, 16.06.09 - 6-7-бет: Курманбек БАКИЕВ:
"Көчмөндөр цивилизациясынын нарк-насилдери келечек үчүн да баалуу"
Президент Курманбек Бакиевдин "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорунун бетачарындагы сүйлөгөн сөзү
Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!
Өлкөбүздүн келечеги үчүн эң эле маанилүү болгон улуттук маданий мурасыбыздын тагдырына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн чогулуп отурабыз. Сиздер бул ишке кеңири катышып келатасыздар. Көбүңүздөр терең изилдөөлөрдүн авторусуздар. Бир тобуңуздар улуттук мурасыбызды сактоо жаатында иш аркалап келатасыздар. Эми сиздердин тажрыйбаны эске алуу менен бул улуттук маанилүү маселени чогуу талкууласак деген ой бар.
Негизи нукура маданий саясаты жок өлкөнүн өзү күчтүү боло албайт. Бул тууралуу мен мурда жарыялаган Жаңылануу багытымда түптүү ой катары айткан элем. Ал Багыттын алкагында бир катар көзгө урунарлык кадамдар жасалды. Мисалы, бийлик менен жарандык чөйрөнүн өз ара алака-катышы боюнча Координациялык кеңеш ишке киришти. Ишкерлер жамаатынын өкүлдөрү менен баарлашуу болду. Кечээ билим берүү реформасы боюнча концептуалдык көз карашты жарыяладым. Бүгүн болсо Жаңылануу багытынын эң маанилүү багыты болуп саналган "Маданият" Улуттук долбоору жөнүндөгү маселени сиздер менен талкуу кылайын деп турам.
Кыргызстан - бардык улуттук маданияттардын эркин өсүшүнө кепилдик берген көп улуттуу мамлекет. Буга чейин бир канча жолу белгилеген болчумун, дагы да айта кетейин - биз ак ниет жана тилектеш коомду куралы деп ниеттенип турабыз. Кыргыздар өзүнүн байыркы тарыхында башка этносторду дайыма өз ичине батырып, башка элдерге жана диндерге дайыма сабырдуу мамилеси менен айырмаланып келген.
Эми жаңы жамаат - бирдиктүү кыргыз улутун түзөлү деп турабыз. Бул багыт улуттук өзгөчөлүктөрдүн сиңип жок болушуна эмес, тетирисинче маданияттардын өз ара тил табышып өкүм сүрүшүнө алып келүүгө тийиш. Бул үчүн оболу: мен киммин, башкаларга эмне бере алам дегенди аңдоо абзел.
Ошондуктан, жаңы маданий саясатыбыздын "Маданият" Улуттук долбоорунун биринчи кадамы катары мен "Кыргыздардын мурасы жана келечек" деген долбоорду сунуш кыламын. Анын максаты - коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнүн маданий негизин түптөө боюнча чыгармачыл демилгелерди жана изилдөөлөрдү күчөтүү.
Бул долбоор келечек маданиятыбызды калыптандырууда кыргыздардын мурасынын салымы кандай деген суроого жооп бериши керек. Сырткы жана ички ар кандай көйгөйлөр улуттан рухтун жана кайраттын болуп көрбөгөндөй чыңалуусун талап кылууда.
Экинчи жагынан, биз глобалдык окшош маданиятка кыргыздын кайталангыс маданияты сиңип кетпешине жол бербешибиз керек. Бул үчүн өз өлкөбүздүн, региондун, дүйнөнүн келечегин түптөөдө көчмөндөрдүн, кыргыздардын мурасынын озуйпасын жана ордун аныктаган долбоорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу керек деп эсептеймин.
Көчмөндөр маданиятына буга чейин текебер мамиле жасалып келгенин билебиз. Ал мамиле европалык же кытайлык цивилизациянын нарктарына жана ченемдерине таянган. Бул ченемдерге туура келбегендерди жапайычылык, ал эми туура келгендерди артта калуучулук катары атап келишкен.
