Ысык-Көл эс алууга даяр Чалкып жаткан көл бермети Ысык Көл быйылкы жайкы сезондун башталышы менен алгачкы эс алуучуларын тосуп алды. "Жайдын камын кышта көр" деген сөз көл жээгиндеги мекендештерибиз үчүн айтылгандай. Учурда Чолпон Ата шаарынын жана облустун күңгөй тескейиндеги пансионаттар, санаторийлер, эс алуучу жеке менчик үйлөрдүн баары меймандарды кабыл алууга белен турушат. Анткени кардарды өзүнө тартуу үчүн атаандаштыкка туруштук берүү оңой иш эмес. "Быйылкы жылы туризм тармагы дүйнөлүк кризистин капшабына карабай, республиканын ИДПнын 5%ын түзөт", - деген адистердин божомолу бар. Оптимизм чоң. Жылына Ысык Көлгө келип эс алган туристтердин 65 70%ы кошуна Казакстандын атуулдары болсо, эми минтип көч башын өзбекстандык эс алуучулар баштаганы да көңүлгө аларлык көрүнүш. Айтор, агылып кирген туристтер арбын болсо, аларды тоскон элдин кирешеси мол болот. Турмушу ого бетер оңолот... (кененирээк 17-бетте).
Кыргыздын улуттук тунгуч гезити "Кыргыз Туусуна" 2009-жылдын экинчи жарымына жазылуу улантылууда Урматтуу окурман! Эгерде Сиз:
l дайыма өлкөбүздөгү окуялар жөнүндө өз убагында, так, далилдүү маалымат алгыңыз келсе;
l коомубузда болуп жаткан көрүнүштөр жөнүндө белгилүү аналитиктердин, адистердин, саясатчылардын, ишкерлердин жана карапайым адамдардын пикирлерин уккуңуз келсе;
l ден соолукка керектүү кеп-кеңеш алгыңыз келсе; "Элдин үнү" рубрикасында жарык көргөн ар кыл ойлор менен таанышам десеңиз;
l элибиздин белгилүү саясатчылары,
коомдук, маданий ишмерлери менен өлкөбүздөгү болуп жаткан ар кыл окуялар, процесстер боюнча маектерди окугуңуз келсе;
l элибиздин көөнө жана жаңы тарыхындагы урунттуу окуялар, кызыктуу фактылар жөнүндө билүүнү кааласаңыз;
l элибиздин каада-салты, жаңыланган үрп-адаты, руханий байлыктары, эң негизгиси улуттук кайра жаралуусу сизди кайдыгер кылбаса;
l учурдагы адабий чыгармалар, жаңы авторлор менен таанышууну ойлосоңуз;
l өлкөбүздөгү саясый, коомдук турмуштан четте калгыңыз келбесе;
l а эң башкысы - анча кымбат эмес баада жогоруда аталган темалардын баарын чагылдырган гезитти өз убагында алып турууну кааласаңыз, анда "Кыргыз Туусуна" жазылыңыз!
Жазылуу баасы:
(почта кызматын кошпогондо) -
3 айга - 216 сом,
6 айга - 432 сом,
1 жылга - 864 сом.
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.