, 16.06.09 - 8-бет:
  Рас Аль Хайма сапары

RAKIAнын шумдуктуу курулуштары
Эми RAKIA компаниясынын кыска аралыкта жеткен ийгиликтерине, аткарып жаткан иштеринин (өзүбүз күбө болгон) айрымдарына токтоло кетпесек болбос. Бизди алгачкы эле күнү какыраган чөлдүн арасына салынып жаткан беш жылдыздуу дарылануучу курорттун курулушуна алып барды. Ал жерде адамдарга гана эмес, учуп келүүчү ар кандай канаттууларга да көңүл бөлүнүп, алар үчүн курулуп жаткан мунара сыяктуу курулушту көрдүк. 40 градустан ашкан ысыкта кадимкидей курулуш иштери кызуу жүрүп жатканын, сентябрь айында 5 жылдыздуу курорттук комплекс ишке берилээрин айтышты.

Кийинки барган жерибиз Перси булуңунда жаңыдан пайда болгон Аль Маржан аталыштагы жасалма аралдар болду. Алгач деңизге атайын тоодон ташылып келген таштар толтурулуп, андан соң суу алдындагы сордурулган кумдар, анын үстүнө төгүлгөн топурактардан улам пайда болгон бул аралга бийик кабаттуу үйлөр курула баштаганына өзүбүз күбө болдук. Бул кооздук менен даярдалган 3 жасалма аралдын жалпы аянты 500 гектардын тегерегинде. Эң кызыгы кыпындай бош жери калбаптыр, бардык жер сатылып кетиптир. Бул RAKIAнын эң чоң иштеринин бири экен.

Өндүрүш демекчи, биз кыдырган РАК Керамика заводу дүйнөдө биринчи орунда тураарын, 35 өлкөдө филиалдары иштеп жатканын билдик. Анын чыгарган кафелдери, ар кандай буюмдары карап эле тура берчү кооздукта биздин көз алдыбызда эң акыркы технологиянын жардамы менен жасалып жатты. Заводдун ээлеген аянты эле 300 гектардан ашык болгондуктан биз болгону бир гана цехин кыдырып чыкканга үлгүрдүк. Өздүк баасынын үстүнө болоор-болбос эле үстөк кошуп, дүңүнөн саткандан кийинки жылдык таза кирешеси 600 миллион долларды түзөөрүн айтышты. Буюрса анын филиалы Кыргызстанга да курулуп калаар күн анча алыс эмесин билдик.




Эмират Кыргызстанга ишеним артат
Булардан сырткары RAKIA компаниясы Иранга ири соода борборун курса, Тблисинин жанына азыркы заманга бап келген жаңы шаар куруп жатыптыр. Африка өлкөлөрүндөгү, Европадагы курулуп жаткан мындай мейманкана, соода борборлорун эсептей келгенде эле өзүнчө тизме экен. Андай курулуштарга чегерилген бир жылдык жалпы инвестициясы эле 2,2 миллиард доллардан ашаарын маалымдашты. Мындан сырткары RAKIA компаниясы келечекте Рас Аль-Хаймага дүйнөдө теңдеши жок кооз Финансы борборун жана эрме чөл үстүндө кобранын элесиндеги конвент борборун курууну пландаштырып койгонун айтып, алардын макети менен бизди тааныштырып чыгышты.

Мураскор ханзааданын жылуу сөзү
Иш сапарыбыздын жыйынтыгында Рас Аль-Хайманын мураскор ханзаадасы, Жогорку даражалуу шейх Сауд Бин Сакра Аль Кассими өзүнүн резиденциясында кабыл алып, биз менен жылуу пикир алышты. Ага бейишти элестеткен Кыргызстандын кооз жазгы жаратылышы тартылган сүрөттү белекке тапшырганда өзгөчө толкунданып, ыраазы болгон жүзүн көрдүк. Мураскор ханзааданын "Кыргызстандын шумдуктуудай кооз жаратылышы, меймандос мыкты эли бар, андыктан өлкөнүн келечеги кеңири" деген сөзүнө биз да толкунданып жылуу маанайда коштоштук. Ошентип биздин иш сапарыбыз да жыйынтыкталды. Демек эң башкысы Кыргызстанга мураскор ханзаада, Жогорку даражалуу шейх Сауд Бин Сакра Аль Кассими өзү инвестициялап жаткан RAKIA компаниясы келе жатканын, анын иштерин өз көзүбүз менен көрүп, жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазы болуп кайттык.