Ал эми көчмөн элдердин тарыхы менен маданиятына кийлигишүүнү болсо көчмөндөрдү "өнүккөн" маданияттарга теңөө, техника жагынан же экономикадан артта калуучулукту жоюу иши деп аташкан. Жашоонун ар кандай нарктары жана түрлөрү менен коштолгон башка-башка цивилизациялар өз ара айкашып жашоого тийиш деген көз караш ошол саясатчылардын капарына да кирбесе керек.
Адам баласынын түпкү максаты катары прогресс гана таанылып, ал эми өз жеринде ата-бабаларынын жана жаратылыштын даанышман осуятына таянып өмүр сүрүү жана сүйүү бактысы эске алынган эмес. Ошентип, прогресс идеясын таркатуучулар бүт дүйнөнү ушул гана максатка баш ийдирүү аракетин көрүшкөн.
Мындай саясаттын натыйжасында айрым оң жылыштар менен катар көчмөн элдердин жашоо философиясындагы эң керек нерсе жоготулган. Элестүү айтканда, кир сууну төгөм деп аны менен кошо тирүү баланы ыргытып салгандай кеп болгон. Жалаң прогресске ык койгон бул идеология жараксыз экени эми моюнга алынып отурат. Глобалдык коомдун өнүгүүсүнүн жеткен чеги катары саналган ичип-жемейге жана кийимге тап, башкача айтканда, ысырапкорчулук маданияты акыры келип ыймандын, айлана-чөйрөнүн, экономиканын жана келечекке карата ишенимдин кризисине такап отурат.
Дүйнөдө азыр жаңы глобалдык идеологиянын негиздери талкууга алынууда. Анда табияттын бүлүнүү, ошондой эле жер, суу жана тамак-аш үчүн атаандашуу шартында жаратылыш байлыктарын жана адамдын өзүнүн өмүр сүрүүсүн сактоо мүмкүндүгү каралууда.
Көчмөндөр цивилизациясынын өзөгүн каниетчилдик, ынсаптуулук, жаратылышка аяр мамиле, тукумдун тазалыгы өңдүү нарк-насилдер түзөт. Бул нарк-насилдер жалпы адамзаттын жана өз өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү деп ойлойм.
Кыргызстан жаратылыш байлыктары - суу менен абага, флора менен фаунага аяр мамиле кылуу, тукумдун тазалыгы, табият менен таттуулашып өмүр сүрүүнүн өрнөгү болуп, бул тажрыйбаны дүйнөгө таратуунун демилгечиси боло алар эле.
Жерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кантип сактап жана арттыра аларыбызды биз өз өлкөбүздүн мисалынан эле далилдесек болот. Жаратылыш коруктарынан тарта бийик технологиялык конуштарды куруу, адамдардын ич ара тил табышып өмүр сүрүү жана өнүгүү үлгүсүн көрсөтсөк болот. Мен биринчи кезекте көчмөндөр дүйнөсү менен шаар цивилизациясынын жуурулушуп өмүр сүрүшүн айтып жатам. Не дегенде көчмөндөр менен шаарлар миндеген жылдар бою коюн-колтук алышып жашап жана бири-бирин байытып келген эмеспи.
Илим, интернет жана билим мейкиндигиндеги көчмөн кыргыздардын маданиятынын ордуна басым жасоо зарыл. Кыргыздарды жана алардын басып өткөн жолун идеологиялык ниет менен көчмөндөр цивилизациясынан сыртта калтырып, тарыхтын көмүскөсүнө таштап жаткан айрым изилдөөчүлөрдүн аракеттерине каршы туруу маанилүү деп эсептеймин. Бул үчүн кыргыздардын тарыхын жана көчмөндөрдүн маданиятын өз күчүбүз менен изилдеп жана ишке ашыруу абзел.
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорунун негизги багыттарынын бири катары көчмөндөр цивилизациясында кыргыздардын жолу тууралуу киноэпопеяны тартууну сунуш кылам. Киноэпопея элибиз кантип тар жол, тайгак кечүү аркылуу өткөнүн чагылдырууга тийиш. Анда биригүү идеясын алып жүргөн тарыхый жана мифологиялык каармандардын, айталык, Аттиланын, Манастын, Мукамбет-кыргыздын, Чыңгыз Айтматовдун мааниси жана ролу камтылса, бийлик үчүн күрөш менен араздашуулардын элибизге апкелген залакасы көрсөтүлсө деген тилек бар.
