![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Боордошторду тарткан достук поезди Шейшемби күнү алгачкы жолу Ташкент Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөр поезди сапар тартып Бишкекке келди. Анын сегиз вагонунда 300дөн ашык өзбекстандык туристтер жана журналисттердин тобу көгүлтүр Ысык Көлгө эс алганы жолго чыгышкан. Бул быйылкы 2009 жылдын жайкы туристтик сезонундагы эс алуучулардын алгачкы массалык түрдө келе башташынын бир көрүнүшү десек болот. Союз кезинде каттап турган кошуна республикалардын поезддери, акыркы он жылдын ичинде экономикалык, коомдук ар кыл кырдаалдарга байланыштуу мындай сапар менен каттабай калган болчу. Эми минтип ошол жакшы саамалык көп жылдардан кийин кайра жанданып отурат. Өзбекстандын өкмөтү жаңы заманбап купелерде сапардагы жүргүнчүлөр жолду карата 20 сааттан ашык эс алып баруулары үчүн бардык шарттарды түзүптүр. Вагон ресторан, аппак шейшептер, маданияттуу тейлөө сыяктуулардын баары талаптагыдай. Мындан ары жумасына бир ирет шейшемби сайын Өзбекстан тараптан достук поезди кошуна боордошторду тартып келмекчи. Билеттин баасы 2200 сом. Бул авиакаттамга караганда үч эсе арзан."Кыргызстан - туризмдин өлкөсү" деген аталыш акыркы үч жылдан бери өз жемишин берип жатат. Өзбекстандык меймандарды тарткан поездди Кыргызстанадагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү керней сурнайларын ойноп, кыз келиндер улуттук бийлерди бийлеп чыгып, майрамдагыдай шаңдуу тосуп алышты. Андан кийин аскер оркестри достук поездин утурлаган музыканы жаңыртты. Мындай ишчара эс алуучуларды ташуу менен гана чектелип калбай, эки кошуна элдин достук, бир туугандык эзелки ар тармактуу алака катышынын бир көрүнүшү болуп кала берет. Акырындап өзгөрүүлөргө карата жасалган иштин башталышына эки өлкөнүн Президенттери Курманбек Бакиев менен Ислам Каримовдун жакындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы негиз салганын достук поездин уюштурган тараптар баса белгилешти. Достук поездин КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик туризм агенттигинин директору Турусбек Мамашев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Зиядулла Пулатходжаев тосуп алышып, журналисттер үчүн маек беришти. - Ысык Көлдүн тунуктугуна, кереметтүү табыгый көркүнө, дары сууларына, жагымдуу абасына суктанбаган турист болбос. Өзбекстандын атуулдары ушундай ажайып кооз көл берметине жайкысын келип эс алып, тунук сууларына түшүп кетүүнү эңсешет. Кыргызстандын бардык аймактарында не бир кереметтүү жерлер ого эле арбын. Ал эми Өзбекстандын тарыхый эстеликтерге, байыркы архитектуралык ансамблдерине бай шаарларына кыргызстандыктар каттап таанышып, эс алып туруусуна шарт түзүлүп, алака катыштар баштагыдан да көбөйө берүүсүнө ачылган жол ушул, - деди элчи мырза. - Бул бир эле туризм тармагы гана эмес, бир тууган республикалардын өз ара кызматташтыгынын, достук мамилелеринин бекемдешине өбөлгө болчу байланыш, - деди Туризм агенттигинин директору Т.Мамашев. - Бүгүн Евросоюз бир нече мамлекеттердин башын кошуу менен кызматташтык алаканы өстүрүшүүдө. Туризм - бул элдердин достугун, теңата өнөктөштүгүн бекемдөөчү тармак. Поезд жайкы эс алуучуларды гана ташыбастан, жылдын төрт мезгилинде аталган каттамда жүрүп турат. Достук каттам тууралуу өз пикирин Кыргызстандагы өзбек маданий борборунун аксакалдар кеңешинин төрайымы И.Сабирова байбиче мындайча билдирди: - Бүгүнкү күн мен үчүн кадимкидей майрам болду. Шүгүрчүлүк, бизге Өзбекстандан меймандар келип, эки элдин ортосундагы ынтымактын мындан ары да бекемделишине эне катары кубанып турам. Эми ак мөңгүлүү Ала Тообуздун саябанында эл жеринин бейпилдигин, тынччылыгын сактоого кепилдик берген уулдун саламаттыгын тилейли. Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу" Улуу алааматтын башталганына 68 жыл Алгачкы бомбалоодо Белоруссияда элем Биринчи эле күнү таңга маал бомба ташташты. Ал күн 1941-жылдын 22-июну эле. Ушул макалам дал ошол күндү эскерет. Германия фашисттеринин учкуч каракчылары согуштун биринчи эле күнү Советтер Союзундагы Одесса, Киев, Орш шаарына бомба ташташып, адам өмүрүндө көрбөгөн тирукмушту башташты. Жексур учкучтары Орш шаарына бомба ыргытканынын башынан акырына дейре өз көзүм менен көрүп, акыл-эсим менен туйганымдан беркини айтып берүүнү туура көрдүм. Макаламдын алгачын бар болгону эки ооз сөз менен болсо да Кызыл Армияга жаран милдетимди аткарууга барганымдан баштаганым оң чыгаар. 