![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Амангелди Бекбалаев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор, филология илимдеринин доктору Билим берүү реформасы - Жаңылануу багытынын жаңы бийиктиги Өлкөбүздүн Президенти К.С.Бакиев мына кечээ жакында жалпы журтубузга "Билим берүү реформасын жүргүзүүнүн концепциясын" сунуш кылды. Албетте, эл агартуу багытындагы өзгөчө маанилүү бул документ жөн жерден эле пайда боло калган жок. Президентибиз сунуш кылган бул Концепция мындан эки жарым ай мурда жалпы калайык-калкка кайрылган Жаңылануу багытында белгиленген, бүгүнкү күндө кечиктирбей чечүүчү максат-мүдөөлөрдүн бирин турмушка ашырууга жасалган реалдуу кадам болуп эсептелет. Терең мааанилүү бул документте билим берүү системабыздын бүгүнкү күндөгү абалы күзгүдөн чагылдырылгандай таамай-так көрсөтүлүп, эч бир жымсалдоосуз талдоодон өткөрүлгөн. "Билим берүү бүгүн улуттук коопсуздуктун, көз карандысыздыкты сактоонун бирден-бир маселесине айланып олтурат... Бул чөйрөнү оң жолго салбай туруп, өлкөнүн жаркын келечегин куруу мүмкүн эмес" - деп башталат бул Концепция. Билим берүү иши эч качан бала бакча менен тарбиячынын, мектеп менен мугалимдин, жогорку окуу жайы менен доцент, профессорлордун гана бүт өмүрлүк иши, баш көтөрбөй аткарар жумушу болбош керек. Келечек муунду тарбиялоо буга чейин "эл чарбасынын өзүнчө бир тармагы катары каралып, ошондон улам анын өнүгүшүнө жалгыз Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет", - делип келинген эле. "Мындай мамиле, албетте, жарабай калды. Билим берүү - бардык ведомстволордун, бүт өлкөнүн жана коомдун милдети . Өзгөртүүлөр ишине башка мамлекеттик структуралар, бизнес, улуттук элита, акыры ата-энелер катышууга тийиш." Бул, албетте, билим берүү көйгөйүнө карата жасалган жаңыча мамиле. "Билим берүү жалпыбыздын ишибиз" деген сыяктуу үстүрт лозунгдун ордуна Президент К.Бакиев билим берүү эң биринчи кезекте конкреттүү уюмдар менен өлкөнүн иши экендигин баса белгилеп жатат. Бул да болсо маселеге жаңы өңүттөн, жаңы бийиктиктен мамиле жасоонун айкын күбөсү. Президентибиз тарабынан сунушталган бул Концепцияда билим берүү өлкөнүн келечеги менен өтмө катыш ажырагыс байланышта экендиги да баса белгиленет. "Кризистен кийинки өнүгүү маалында ким жаңы инновациялык үлгүнү мыкты жана озунуп өздөштүрүп кетсе, мөрөйдү ошол алары анык,"- деп айтылат бул документте. Ырасында эле ушундай эмеспи. Баарыбыздын үрөйүбүздү учуруп жаткан каржылык кризистен Батыштын айрым өлкөлөрү акырындап чыга баштаганы жүрөк жылытар кабар катары айтыла баштады. Демек, жакынкы күндөрдөгү жакшы өзгөрүүлөр болчу күндөр анча деле алыс эмес. Ошол күндөрдөгү жарышка мына бүгүнтөн баштап даярданышыбыз керек. Ошону менен бирге, "инновация деген бир гана жаңы технологияларды пайдалануу эмес, эң оболу өз мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстарына башка көз карашты калыптандыруу да болуп саналат. Демек, билим инновациялык саясаттын негизги механизми болуп калууга тийиш". Соңку жылдарда мурдагы СССРдин учурундагы бардык көрүнүштөрдү бир беткей четке кагуу өнөкөтү ачык да, тымызын да өкүм сүрүп келгендигин бүгүн жаап-жашыруунун эч бир зарылдыгы жок. Эл агартуу багытындагы бул концепция ошондой бир беткей аракеттен арылуунун зарылдыгын да алдыңкы сапка алып чыгат. "Советтик билим берүү системасына кунт коюп карап, анын биздин милдеттерге жана дөөлөттөргө туура келген тажрыйбаларын колдонуу керек," - деп айтылат терең маанилүү бул документте. Билим берүү көйгөйүн ар тараптуу талдоодон өткөргөн бул Концепция буга чейинки кабыл алынган саясый документтерден маселени кырынан коюу жагынан да айырмаланып турат. Айырмаланганы ушул - буга чейинки кабыл алынган документтерде кечиктирилбей жоюлчу иш-чаралар айкын, так-таамай белгиленчү. Ал эми Билим берүү реформасы жөнүндөгү бул Концепцияда эмнелерди жасоого болбой тургандыгы да ичкериден сызылып чыгып көрсөтүлгөн. Элге билим берүү багытында жасоого болбой турган нерселер катары беш маселени сунуш этет Президент К.