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорун ишке ашыруунун натыйжасы кандай болорун тизмелей кетейин:
көчмөндөр маданиятын изилдөө жана долбоорлоо борборунун иши жанданат;
көчмөн цивилизациянын дүйнөлүк өнүгүүгө кошкон салымы буга чейинкиден башкача өңүттөн каралат.
Атап айтканда, этикалык жана экономикалык, жашоонун жана башкаруунун ар башка тажрыйбасынын өңүтүнөн каралат;
маданият, тарых жана өлкөнүн өнүгүш келечектери боюнча жаңы окуу китептери менен программалары даярдалат;
өлкөнүн жана улуттун өзүн өзү таануу жана аныктоо боюнча мифологиялык жана тарыхый негиз кайра түзүлөт;
улуттук мурасты пайдалануу аркылуу маданий саясаттын максат-милдеттери аныкталат.
Урматтуу иш-чаранын катышуучулары! Мен "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору боюнча өз көз карашымды ортого салдым. Эми сиздердин пикирге кулак төшөөгө даярмын.

Президент Курманбек Бакиевдин сөзүнөн кийин бир катар тарыхчылар, философтор жана искусство ишмерлери чыгып сүйлөштү. Төмөндө "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорунун бетачарында чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдарынын сөздөрүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Советбек АБДРАСУЛОВ - философия илимдеринин кандидаты, юридикалык академиянын кафедра башчысы:
- Президентибиз Курманбек Бакиев биздин алдыбызга талылуу маселелерди коюп жатат. Бул жөн жерден эмес. Анткени, глобалдаштыруу доорунда Кыргызстан кантип өзүнүн ордун таба алат, канткенде кыргыз элинин тагдырын жакшырта алабыз, - деген маселелер турат. Биз эң эле биринчи унутулуп бараткан, же тарых беттеринде аз жазылып калган көчмөн маданиятыбыз аркылуу келечекке жол табышыбыз керек. Биздин тарыхый мурасыбыз кыргыз элинин бүгүнкү оор абалынан чыгарып кетүүгө жарай алабы, - деген маселе турат.
Менин оюмча этнографтардын, окумуштуулардын, тарыхчылардын, философтордун изилдөөлөрүнө маани бербей жатабыз. Бүгүн ошолорду кайрадан карап, издеп таап глобалдаштырууга жооп даярдашыбыз керек. Эмне үчүн өзүбүздүн маданиятыбызга, көчмөн философиябызга ойлорду, идеяларды табышыбыз керек? Көчмөн маданиятыбызды жапайы, артта калган маданият, көчмөн маданияты тарыхка түзүүчүлөр катары эмес, кыйратуучулар катары кирген, - деген чоң тарыхый жаңылыштык менен биз да жаңылышып жүргөнбүз. Карап көрсөк, тарыхта көчмөндөр глобалдаштыруучулардан болушкан. Улуттук белгилеринде интернационалдуулукту алып келүүгө көчмөндөр түрткү болгон. Батыш менен Чыгышты, түндүк менен түштүктү бириктирген көчмөн маданияты болгон. Демек, биз бүгүнкү өнүгүшүбүздө, жүрүшүбүздө ошол көчмөн маданиятын пайдаланышыбыз керек.
Биздин көчмөндүүлүк маданиятыбызды талкалаган баягы эле урууларга, жикке бөлүнүүчүлүк. Уруучулук бөлүнүүгө таянып саясый капитал топтоого аракет кылгандар да жок эмес. Акыркы убактарда гезит беттерине бул кыргыз эмес деп, анын уруусун көтөрүп, этникалык тегин териштирген ойлор, пикирлер жазылып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Кыргыз элин бөлүп-жарып, ичтен иритип улут ынтымагына доо кетиргендерди жоопко тартышыбыз керек. Бул маселени эртерээк чечпесек, келечекте опурталдуу маселелер жаралышы мүмкүн. Керек болсо Конституцияга тийиштүү өзгөртүү киргизиш керек. Мен ушуну сунуш кылам.
