![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
21-июнь - суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү "Жети күндүк жамгырдан, желип өткөн суу артык" Равшанбек КАМЧЫБЕКОВ, Суу чарба департамен-тинин башкы директору Бейиштин төрүндөй болгон Ала-Тообузда жашоонун, өмүрдүн булагы болгон көк кашка мөлтүр сууга бай экендигибиз, бабаларыбыз айткандай суу башында жайгашкандыгыбыз, эч бир байлыкка алмаштыргыс, баа жеткис мурасыбыз экендиги жалганбы. Жер шарын жылуулук каптап, ак мөңгүлөр эрип, XXI кылымдын башкы маселеси болгон суу тартыш учурунда Кудайга шүгүр Кыргызстан башкалардай олуттуу көйгөйгө учурай элек. Суу байлыгыбыздын келечектүүлүгүнөн мамлекетибиздин өз күчү менен Камбар Ата-2 ГЭСин курууда жана Россия менен тең шериктикте Камбар Ата-1 ГЭСин баштоонун алдында турабыз. Андан да башкысы токчулук тартуулаган дыйкандарыбыздын мол түшүм алышына "Жети күндүк жамгырдан желип өткөн суу артык" дегендей сугат учурунда өз убагында суу менен үзгүлтүксүз камсыздоодо суу чарба департаментинин аткарчу иштери арбын, жоопкерчилиги жогору. Президентибиз Курманбек Бакиев Өкмөткө, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдына айыл чарбасын кескин көтөрүү боюнча агрардык саясатты койду. 2005-жылга салыштырмалуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоолордун жети эсе жогорулагандыгы, натыйжада кайтарым берип, дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу алкымдап турганда да өлкөбүздү жетиштүү азык-түлүк менен камсыздай баштаганыбыз жакшы саамалык. Бүгүн кайда барбагын баба-дыйкандарыбыз адам ырыскысы жерде экендигине, маңдай тер төгүп, мол түшүм алса, өз жашоолорун жакшыртуу менен бирге элге токчулук тартуулашкан үзүрлүү эмгектерин түшүнүп калышты. Мында алардын асыл эмгектеринин кайтарымдуу болушунда, мол түшүм алууларына суу чарба департаменти мүмкүн болгон шарттарды түзүп берүүдө. Суу чарба департаменти Кыргызстан боюнча 1020,2 миң гектар сугат жерди суу менен камсыздайт. Карамагында 5598,8 км узундуктагы канал, 6719 гидротехникалык курулма, 2948 гидропост, 107 насостук станция, 1176 км узундуктагы коллектордук-дренаждык тармак, жалпы сыйымдуулугу 1617 млн. метр куб болгон 33 суу сактагыч, сыйымдуулугу 24,0 млн. метр кубду камтыган 50 суткалык жөнгө салуучу бассейн (БСР) бар. Бул аталган суу чарба объектилерди дайыма оң абалда кармап, суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз берүү биздин башкы милдетибиз. Суу чарба lепартаментине мамлекет тарабынан 2009-жылга 565909,6 миң сом бөлүндү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 143,7 пайызды түзөт. Быйыл 5 айда суу чарба Департаменти боюнча 245,5 млн. сомдук жумуштар аткарылды. 94,3 млн. сомго оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Алсак республика боюнча 876 гидротехникалык курулма, 790 гидропост, 93 насостук станция оңдоодон өтүп, 109,2 км. узундуктагы сугат каналдары тазаланып, 141,8 км. ири каналдар толук оңдоодон чыгарылды. 