![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Казак окумуштуусу кыргыз тарыхы жөнүндө Чыныгы тарых улутту чыйралтат Казакстан тарыхчылар ассоциациясынын президенти, профессор Мамбет Койгелдиев менен маек Ал согуш эки уруунун ортосундагы чын, жалганы кай тарапта экендиги белгисиз чабыш эмес, ал бүткүл дүйнөдөгү прогрессивдүү адамзаты тарабынан баскынчысы ким, адилет күрөш жүргүзгөндөрү кимдер экендиги аныкталып, дүйнөлүк тарыхта так баасын алган согуш. Демек, аны бурмалагандар, фашисттерге кызмат кылгандарды актоого аракеттенгендер абийир табышпайт. Бирок, биз немецтик фашисттердин башка өлкөлөрдү, анын ичинде СССРди басып киргендигин анда жашагандардын бардыгы эле бирдей кабыл алышпагандыгын да эстен чыгарбашыбыз керек. Совет бийлигинен запкы көргөндөрдүн, башкача саясый көз караштагылардын арасында немистер жеңишке жетишсе, большевиктердин кысымынан кутулуп, өз алдыбызча мамлекет курабыз деген ойдо жүргөндөрү да болгон. Экинчи жагынан, элдин көбү сабатсыз мезгилде, өспүрүм кезинде аскерге чакырылып, анан туткунга түшкөндөрдүн арасында фашизм деген эмне экендигин билбей, "легионго жазылсаң, үйүңө эрте-рээк барасың" десе эле, анын катарына өтүп кеткендери да аз болгон эмес да. Биз аларды актабасак да түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек. - Азыр кыргыздардын, Кыргызстандын тарыхынын академиялык 15 томдугун даярдоо демилгеси көтөрүлүүдө. Сиздерде бул иш кандай жолго коюлган? Биздин академиялык 15 томдук жөнүндө кандай каалоолоруңузду, пикирлериңизди айта аласыз? - Академиялык басылма деген мурдагы совет мезгилинен калган модалардын бири. Эң биринчи улуттун тарыхындагы актай жерлерди, мурда ар кандай себептер менен көмүскөдө калып, жетиштүү көңүл бурулбай калган жактарды изилдеп, тактап, талдоо керек. Маселен, силерде 1916-жылдагы кайгылуу окуялар, анан жамаатташтыруу, отурукташтыруу, маданий революция, репрессиялар жөнүндө өзүнчө фундаменталдуу изилдөөлөрдү жазса болот, алар зарыл нерселер. Алар, тарыхыңыздардын башка этаптарындагы актай барактар толтурулуп, көмүскөдөгүлөр ачылса эле академиялык басылма өзүнөн өзү даяр болуп калат да. - Экономика жаатында Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлеринин көптөгөн биргелешкен долбоорлору ишке ашырылууда. Азыр бизде Казакстандын капиталы катышкан төрт жүздөй биргелешкен ишкана бар. Эки элдин тарыхчы илимпоздорунун ортосунда түйүндүү маселелерди биргелешип изилдөө боюнча долбоорлор, же максаттар барбы? - Тилекке каршы, бизде азырынча биргелешкен долбоорлор жок. "Түрксой" деген эл аралык уюм бар. Ал боордош элдердин ортосунда концерттик программаларды, артисттерди алмашуу боюнча иштерди аткарып келет. Эгерде, ал атайын долбоорлордун негизинде боордош элдердин тарыхтарын биргелешип изилдөө иштерин колго алса абдан жакшы болмок. Бирок, андай дол-боорлордун, программалардын пайда болушун күтпөстөн, биз бүгүн эки китебибиздин бетачарын өткөрүп, тарых илими жөнүндө пикир алмашкандай, биз өзүбүздүн табылгаларыбызды сиздерге тааныштырып, урунттуу нерселер болсо сиздер бизге алып барып көрсөтүп турсаңыздар абдан жакшы болмок. Бизде эки элге тең орток көрүнүштөр, инсандар бар. Эмне үчүн андай көрүнүштөрдү биргелешип изилдеп, орток инсандар жөнүндө чогуу отуруп сөз кылууга болбосун. Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Кыргыз Туусу" Россияда тарыхка мамиле өзгөрүүдө Ак жүрөктө караланып,абийирсиздер акталбайт Эми жогорудагыдай аракеттердин логикалык уландылары катарында ыймансыз чыккынчылар, партизандарды, советтик мекенчилдерди гана эмес, ири аскер башчыларды өлтүргөндөр элдик баатырлар катарында жарыяланышууда. Маселен, миңдеген партизандар гана эмес, армиянын генералы, 1-Украина фронтунун легендарлуу командачысы Н.