Экинчиден, бизде акыркы учурларда мурас жөнүндө сөз кылганда жаштарды эске алсак. Элибизде "атаң барда эл тааны, элиң барда жер тааны" деген сөз жөн айтылбаган. Кыргыздарда карыялардын жаштарды ээрчитип эл таанытып, насаат, кеңеш айткандары да бекер эмес. Бул жерде Билим берүү министри отургандыгына байланыштуу пикиримди айтып кетсем. ЖОЖдордо жаштарды тарбиялоодо өтө чоң кемчиликтер кетип жатат. Кыргыз жаштарын башка этномаданиятка тарбиялап жатышат.
Жакында мамлекеттик экзамендерден тарых сабагын алып салышты. Билим берүү министрлигинин бул чечими туура эмес. Ошондуктан министрлик чечимди кайрадан карап, калыбына келтириши керек. Тарых мамлекеттин идеологиясынын негизи болуп бериши керек.
Долбоор жөнүндө айтсам, мен ушундай долбоорду көптөн күткөм. Адам өзү жасагандардын алдында калып, биороботко айланып баратат. Рухий жандүйнөдөн ажырап, көрөңгө бош болуп баратат. Рухий жандүйнөнүн болгондугу гана жашоону ишенимдүү, позитивдүү кылат. Келечек жөнүндө сөз кылганда мен нравалык келечек жөнүндө сөз кылгым келет. Долбоор адистер менен кеңешип, иштегенге эле мүмкүнчүлүк бербестен, рухий маданияттын өнүгүшүнө түрткү берип, ынтымак, биримдикке данакер болчу нерсени көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле өзүбүздүн рухий дүйнөбүздү түзүп, маданий дөөлөттөрүбүздү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Мен сөзүмдүн акырында философ катары долбоорду колдоп эле тим болбостон, өзүмдүн колдон келген жардамдарымды береримди белгилеп кетейин.
Элмира НОГОЙБАЕВА - саясат таануучу:
- Мен бул долбоорду кош колдоп кубаттайм. Бул ишке ашырылып жаткан долбоордун бөлүгү. Чындыгында мындан он жыл мурун Советбек Абдрасулов агай: "Кимбиз, каердебиз, каякка баратабыз?"- деген суроону коюп, бул долбоордун негизин түзгөн. Бул долбоор өтө маанилүү. Мен: "Эмнеге долбоор азыр ишке ашып жатат?"- дедим Себеби, бул маселеде дискуссиялар өткөрүлүп жатат. Жакында эле "Коомдун өнүгүшүндөгү интеллигенциянын орду" деген темада дискуссия өткөрдүк. Эмне үчүн бул долбоор глобалдык масштабдан алганда актуалдуу?
Себеби, бүгүн иденттүүлүгүбүздү табуу өтө зарыл. Анүчүн эки маселени чечип алуубуз кажет. Биринчиси, коомду мобилизациялоо. Экинчиси, элитаны мобилизациялоо. Долбоорду ишке ашыруудан мен эмнени көрөм, эмнени ишке ашырышыбыз керек? Биздин мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбабыз бар. Келгиле, биз ишке ашырган үч долбоорду карап көрөлү. Биринчи, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы, "Манастын" 1000 жылдыгы жана Курманжан даткага байланыштуу ишке ашырылып жаткан долбоор. Менин оюмча, бул долбоорду ишке ашыруу менен улут катары өзүбүздү аңдап билебиз. "Манастын" 1000 жылдыгын карап көрөлүчү. Сырткы элдерге өзүбүздү улут катары тастыктадык. Рухий жактан алдыга кадам жасадык. Бул долбоор аркылуу да өзүбүздү сырт жактарга тааныта алабыз.
Эгерде тарыхыбызды карап көрсөк, элибиздин элдик оозеки чыгармачылыгы бааланбай калган. Чыгармачылыктын эң төмөнкү чеги катары эсептелген. Бирок, азыр андай эмес. Элибиздин тарыхындагы эң катаал учурлар тарых барактарына тизмектелип жазылбаса да, элдик оозеки чыгармачылыкта сакталып келген. Оозеки чыгармачылык аркылуу тарыхтагы ал окуяларды биле алдык.