5 айда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 320,4 млн. сом каралса, 83,7 млн. сомдук иштер аткарылды. Ал эми департаментке карабаган жеке чарбалар өздөрү 12,5 млн. сомдук жумуштарды аткарышты. Инвестиция, грант катары 2009-жылга каралган 496,2 млн. сомдук жумуш пландаштырылса, 5 айда 25,6 млн. сомдук жумуштар бүткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылга сугат жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу үчүн 241,2 км. КДСти механикалык тазалоо, 72 км. КДСти тазалоо, 15 скважинанын тик дренажын калыбына келтирүү жана 65 скважинаны куруу, 25ин оңдоо белгиленген. Учурда 4591,6 миң сомдук жумуштар жасалды. Ошентип учурда, 467,82 км. ири канал оңдолду, 244,9 км. ири каналда механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп, 1292 гидротехникалык курулма, 1275 гидропост, 102 насостук станция, 241 насостук агрегат, 18 скважина оңдолуп-түзөтүлүп ишке киргизилди. Азыркы мезгилде мамлекеттик чарбалар аралык бардык каналдарда суу пайдалануучулардын талабы боюнча келишимдин негизинде сугат суусу берилүүдө. Жылдын жаанчыл болушунан жүргөн селдин, жер көчкүлөрдүн айынан апрель, май айларында 3950,8 миң сомдук суу объектилери зыянга учурап, учурда 13 экскаватор, 8 бульдозер жана 1 трактор 1030,2 миң сомдук калыбына келтирүү иштерин жасашып, ишти улантышууда. Бүгүнкү күндө Киров, Орто Токой, Папан, Төрт-Күл, Ала-Арча нугундагы, Ала-Арча куюлмасындагы, Найман, Спартак, Базар-Коргон, Кара-Буура, Сокулук суу сактагычтарында 1595,5 млн. метр куб суу топтолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 653,6 млн. метр куб суу көп. Али алдыдагы мөңгүлөрдүн эришин эске алсак, быйыл Кудай буюрса суу жетиштүү болуп, баба-дыйкандарыбыз сугат суусунан өксүбөй мол түшүм алынышы күтүлүүдө. Сугат учуру башталгандан бери суу булактарынан 1,1 млрд. метр куб суу алынып, сугатка 760 млн. метр куб суу берилди. Суу чарба департаменти ПИР жана НИР менен 8981,66 миң сом көлөмүндөгү 6 келишим түзүп, 4571,48 миң сомдук жумуш аткарылды. Кыргыз-Россия Славян университети менен "Тоо этегиндеги тоолуу каналдардагы суу бөлүштүрүүчү курулмаларды жакшыртуу" деген темада илимий изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызсуудолбоор ААКсы менен төрттөн ашык аткара турган иштер менен келишим түзүлгөн. 2007-жылы ПКТИ менен "КРнын ирригациялык фондунун мүнөздөмөсү" деген темада "Сууавтоматиканын жана метрологиясынын аткарылышы" боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы №593 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2008-2010-жылдары суу чарба объектилерин куруу жана жаңы жерлерди өздөштүрүү" Программасынын негизинде 2008-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда Тогуз-Булак жана Калмак-Ашуу сууларын сугатка жеткирүү курулушу аяктады. Натыйжада 414 га жаңы суу баскан жер өздөштүрүлүп, 298 га жерге суу берүү жакшырды. Көлөмү 300 миң метр куб БСР ишке кирди. Жакынкы арада Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Декадалык жөнгө салуу көлмөсү реконструкциядан чыкты. 7000 га жерди суу менен камсыз кылуу жакшырды. Көлөмү 3 млн. метр куб суу сактагыч кайрадан ишке кирди. Учурда Кадамжай районунда Каракыштак-Боз, Баткен районунда "КРОЗ Төрт-Гүл" курулушу, Аксы районунда Иринжит каналы, Кадамжай районунда Бүргөндү массивине суу жеткирүү долбоорлору боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. СПА колдогон жана жөнгө салган 21,68 миң км. узундуктагы канал, 466 суу пайдалануучулар ассоциациясы (анын 463ү юридикалык жактан катталган) 728,4 миң га жер СПАлардын карамагында болуп суу берилүүдө. "Ички чарбалык сугаруунун экинчи долбоорун" ишке ашырууга 20,55 млн. АКШ доллары каралган, гранттын суммасы 16,0 млн. АКШ доллары. 