Ватутин баштаган көптөгөн офицерлер, айрым генералдар бандеровчулардын окторунан каза табышкан. Эгерде бандеровчулар, ССчилер, Түркстан легионундагылар, власовчулар элдик баатырлар болушса, анда аларга каршы күрөшкөндөр, биз ар жылы 9-майда эстеликтерине гүл коюп, эскерип жатышкандар ким болуп эсептелишет? Дүйнөдөгү бардык прогрессивдүү өлкөлөр эл аралык бардык абройлуу уюмдар тарабынан гитлердик режим - адамзаттын алдындагы кылмыштуу режим деп табылган. Ал режимдин согуштан аман калган жетекчилеринин бардыгы жеңүүчү үч державанын паритеттик соту тарабынан Нюрнбергде соттолушуп, өз жазаларын алышты. Гитлердик кылмышкерлерге кылмышынын эскиргендиги боюнча делген жеңилдик таркатылбайт. Ал режимдин жазалоочу органдарында кызмат кылгандар азыр да изделип табылып, сот жообуна тартылып жатышкандыктарын окуп, угуп жүрөбүз. Жеңүүчү державалардын, дүйнөдөгү прогрессивдүү өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында фашисттик аракеттерди, идеологияларды жүргүзүүгө каршы мыйзамдык чектөөлөр киргизилген. Бирок, тилекке каршы, тарыхты бурмалоолорго бөгөт коё турган беренелер жок. Ошондуктан андай бурмалоолорго жол бербөө максатында Россиянын мамлекеттик Думасы Кылмыш кодексине нацизмди реабилитациялоо аракеттери үчүн жоопкерчилик жөнүндө атайын берене киргизгени жатат. Ал беренеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин эрдигине, куткаруучу миссиясына шек келтиргендерге, чыккынчыларды жана гитлердик баскынчыларды актоого аракет кылгандарга ири өлчөмдөрдө айып пул салынат же эрктеринен ажыратылышат. Биздин оюбузча Кыргызстанда да ошондой комиссия түзүлүп, Кылмыш кодексине Россиядагыдай берене киргизилсе туура болмок. Россиянын Президенти Дмитрий Медведев ушул жылдын январында Улуу Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону уюштуруп, өткөрүү комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда сүйлөгөн сөзүндө мындан ары фашизмди мактап, алардын желдеттерин реабилитациялоого аракеттенишкен өлкөлөрдүн жетекчилери менен "дипломаттык сый сыпааларсыз тилде сүйлөшө тургандыгын" билдирген. Ошондонбу же экономикалык гана себептерден уламбы, айтор, Россиянын Украинанын жетекчилигине карата позициясы барган сайын катаалданууда. Россиянын тарыхты бурмалап, совет элинин жалпы тарыхындагы эң ыйык учурларды мазактоочуларга каршы катаал позицияны тутунганы көпчүлүк тарабынан колдоого алынып жатат. Балким Кыргызстанда да бул тажрыйба иликтенип, айрым жактары ишке ашырылса жаман болбос. Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Кыргыз Туусу" Кыргыз элинин улуу касиеттери эмнеде? Ар бир эл өз тарыхын кастарлап, башынан кечирген бай тажрыйбасын учур менен айкалыштыра колдонгондо гана өнүгүү жолун табаары анык. Мына ошондуктан өзүн-өзү сыйлаган ар бир эл өз тарыхына кастарлоо менен мамиле жасайт. Ага мисал катары биз Казакстан менен Орусия жетекчилигинин тарыхты даңазалоо жаатындагы аракеттерине кыскача кайрылып өттүк. Ал эми Кыргызстанда абал кандай? Чынын айтуу керек Кыргызстанда тарыхка мамиле башаламан болуп келген болчу. Тарыхты түшүнгөндөр да түшүнбөгөндөр да жаза берип ашмалтайын чыгарды. Улуттук баатырлар көмүскөдө калып, уруулук баатырлар даңазаланып жаткан учур. Башкы тарыхчыга айланып бара жаткан адамыбыз өзү жазган наркты сактабай өлкөдөн качып кеткени кыргыз элинин намысына катуу тийди. Тарыхты жакшы билбеген шаар башчылары кыргыз элинин душмандарынын айкелдерин борбордук аянтка орнотушуп дагы бир жолу уят болушту. Мына ушундай учурда мамлекет башчысы өзү демилге көтөрүп "Кыргыздардын мурасы жана келечек" аттуу улуттук долбоорду сунуштады. Бул долбоор кыргыз элинин өткөндөгүсүн, өзгөчө көчмөн цивилизацияга кошкон салымын тактоодо бурулуш учур десек болчудай. Эми кеп окумуштууларда калды. Бул улуттук долбоор эң башкысы улуттун улуулугун даңазалоодо негизги милдетти өтөгөнү калды. Алып чыга турган маселе ого эле көп. Алардын баарын системага салып, эң негизгилерин элге жеткирүү албетте адистердин аракетерине жараша болмокчу. Эң башкысы кыргыздар дээрлик төрт кылымдай бирдиктүү бир мамлекетке бирикпей туруп азыркы ээлеген аймагынын бүтүндүгүн сактап калышынын сыры эмнеде? Сырткы душмандардын баскынчылыгынан, талоонунан жөн гана сактанып калбай, чечкиндүү сокку урган учурлары, кыргыздын белгилүү инсандары азыркы аймактан ары чыгып, Кашкарга, Ташкенге чейин башкарып турган учурлары өзгөчө изилдөөнү талап кылаары турган иш. Тажик, өзбек жана казак окумуштуулары эгерде кыргыз эли болбогондо биз баскынчылардын талоонуна кабылып, кыйроого учурайт элек деген пикирлери да көп нерсени каңкуулап турбайбы. Мына ушундай ийгиликтерге руху күчтүү, ар намыстуу, нарктуу, өзгөчө касиеттерге ээ болгон эл гана жетиши мүмкүн. Демек алдыда айтылчу сөздөр, изилдене турган маселелер көп. Аларды элге жеткирүүдө "Кыргыз Туусу" гезити ар дайым туу башында тура бермекчи. Кыяс Молдокасымов, Тарых илиминин кандидаты
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||