, 16.06.09 - 15-бет:
  Көргөзмө

Улуу талантка таазим
ЮНЕСКОнун билдирген маалыматы боюнча Ч.Айтматовдун чыгармалары бүткүл
дүйнөдө эң окумдуу.
Улуттук китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" ("Кыз кайып") китебинин бет ачары болуп өттү. Бул чыгарманы кыргыз тилине белгилүү жазуучу Самсак Станалиев которгон. Китепти окурманга "Турар" басмасы тартуулады. Мындан сырткары Ч.Айтматовдун бүткүл чыгармалары камтылып жана сүрөт менен көрсөтүлгөн "Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов" - деп аталган китеп көргөзмөсү болду.
Көргөзмө 6 этаптан турду.
"Доор жана сүрөткер"
Көргөзмөнүн биринчи бөлүмү жазуучунун чыгармачылыгына арналган. Анын атуулдук аруу дүйнөсү, бийик адамгерчилик сапаты, адамга болгон сүйүүсү жазган чыгармаларында чагылдырылганы аны бүткүл дүйнөгө таанытты.
"Канткенде адам - адам боло алат?... жашоо бүтпөс күрөш..."
1986-жылы Ч.Айтматов "Ысык-Көл форумун" уюштурган, ага Нобель сыйлыгынын лауреаттары, көрүнүктүү адабиятчылар жана искусство тармагындагы адистер катышкан. Ч.Айтматов таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, дүйнөнүн мыкты өкүлү болгон.
Түбөлүк - Айтматов
феномени
Дүйнөлөк адабиятка Ч.Айтматов чыныгы таланттуу жазуучу катары кирди. Бул бөлүмдө дүйнөнүн көрүнүктүү инсандарынын жана искусство таануучуларынын жазуучу жөнүндөгү пикирлери көрсөтүлгөн.
Улуу, түбөлүктүү -
Чыңгызстан
Айтматовдун прозалары, бул -түбөлүктүү, чыныгы элдин мүнөзү, жашоонун трагедиялуу учурлары, тагдырдын ачык, эстен кеткис элестери. Ч.Айтматовдун чыгармалары бүткүл дүйнөнүн сүрөтчүлөрүнө, акын- жазуучуларына, режиссёр, искусство таануучуларына жана карапайым элге чоң күч дем берип турат.
"Тоолор кулаганда"
Дүйнө өзүнүн мыкты инсанын жоготсо дагы, анын чыгармалары муундан-муунга өтүп, алар менен кошо тарбияланып келебиз. Ааламдын түркүн өлкөлөрүндө кыргыз эли менен бирге ХХ кылым эң бийик жазуучусун, гуманисттин, дүйнөлүк масштабдагы коомдук ишкерди кыргыз эли менен бирге эстешти.
"Сөз байлыгы"
Кыргыз элинин тарыхына Ч. Айтматов чоң салымын кошуп, анын андан ары өнүгүүсүнө, дүйнөдө кеңири орунду ээлегенине себеп болду.
Асел ЖАМАЕВА,
Нургүл ИБРАЕВА,
"Кыргыз Туусунун" практиканттары



Услуги
Ц Изг. меб. монт. кач. 0555190462.
Ц Видеосъемка проф. 0555410523.
Ц Эл/раб монт. уст. ген. 0543888158.
Ц Минивен 7м, И-куль. 0555330862.
Ц Все мы на www.islam.kg и www.halal.kg.
ПРОДАЮ
Ц Пескоблок, цем деш. 0700 588060.
Ц Высок. песок. дост. 0555 91 01 77.
Ц Конт-р Дор.-моторс 0555 08 80 77.
СДАЮ
Ц 2-кв Ц. есть все Дор. 0777 45 64 24.





Объявление
1. Наименование организации: Государственное агентство по туризму при Правительстве Кыргызской Республики;
2. Юридический адрес: город Бишкек, проспект Чуй, 106;
3. ФИО ответственного лица: Батаев Б.Т.;
4. Телефон: 62-62-18;
5. Предмет закупок:
- лот № 1 - компьютерная техника;
- лот № 2 - программное обеспечение;
6. Метод закупок: НТ;
7. Дата и время окончательного срока подачи тендерных заявок: 16.07. 2009 г. 10.00 часов.
8. Дата, время и место вскрытия тендерных заявок: 16.07.2009 г. 10.00 часов по адресу: г.Бишкек, пр.Чуй, 106, кабинет № 405.




Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө боюнча
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалык
Башкармалыктын начальниги-1 бош орун

Квалификациялык талаптар:
1. Билими жогорку (гуманитардык билим тармагы боюнча, маданият жана искуство тармагына артыкчылык берилет);
2. Мамлекеттик кызматтын улуу кызмат орунундагы иш стажысы 5 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес;
3. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
4. Аналитикалык документтерди даярдоону билүүсү, аналитикалык жактан даярдыгы, компьютердик сабаты;
5. Демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
1-категориядагы адис-1 бош орун
Квалификациялык талаптар:
1. Билими жогорку (гуманитардык билим тармагы боюнча, маданият жана искуство тармагына артыкчылык берилет);
2. Иш стажысы талап кылынбайт;
3. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
4. Компьютердик сабаты;
5. Демилгелүүлүгү, командада иштөөнү билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
6. Келген корреспонденцияларды, каттарды, жарандардын кайрылууларын кароону билүүсү.
Маалымат саясаты боюнча башкармалык
Жетектөөчү адис-1 бош орун

Квалификациялык талаптар:
1. Билими жогорку ,гуманитардык билим (журналистикага артыкчылык берилет);
2. Мамлекеттик кызматтын кичи кызмат орунундагы иш стажысы 1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес;
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Маданият жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Телеберүү жана радиоуктуруу жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдарды билүүсү;
4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
5. Аналитикалык документтерди даярдоону билүүсү, аналитикалык жактан даярдыгы, презентацияларды өткөрүүнү билүүсү;
6. Компьютердик сабаты;
7. Демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
Бухгалтердик эсеп жана отчёт бөлүмү
Жетектөөчү адис-1 бош орун

Квалификациялык талаптар:
1. Билими жогорку (экономикалык);
2. Кесиби боюнча иш стажысы (болсо);
3. Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелериндеги бухгалтердик эсеп нускамасын; жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын билүүсү;
4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
5. Компьютердик сабаты;
6. Демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу кинематография департаменти
Уюштуруу укук бөлүмү
Жетектөөчү адис-1 бош орун
Квалификациялык талаптар:
1. Жогорку билимдүү (экономикалык);
2. Кесиби боюнча иш стажысы (болсо);
3. Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелериндеги бухгалтердик эсеп нускамасын; жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын билүү;
4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
5. Компьютердик сабаты;
6. Демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
Нарын облусунун Нарын райондук маданият бөлүмү
Бөлүм башчысы-1 бош орун
Ыссык-Көл облусунун, Түп районунун маданият бөлүмү
Бөлүм башчысы-1 бош орун
Квалификациялык талаптар:
- билими жогорку (гуманитардык билим, маданият жана искуство тармагына артыкчылык берилет)
-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
- Мамлекеттик кызматтагы иш стажысы 1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес;
-Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдарын, маданият жана искусство мыйзамдарын билүү;
-айылдык маданият мекемелеринин ишин уюштурууну, башкарууну, алардын проблемаларын чече билүүсү;
-чыгармачыл эмгекти башкаруунун психологиясын билүүсү;
- компьютердик сабаты;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:
-министрликтин статс-катчысынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
-сүрөт (4x5) 2 даана;
-өмүр баян;
-дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
-паспорттун көчүрмөсү, же Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктоочу документ (паспорттун, дипломдун, эмгек китепчесинин же өзүн күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускалары документтерди тапшыруу убагында көрсөтүлөт).
Эскертүү: Талаптарга туура келген талапкерлер, сынакка катышуу үчүн чакырылышат. Тапшырылган документтерде байланыш телефондору көргөзүлүшү керек. Тапшырылган документтер кайра кайтарылбайт.
Документтер 2009-жылдын 25-июнуна (саат 14.00 гө) чейин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кадрлар жана окуу жайлары бөлүмүнө (каб.№242) тапшырылат.
Тел. 62-68-36, 62-80-86.