2007-жылдын 31-октябрынан башталып 2013-жылдын 30-июнунда бүтөт. Этабы менен каражат бөлүнүүдө. Негизги каржылоонун булагы МАРдын гранттык каражаты жана КРнын Өкмөтү болуп саналат. Алгач үстүбүздөгү жылдын 29-майында долбоордун эсебине 2,9 млн. АКШ доллары которулду. Анын 2,4 млн. доллары МАРдын, 0,5 млн. доллары КРнын Өкмөтүнүн бөлгөн каражаты. Катталган 463 СПАлар 735 миң га. жерди тейлеп, республиканын жалпы сугат жеринин 71 пайызын камтыйт. Инфраструктураны реабилитациялоодо жана модернизациялоодо 51000 га. жер камтылып, 29 СПА тартылган. Долбоорлоо жыл башынан башталып, 10 курулуш иштерине келишимге (контрактка) кол коюлуп, бир келишим Ысык-Көл районундагы СПА иштери бүткөрүлгөн. Жалпы курулушту ишке ашыруу үчүн алгач 0,9 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууга 28,2 млн. АКШ доллары каралган. Анын 19,0 млн. доллары Бүткүл дүйнөлүк Банктын гранты, 4,4 млн. доллар Япония Өкмөтүнүн гранты, 4,8 млн. АКШ доллары Кыргыз Өкмөтүнүн кошкон салымы. Анын 5910,3 миң доллары курулуш иштерине, долбоорлоого жана курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүүгө, жаңы суу кодексин киргизүүгө, СПАлардын потенциалын өнүктүрүүгө, долбоорду башкарууга жана аудитке, окутууга жумшалды. 6 ирригациялык системанын дол-боору даярдалып, ишке ашыруу каралууда. Андан сырткары 5 ирригациялык система: Ноокаттагы Төө-Моюн бөлүштүрүүчү каналы, Ош облусундагы Южный каналы, Баткендеги Исфайрам-Сай каналы, ошондой эле Найман плотинасынын долбоорлору реабилитациялоого даярдалды. Алардын курулуштарын баштоо каралууда. Базар-Коргон районунун Левая Ветка жана Токтогул районунун Коңур Өгүз каналдарынын долбоорлору иштелүүдө, аларды да ишке ашыруу пландаштырылган. 2009-жылы Баткен облусундагы Ак-Татыр каналы жана башкы курулмасынын, Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт Левобережный каналынын курулуш объектилери бүткөрүлөт. КРнын суу Кодексинин Жоболорун реализациялаган негизги нормативдик-укуктук актыларынын долбоорлору, андан сырткары суу ресурстарын башкаруунун өзгөртүлгөн түзүлүшүнүн варианттары иштелди. Пилоттук Таластык бассейндер кеңеши түзүлдү. 5 пилоттук СПА федерациясы тандалып алынып, аларга долбоор тарабынан СПАнын потенциалын чыңдоого, өзгөчө федерациянын ирригациялык инфраструктурасына майда ремонтту жүргүзүүгө жана кичи техниканы сатып алууга жардам берет. Гидрометеорологиялык постторду калыбына келтирүү жана жабдуу боюнча Гидрометтин приоритеттүү керектөөлөрү аныкталды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде жалпы 7,5 миң адам иштесе, ага караган суу чарба департаментинде 70 пайызы, 5 миңден ашуун кызматкерлер эмгектенишет. 1995-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен июнь айынын үчүнчү жекшембиси суу чарбасында иштегендердин кесиптик майрам Күнү катары белгиленип келүүдө. Суу чарба тармагында эмгектенишкен кесиптештеримди 21-июнь суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен куттуктаймын. Элди, айыл чарбасын суу менен камсыздоодогу түйшүктүү жумуштарына ийгилик каалаймын. Элибизде тынчтык, токчулук, байгер турмуш болсун. Руслан АБИБИЛЛАЕВ, Ош облусунун суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Cуу -жашоонун булагы тактуу Ош облусу Фергана өрөөнүндө, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, Ак-Буура суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 870-1110 м. бийиктикте жайгашкан. Жайында жаан-чачын салыштырмалуу аз болот. Негизги булактары болуп Сыр-Дарыя бассейниндеги дарыя суулары түзөт. 