, 16.06.09 - 10-бет: Улуу жазуучунун дүйнөдөн
кайткандыгынын бир жылдыгына карата
Айтматовдун трагедиясы дүйнөлүк алкакта жатат же улуу жазуучуга реквием
(Башталышы гезиттин №42 санында)
Туш-тушка телефон уруп атып Чыкем да котормочу таба албады. Ошол тапта Кудай жалгап, тажик акын кызы Гүлрухсор Софиева шып этип келип калды. Ахвалыбызды ага түшүндүрдүк эле, Гүлрухсор а-бу деп отурбай: "Эртең Дворецтен жолуккула!" - деп аларды түртүп-түртүп айдап чыкты. Индостандан келген бир кереметтей кыз бар экен, тимеле чыкпайм деп көзүнүн жашы буурчактай төгүлөт. "Казат, бул кызды бөлмөңө алып кет", - дейт оңбогон Гүлрухсор мага. "Тилекке каршы, бул кыз мен деп келген жок", - дедим да, өз бөлмөмө кеттим. Ошондо күн бешимден ооп калган болчу.
Түн бир оокум болгон кезде коридорго чыксам, жаштар Чыкемдин эшигинин алдына кайрадан топтошуп калыптыр. Эшиги ичинен илинүү окшойт. Кайра жатагыма келсем телефон шыңгырайт. Алсам Чыкем экен. "Казат, Гүлрухсор баягы бойдон менде отурат. Кетчү түрү жок, мен бул жерде эс ала албайт окшойм. Азыр келип башка жакка алып кетмей болушту. Эртең Дворецтен жолугабыз", - деди жаны кейип. Атаганат, атактуу болуштун да азабы көп турбайбы деп мен ошондо бир таң калгам. Аңгыча өкмөттүк кара "Волга" келип шымаланган жигиттер Чыкемди резиденцияга которуп кетишти. Баарыдан кызыгы - машина жүрө берээрде Гүлрухсор "лып" этип Чыкемдин жанына отура калса болобу. Ошол боюнча чыккан жок, кетти. Анда тажик кызы да Баткендин айгүлүндөй гүлдөп турган кези эле...
Мен эмнени айтмакмын? Азыр эми биз улуу адамыбыздын кулк-мүнөзүн, баскан-турганын, сүйлөгөнүн, күлгөнүн, элге жасаган мамилесин ж.б. көз алдыбызга тартышыбыз керек. Кинолентага, телеге же сүрөткө адамдын келбети тирүү кезинде гана түшөт. Ал дүйнөдөн өткөн соң анын образын, ички дүйнөсүнө, туюм-сезимдерине чейин кагазга гана жазып сактаса болот. Кагаз менен калемдин бир артыкчылыгы ушунда. Мен жогоруда айткан окуя жөн эле эскерүү эмес - ал Чыкемдин сырткы сыпаты менен ички мүнөзүн баяндаган аңгеме. Ал киши орой сүйлөгөндү, бирөөнү кагып-силккенди, көңүл калтырганды такыр билчү эмес.

Оройлонгон Олжас
Ушуга дагы бир мисал. Ошол Ташкендеги конгресс башталган күнү Ак сарайдын фоесинен казак акыны Олжас Сулеймановго жолугуп калдык. Аны мен биринчи көрүшүм. Өтө маданияттуу, билимдүү, таланттуу акын деп ойлоп жүргөн Олжасым, көрсө өпкөсү казанбактай, кыялы эрдемсиген, үнү жоон, сүйлөгөнү орой кашайгыр экен. Өзүнөн он жаш улуу Чыкемди: "Ты, Чингиз, каким макаром сюда попал? Ты же писатель не молодой!" - деп өзүнөн жашы да, жолу да, атагы да улуу кишини тикелеп жөөлөгөндө эле супсунум сууп, бүткөн боюм жипкирип калды.
Чыкем оңтойсуз кызарып-татарып эле, бирок оройго орой жооп бербестен: "Да, Олжас, ты прав наша молодость уже позади. Вот он молодой киргизский писатель - Казат Акматов. Познакомься. Его первая же повесть удостоена премии им.Островского..."
