, 16.06.09 - 4-бет: Баш калаанын келечеги талкууланды
"Жаңыланган борбор шаар" долбоорунун алкагында баш калааны башкаруу системасын реформалоо зарыл, жаңы системаны республиканын башка шаарларына да киргизүү керек.
Президент Курманбек Бакиев бул тууралуу Премьер-министр Игорь Чудинов жана Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри мамлекет башчысына "Жаңыланган борбор шаар" долбоорун презентациялады.
Долбоор мамлекет башчысынын ушул жылдын 1-июнунда Ала-Тоо борбордук аянтынын реконструкциядан кийинки ачылыш азем учурунда мэрге жана өкмөткө берген тапшырмасына ылайык даярдалган жана 2009-2012 жылдарга эсептелинген.
Мэрдин сөзүнө караганда, долбоор шаардыктардын турмушунун ыңгайлуураак болушун камсыздоого, шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, билим берүү же дипломатиялык борборго, региондун транспорттук түйүнүнө айланып, эл аралык контекстке кирүүсүнө багытталган.
Ар бир жарым жыл сайын аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечек пландар аныкталып турмакчы.
Долбоор шаар бюджетинен каржыланат. Учурда 2012-жылга карата шаардын бюджетинин көлөмүн 7 млрд.сомго жеткирүү пландаштырылууда. Андан жылына 400 млн. сом шаардын көчөлөрүн оңдоого жумшалмакчы. Ушул эле максатка республикалык бюджеттен жылына 200 млн.сом бөлүнүп турат.
Президент Курманбек Бакиев мэр сунуштаган долбоорду колдоду. "Борбор шаарыбыздын жана анын жашоочуларынын жаңы маданиятын калыптандырып, өз баш калаасына сый-урмат менен мамиле кылууга тарбиялашыбыз керек", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы замандын талабына ылайык борбор шаарды башкаруу системасын реформалоонун зарылдыгын белгиледи. Бул жаңыланган система кийин республиканын башка шаарларына да киргизилиши керек.
А.АКИМБАЕВА




Экономикалык өнүгүү туруктуу уланууда
Өткөн жума күнү А.Малды-баев атындагы улуттук опера жана балет театрында финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана бул тармактардын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдык салтанаты белгиленди.
Премьер-министр Игорь Чудинов куттуктоо сөзүндө Өкмөт экономикалык жана социалдык реформаларды андан ары өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикасын чыңдоодо финансы жана экономика кызматкерлеринин эмгеги чоң экендигин айтты.
"Бизге реалдуу экономикалык саясатты мезгилдин талабына ылайык иштеп чыккан жана аны турмушка ашырган финансисттер жана экономисттер өтө зарыл. Андай финан-
систтер жана экономисттер бизде бар" деген ишенимдемин жана алар бул залда катышууда", - деп баса белгиледи Өкмөт башчысы.
М.ТАЙЧАБАРОВ




Темир жолдун курулушу чечилгени калды
Бээжинге жасаган иш сапарынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КЭРдин мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Цишань менен жолугушту.
аектешүүнүн жүрүшүндө Ө.Бабанов темир жол курулушунун долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө Ван Цишань мырзага маалымдады.
Өз кезегинде КЭРдин мамкеңешинин вице-премьери кытай тарабы темир жолдун курулушуна зор көңүл буруп жаткандыгын белгиледи."Темир жолдун курулушу бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын өнүгүшүнө кубаттуу түрткү болмокчу. Аймактын өлкөлөрү дагы бир кыйла интеграцияланышып, ал эми элибиз дагы жакыныраак болушат", - деди Ван Цишань мырза.
Жолугушуунун акырында Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүдөрдүн
жыйынтыктарына канааттангандыгын билдирди.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




БШКда төрт маселе каралды
Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында төрт маселе каралды.
Биринчи маселе боюнча президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди талапкер катары каттоо жөнүндө КРнын БШКсынын шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу комиссиясынын жетекчисинин орун басары, КРнын БШК мүчөсү Ж.Алымбекова берген маалыматка ылайык, президенттикке талапкер катары каттоодон өтүү үчүн Алмазбек Атамбаев БШКга Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кодекстин өзгөчө бөлүмүндө каралган документтердин толук комплектисин берген. Ал ошондой эле, өзүнүн толук укуктуу, ишенимдүү 20 өкүлүн дайындап, алар аркылуу аны жактаган 160786 шайлоочунун кол тамгасын топтогон.
Ошондой эле, КРнын президенттик кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо боюнча комиссиянын чечимине ылайык, мамлекеттик тилди биле тургандыгы тастыкталган. Шайлоо фондусун өз убагында түзүп, тийиштүү сумманы чегерген. Бардык тийиштүү документтер толук болгондуктан, А.Атамбаевди президенттикке талапкер катары каттоону сунуштады Ж.Алымбекова. Бул сунушту БШКнын мүчөлөрү колдоп, аны президенттикке талапкер катары каттоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
"Шайлоо документтеринин формасын жана тиражын бекитүү жөнүндө" маселе талкууланып, ал документтер бекитилди. Тактап айтканда, шайлоочуларды кабарландыруу үчүн 3 миллионго жакын чакыруу кагазы даярдалмак болду.
Ал эми, "Шайлоо комиссияларын түзүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" маселе чийки иштелгендиктен, кийинкиге калтырылды.
"Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкерлердин шайлоочулар менен коллективдүү жолугушууларынын графигин бекитүү жөнүндө" маселе боюнча маалыматтык-талдоочулук бөлүмдүн башчысы Бакыт Жумагулов маалымат берди. Анын маалыматы боюнча облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларынын графиктери БШК тарабынан аныкталды. Ал эми, талапкерлер кайсы күнү, кайсы жерде, саат канчада жолугушууларды уюштурууну жергиликтүү бийликтер менен макулдашып, округдук комиссиялар өздөрү чечишет.