47 чарбалар аралык, 32 ички чарбалык болуп саналат. Суу булактарынын негизгилеринен болуп Кара-Кулжа, Яссы, Тар, Куршаб, Ак-Буура, Чили-Сай, Абшыр-Сай жана Кыргыз-Ата саналат. Бул суу булактарынын негизинде 129,25 миң гектар сугат аянттары суу менен камсыз болот. Тоо кыркаларынын этегинде жылуулукту сүйгөн техникалык өсүмдүктөрдөн тамеки, пахта, ошондой эле буудай, арпа, жүгөрү, жашылча жана күрүч өстүрүлөт. Ушул айыл чарбасынын негизин түзгөн эгиндерди, бак-дарактарды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ири суу булактарына чоң-чоң суу түйүндөрү курулуп, бүгүнкү күндө эксплуатацияланып жатат. Атап айтсак Папан, Найман суу сактагычтары, Куршаб, Кыргыз-Ата, Араван-Сай, Чили-Сай плотиналары жана 8 даана насостук станциялары: Жаман-Адыр, Чоң-Сай, Мады, Эшме, Шоро-Башат, Достук, Жаңы-Талаа жана Талаа иштеп жатат. Бүгүнкү күндө насостук станциялардын бардыгы оңдолуп, айылдык округдарга жана дыйкан чарбалардын сугат жерлерине суу берилүүдө. Облусубуздагы 4006 га жерге суу берүүчү насостук станциялардагы 36 агрегаттын жалпы кубаттуулугу 15110 кВтты түзөт. Суу айдоо көлөмү секундасына 9,66 м.куб. Насостук станциялардын иштеткен электр энергиясы республикалык бюджет тарабынан каржыланат. Ош облусу боюнча бүгүнкү күнгө 368,3 км. ачык түрдөгү КДС, анын ичинен 4,13 км. жабык түрдөгү ички чарбалык КДС бар. Ал эми облустук суу чарба башкармалыгынын балансында 19,2 км. ачык түрдөгү КДС жана 182 даана көзөмөлдөп туруучу скважиналар бар. Ош облусунун аймагындагы райондордун сугат жерлеринин мелиорациялык абалын жакшыртуу боюнча коллектордук-дренаждык тармактарды механикалык жол менен тазалоо үчүн мамлекеттен 2009-жылга 29827,6 миң сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө 50,6 км ички чарбалык коллектордук-дренаждык тармактар механикалык жол менен тазаланып бүтүп, суммасы 28968,8 миң сомду түздү. 2009-2010-жылдарга сугат жерлеринин мелиорациялык абалын жакшыртуу боюнча КЭСтин эсебинен жалпы ички чарбалык дренаждардын 92,2 км. механикалык жол менен тазалоо, 105 даана көзөмөлдөөчү скважинаны калыбына келтирүү пландаштырылган жана жалпы суммасы 31 млн. сомду түзүп, сметасы суу чарба департаментине тапшырылган. Ош облустук бассейндик суу чарба башкармалыгы башка финансылык булактарды издеп табуунун аракетинде иш алып барууда. Суу булактарынан сууну облусубуздун сугат аянттарына коромжусуз жеткирип берүү үчүн 1230,14 км. чарбалар аралык каналдар, 978 даана суу бөлүштүрүүчү курулмалар, 533 даана суу өлчөөчү посттордо 671 адам эмгектенет. Анын ичинен 33ү жетекчиликте, 263ү инженердик-техникалык кызматта, 49у айдоочу-механизаторлук кесипте иштешет. Ош бассейндик суу чарба башкармалыгында жыл сайын суу чарба курулмаларын оң абалда кармоо үчүн капиталдык жана агымдык ремонттор, мамлекеттик жана атайын каражаттардын негизинде жүргүзүлөт. Мисалы, 2008-жылы жалпы эксплуатациялык иш-чаралар 66007,9 миң сомго, анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 5771,8 миң сомго, атайын каражаттардын эсебинен 3240,3 миң сомго аткарылган. Мындан сырткары, 2008-жылы мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен облусубуздун ири суу чарба курулмаларында капиталдык ремонт иштери аткарылды. Жалпы суммасы 20591,2 миң сомдук иштер жасалган. Атап айтканда Араван районунун Нур Абад, А. Анаров атындагы айылдык округдарынын аймагындагы Шор-Булак коллектордук-дренаждык тармагынын 4,9 км участогу механизмдин жардамы менен тазаланып, Чоң-Алай районунун Алтын-Дора каналы жана Кара-Суу районундагы Талдык каналынын башкы суу алуучу курулмасы, Өзгөн районундагы Бостон насостук станциясы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ошондой эле жыл сайын жазгы сел ташкындары келген убакта суу чарба курулмалары жабыркоого дуушар болот. Ушул жылдын май-июнь айларында жааган жаандын натыйжасында Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы бир топ суу чарба курулмалары зыян тартты. Облус боюнча келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 3040,0 миң сомду түзүп, калыбына келтирүү иштери 963,1 миң сомду түздү. Бул иштерди аткарууда 10 экскаватор, 5 бульдозер жана райондук суу чарба кызматкерлери күжүрмөн эмгектери менен калыбына келтирүү иштерин аткарышып, дыйкандарыбызга сугат сууну өз убагында берүүгө жетишишти. Учурда облусубуздун бардык аймактарында суу чарба курулмаларын 2009-жылдын сугат мезгилине даярдоо иштери толук аяктап, сугат мезгили кызуу жүрүүдө. "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомунун, "Кыргыз Республикасынын суу жөнүндө" мыйзамынын негизинде иш алып барылууда. Учурда Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларынын негизинде быйылкы жылы 13 текшерүү жүргүзүлүп, 12 талап (предписание) берилди. Ошондой эле прокуратура, ички иштер органдары менен биргеликте рейддер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин 121-беренесинин негизинде эки адамга административдик чара колдонулуп, 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарды жайгаштырууга байланышкан маселелерди чечүү боюнча айрым чаралар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна 24 сунуш даярдалып жөнөтүлдү. Көкүмбек ТАШТАНАЛИЕВ, Талас облусунун суу чарба башкармалыгынын жетекчиси, айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Суу тартыштыгы четтетилүүдө Жалпы Талас облусу боюнча 114 миң гектар сугат жер бар. Талас жана Күркүрөө бассейндери сугат мезгилинде жалпы көлөмү 750-800 млн. м. куб. дарыя суулары менен камсыз болот. Сугат жерлерди суу менен өз учурунда керектүү көлөмдөгү сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн 26,0 млн. м.куб өлчөмүндөгү суу топтоочу 80 даана БСР жана БДРлер, 550 млн. м.куб сыйымдуулуктагы Киров суу сактагычы, жалпы узундугу 2759 километрди түзгөн каналдарда 908 даана суу өткөрүүчү жана суу өлчөөчү түйүндөр жайгашкан. Ошондой эле Толгонай, Кең-Арал, Андаш жана Баласары II өңдүү 4 стационардык насостук станция 2000 га сугат жердин муктаждыгын чечет. 5449 га. сугат аянтынын мелиоративдик абалын камсыз кылуу максатында 234,4 км. коллектордук-дренаждар жайгашкан, анын 90 ачык жана 144,4 жабык. 2009-жылга ирригациялык объектилерди ремонттоо иштери боюнча 2008-жылдын октябрь айында графиктери түзүлүп, суу объектилерин ремонттоо жана каналдарды тазалоо жумуштары үстүбүздөгү жылдын апрель айында толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы жонунан мамлекеттик жана ички чарба каналдардын вегетациялык сугат мезгилине даярдык иштерине 10,9 млн. сом жумшалып 49 км. канал оңдолду. 380 даана суу өткөрүүчү жана суу өлчөөчү суу түйүндөрү калыбына келтирилди. 251,4 км. канал механикалык жана ашар ыкмасы менен тазаланып, бүгүнкү күндө суу пайдалдануучулар 70,0 м.куб.сек көлөмүндөгү суу менен камсыз болушууда. 380 түйүндө 990 сугатчы сугат иштерин өткөрүүдө. Бүгүнкү күндө 15,1 миң га. көп жылдык чөп жана 16,4 миң га. дан эгиндеринин биринчи сугат иштери аяктап, экинчи сугаты жалпы түрдө жүргүзүлүүдө, ошондой эле монополиялык багыт алган 33,6 миң га. фасолду биринчи сугаттан 10-15 күндө чыгаруу иши колго алынды. Азыркы учурда Талас жана Күркүрөө бассейндериндеги суу план-графикте каралган сугат суунун көлөмүн толук камсыздоодо. Быйыл суу ресурсу жылдын жаанчыл болушунан 130-150 пайызды түзүүдө. 