Бакиев. Бул да бүгүнкү эл турмушунун тереңинде кайнаган көйгөйлөрдү кылдат көрө билгендиктин, калк турмушу менен ажырагыс биримдикте жашагандыктын айкын күбөсү. Ошону менен катар бул маанилүү документте билим берүү багытындагы реформаларды эмнеден баштоо керектиги да так-таамай көрсөтүлүп, мындай иш-чараларды төрт топко бөлүп көрсөтөт Президент. Бул башталыштагы эң маанилүү багыт катары мобул иш чара көрсөтүлөт: "Реформаларды камсыз кыла турган маалыматтык, материалдык-техникалык, методикалык жана финансылык инфраструктураларды түзүү да маанилүү. Буга байланыштуу алыскы региондорго интернетти жеткирүү жана алыстан туруп окутуу боюнча өзүнчө долбоорлорду жайылтуу зарыл". Көрүнүп тургандай, бул жерде билим берүү тармагындагы реформалардын өзөктүк проблемалары таамай көрсөтүлүп жатат. Ырасында эле билим берүү багытынын "материалдык-техникалык, методикалык жана финансылык инфраструктураларын" түптөмөйүн ар кандай аруу иш аракеттер кыйын-кыстоолорго туш болушу турулуу иш эмеспи. Бул документте билим берүүнүн эң төмөнкү тепкичинен тартып эң жогорку баскычына чейинки бардык тармагы комплекстүү талдоодон өткөн. Айрыкча бүгүнкү күндөгү мектеп жана комплекстүү билим берүүдөгү анын ролуна Президент өзгөчө кеңири токтолгон. Билим берүү менен руханий жактан бакубат инсандарды тарбиялоо ишинде К.Бакиев азыркы учурдагы мектептердин алдына конкреттүү беш милдетти койду. Мектеп азыркы технологиялык атаандаштык заманында балдар ийгиликке жетишүүсүнө, балдардын коомдук иштерге жандуу аралашуусуна, мугалимдерге өзгөчө көңүл бөлүү менен заманбап педагог кадрларды даярдоого, мектепте балдарыбыздын чың ден соолугуна негиз салууга шарт түзүү керектигин белгилөө менен Президент: "Мектеп деген окуу үчүн эле эмес, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үлгүлүү социалдык-маданий комплекси болууга тийиш," - деп баса көрсөттү. Эми мен өзүмө жакын турган жогорку мектеп жөнүндөгү маселелердин бул Концепцияда кандайча кырынан коюла айтылгандыгына токтолгум келет. "Изилдөөлөр, долбоорлор жана программалаштыруу ЖОЖдордун ишинин жана окутуунун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Ансыз биз жаштардын илимге баш салышына эч качан жетише албайбыз," - деп жазылат бул документте. Ырасында эле бул өзгөчө актуалдуу маселе болуп эсептелет. Орусиянын жана Батыштын көрүнүктүү жогорку окуу жайлары эң ири илимий борборлор да болуп эсептелишет. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде бүгүнкү күндө илимий жетишкендиктери үчүн Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан көптөгөн илимпоздорду айтпаганда да Нобелдик сыйлыктын эки лауреаты иштеп жаткандыгын, атактуу А.Эйнштейн кезегинде Принстон университетинин илимий лабораториясында өзүнүн зор илимий ачылыштарына жетишкендиктерин эске алчу болсок эле ЖОЖдордогу илимий потенциалды иш билги пайдалануу жалпы мамлекет үчүн канчалык маанилүү экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. "Дүйнөдө кыргыз ЖОЖдорунун дипломдорунун таанылуусуна жетишүү зарыл. Бул үчүн биздин документтерди жана көрсөткүчтөрдү эл аралык стандарттарга жана талаптарга төп келтирүү кажет,"- деп жазылат бул Концепцияда. Ырасында эле акыркы жылдары биздин алдыңкы ЖОЖдор Болон системасына өтүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарууда. Бирок бул иш-чаралар системалуу жана ийкемдүү жүргүзүлбөй жаткансыйт. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу стандарттарынын жаңы үчүнчү муунун даярдоо күн тартибине эң туура коюлуп олтурат. Булардан сырткары бул документте рыноктун муктаждыгына жараша студенттерди даярдоо, ар бир адам өмүр бою өз билимин өркүндөтүүгө, кайра окуп жаңы адистикке ээ болууга шарт түзүү ж.б. орчун проблемалар так-таамай белгиленген. Ошону менен катар бул Концепцияда билим берүү саясатынын башкы максат-мүдөөсү да айдан ачык көрсөтүлгөн. Бул багытта мамлекет башчысы момундай дейт: "Өлкө турмушуна жандуу катышкан, анын тарыхын жана маданиятын урматтаган, келечеги үчүн иштөөгө даяр Кыргызстан жаранын калыптандыруу - билим берүү саясатынын түпкү максаты мына ушул". Концепциянын соңунда Билим берүү реформасынын алгачкы этабын уюштуруу үчүн Улуттук кеңеш түзүү жөнүндөгү сунуш да ар тараптан колдой турган өзгөчө маанилүү сунуш болуп эсептелет. Ушундай координациялык орган бүгүнкү күндө өтө керек. Жыйынтыктап айтканда, Президент К.Бакиев жамы журтка сунуш кылган "Билим берүү реформасын жүргүзүүнүн Концепциясы" өлкөбүздүн алгалап өнүгүү жолундагы өзгөчө маанилүү документ болуу менен баарыбызды дагы да он эселеп, жүз эселеп күжүрмөндүүлүк менен иштөөгө милдеттендирип турат.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||