Долбоор аркылуу экономикалык маанилүү маселелерди чечишибиз керек. Сырт жактарга мыкты адистердин, терең билимдүүлөрдүн, чыгаан акылгөйлөрдүн кетип жатуусун токтотуу зарыл. Бул түбү келип биздин интеллектуалдык деңгээлибизге терс таасирин тийгизет.
Кубат ТААБАЛДИЕВ - археолог, Кыргыз-Түрк-"Манас" университетинин доценти:
- "Кыргыздардын мурасы жана келечеги" деген долбоорду биз көптөн күткөнбүз. Археолог катары өз оюмду айткым келет. Эгерде айтылган ой-пикирлерди ишке ашыра алсак, анда бул биздин чоң жеңишибиз болот. Биз археологиялык мурасты толук, жакшы сактасак, анда долбоорду толук аткарат элек.
Археологияда эки-үч миң жыл мурунку табылгалар бар. Таштагы уникалдуу, ар кайсы доорлордо жазылган жазма эстеликтер көп. Тарыхты билбегендик - рухий жакырданууга, ар кандай жол менен акча табуучулукка алып келет. Мурда союз учурунда Археологиялык табылгаларды коргоо коому бар эле. Бүгүн ал жок. Мурдараакта Өзгөн, Бурана тарыхый эстеликтери, Лениндин, УАМ согушта курман болгондорго арналган эстеликтери гана коргоого алынып, калгандары көз жаздымда калып келген. Азыр бир топ эстеликтер жеке менчик жайларда калып калды. Ал эми цивилдүү өлкөлөрдүн мыйзамына ылайык, археологиялык баалуулугу бар жерлерге курулуш иштери жүргүзүлбөшү керек. Акыркы убакта археологиялык казуу, иликтөө иштерин каржылоо токтотулса, археологиялык эстеликтерди талкалоо тез темп менен жүрүп жатат.
Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алып, биз да аймактарга барып, археологиялык коргоо кызматын жандандырууну сунуш кылам. Бул кызмат юридикалык күчкө ээ болуп, каржылоо, кадрдык жагы чечилиши керек. Бизде бул үчүн кадрлар жетиштүү. Бирок, алардын бардыгы башка кесиптерди аркалашат. Ошолор заманбап деңгээлде 80-жылдардын ортосунда башталган иштерди улантышмак. Бардык күчтөр, жадагалса ЮНЕСКО да талкаланган эстеликтерди калыбына келтире албайт. Муну менен айыл, район, облус жетекчилери алектенүүсү зарыл. Аймактын жашоочулары, жетекчилери өз жерлериндеги археологиялык баалуу эстеликтерди билип, аны сактап, коргоо үчүн иштерди жүргүзүш керек.
Археология өтө керек, биз аны сактап, урпактарга өткөрүп берүүбүз зарыл. Алсак, Европадагы археология 17-18-кылымдан бери тарыхты, өткөндү изилдеп, мурастарды табууда активдүү колдонулуп келатат. Андыктан, биз айылдардагы археологиялык казуу иштерин күчөтүп, археологиялык баалуу делген жайларды көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Буга коомчулукту тартып, тарыхый мурастарды, археологиялык эстеликтерди сакташыбыз кажет. Келечекте буга байланыштуу илимий-популярдуу журнал чыгаруу зарыл. Биздин археологиялык кызмат аркылуу Кыргызстандагы тарыхый эстелик таштардын тизмеси түзүлдү эле. Ошону Курманбек Салиевичке тапшырып коюуга уруксат этиңиздер.
Кадыралы КОҢКОБАЕВ - Кыргыз-Түрк-"Манас" университетинин профессору:
- Бүгүнкү иштер кыргыздардын миңдеген жылдардан берки келаткан кыялы деп эсептейм. Ачык айткым келет, эч кандай кошоматчылык эмес. Биз өзүбүздүн мурасыбызды, тарыхыбызды, ким экенибизди билбесек, анда глобалдашуу коомунда аты-жытыбызды билбей калабыз. Долбоорду ар бир мен кыргызмын деген жарандар колдошу керек. Мен сөздү көбөйтпөй, эки-үч мисал айтайын.
Бүгүнкү күндө элүүдөн ашык түрк элдери маданий эки эстелик менен сыймыктанабыз. Ал - кыргызстандык Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг", Махмуд Кашгаринин "Түрк элдеринин жыйнагы" деген сөздүгү. Бул эмгектер кыргыздын жеринде жашагандардын эмгектери. Сиздин долбооруңузду, демилгеңизди караханид доорундагы эл башчылардын аракеттерине салыштыргым келет.
Экинчи айта турган сөзүм, дүйнөдөгү түрк элдеринин ичинен 5-12-кылымдарда жазылган 570 таштагы эстелик жазуулар бар. Ошонун жүздөн ашыгыраагы биздин Эне-Сайдагы ата-бабаларыбыз калтырган эстеликтер. Кипрдеги университеттер менен келишим түзүп, ал жактагы эстеликтердин альбомун түзүп жатабыз. Эгерде К.Юдахиндин сөздүгүндө кыргыздын 37 500 сөзү болсо, Жээнбай Мукамбаев деген агайыбыз кыргыздарды аралап жүрүп, дагы 32 000 сөз чогултуп, калтырып кетиптир. Жакында ушул сөздөрдүн сөздүгү чыгат. Ушул китеп ар бир мектепте болсо жакшы болмок эле, бирок, ага мүмкүнчүлүк жок. Аз гана нускада басылып чыгып жатат.
Казакстандын Президенти Н.Назарбаев мурастарды жандантуу максатында бул багыттагы ондогон китептерди бастыртып чыгарды. Биз да ушул багытта иштерди аткарсак эң жакшы болот.
Олжобай КАРАТАЕВ - тарых илимдеринин доктору, профессор:
- Президентибиздин көтөргөн бул демилгеси - жалпы мамлекеттик идея. Бул мамлекеттик масштабдагы чоң чечим десек болот. Долбоорду ар тараптан колдойбуз. Долбоор бүгүн эле даярдалган жок. Бул эки жыл мурда эле көтөрүлгөн. "Кыргыздардын байыркы жылдардан азыркы мезгилге чейинки тарыхы" деген долбоор жатат. Анын өзөгүн 15 томдук тарыхыбызды басып чыгаруу түзөт. Азыркы долбоор ошол долбоордун бир компоненти болуп калат деген ойдобуз. 15 томдукту чыгаруунун редакциялык жамааты түзүлүп, тарыхыбызды жазууга 238 тарыхчы тартылды. Ар бир тарыхчы кайсыл томго катышып, кайсыл параграфты, канча көлөмдө жаза тургандыгы такталган. 15 томдуктун алгачкы томдорун Президенттин кийлигишүүсү менен буйруса 2010-жылы март айында чыгарабыз.
Тарыхчылардан сырткары этнографтар, тилчилер, философтор катышып жатат. 9 томдун өзү тарых болсо, 10-томдук кыргыз жазуусунун, философиясынын, маданиятынын тарыхы болмокчу. 11-15-томдуктар өз ичине байыркы мезгилден азыркы мезгилге чейинки кыргыздар жөнүндөгү булактарды камтыйт.
Урматтуу Президент, биз, тарыхчылар, коом таануучулар сиздин демилгеңизди кош колдоп колдойбуз. Аны аткарууга бизде каалоо да, күч да бар. Дагы бир маселе. Билим берүү министрлигинин буйругу менен мамлекеттик экзаменден тарых сабагынан мамлекеттик сынакты алып таштоо чечими чыгарылды. Буга нааразылыктар көп, анткени, өзүн-өзү сыйлаган өлкө Ата Мекендин тарыхын окутат.