Олжас мени бир чала карап койду, кол берчү түрү жок. Мен дагы кол сунбадым. Аңгыча: "Казат, жүрү кеттик", - деди да Чыкем баса жөнөдү. Аркасынан ээрчип баратып, мойну кыпкызыл болуп канталап, адеби жок акынга жаалы келип баратканын байкадым. Бирок, анысын бир да жолу лам деп ооз ачып билгизбеди.
Ошол жалпы азиялык конгрессте Чыкемдин сүйлөгөн сөзүн укпаган да арманда, уккан да арманда десем жарашат. Жаш калемдер ошол сөздү "В соавторстве с Землю и водою..." деген макалалар жыйнагынан окуса болот.
Былтыр Чыкем өзүнүн чын дүйнөсүнө кеткенде Олжас азага келбеди, бирок коштошуу сөзүн жазып жиберген экен. Ал сөзүнүн уңгусу эле: "Ч.Айтматовдун адабий багынын ачылышы - Дмитриева сыяктуу котормочулар туш келип калганында болду" - деп кара жемсөөлүк кызганыч менен жазыптыр. Анын айтайын дегени - орусча мен гана мыкты билем, а Чыңгызды орус тилин котормочулар менен редакторлор жасады деген таризде.
Мындай ойду Р.Гамзатовго, К.Кулиевге, М.Каримге, Д.Кугилтиновго ж.б. карата да айтып келишет. Андай кызганычты айтуучулар көбүнесе аталган улуттук корифейлердин өздөрүнүн көралбас жердештери жана ошолор колтуктап жүрүп көкүткөн "бондаревдер".
Айтматовдун романына анти сыйлыкты неге беришти?
Адабияттын адистери эң сонун түшүнөт - котормочу (төтөн автор менен бирдикте иштегенде) кыйла ырааттуу, көркөм текст жасай алат. Бирок, ал автордун идеясына, мазмунуна, образдарына өз алдынча эч нерсе кошо албайт, алымча кылууга да акысы жок. Редактордун болсо өзүнүн вазипасы бар, ал - автор менен котормочу байкабай кеткен грамматикалык каталарды биттей терип, ичегидей сыдырып текстти тазартат, сүйлөмдөрдүн кээ бир стилдик кыйшык кеткен жерлерин түзөтүп отурат. Мазмунга жана көркөм чыгарманын калган бардык нормаларына тийиштик кыла албайт.
Азыр, эркин доор, ээнбаш заман үстүбүзгө келгени басмаларда редактор деген кызмат дээрлик жоюлду, болсо айрымдары гана бар, алар да мурдагыдай жооптуу иштебейт, айлыгы аз, ошондуктан колуна берилген китепти жүр-нарыга салат да, басууга түртө берет. Ошонун айынан Ч.Айтматовдун акыркы "Когда падают горы" аттуу романына "За плохое редактирование" деген москвалык романды сатуучуларга атаандашкан дагы бир китеп уюмунун "анти-сыйлыгын" бере салышты. Бул жерде, албетте, коммерциялык чагым болгон күндө да, чындыгында эле редакторлор бүгүнкү күндө төшөлүп иштеп бербейт. Алар айлыгынан сырткары автордон акы үмүт этип, бирок анысын ачык айткандан айбыгат... Автор кургурдун болсо бере салайын десе капчыгы куру, ансыз да китепти өз эсебинен чыгарат (КМШ өлкөлөрүндө гана). Ошентип мышык-чычкан болуп тыйын аңдышып отургуча китеп ката-матасы менен кошо зуулдап чыгып кетет. "Ой-ой!" - деп жанталашсаң да: "Болбойт, кон-вейерди токтото албайбыз!" - деп катасы көп китебиңди колуңа карматат да, чыга турган эшикти көрсөтүп коёт. А болбосо китебиңдин даяр нускаларын алардын компаниясында кармаган ар бир саат үчүн да штраф төлөй баштайсың... Жагдай мына ушундай, достор!
(Уландысы бар)


Казат АКМАТОВ,
жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты




Залкардын 8 томдук жыйнагы тууралуу
"Руханияттын" кезектеги рухий эрдиги
(Башталышы гезиттин
№42 санында)
ул жагынан арзандыгы жана илбериңкилиги жагынан бир катар жылдардан бери акындардын, жазуучулардын негизги басмасына айланып, жылдан-жылга аброю артып бараткан "Бийиктик" да сапаттык жаңы бийиктикке көтөрүлө алды деп айтсак жаңылышпайбыз.
Бирок, мында белгилей кетчү нерсе, Чыңгыз Айтматовдун бул сегиз томдугу толук академиялык басылма эмес. Андай деп аталыш үчүн сүрөткердин калеминен чыккандардын бардыгы же чыгармаларынын эч жерде жарык көрбөгөн варианттары, сомолору (черновиктери), каттары, күндөлүгү (эгерде болсо), атүгүл кыстырма жазмаларына
чейин киргизилүүсү керек. Андай иштер даярдоочулардан жана басып чыгаруучулардан аябагандай чоң эмгекти жана чыгымдарды талап кылат. Андай ишти жүзөгө ашыруу үчүн көп убакыт да керек. Алсак, Л.Толстойдун 90 томдук толук чыгармалар жыйнагын чыгарууга 30 жылдай, ал эми Ф.Достоевскийдин, А.Чеховдун, А.Пушкиндин толук чыгармалар жыйнактарын чыгарууга 10-15 жылдан кем эмес убакыт кеткен.
Дагы бир кошумча, сегиз томдукка Ч.Айтматовдун жапониялык ойчул Тайсаку Икеда менен биргеликте даярдалган философиялык эмгеги, киносценарийлери киргизилген эмес. Билишибизче "Руханият" ассоциациясы аталган философиялык эмгекти бирөөгө котортуп, аны да өзүнчө китеп кылып чыгарганга даярдап жатыптыр. Биздин оюбузча, Ч.Айтматов "Иностранная литература" журналына башкы редактор болуп турган мезгилде уюштурган кереге кеңештерин да орус тилинде болсо да өзүнчө китеп кылып чыгаруу, "Ысык-Көл форумунун" бардык отурумдарынын стенографиялык материалдарын жыйнап, басууга даярдай берүү зарыл. Эртели кеч улуу жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын чыгаруу милдети да турган соң ал иштерге азыртан кирише берген оң.
Сегиз томдукту басмага даярдоодо улуу жазуучуга чындап берилген, экинчи жигерман Абдылдажан Акматалиев жетектеген институттун, Ч.Айтматов атындагы эл аралык фондунун кызматкерлери да абдан чоң иштерди аткарышкандыктарын белгилей кетүүбүз керек.
Жыйынтыктап айтканда, улуу жазуучунун чыгармаларынын сегиз томдугун чыгарууну уюштуруп, жетектеп, аны ишке ашыргандыгы үчүн эл аралык "Руханият" ассоциациясы азыркыдай оор мезгилде жарандык эрдикке тете иш жасады. Мында ал ассоциацияны 18 жылдай убакыттан бери үзгүлтүксүз жетектеп келаткан, чыныгы жигерман Акун Токтосартовдун ролу чоң экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткан инсандын дарегине кандай жакшы сөздөрдү айтса да жарашат. Ал жөнүндө улуу жазуучубуз өзүнүн акыркы макалаларынын биринде "маданий курулуштун көрүнүктүү уюштуруучусу жана ири коомдук ишмер, элдердин ортосундагы ынтымак-ырашкерлик үчүн талыкпай жан үрөгөн чыныгы атуул катары Акун Токтосартовдун ысмы Кыргызстандын рухий маданиятынын тарыхында сөзсүз жазылып калаарында шек жок. Анын өлкөбүз үчүн, өзгөчө интеллигенция үчүн жасап жаткан ар тараптуу, албан кызматы сөзсүз элдин сый урматына жана кадыр баркына татыктуу.
...Акун Токтосартов бүгүн да руханияттын айдыңын тынымсыз иштетип, анын түшүмүн арттырууга умтулуп, сөздүн кеңири маанисинде маданиятты, өзгөчө профессионалдык искусство менен элдик өнөрдү колдоого умтулуп, күрдөөлдүү жигер менен иштеп жатат", - деп жазган.
Улуттук маданияттын жигерманы жөнүндөгү Чыңгыз Айтматовдун жогорудагы баасына улуттук маданиятыбызга кайдыгер карабагандардын бардыгы кошулат го деп ойлойбуз.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"