1940-жылы 18 жашымда Фрунзе шаарындагы № 5 жалгыз кыргыз орто мектебин бүтөөрүм менен ошол кездеги Союздун Жогорку Кеңешинин Указына ылайык армияга чакырылып, Украинанын Славута шаарындагы өзүнчө мото-аткычтар полкунун 5-ротасында аткычтын ишин аткарып жүргөнүмдө, дагы 1941-жылы төрт медкомиссиядан өтүп, учкуч кызматына жарайт деп таанылдым. Ошол жылдын 20-июнунда өз ротам менен коштошуп, аскер турмушумда биринчи жолу жүргүнчүлөр поездине түшүп, 21-июнь күнү кечинде Белоруссиянын Орш шаарынын түндүк жагындагы секичеге жайгашкан 14-авиамектебине курсант болуп бардым. Эртеси, 22-июндун таңында немец каракчылары Совет өлкөсүнүн бүт чегарасын күтүлбөгөн жерден бузуп өтүп, согушту башташты. Таттуу уйкуда бейкапар жаткан чегараларыбыз согуштун жогоркудай оор абалына туш келип, колдоруна курал-жабдыктарын алууга үлгүрбөй, каардуу душмандын мизин дароо майтарууга чамасы келбей, бөөдө жерден аксап, убактылуу артка чегинүүгө мажбур болду... Согуштун алгачкы эле күнү Орш шаарында болуп, кабарын радиодон угуп, арийне, жексур баскынчыларга кыжырым кайнап, кезеги келгенде өзү катылган шордуу душмандын сазайын колуна берээрибизге ынанып жатып кеч кийирдим. Бул жердеги согуш камылгасынын чет жакасын көрүп, байкап, жаштардын мекенибизди коргоодо даяр турганына ыраазы болдум. Күн батаардын алдында көзүмө өмүрүмдө эч качан көрбөгөн, такыр жолукпаган тирукмуштай кубулуштары чагылды. Алдында ааламда теңдеши жок от алоолонуп жагылып, түркүн түрдүү жалыны асманга атырылып чыгып жаткансыды, шумдугуң кургурдун! Ошентип жатып, күн батып, айсыз кеч тез эле кирип келди!.. Бир маалда, дагы күүгүм ченде, көзгө сайса көрүнгүс караңгы, айсыз түндө самолёттун үнү алыстан, батыш жактан келаткандай угулду. Баарыбыз ошол замат дүрбөлөңгө түшүп жатканыбызда тышка, корообузга жапырт чыгып, алаңдап, батыш жакты, арийне, айсыз караңгы асманды көз ирмебей тикирейе карап турдук. Бир пастан кийин күн батыштан абаны жиреп, сызып, өтө бийик учуп келаткан үч самолёттун карааны көрүндү. Аларга көз салып, акыл калчаган кишиге мемиреген деңизде эч чайкалбай сүзүп келаткан кемеге окшошуп да кетти. Канчалык шыкаалабайлы, караңгы түндө өтө бийик учкан самолёттордун аныгы белгисинен көрүнбөгөндөн кийин таанылбады!.. Батыш, душман тараптан келаткандарын эске алып, өзү катылган жексурга бомба таштап, шорун катырып келатышкан самолётторубуз турбайбы дегенден башка ойдо болбогонубуздан үстүбүзгө жакын келгенде баарыбыз мурда, алдын-ала сүйлөшкөндөй бир добуштан: "Сталин шумкарысыңар, азаматсыңар! Душмандын шорун катырып, сазайын бердиңер!" - деп даңазалап, үстөккө-босток кыйкырып, сыймыктануубуз сууй электе үчөө тең душмандын самолёту экени билинип калды. Электр жарыгы ошол замат өчүрүлдү. Алар багытын, бийиктигин эч өзгөртпөстөн шаарыбыздын үстүнөн бир аз учуп өтөөрү менен артын, мурда келаткан жагын көздөй бурулду. Ошондо үчөө тең душмандын самолёту экенин билдик. Электр шамы мурда эле өчүрүлгөн бойдон калды. Эч жылчыгы жок караңгы түнгө баткан шаарды күндүзгүсүндөй таап алаары менен күндөн да жарык тийген электр чырагын парашюту менен ыргытып, шаарды айланып келээр замат биринчи бомбаларды ташташты. Ошондой тирукмуш үч жолу кайталанды. Үстөккө-босток жарылган бомбадан жер, айлана-тегерек, аба жаңырып, чайкалып турду. Тийген жери куюн учургандай жылас, түшкөн жери ошол замат аң болду. Кыйрап, бүлгүнгө түшкөнү, керектен чыкканына эсеп жетпейт, өлчөөсү курусун! Мына ушундай алааматта үрөйү учуп, эсинен танбаган, дүрбөлөңгө түшпөгөн тирүү жан, арийне, адам болбосо керек?! Кай тарапка көз чаптырбайлы ызы-чуу, кыйкырык, түркүн үн жаңырып турду. Шашылыштан колуна тийгенин, баласын чакан жаздыгы менен бирге көтөрүп, шаардын түндүк жагындагы токойду көздөй чубуруп жөнөгөн тургундардын карааны бир топко созулду. Коркконунан үркүп, жашынаарга жер таба албай маарагандарды, мөөрөгөндөрдү, кишенегендерди үнүнөн тааныдык. Түркүн иттер да улуп жатты. Ошол түнү, аз да болсо чыгашага учурадык. Бул каардуу душмандын бир жолку эле чабуулунун кесепети, зыяны болчу! Бул Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын алдындагы макалам болсун. Теңир мындан ары да жалгап, эч качан согуш бетин жамы журтубуз, балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз, алардын укум-тукумдары да көрбөөсүн чын дилимден, ак ниетимден тилейм! Садыбакас ЭРАЛИЕВ, согуштун, журналистиканын ардагери, Бишкек шаары
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||