Кадыр МАЛИКОВ - ислам боюнча адис, илимдин кандидаты:
- Бул чоң долбоор. Улуттук идеологияны, идеяны шарттоочу идея. Улуттук идея биздин тарыхыбыздан, маданиятыбыздан келип чыгат. Бирок, өткөнгө өтө басым жасаганыбыз да болбойт. Бүгүнкүбүз, келечегибиз болушу керек. Бул жерде негизги роль динде болуусу абзел. Долбоорду ишке ашырууда динди потенциалдуу булак катары колдонуп, социалдык жактан бүгүнүбүзгө, эртеңибизге багыт алышыбыз керек. Биздин укугубуз бирдей, жоопкерчилигибиз да бирдей болушу зарыл. Бирдей жоопкерчилик маселеси сөз кылып жаткан идеянын принциптеринен болушу керек.
Жылдыз УРМАНБЕТОВА - философия илимдеринин доктору:
- Бүгүнкү дүйнөдөгү тенденция - ааламдашуу процесси. Мына ушул процессте "Кыргызстан, кыргыз эли өзүн сактай алабы, жокпу? Биз кыргыз улуту катары XXII кылымга чейин өзүбүздү сактай алабызбы, жокпу?"- деген маселе маанилүү болуп турат. Философ катары философия илиминин долбоорду ишке ашырууда ролу чоң экендигин айткым келет. Философия илими жок элде өнүгүү болбойт. Александр Македонскийдин кеңешчиси, устаты улуу философ Аристотель болгондугун баарыбыз билебиз.
Азыр XXI кылым. Бул кылымда: "Көчмөн философиясынын эмнесин алып, эмнесинен баш тартабыз?"- деген маселени унутпасак. Ар бир демилгенин позитивдүү жана негативдүү жактары бар. Стратегиялык чоң маселе - улуттук идеология. Улуттук идеология теориялык жактан эле чечилбестен, практикада өзүн актап, турмушубузга сиңиш керек. Теле, радиоберүүлөр аркылуу улуттук идеологияны элге жайылтуубуз зарыл.
Баян САРЫГУЛОВ - кинорежиссёр:
- Көчмөн маданияты али толук изилденип бүтө элек космостой. Мисал келтирейин. Дипломатиялык протокол деген бар. Ал бардыгын аныктайт. Кантип кийинүүнү, кантип тосуп алууну, узатууну, сүйлөшүүнү, дасторкон үстүндө олтурууну ж.б. ушул жерден көчмөн башчыларынын конокторду жайгаштыруу системасын көрөбүз. Көчмөндөрдүн дипломатиялык протоколу болгон. Конокторду жайгаштыруунун негизги беш-алты системасы бар. Азыр дипломатиялык жолугушууларда ким кандай отурса өздөрү билишет. Ал эми көчмөндөрдүн дипломатиясында аксакалдар малдаш уруп отурушкан. Алар тамак жеп бүтүшкөндөн кийин жаздык алып келип беришкен. Ага алар тамактангандан соң кыйналбашы үчүн жамбашташкан. Аялдар эркектердей отурушпаган. Жигиттерге аксакалдардай болуп отурууга тыюу салынган. Жигиттердин өздөрүнүн отуруу эрежеси болгон.
Дипломатиялык тамактануу учурунда кандай тамак экендигине кызыгышпаган. Ал эмненин, кандай малдын эти экендигине кызыгышкан. Койдун эти союлса, кара кой болуусун талап кылышкан. Анын себеби, кара кой күн нурун, радиациясын өзүнө көп сиңирип, анын эти даамдуу болгон. Эмне деген гана билермандык. Бул боюнча Дипакадемия фундаменталдуу эмгек жазса болот.
Көчмөн парламентаризм, же демократияны карап көрөлү. Ханды шайлап жаткан учурда жаңы шайланган хандын мүлктөрү элге таркатылып жиберилген. Ушундан "канталамай" деген түшүнүк пайда болгон. Бул эмнеден? Мүлктөрүн тартып алган эл: "Сен эми биздин хансың, сен өзүңдүн мүлктөрүңдү ойлобошуң керек, биз жөнүндө ойлонушуң керек",- дешкен. Баарынан таң калыштуусу, алынган мүлктөр кайра ханга ал хандыктан түшкөндө кайтарылып берилүүгө тийиш болгон. Карап көрсөңүздөр, кандай гана акылмандык, даанышмандык.