2008-жылы капиталдык ремонттун эсебинен Союз тарагандан бери иштебей турган Бакай-Ата районунун Кең-Арал насостук станциясы жана Талас районунун Андаш станциясына 3,5 млн. сом бюджеттик каражат жумшалып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, насостук станциялар кайрадан эксплуатацияга берилип, бул насостук станциялар суу тартыш мезгилинде кошумча секундасына 1,1 м. куб суу менен камсыз кылып, 600-650 га сугат аянтына жеткирилди. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорун суу менен камсыз кылуучу жалпы узундугу 71 км. жана сыйымдуулугу секундасына 13 м.кубду түзгөн район аралык Чоң Талас (БТК) каналынын алдындагы сугат аянттарынын сууга болгон муктаждыгын жогорулатуу максатында капиталдык ремонттун эсебинен Чоң Талас каналына Үр-Марал дарыясынан жаңы куйма каналын башкы суу түйүнү менен жалпы узундугу 900 метр жана сыйымдуулугу секундасына 4,5 м.кубду түзгөн бетондолгон (гешка) канал сугат мезгилине карата бүткөрүлүп, 3,0-3,5 миң га аянтка чыгарылып, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун элин чоң кубанычка бөлөдү. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк Банктын инвестициялык программасынын эсебинен ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү (реабилитациялоо) иштери аркылуу 2002-жылдан бери Бакай-Ата районунун Суу-Өмүр, Оготур Чоң, Сары Куу-рай-С, Бак-Бар, Кара-Буура районунан Бел, Жоон-Төбө, Манас районунан Жорго, Талас районунан Чычырканак-1 суу пайдалануучу ассоциацияларынын ички чарбалык каналдары жалпы жонунан 69 млн. сом көлөмүндөгү инвестициялык каражат реконструкция иштерине жумшалып 14,6 миң га сугат аянттарынын сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга жетиштик. 2009-жылы Талас районунун Көк-Ой-3 суу пайдалануучу ассоциациясынын ички чарбалык каналын калыбына келтирүү иштерине 15,8 миң сом каралып, Талассуукурулуш АКсы иш алып барып, бүгүнкү күндө 3,5 млн. сомдук жумуш иштери аткарылып, 2010-жылдын сугат вегетациясынын башталышына чейин реконструкциялоо иштери бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилүүсү күтүлүүдө. Кара-Буура районунун Шилбили суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналына 9,9 млн. сом каралып, реабилитациялоо иштери Уста АКсынын курулуш ишканасы аркылуу жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө 5 млн. сомдук иш аткарылып, жыл аягына чейин эксплуатацияга берүү пландаштырылууда. Жогоруда белгиленген эки ички чарбалык каналдын реабилитациялык иштерден өткөрүлүшү 7,0 миң га. сугат жердин сууга болгон муктаждыгын чечет. Курулуш иштери көп жылдардан бери токтоп калган Кара-Буура суу сактагычынын курулушу 2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен жалпы суммасы 120 млн. сомдук, кубаттуулугу 17,0 млн. м.куб көлөмүндөгү Кара-Буура дарыясындагы суу сактагыч Кара-Буура районунун сугат жеринин сууга болгон муктаждыгын 10,0 миң га көлөмүндө жогорулатууга шарт түзүлдү. Ошондой эле быйылкы жылы 39,0 млн. сом Бүткүл дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып Чоң Талас каналынын курулуш иштерин 2009-жылдын экинчи жарым жылдыгында "ЛОИ" АКсы каналды калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Бул объект 2010-жылы бүткөрүлсө 8,0 миң га сугат жердин сууга болгон муктаждыгы канааттандырылат. Өкмөтүбүздүн 2007-жылдын 14-декабрындагы №593 токтому менен 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объектилерин куруу жана жаңы жерлерди өздөштүрүү программасына ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районунун кубаттуулугу секундасына 5,0 м.куб болгон "Сарымсак" каналынын курулуш ишин жүргүзүүнү тендердин негизинде наркы 87,0 млн. сом көлөмүндөгү курулуш иштери ЖЧК Нарк-Тоо курулуш мекемеси утуп, курулушту 2009-жылдын экинчи жарым жылдыгында баштамакчы. Сарымсак каналынын реконструкцияланып бүткөрүлүшү 1,8 миң га сугат жердин муктаждыгын канааттандырып, 2000 га жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. Кара-Буура районунун Күркүрөө дарыясындагы Бакты каналынын курулуш иши Союз учурунда башталып токтоп калган. Кубаттуулугу секундасына 5,0 м.куб, узундугу 22,95км, 5118 га сугат аянтын камтыган Бакты каналынын эксплуатацияга берилиши менен 2807 га сугат жердин сууга болгон муктаждыгы туруктуу чечилип, 250 га жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө шарт түзүлөөр эле. Бакты каналынын курулуш иштерин аягына чыгарып, эксплуатацияга берүү үчүн болжол менен 50-55 млн. сом керектелет. Бакай-Ата районунун Үр-Марал дарыясындагы Кызыл-Жар жана Жалпактил каналынын башкы суу өткөрүүчү түйүнүнүн курулушуна дагы 70 пайыздык көлөмдөгү курулуш иштери жүргүзүлүп, каражаттын тартыштыгынан көп жылдан бери эксплуатацияга берилбей дарыядагы сууларга жыл сайын көптөгөн каражат жумшап, чоң-чоң техникалардын жардамы менен сууну каналдарга буруп, кыйналып келүүдөбүз. Кызыл-Жар жана Жалпактил каналдарынын башкы суу түйүнүнүн курулушунун бүтүшү менен 16,0 миң га сугат жердин сууга болгон талабы чечилмек, бул ишке болжол менен 60,0 млн сомдук каражат талап кылынат. Киров суу сактагычынын алдында жайгашкан Манас районундагы сыйымдуулугу секундасына 8,0 м,куб болгон бетон Кадыр-Алы каналы 25 жыл чамасында эксплуатацияланып, бүгүнкү күндө сыйымдуулугу секундасына 6,0 м.кубга чейин төмөндөп, авариялык абалда эксплуатацияланууда. Бул каналдын курулушу Бүткүл дүйнөлүк Банктын мамлекеттик суу чарба объектилеринин реабилитациялык программасында II приоритетте каралууда. Облус боюнча бүгүнкү күндө 66 суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) түзүлүп, жалпы 112976 га сугат аянттын 97036 га сугат аянты СПАнын тейлөөсүндө же 86 пайызды түзөт. Суу чарба департаментинин 2008-жылдын 30-июнундагы №133 буйругу менен Талас Бассейндик кеңеши Республикада пилоттук ПУУВР долбоорунун негизинде түзүлгөн. ПУУВР долбоорунун негизги максаты суу тармактарындагы суу ресурстарын (булактарын) үнөмдүү пайдалануу жана суу пайдалануучуларга сугат суусун туура бөлүштүрүүнү жана жалпы башкаруу системасын жакшыртуу максатында ПУУВР программасынын негизинде Күркүрөө дарыясында уюшулган суу пайдалануучулар бирикмеси үстүбүздөгү жылы 3,5 млн. сомго грант түрүндө сугат тармактарынын ишин жакшыртуу, тазалоо иштерине берилүүдө, ошону менен 140,0 миң АКШ долларына техникалык кредит бөлүнмөкчү. Суу ресурстарын мамлекет аралык келишимге ылайык Талас дарыясынан 50 пайыз көлөмүндө же жыл сайын 550-600 млн.м.куб көлөмүндөгү суу ресурстары жана Күркүрөө дарыясынан 13 пайыз же 8-9 млн. м. куб көлөмүндөгү суу ресурстары вегетация мезгилинде Казак республикасынын Жамбул облусуна түзүлүп-бекитилген графиктин негизинде бөлүнүп берилүүдө. Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүнө карата материалдарды даярдаган Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||