![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кокочоров Дөөлөтбек Курманбекович - кесиби боюнча инженер-механик жана инженер-энергетик. Суу чарбасы боюнча Япониядан окуп, атайын стажировкадан өтүп, ага ушул тармак боюнча диплом ыйгарылган. Эмгек жолун сельхозтехникадан, Жылуулуккоммуналдык станциясында, ЖЭКте мастерликтен баштап, 2006-жылдан бери Ош шаардык суу чарба ишканасында директор. Эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрүүдө. Жубайы Кулмаева Айгүл ОшТУда окутуучу. Ош шаардык кеңешинин депутаты.Таза суу-алтындан да кымбат - Дөөлөтбек Курманбекович, биринчиден сизди жана эмгек жамаатыңызды суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз. Айтыңызчы, бүгүнкү күндө Ош суу чарба башкармалыгынын абалы кандай? - Жалпысынан жакшы. Азыркы мезгилде шаардын элин ичүүчү таза суу менен жетиштүү камсыз кылуу багытында көп иштер жүргүзүлүүдө. Сиздерге маалым болуш керек, шаардын элине 4 станциядан суу алынат. Биринчиси Озгур суу тазалоо станциясынан, Мадыдан, 7 жана 5 насостук станциялардан суу беребиз. Шаарга күнүнө 180 миң метр куб. суу беребиз. Анан 16 насостук станция иштейт. Көпчүлүк кичи райондор насостук станциялар аркылуу суу алышат. - Акыркы жылдары бир катар резервуарлар ишке киргизилди, жаңы резервуарлар, насостук станциялар курулууда, калкты суу менен камсыздоодо өзгөрүштөр барбы? - Шаарда суу тартыштыгы жок деп айтыш кыйын. Сиз айткандай акыркы эки жылдын ичинде 3000 метр кубдук Озгурдагы эки суу резервуарын пайдаланууга бердик. Каражат жетишпей ошол резервуарды бүткөрө албай жүрдүк эле. Андан сырткары мэриянын жардамы менен кыш заводунун жанындагы 6000 метр кубдук резервуарыбыз ишке кирип, Черемушка, Керме-Тоо, Ак-Тилек, СМУТТ кичи райондорунун тургундарында суу маселелери бир топ чечилип калды. Аэропорт кичи районунун тургундарына шаар аркылуу суу тартып бардык. - Аэропорт кичи районунун жашоочуларында башта ичүүчү суу жок беле? - Бар эле, жердин алдынан суу тартып берчүбүз. Жылда 50-60 миң сом акча кетчү. Азыр эми 20 миң сом сарптайбыз, а негизгиси суу жетиштүү. - Быйыл жазда шаар тургундары суудан абдан кыйналышты. Себебин айтып бере аласызбы? - Быйылкы жаз жаанчыл болуп, Папан суу сактагычынан ылай суу агып келип сууну токтотушка мажбур болуп жаттык. Себеби КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Баку шаарында жана Ош шаарында гана ушундай ачык көлмөдөн суу алып, тазалоочу станция долбоорлонуп курулуп калган экен. Жамгыр жааса эле суу ылайланып кетет, суунун курамындагы ылай нормадан ашканда сууну токтотууга аргасыз болуудабыз. Табигатка көз карандыбыз. Мунун себебин ар бир шаар тургуну билүүгө тийиш жана жамгыр жааганда суу алып коюулары керек. Союз мезгилинде курулган системаны кайрадан кура коюуга азырынча мүмкүнчүлүгүбүз жок. Акырындан оңдоонун жолдорун ойлонуштуруп жатабыз. -Таза сууну топтоп коюп, анан суу ылай болуп кеткенде, ошол таза сууну элге берип туруунун мүмкүнчүлүгү да жокпу? - Шаарда азыр 10 миң метр куб суу топтоло турган гана резервуарларыбыз бар, а шаар эли күнүнө 180-200 миң куб суу ичет. Биздин топтогон суубуз 1 саатка да жетпейт. - Бул жагдайдан чыгуунун жолу барбы? - Аракеттер болуп жатат. Аба ырайы бузулуп, жаан-чачын болгондо атайын сметалык баасы 25 млн. сомдук дайранын нугунун астынан суу алуучу долбоор ишке ашып жатат. Буюрса күзгө чейин бүтүп калат деп турабыз. Бул курулуш бүтсө жаан-чачын болгондо шаар эли аздап болсо да суу менен камсыз болот. Жаңы мэрибиз Мелисбек Мырзакматов шаарга жетекчи болгон алгачкы күндөн эле шаар элине таза суунун жетиштүү берилүүсү үчүн кам көрө баштады. Азыр Озгурда курулуш баасы 87 млн. сомдук турган диаметри 530 мм. суу түтүгү Озгур суу тазалоочу станциясынан шаарга 8.5 км. аралыкка курулуп жатат. Озгурдан 6 миң метр куб. суу кампасына ушул суу түтүгү уланып калган болсо, суунун