Биз идеология жөнүндө көп сөз кылабыз. Эгерде такталган тарыхыбыз болбосо, идеология эч качан болбойт. Эч бир имарат бекем болбойт, эгерде анын пайдубалы бекем болбосо. Гендик анализ боюнча кыргыздардын тарыхы миңдеген жылдардан мурункуга барып такалат экен. Казактардын тарыхы 60-70 жыл гана болду. Казактар биздин алдыбызда жаңы төрөлгөн ымыркайдай. Биздин канондоштурулган, академиялык тарыхыбыз бар. Бирок, аны жазып жарата элекпиз. Тажиктер өздөрүнүн тарыхы жөнүндө эки чоң көлөмдүү эмгек жазышты. Казактардын зор тарыхый эмгектери бар. Биздики али жок. Бул чоң мүчүлүштүк. Ошондуктан мүмкүн болушунча такталган тарыхты жазып чыгарышыбыз зарыл. Албетте, биздин жазылган тарыхыбыз жок, бирок тарыхый булактарда маалымат бар. Кытай, Иран, Ватикан, Европа архивдериндеги кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар. "Манас" эпосу бар. Атайын методологиянын жардамы менен эпостон тарыхый объективдүү маалыматтарды алсак болот.
Кытай окумуштуулары: "Эй, кыргыздар, силер канча жашта экениңерди билесиңерби?"- деп айтышат. Алар биздин миңдеген жылкы тарыхыбызды билишет. Ирандыктар, башка билгендер бизге сый-урмат менен мамиле кылышат, себеби, алар билишет. Ошондуктан биз мыкты тарыхчылардын командасын түзүп, академиялык тарыхыбызды жазышыбыз керек. Бул биринчи этап болот. Экинчи этапта жазылган тарыхты кошуналар, башка улуу элдердин алдында аныктап, тастыктап беришибиз керек. Ошондо бизди урматтай башташат. Биздин келечек муундар ырахматын айтышат. Биз ушуну ишке ашырбасак, эч качан идеологиябызды жарата албайбыз. Анткени, ага пайдубал жок. Чыңгыз Айтматовдун: "Ар бир эл түбөлүктүү болгусу келет" деп жазганы бар. Ошондуктан биз түбөлүктүүлүккө умтулуп, ушундай долбоорлор аркылуу ага аракет кылуубуз зарыл.

Бетачардын аягында Президент Курманбек Бакиев жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.
Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!
Ар бириңиздерди кунт коюп уктум. Эми сиздер менен тилектешпиз десем да болот. Экинчиден, маданий мурасты сактоого багытталган бул долбоор өлкөгө өтө керек экенине ого бетер ынандым.
Эми бул долбоорду иштетүү үчүн төмөнкүдөй кадамдар зарыл:
өлкө келечегин курууда кыргыздардын жана башка элдердин мурасына таянган маданий саясаттын концепциясын даярдоо жана талкуулоо;
көчмөндөр цивилизациясы тууралуу айтегерек столдорду жана эл аралык конференция өткөрүү;
өлкө келечегин курууда кыргыздардын мурасынын орду жана ролу тууралуу маалымат каражаттарында кампания жүргүзүү;
кыргыздардын калыптануусу тууралуу киноэпопеянын сценарийи боюнча сунуш камдоо;
көчмөн цивилизациянын проблемаларын жана келечегин иликтөө борборун түзүү.
Буга байланыштуу Президенттин Катчылыгына, Президенттин алдындагы стратегиялык талдоо жана баалоо стратегиялык институтуна Маданият министрлиги менен биргелешип, жумушчу топ түзүүнү тапшырам. Ал топ "Маданият" долбоорун жана анын биринчи багыты болгон "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорун даярдайт. Бул ишке көз салуу жагын Мамлекеттик катчыга жүктөйм. Жумушчу топту Жогорку Кеңештин депутаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов жетектөөсүн сураймын. Жумушчу топ долбоорду ушул жылдын 1-октябрында кароого алып келүүгө тийиш.

Даярдаган Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"