студенттик күндөрүндө эң мыкты таалим тарбия менен бирге татыктуу билимге ээ болгондугун айгинелей алышты. Турмуш агымы менен кай жерде врачтык кесипти аркалашпасын алардын сапаттуу адис экендигин баса белгилешет. Ушунун өзү биз үчүн чоң сыймык!
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Сиз билимиңизди жана жөндөмдүүлүгүңүздү арнагыңыз келген каалаган врачтык кесибиңизге окута алат. Эгерде Сиз биздин Академиябыздын студенти болуп калсаңыз кубанычтабыз.

А.З.Зурдинов,
ректор, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти,
профессор, медицина илимдеринин доктору

Кыргыз Республикасы Улуу жибек жолундагы Борбордук Азиядан орун алган көз карандысыз мамлекеттердин бири. Тянь-Шань тоолору менен курчалган Кыргызстанга Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери коңшулаш жайгашкан. Кыштын кыраан чилдесинде дагы тоңбогон көлүбүз Ысык-Көл кереметтүү жаратылышы менен ар жылы миңдеген туристтерди өзүнө арбап, чакырып турат. 5млн. калкынын курамын кыргыз, орус, өзбек жана башка 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү түзүп, кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Кыргызстандын борбору Бишкек шаары. Ал Борбордук Азиядагы эң чоң жана кооз шаарлардын бири.
Кыргыз Республикасында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 70 жылдык тарыхы бар. Ал ушул жылдардын ичинде биздин мамлекетибизде жогорку медициналык билимге ээ кылуучу жападан жалгыз окуу жайы болуп келген. Ушул жылдардын ичинде Академиядан жалпысынан 50 000ден ашуун бүтүрүүчү врачтык кесипке ээ болуп, дүйнөнүн булуң-бурчтарында эмгектенишүүдө.
Жогорку медициналык окуу жайдын пайдубалын түптөөдө Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынан келген профессорлор жана окутуучулар чоң салымдарды кошушкан.
Азыркы учурда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында дарылоо, педиатрия, стоматология, "Коомдук саламаттыкты сактоо", айымдык жогорку билим берүү,фармацевтикалык факультеттери бар. Мындан тышкары, чет мамлекеттик атуулдар үчүн атайын факультеттер бар. КММАнын 55 кафедрасында жогорку квалификациялуу профессорлор жана окутуучулар эмгектенишет. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 6 академиги, 5 мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин 49 доктору жана 197 кандидаты саламаттыкты сактоо тармактарынын татыктуу кадрларын ийгиликтүү даярдашууда.
Ушул мезгилде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кыргызстандык 4069 студент жана чет мамлекеттик 2000ден ашуун студент билим алышууда.
КММАдагы билим алган студенттер үчүн түзүлгөн шарттар эң жогорку деңгээлде. Окутуу үчүн топтолгон материалдык-техникалык база заманбап эрежелерге жооп берет. Төрт окуу, морфологиялык корпустар, дарс окула турган чоң залдар теле жана видео жабдуулар менен камсыз болгон. Төө-Ашуунун чокусундагы илимий база, ашканалар, студенттик алты жатакана, студенттердин дарылануучу профилакторийи, 54 окуу клиникалык базасы жана өндүрүштүк практикалоо базасы, 500миң нускадан ашуун китеп фондусу жана 100дөн ашуун аталыштагы басылмаларды алып турган китепкана, пластинация музейи, ар кандай медициналык багыттагы мультмедиа-ресурстар китепканасы жана интернет кызматынан эркин пайдаланууга мүмкүн болгон ресурстук Борбор студенттерди тейлеп, ыраазы кылууда. Борбордук илимий изилдөө лабораториясында студенттердин илимий чөйрөсү, жаш окумуштуулардын кеңешмелери өтүп турат. Бул жерде ар жылы жаш окумуштуулардын жана студенттердин арасында кызуу талкууларды жараткан Эл аралык конференцияларды өткөрүп туруу салтка айланды.

Дарылоо факультети - соңку жетишилген жалпы тажрыйбалардын негизинде төмөнкү багыттар боюнча дарыгерлерди даярдайт: хирургия, офтальмология, онкология, терапия, үй-бүлөлүк медицина, гинекология, косметология ж.б. Окуу мөөнөтү 6 жыл. 2 жылдан 3 жылга чейин кесипке даярдайт. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча жүргүзүлөт. Негизги предмет-биология. Акы төлөп жана акысыз(бюджет) билим алуу бөлүмдөрү бар.
Педиатрия факультети - балдар дарыгерлерин даярдайт. Окуу мөөнөтү 6 жыл. Кесипке даярдоо 2 жыл, төмөнкү адистиктер боюнча: хирургия, педиатрия, балдар гинекологиясы, ортопедия, травматология ж.б. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча. Негизги предмет-биология. Акы төлөп жана акысыз билим алуу бөлүмдөрү бар.
"Коомдук саламаттыкты сактоо" факультети - коомдук саламаттыкты сактоо боюнча дарыгер-гигиенисттерди жана эпидемиолог адистерди даярдайт. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча. Негизги предмет-биология. Акы төлөп жана акысыз билим алуу бөлүмдөрү бар.
Стоматология факультети - соңку адистик багыттагы тиш дарыгерлерин даярдайт: терапевтикалык, ортопедиялык, хирургиялык, балдар стоматологиясы ж.б. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Кесипке даярдоо 2 жыл. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча. Негизги предмет-биология. Акы төлөп жана акысыз билим алуу бөлүмдөрү бар.
Айымдык жогорку билим берүү факультети - айымдык иштин менеджерлерин даярдайт. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча. Негизги предмет-биология. Акы төлөп жана акысыз билим алуу бөлүмдөрү бар.
Фармацевтикалык факультет (күндүзгү бөлүм) - фармацевттерди даярдайт. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Кирүү сынактары биология, химия, кыргыз же орус тилдери боюнча. Негизги предмет-химия. Акы төлөп жана акысыз билим алуу бөлүмдөрү бар.
Фармацевтикалык факультет (кечки бөлүм) - жогорку медициналык билим берүү базасында фармацевттерди даярдайт. Окуу мөөнөтү 2,5 жыл. Орто адистиктеги фармацевтикалык билим берүүнүн базасында окуу мөөнөтү 3 жыл.
Мамлекеттик билим берүү грантынын сынагына жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн, негизги тест химия жана биология предметтери боюнча жогорку балл алган абитуриенттер гана катыша алат.
Өтүү баллы ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.

Кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтер талап кылынат:
1. КММАнын ректорунун наамына арыз.
2. Орто билими тууралуу күбөлүк (фармацевтикалык факультеттин кечки бөлүмү үчүн жогорку же орто кесиптик билими тууралуу диплом)
3. Медициналык справка 086-У.
4. 4х6 формадагы 2 сүрөт, 3х4 формадагы 4 сүрөт.
5. Аскердик билет.
6. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
7. Жашаган жеринен справка. (Казакстандын жарандары үчүн).
8. Фармацевтикалык факультеттин кечки бөлүмү үчүн: эмгек китепчесинин көчүрмөсү, иштеген жеринен справка.
Алыскы райондордон келген студенттерге жатакана берилет.

Биз сиздерди төмөнкү дарек
боюнча күтөбүз:
Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 92, индекс: 720020,
КММАнын башкы имараты.
Байланыш телефондору:
54-94-60, 54-46-11.





  Пикир

Бешик бооңуз бек болсун, Бекен аке!
Бешик. Адамзат турмушунда бу сөз абдан ыйык түшүнүккө эгедер. Аны чечмелөөнүн зарылдыгы да жок. Атпай журтка аты таанымал журналист Бекен Назаралиев да алгачкы чыгармасын "Бешикке" бөлөп дүйнө коомчулугунун назарына таштап туру. Эми ал "Бешикти" ким кандай терметип, ким кандай алдей айтып, обон созот кеп мына ушунда…

Руханий дөөлөттөрдү жээрип, материалдык байлыктын артынан сая түшүп, "Бай байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт" принцибин бел байлап бараткан коомдо пенде баласы түбөлүк өлбөчүдөй болуп, опосуз бу дүйнөнү жеке өзү башкарып, жеке өзү катка алып тургандай таасир калтырган заманда мындай темага кайрылыш үчүн адам пендеге эң биринчи сергек жан дүйнө менен болоттой эрк керек. Бүгүн ошол майтарылбас эрк, комуз кылындай дирилдеген сезимтал, назик жан дүйнө "Каалгалуу коргондой, казынасы толгондой,тоо тиреген түркүктөй, бөрүнү алчу бүркүттөй" кыргыздын чыгаан уулдары Бекен Назаралиев менен Бакыт Карагуловдун элге арнаган эмгеги аркылуу көрүнүп турат.
Мен кино сынчы эмесмин, бирок көрөрман катары Бекен Назаралиевдин "Бешик" деген аңгемесинин негизинде Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргыз фильм" киностудиясы тарабынан, Бакыт Карагуловдун режиссерлугу менен тартылган "Бешик" көркөм тасмасына пикир айтуу менин шыбагама буйруп турганда, эки ооз сөз айтууну ылайык көрүп турам: Бу эки сүрөткердин талантынан жаралган жалпы картинаны көз менен көрүп, жүрөктөн өткөрүү абдан оор…
Ага карабай тасмадагы баш каарман Калмаматтын Барпы апыз айткандай: "Кедей да болсо малдуудай, чырмаган дартка карабай, чабал да болсо алдуудай, чындык сөзүн бетке айткан, чокудан аккан шар суудай" образы аркылуу кыргыздын кыраан жигиттери алмустактан кайгысын элге билгизбей, кайратынан жазбай келгенин, үмүт оту өчүп, каңырыгы түтөп, адам турмушундагы бакыттын жылт эткен бир учкунуна зар болуп турганда алыстан үрүл-бүрүл күйгөн "шам чырактын" жарыгын көрүп жашып кетпей, өзүнүн бактысынан кызынын, небересинин, аларды курчаган жакшы адамдардын бактысын жогору баалап, баарынан улук да, бийик да турган табияттын мыйзамына баш ийип, түпсүз жолго түшүп жол улап кетүү менен биздин элдин эр-азаматтарынын чечкиндүүлүгүн, улуулугун көрсөткөнүн баамдадым. "Бешиктин" боосу бек болсун! Турар акын айткандай сиздердин талант дареметиңиздердин кереметинен "…Чырпык эмес, өсө берсин түркүктөр, Чымчык эмес, уча берсин бүркүттөр!"
Ал эми заман тартыштыгына карабай , кыргыз киносун жандандырууга салым кошуп, "Бешик" көркөм тасмасынын тартылышына материалдык колдоо көрсөткөн Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фондунун жамаатына көрүүчү катары ыраазычылык билдирем. Тасманы көргөн көрүүчү эч качан кайдыгер калбайт. Демек ашыгалы…

Бакбурбек АЛЕНОВ