көлөмү көбөйүп, суу жетпей жаткан кичи райондордун тургундарын суу менен камсыз кылуу бир топ жакшы жолго коюлууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Азыркы мезгилде бул долбоор жактырылып, курулуш иштери башталуунун алдында турат. - Менин билишимче 5-насостук станциянын курулушу да жүрүп жатпайбы, ал насостук станциядан кайсы райондорго суу жеткирилет? - Бул курулушту Бүткүл дүйнөлүк банк каржылап жатат. Курулуш баасы 42 млн. сомго эсептелген. Үч терең насос коюлду, насостук станция, 2 резервуары менен бүтүп жатат. Сууну хлор кошуп тазалай турган имараты менен курулууда. Курулуш 2009-жылы башталган, 2010-жылы бүтөт. Бул курулушту шаар жетекчиси өзү көзөмөлгө алып, курулуштун жүрүшүн тынбай көзөмөлгө алууда. Бул курулуштар аяктаса буюрса жаңы Достук, Калинин кичи райондору суу менен камсыз болмокчу. Шаардын мэри Амир Темир кичи районунда эл менен жолугушканда суу чыкпаган Шевченко мектебине, Ленинград көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө суу чыгарып беребиз деген эле, бизге каражат бөлүп берди, биз суу түтүкчөлөрүн коюп жатабыз, саналуу күндөрдөн кийин бул жерлерде суу болот. Айта берсек жакшы иштерибиз арбын эле, колдон келишинче техникаларды жаңылап жатабыз. Бир экскаваторубуз бар эле, азыр үчөө болуп калды. Кызматкерлерибиздин өндүрүмдүү иштешине шарт түзүү, суу анализдерин өз убагында алуу жана лабораториялык анализдерди өз убагында так жүргүзүү үчүн 2 жеңил автомашина сатып алдык. Авариялык-диспетчердик кызматы үчүн 1 жеңил автомашина алып бердик. Жыйынтыктап алганда акыркы төрт жыл ичинде ишканага керектүү 10дон ашык техника сатып алдык . Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги 4 млн. сомдон ашык иштерибизди аткарып, бир техника алып беришти. Учурдан пайдаланып агенттиктин директору Давлеткелдиев Арстанбекке ыраазылык билдиребиз. Дагы жардам берет деп жана биргелешип жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деп жатабыз. - Көйгөй көп эле болсо керек? - Эң чоң көйгөйлөрүбүздүн бири- шаарыбызда арык системаларынын начардыгы. Арыктардын начардыгынан шаар тургундары огороддоруна ичүүчү сууну пайдаланышат. Бирөөнүн короосуна баш баксаң мөлтүрөгөн таза суу же огородунда же арыгында агып жаткан болот.Биздин мэрибиз бул маселеге жардам бермекчи болуп жатат, эгер бул маселе чечилип калса таза суу максаттуу гана пайдаланылат. Мадыны кошкондо шаардын эли үчүн үч эле жерден жер алдынан суу алынат. Эгер ушул үчөөнү жоготуп алсак, ал сууларды кайра калыбына келтире албайбыз. Биз аны азыр сактап калышыбыз зарыл. Эгер сактап кала албасак шаар таза суусуз калды деген сөз. Башка таза суубуз жок. - Ошто иче турган суудан башта кыйынчылык болчу беле? - Ошто иче турган суу менин билишимче союз убагынан бери эле проблема. Азыр жылдан жылга эл көбөйүп жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин 178 миңден ашык абонентибиз бар. - Шаардын эли азыркы күндө канча пайыз таза суу менен камсыз деп ойлойсуз? - Жаңы райондорду кошпогондо 75 пайызга жакыны ичүүчү суу менен камсыз болгон деп айта алам. Негизги кыйынчылыктардын бири-шаардыктар бизден руксат албай туруп эле үйлөрүнө суу түтүкчөлөрүн улайт, вентиль да койбойт. Анан ал жарылат, асфальттан суу чыгат. Анан биз оңдойбуз. Мындан ары чыгымдын баарын ошол абоненттин өзүнө төлөтүүбүз керек. - Кандай максаттарыңыздар бар? - Максатыбыз - элге таза сууну үзгүлтүксүз берип туруу. Суу тазалоочу станцияларыбызга суу чыпкалай турган заманбап фракцияларды алмаштырсак. Дагы экскаватор, КАМАЗ сатып алсак. Техникаларыбызды оңдосок. Жумушчулардын эмгек маяналарын көтөрсөк дейбиз. - Маектин акырында окурмандарга, кесиптештериңизге айтаар сөзүңүз. - Кыргызстан маанилүү окуянын алдында турат. Бир айдан кийин Президентти шайлаганы турабыз. Өз келечегибиз, өз тагдырыбыз өз колубузда турат. Мен элибиздин, кесиптештеримдин жагдайдан туура жыйынтык чыгарып, шайлоодо кимдин Президенттикке татыктуу экендигин баалай билет деп ишенем. Учурдан пайдаланып кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктайм, ден соолугуңуздар чың болуп, үй-бүлөңүздөр менен тынч-аман болуңуздар демекчимин. Биздин жамаатта өмүр бою, 20-30 жылдан бери ушул ишканада эмгектенип келаткан Рафик Кочкаров, Сүйүн Пирмаматов, Абдрасул Ававариев, Султан Айылчиев, Шевченко Соня, башкы инженер Осмонов Ормош сыяктуу ишканага баа жеткис эмгеги сиңген, тажрыйбалуу кызматкерлерибиз бар. Майрам ушулардыкы, ушундай алдыңкы жумушчу-кызматкерлерибизди жана жалпы эле суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктайм. Маектешкен Ж.АКУНОВА Европарламент Кызматташат Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева Европарламенттин беш депутаты жана түркиялык Мевлют Чабыш Оглу жетектеген депутаттардын тобу менен жолугушту. Анда Ж.Түмөнбаева Ассамблеянын республикадагы улуттардын маданияттарын, тилдерин өнүктүрүп, улуттук ынтымак-ырашкерликти чыңдап, бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди. Европарламенттин өкүлдөрү Еврошериктештиктеги улуттар аралык мамилелер, бул багыттагы ийгиликтер жана мүчүлүштүктөр жөнүндө ой бөлүшүштү. Тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Максат ИСАБЕКОВ, Гүлсүн КАЛМУРЗАЕВА, "Кыргыз Туусунун" практиканттары Экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт 2002-жылы КМШ мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын Кеңеши түзүлүп, өз ара экономикалык алакалар такталып, алар ишке ашып келүүдө. Жыл сайын мүчө он өлкөнүн бирөө жетектеп келсе, үстүбүздөгү жылы төрагалык Кыргызстанга тийип, 17-июнда Ала-Арча жыйындар залында КМШ мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын Кеңешинин жетекчилеринин IV кеңешмеси болду. Кеңешмеге төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын президенти Жумасарлык Нуржанов жыйынды ачып, Кеңештин экономикалык мамилелерди түзүүдөгү иш-аракеттерин иликтеген баяндама жасап, ийгилик-кемчиликтерин белгилеп, кандай тоскоолдуктар болуп жаткандыгы тууралуу ой бөлүшүүгө Кеңешке киришкен он мамлекеттин соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрүнө сөз берди. Алардын ар биринин сөзүндө дүйнөлүк экономикалык кризистин убагында мамлекеттер аралык бардык байланыштарды чыңдоодо, өзгөчө экономикалык алакаларды күчөтүп, өндүрүштү көтөрүүдө, элдин турмушун жакшыртууда Кеңешке мүчө болушкан соода-өнөр жай палаталарынын уюштуруу, аткаруу иштерине басым жасалып, аны жакшыртуу маселелери козголду. Соода-өнөр жай палаталарынын региондор аралык жана чектеш мамлекеттердин өз ара кызматташуусундагы келип чыккан айрым проблемаларга токтолушту. Белоруссиянын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Василий Романов Россия-Белоруссия-Казакстан бирдиктүү бажы союзуна киришип, экономикалык мамиле түзүүдө, экспорттоону, импорттоону ишке ашыруудагы артыкчылыктары тууралуу белгилеп, сөз менен эле маселе козгобой, палаталардын өкүлдөрү биригип сунуштаган пайдалуу демилгелер менен чыксак деген оюн билдирди. Ал эми Россия соода-өнөр жай палатасынын көргөзмөлөр жана жарманкелер департаментинин директору Игорь Коротин экономикалык алакаларга өбөлгө болгон келишимдерди түзүүгө жетиштүү маалымат берип, ага шарт түзгөн көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди сапаттуу уюштуруп, тез-тез өткөрүү сунушун билдирди. Жыйында "Көргөзмө жана жарманкелерге активдүү катышкандыгы үчүн" диплому уюштуруу иштеринде өзгөчөлөнгөн алдыңкыларга тапшырылды. КМШ мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын VIII Кеңешинин жыйынын өткөрүү маселеси каралып, төрагалык кылуу Молдова Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын президенти Георгий Кукуга тапшырылды. Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||