Малчылардын майрамы Суусамырда өтөт
Премьер-министр Игорь Чудинов малчылардын төртүнчү республикалык слётуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Бул документ асыл-тукум мал чарбасы тармагында алдыңкы тажрыйбаны, республиканын малчыларынын арасында илимдин жана практикалык билимдердин жетишкендиктерин жайылтуу, ошондой эле мал чарбасын өнүктүрүүнүн натыйжалуу технологияларын киргизүү жана малдын жогорку асыл тукумдуулугун кеңири жайылтуу максатында кабыл алынды.
Малчылардын төртүнчү республикалык слётун 2009-жылдын 2-3-июлунда Чүй облусунун "Суусамыр" жайлоосунда республиканын бардык аймактарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүү максатка ылайыктуу деп чечилди.
М.АЛАГУШЕВ
Кол өнөрчүлүктү өнүктүргөнү үчүн
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов "Кыял" Улуттук элдик көркөм өнөр бирикмесинин башкы директору Султанбек Макашовду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду.
ул грамота менен С.Макашев мамлекеттин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги жана эл чыгармачылыгы менен элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.
Өз маалыматыбыз





Д.Лисовский: "Эң башкысы - Конституциялык укукту камсыздоо"
Жакында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский Радмила Шекеринская жетектеген ОБСЕнин делегациясын кабыл алды.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Д.Лисовский меймандарга 2009-жылдын 23-июлуна белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорго карата даярдыктардын негизги этаптары жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, ОБСЕге мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушуулары жөнүндө, ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын апрель, май айларында жана июндун башталышында ОБСЕнин Бишкектеги борбору менен биргеликте уюштурулган үйрөтүүчү семинарлар жөнүндө маалымдады.
Алдыда боло турган шайлоолордун менеджмент маселелери боюнча жакында болгон улуттук конференциянын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Андан ары, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы постуна жети талапкер келип жеткендигин билдирди. Алардын ичинен үч талапкер: Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев жана Темир Сариев БШКдан каттоодон өттү.
"Жумуш реалдуу убакыт режиминде улантылууда, каттоо процедурасы үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда аяктайт. Шайлоо жөнүндө кодекстин нормалары жөнүндө маалыматтар республиканын жетектөөчү телерадиокомпанияларынын каналдары боюнча күн сайын видео, аудио роликтер аркылуу көрсөтүлүүдө. Улуттук мыйзамга ылайык, бардык талапкерлерге жана саясый партияларга бирдей укуктар жана шарттар камсыздалган. Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин Борборшайлоокомдун ишмердүүлүгүнө эч кимден, эч кандай доомат түшкөн жок. Өлкөнүн башкы постуна талапкерлердин бардык штабдары керектүү санда маалыматтык-сурап билүүчүлүк жана методикалык адабияттарды алышты. Аларга ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында атайын түзүлгөн талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү зарыл керектүү консультацияларды беришти. Бизде өз ишин эң жакшы билген кесипкөйлөр иштешет, алар дүйнөлүк коомдоштуктун көз алдында биздин өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүүгө аябай аракеттенишет. Айтмакчы, шайлоо процессинин алкагында иш чаралардын көпчүлүгүн иш жүзүнө ашырууда БШК улуттук мыйзамга шайкеш келген ОБСЕнин сунуштарын карманат", - деп баса бегиледи Д.Лисовский.
Өз кезегинде Р.Шекеринская маалымат бергендиги үчүн аңгемелешкен адамына ыраазычылык билдирди.
"Демократиялык принциптерге берилгендик, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен түздөн-түз өнөктөш болуу жана өз ара түшүнүшүү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен такай байланыш түзүп, аларды мүмкүн болушунча көбүрөөк аккредиттөө - тунуктуктун жана ачыктыктын параметрлери мына ушулар", - деп белгиледи Радмила Шекеринская. Ал ошондой эле: "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда ОБСЕнин узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү байкоочулары калыстык менен иштешет, ал эми Кыргызстандын Борборшайлоокому ОБСЕнин колдоосуна таяна алат жана ОБСЕнин Бишкектеги борборунан олуттуу жардам күтсө болот", - деп ишендирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы